Назира Айтбекова, алпаруучу: «ЖИГИТТЕР МЕНЕН ӨБҮШҮҮ АЛГАЧКЫ БОЛУП ЭСЕПТЕЛБЕЙТ»

Жылдыздардын жашоосу күйөрмандарына, кабарчыларга гана эмес, шоу-бизнестеги санаалаштарына да кызык экен. Бул жолу чыгармачыл чөйрөдөгү инсандар каарманыбыз Назира Айтбековага суроо узатышат.

Эркин Эгембердиев, актёр:

– Назира, аралда жалгыз калсаң ким менен каласың? Ханзаада Шейх Хамдан Аль Мактум конокко чакырса ким менен барасың? Душмандан коргонсоң кимди чакырасың? Качсаң ким менен качасың? Ырдасаң ким менен? Сырдашсаң ким менен?

– Аралда бейтааныш адам менен калмакмын. Аял-эркек болобу, мааниси жок. Ал мага окулбаган китеп сыңары болмок. Мүнөзүн, оюн, жоругун изилдеп, дүйнөсүн аңтарып чыккыча убакыт билинбей, ары кызыктуу өтмөк деп эсептейм. Шейх чакырса, уулум менен апамды ала бармакмын. Алардын жашоосу, каада-салты, кулк-мүнөзү, жашоосу, тамагы аларга кызыктуу болсо керек. Негизи эле чет жакка чыкканда жалгыз чыккым келбейт. Үйдөгүлөрдү ойлоп жегеним желим, ичкеним ирим болуп келет. Душмандан, жаман көз, жаман сөздөн эненин мээрими коргосо керек. Апам жанымда болсо, эч нерседен коркпойм, качпайм дагы. Качуу туура эмес деп эсептейм. Кандай гана көйгөй болбосун бетме-бет келиш керек. Ырдасам, жоро-жолдош, жакшы санаалаштар менен ырдашуудан артыгы жоктур. Сырдашканда көбүнчөсү күндөлүгүм, калем-кагазым менен сырдашам. Сыям кагазга төгүлгөндө бугум чыгат.

Гүлнур Асанова, ырчы, актриса:

– Эч кимге айтпай өзүнчө чөнтөккө акча топтош керек экен дедиңиз эле. Азыр топтой баштадыңызбы ошондо?

– Анткенимдин себеби, эртеңки күнгө кепилдик жок экен. Бирөөгө ишеним артардан мурун артыңа бекем чеп коюп алуу керек дегендик эле. Апама ишенем. Ал акчамдын баарын шыпырып алып, чиедей балам менен көчөгө таштап кетпейт. Ошон үчүн кандай каражат таппайын апамдын эсебине которулат.

Самат Эркинбеков, тамашоучу:

– Шоу-бизнестеги кыздардын кимиси менен рингде беттешет элеңиз?

– Самат, согуш, уруш болгон жерде мен болбойм. Ар бир нерсени тынч эле чечип алууга мүмкүн. Сөздү эмоцияга алдырбай, каап сүйлөбөй, таап сүйлөсөң эле, жыланды кошо ийинден чыгарбайсыңбы.


Мыкы, тамашоучу:

– Назира эже, качан жезделүү кыласыз?

– Суу жок жезделер өспөй калыптыр! Тамаша. Жездени ойлоно элекминби азыр, же жүрөгүмдү басып алып, багындырып, тарса-турс мүнөзүмдү жибектей созултуп ала турган баатыр, эр жүрөктөр жок болуп жатабы, айтор, жок.


Тынар Курбаналиев, куудул:

– Эң биринчи жолу канча жашыңда өбүштүң эле?

– Эң биринчи жолу энемдин ичинен этинен бөлүнүп чыккан соң өбүшкөн болушум керек! Медайым эле тың болуп өөп кетпесе. Андан кийинки атамдыкы, энемдики, туугандарымдыкы, «тем более» жигиттердики алгачкы болуп эсептелинбейт! Жигиттер эне сүйгөндөй сүйө албайт да. Алардыкы эсимде жок.

Максат Садырбеков, ырчы:

– Назира эже, дайыма сахнанын көркүн ачып келесиз, таланттуусуз. Бирок өзүңүздү башка тармактан сынап көргүңүз келеби? Мисалы, режиссура жаатынан өзүңүздү көрө аласызбы?

– Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классын бүтүрүп, 5 мүнөттүк фильм тарткам. Режиссураны ойлоп жүрөм. Колумдан келет деп эсептейм. Жеке эле режиссура эмес, сценарист катары да өзүмдү көрсөтө алсам керек келечекте. Колумдан келет деген кесиптер. Бирок алар да бышыш керек. Убак-сааты келгенде талантыма күбө болосуңар.

Эркин Рыскулбеков, алпаруучу:

– Назира, кокустан чымындарың ойгонуп «көзүң ачылып кетсе» киши көрөсүңбү же реалити-шоуго катышасыңбы?

– Жакты суроо. Чымындарым ойгоо эле, негизи уктай элек. Ызылдап эле учуп жүрүшөт. Бирок киши да көрбөйм, реалити-шоуго да катышпайм. Аларды талантка, көрөңгөгө жумшап койгом. Ошол жакта кызмат кылып жатышат.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
vikidiki
2018-10-30 09:23:54
Качан жана кайсы интервью болбосун, созсуз мурунку куйоосун бир кыпчып кетет да "намек"менен.
-6
mela
2018-10-30 19:04:06
vikidiki,куйоосу кочого таштап кетиптир....мурунку суйлошкон кызына уйлонду го...
+10
nur85
2018-10-30 09:39:15
Суроо бергендердин эң улуусу Тынар болгону менен эң кичүүсүндөй , өзүнүн жашына туура келбеген суроо берип салыптыр го. Же куудулданганыбы балким
+28
Nurkyz_kgz11
2018-10-31 12:23:35
nur85,ошону айтсаныз
+2
engel
2018-10-30 10:47:53
Жакшы ответ бериптир
+9
nazgulya2406
2018-10-30 13:14:39
Эркин Рыскулбековдун суроосу сонун болуптур. Назираны бир тайсалдатып алчу суроо бериптир.
+16
Nur777
2018-11-03 17:02:12
nazgulya2406,мага да Эркин Рыскулбековдун суроосу жакты,бир кулуп алдым)))
0
Sonya302712
2018-10-30 22:35:45
Азамат! Татыктуу жооптор.
+2
Aibyikem
2018-10-30 23:31:05
Эркин Рыскулбековдун суроосу жакты, дал бутага атыптыр.)
+5
vikidiki
2018-11-01 16:26:12
Aibyikem,Нурзат Токтосунованын досу да анткени.
+2
DAKS
2018-10-31 13:01:23
Талант десе таланты бар, женил ой, супсак беруулордон алыс болуп озун такшалтып мындан ары мыкты алып баруучу, DJ, тамада болсо дээр элем!!!
-1
erikkarakulja
2018-10-31 17:07:22
жакшы кыз баракелде онорун осо берсин сага ийгилик!!
0
zinagull1996
2018-11-03 01:04:27
Чоон энедей интерью лары.
+1
Nur777
2018-11-03 17:02:48
Тыпылдайт го тим эле))
0
Pandora
2018-11-04 14:20:56
Ар ким оз денгээлине жараша ойлонот дегенде.Ар ким оз денгээлине жана акылына,ой журугтуусуно жараша суроо бериптир.Таланттын суроосу ДЕТСКИЙ САДИК!
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан