ЖЫЛДЫЗДАР "ЖИНДИЛИК" КЫЛГАНДА

Ар бир адамдын башынан өткөн күлкүлүү, эстен кеткис "жиндилик" кылган жоруктары болот эмеспи. Бул ирет атактуулар кандай "жиндиликтерди" жасашкандыгы тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Назира Жетигенова, куудул, телеалпаруучу: “ТОЙГО БАРЫП ОВЧАРКАЛАР МЕНЕН АЛЫШКАМ”

– Бир жолу тойго тамада болуп бардым. “Кеңеш” тобу ырдаганы келиптир. “Канча ыр ырдалат?” десем, "7-8 ыр" дешкенинен, “ырдашса, андан кийин тыныгуу болсо, кийимимди алмаштырганга жетишет экенмин” деп бир бөлмөгө кирип, кийимимди алмаштырып эле эшикти тартсам ачылбайт. “Жардамга!” деп чакырсам, музыкадан эч ким укпайт. Чыгуунун амалын ойлоп, бөлмөнүн терезесин түртсөм ачылып кетти. Эптеп ашып түшсөм эле бет маңдайымда килейген овчаркалар турат. Аларды көрөр замат артымды карабай терезени көздөй качтым. Терезеге чыга алсамчы, дубалга тырмышып чыгам деп жатып ак көйнөгүм жарабай калыптыр. “Кет эле, кет” деп качып жүрүп, бир эшикти көрүп калып тартсам, ачылып кетти. Эшик араң эле турганбы, айтор, сынып кетсе болобу. Ичинен нан таап иттерге берип, алдап келе жаттым. Чогулган топурак дөңчө болуп калыптыр, анын үстүнө чыгып “жардамга эле, жардамга!” деп болушунча кыйкырдым. Кудай жалгап, официанттар көрүп калып аман калдым. Иттер менен 40 мүнөттөй алышыптырмын. Сынган эшиктин ээси “төлө эле, төлө!” деп кыйкырды. Мен дагы “сынбай турган эшик койбойсуңбу” деп аны менен да кыжылдаша кеттим. Жаңы көйнөгүм кирдеп, баягы биринчи көйнөгүмдү кайра кийбедимби. Биринчи жолу ушундай жиндидей кырдаалга туш болгом.

Кенже Көбөкова, ырчы: “КЕРСЕЙИП ЖҮРГӨН КЫЗДЫН ӨПКӨСҮН ҮЗГӨМ”

– Мен студент кезде жатаканада жашачумун. Анан бизде “дедовщина” деген нерсе бар эле. Ал кезде 4-курста окуп жаткам. Бир ирет мага кыздар “1-курстун студенттери такыр учурашпайт” деп нааразы болуп калышты. Ошондон кийин эле 1-курста окуган кыз мени менен учурашпай өтүп кетсе болобу? Анан ошол коридор жактан башка жакка алып бардым дагы “эмне учурашпайсың?” десем, “сен кимсиң?” дейт. Жиним келип жанымда дагы бир кыз бар эле ага “тигил жакты карап турчу, бирөө жарым келип калбасын” дедим дагы, тигини ичке тээп, бетке чаап, "өпкөсүн үзүп" койгом. Ал кыз дайыма керсейип жүрчү. Ошого жараша жооп алган. Андан сырткары бизде салык салуу деген бар болчу. Тиги кызга “мага эртең мынчанчы комнатага файл алып келип бересиң” дегем. Эртеси алып келиптир (күлүп).

Эми бул өрт кезибизде болгон окуялар да. Азыр мындай окуялар болсо уят болот го. Эл адамы болгондон кийин дайыма алды-артыңды карап жүрүш керек экен. Биздин ар бир кыймылыбыз элдин көз алдында болгондуктан, сүйлөгөн сөзүбүздү да ойлонуп сүйлөшүбүз керек.

Борончу Кудайбергенов, куудул: “7-ТРОЛЛЕЙБУСКА ТҮШҮП, ДААРАТКАНАГА БАРЧУБУЗ”

– Бишкекке жаңы келгенде эч жерди билбейсиң да. Барчу жерибизге дайыма автобекетке келип, ошол жерден кетчүбүз. Мен иштеген заводго 7-троллейбус барарын жакшы билем. Шаарда дааратканалар үйдө гана болот деп ойлоп, заводго барып иштейбиз дагы, дааратканага баргыбыз келсе, 3-4 бала чогулуп алып кайра 7-троллейбуска отуруп автобекетке барабыз жиндилерге окшоп (күлүп). Биздин билген жерибиз ошол жер болчу да, сурагандан уялчубуз. Кийин жумушта чогуу иштегендер “силер каякка эле барып жатасыңар?” дешкенинен баарын төкпөй-чачпай айтып берсек, укмуш күлүшкөн. “Сурасаңар биз деле айтмакпыз да, бул жакта деле даараткана бар да” дешкен. Ошентип көпкө чейин эстеп күлүп жүрүштү.

Кийинчерээк шаарга дос балабыз келип калды. Ага "7-троллейбуска түшөсүң" деп айттык. Ал болсо туура эмес түшүнүп алып бир, эки деп санап жетинчи келген троллейбуска түшүп алып башка жакка кетип калыптыр.

Билбейм, ал учурда 7-троллейбустан башкасына түшсөм адашып кетчүдөй туюлчу.

Назира Айтбекова, телеалпаруучу: “ЭРКЕККЕ АЙЛАНАМ ДЕП ҮМҮТТӨНӨ БЕРЧҮМҮН”

– Кичинемден эле эркек балдарга тиешелүү оюнчуктарды ойночумун. Элестетсеңиз, бир мүшөк машинам бар эле. Эң кызыгы, мен өзүмдү эркек деп ойлочу экенмин. "Качан эркекке айланам?" деп абдан күтчүмүн. Кийинчерээк кыз экенимди билгенде аябай ыйлагам. Анда дагы “сен кызга айланып баратасың” дешсе жер тепкилеп ыйлаганымчы. Билбейм, мен кичинемден эркек балдар менен ойногонду жакшы көрчүмүн. Анан кайсы бир күнү эркекке айланам деп үмүттөнө берчүмүн. “Кийин өзүмдү эркек кылып алам” дегендеримди эстегенде жинди кыз экенмин деп ойлоп калам (күлүп).

Эми мындай жиндилик кылган учурлар ар бир эле адамдын башынан өтөт эмеспи. Жиндилик кылып, чектен ашкан жоруктарым деле бар бирок аларды элге жарыялоого болбойт го (күлүп).


 

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Назира Айтбекова, Борончу Кудайбергенов жана башка жылдыздардын“жиндилик”кылган жоруктары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Aruujanshaxi
2018-10-23 15:07:01
Укмушсуңар ээ Кенже эжеден айланып эле кетсеңер болбойбу? Жаштыгын айтыптыр, өзүңөр жаштык кылбагансып тообо
-16
Nanei
2018-10-23 15:29:08
Назира жетигенова адатынча калпты ышкыртыптыр 40мунот овчарка лар менен алышкам деп. Тобоо 45ке келип калды калпын токтотсо
+13
Snejana
2018-10-23 15:50:34
Назира эже 40 мунот, дээрлик бир саат жоголуп кетсе элдер издебей эмне кылып отурушту экен. Кызык. 15 мунот болушу мумкун.
+9
Snejana
2018-10-23 15:51:11
Кенже эже башка эле жиндилигин айтса болмок экен.
+11
bond02
2018-10-23 16:06:40
Жылдыздар десе аллергиям козголот да.
+3
Asyl10
2018-10-23 16:30:31
Борончу байке менен Назиран Айтбекованыкы жакты. Кобокова кыпкызыл рекет болгон экен да анда, 1-курстарга кун корсотпой,токмоктоп,салык салып. Уят, ушул кыдыгынарды жарыялап абройунарды бир тепкичке ылдый тушуруп алдынар. Маданият кызматкери болуп токтолупсун,болбосо дагы деле рекет болмок белен?Азыр рекет эмес коррупционер делеби?
+8
Nanei
2018-10-23 17:06:54
Эми кырк мунот эки ажаан овчарка менен беттешип коргулочу.беш мунотко жетпей тытып коет. Килейген эркек кишилер туруштук бере албайт
+7
Nanei
2018-10-23 17:17:59
Менин да тааныштарым кызы кичинесинде чырылдап ыйлай берет эле, кошунасынын баласынын чочосун мага тагып бергиле деп.азыр ал чон кыз болуп калды. Эстеер бекен ошоеусун
+5
Birimdik5555
2018-10-24 02:06:30
Кенженин устунон арыз таштап койсо жакшы болмок экен эле ошо кыз
+8
Gulnaz.GS
2018-10-24 11:10:53
Кенже оюнан чыгарып алса керек,негизи эле ушу ырчы сооройлор оюнан чыгарып токуп коюшат
+3
Krai
2018-10-25 10:20:12
Назира кечээги эле кайрат кыргыз менен болгон интервюсун айтса деле болчудай ал деле чектен чыккандык да
+1
Alia82
2018-10-26 17:27:13
Борончунун жиндилиги күлкүлүү экен, берки эсептеп 7-троллейбуска түшкөнүчү)))
+2
Saidochka
2018-10-27 14:21:36
Борончунун "жиндилиги" жакты;))
0
Pandora
2018-10-28 12:31:31
Борончудан башкасына ишенбедим негедир лагман илгендей эле болду.А Кенженин кылыгына негедир ичим сууй тушту,билем жаштыкта болуп турат,бирок баары бир актай албадым.4 курста кээ бир кыздар апа болуп калатго.
+2
Seyitira8186
2018-10-28 20:13:48
Артисттерде онор коп болотго.ошон учун да артистта.окуп алып кулкум келди.Айгеримди да сурабапсынарда.газетанар толмок
-1
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан