Күйөөсүнө карата зордуктоо тууралуу арыз жазган келин: «8 ЖАШАР КЫЗЫМДЫ ӨЗ АТАСЫ ЗОРДУКТАГАНЫН ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН КӨРДҮМ»

Ош облусунун Ноокат районунун 35 жаштагы тургуну 4 баласы менен 22-октябрь күнү Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна кайрылган. Айтымында күйөөсү 8 жаштагы кызын көптөн бери зордуктап жүргөн. Учурда бул ишти милиция иликтеп жатат.

«КЫЗЫНА ГАНА ЭМЕС, АЯЛЫНА ДА ЗОМБУЛУК КӨРСӨТЧҮ ЭКЕН»

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова кыздын да, келиндин да абалы оор экенин, үй-бүлөнү бул абалдан чыгарып кетүүнүн жолун издөө керектигин айтат:

- Бул келин бизди интернет аркылуу таап, байланышты. Окуяны угуп ишенгим да келбей турат. Бирок 8 жашар кыздын да, апасынын да абалы жакшы эмес. Кыз коркуп, эч нерсе сүйлөбөйт, нес абалда. Суроого «ооба» же «жок» деп эле жооп берип жатат. Күйөөсү кызына гана эмес, аялына да зордук, зомбулук көрсөтчү экен. Милицияга арыз жазды. Бирок аялы эми үйүнө барса эле күйөөсү кайра кол салат деп коркуп жатат. Күйөөсү камалбай калса иш чатак. Мындан ары бул жарандардын абалы кандай болот, билбейм. Ошол маселени жапа тырмак чечишибиз керек. Келин 4 баласы менен үйү, билими, жумушу жок талаада калганы турат. Буга чейин келиндин күйөөсү таксист болуп иштеп, акча таап үй-бүлөсүн бакчу экен.

«АЗЫР ДА КОРКУП ЖҮРӨМ»

Келин күйөөсүнөн качып келгенин, күйөөсү өзүн жана 8 жашар кызын зордуктап жүргөнүн айтты:

- Менин 2 кыз, 2 уулум бар. Турмушка чыкканыма 16 жыл болду. Ошол убактан бери эле күйөөм мага жана балдарга кол көтөрүп келген. Анын айынан былтыр башымдан жаракат алып, операция жасалган. Ал мени себеби жок кызгана берчү. Бирок өзүнө телефон чалсам кээде кыздар жооп берчү, кыздар менен СМС жазышканын көрчүмүн. Ичип жүрүп туугандары менен да катташпай калган. Атасына да кол көтөргөн эле. Мас болуп келип балдарыма да кол көтөрчү. Бешиктеги баламды бешиги менен кошо ыргытып, улууларын сабап, коңшу, туугандарга тынчтык берчү эмес. Чыр-чатактын айынан үйдө бүтүн буюм калбай калган. Мунун баарына чыдап жүрдүм. Анткени өз ата-энем ажырашып кетип, мен да атасыз өскөм, жаман болсо да балдарым өз атасы менен чоңойсун дедим. Ажырашканда деле барар жерим жок. Апам өзүнүн атасынын үйүндө жашайт.

Ушул жылдын 17-март күнү апамдын үйүнө барып, 1-2 саат сүйлөшүп отуруп кайтып келдим. Апам менен кошуна турабыз. Сырттан үйгө кирип келип эле көргөн көзүмө ишенбей селейип калдым. 8 жаштагы экинчи кызымды жерге жаткырып алып өз атасы зордуктаптыр. Мен кирсем күйөөм шымын кийип жатыптыр. Уруктугун колуна түшүрүп алган экен, мени түртүп шашып барып колун жууп калды. Кызымды жерге жаткырып, үстүнө күрмө жаап коюптур. Анан кайра мени түнү менен сабап чыкты. «Бирөөгө айта турган болсоң өзүңө кошуп балдарыңды, апаң менен эжеңди өлтүрөм» деди. Коркуп эч кимге айтпай жүрдүм. Өзү да эч жакка чыгарбай, бир жакка барышым керек болсо кошулуп барып-келип жүрдү. Кызымды буга чейин да зордуктап жүрүптүр. Бирок бул иш канча убакытка созулганын кызым айта алган жок. Аны «апаңа айтсаң өлтүрөм» деп коркутчу экен.

Акыркы кездери кызым чүнчүп, элге аралашпай, окуусу начарлап, биз менен да сүйлөшпөй калган эле. Сабагынан начарлап, мугалимдер мага «кызыңдын сабактарын карап койчу» деп көп айта башташкан. Муну мен оюнга алаксып эле сабакка көңүл бурбай жатат деп ойлоп жүрө бергем. Ушундай иш болот деп кимдин башына келиптир? Мен билип калгандан кийин деле күйөөм бир айдан кийин ыплас ишин кайра кайталады. Бул ирет кызым мага өзү айтты. Колумдан эч нерсе келбейт деп коркуп жүрдүм. Анан 22-октябрь күнү мени дагы сабады. Кечке маал ал үйдө жокто бир эжем келип калып, «Ак жүрөк» кризистик борборунун номерин таап, сүйлөшүп берди. Балдарым менен үйдөн качып чыгып, ушул жакка келдим. Мындан ары чыдабашым керек экенин түшүндүм. Милицияга күйөөмдүн кызымды зордуктап, мени сабап, зордуктагандыгы үчүн арыз жаздым. Эми аягына чейин күрөшөм. Анан маңдайыбызга жазганын көрөбүз. Бирок азыр да аябай коркуп жүрөм. Анын туугандары бар, камалса деле бошотуп алышсачы? Кызымдын абалы азыр да жакшы эмес. Башы ооруганын айтат, тамакка табити жок, эч ким менен сүйлөшпөйт.

Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери Жеңиш Аширбаев окуя боюнча 23-октябрда арыз түшкөнүн, кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган жаран кармалып, Ноокат РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Кылмышка шектүү уруп койгону үчүн аялы андан өч алуу максатында жалаа жаап жатканын айтып көрсөтмө берген. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгына карап кылмыш иши козголушу же козголбошу чечилмекчи.

Перизат Музуратбекова

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
asil-08
2018-10-30 14:00:51
Башында эле жашабай койбойсунбу, ошончо кордук көрүп,балдарыңды кор кылбай, кичинекей кызга боорум ооруп жүрөгүм ачышып кетти.
+11
belka
2018-10-30 14:14:51
Ушул макаланы окудум эрте менен кур калгансып,кадимкидей ооруп калдым... Наристелердин тагдырын талкалаган ата сөрөйлөргө,ага сөрөйлөргө ХХХ болсун!!!
+8
fanatka19
2018-10-30 14:54:09
Жакшынакай жашап куйосу камкор болсо кайсы жинди аял ушинтип жалган айтып чыкмак эле.Кызынын келечегин деле ойлойтда. кыздык белгиси ордунда экен деп эле бошотуп ийбеш керек ата соройду.
+7
Eli.91
2018-10-30 15:16:09
Балким чатка кылып жургондур эркек сорой,экспертизада анан кыз деп чыгатда.
+6
nargiz94
2018-10-30 16:43:00
1) кызым тунт болуп кеткен дейт, эжекелери сабак окубай калды десе оюнга алаксып деп ойлогом дейт. Тунт болуп кетсе каяктагы оюн.
2) куйоом туугандары мн катышпай калган дейт, камалып кетсе туугандары чыгарып алат дейт го, катышпай калса анан турмодо отурганы туугандарын кызыктырбайт болуш керек.
Иши кп Кудай билет.
+10
suyor
2018-10-31 11:08:58
nargiz94,точкага урупсун, бул брат биздин айылдан бир жакшына элге аралашып кадимки туриушу менен эле журот, айылдашы катары аялы айткан создору толук жалган деп айта алам
-1
Peri.00
2018-10-31 19:25:09
suyor,сиз ал үй-бүлө менен бирге жашабагандан кийин билбейсизда, кандай жүргөнүн,балким көчөдө башка,үйдө башкадыр.
+4
islan_85
2018-11-01 03:45:06
Peri.00,
Ноокаттын кайсы айылы болуп атат ошондо?
0
islan_85
2018-11-01 03:46:12
suyor,ноокаттын кайсы айылы ошондо?
0
naida81
2018-11-05 11:42:10
suyor,ооба коп элдер чыгышты го колдоп жалган, бул адам андайга барбайт деп, кризистик борборлор буга чейин эле ишенимден кетишти эле, эми эмне болоор экен
0
Tigr1
2018-10-31 11:39:05
Тообо кылдым.Ушундайда болобу?менин куйоом балдары дегенде озун койоорго жер таппай калат.жумушка кетээрде ооп жыттамайын кете албайт.
0
Anzhela
2018-10-31 14:27:09
Тообо кылдым кудай сактасын эркектерге эмне эле болуп баратат иттен айырмасы жок болуп кудай сактасын ээй адамдар, жаныбарлар деле баласын бапестейтго.
+4
Nake94
2018-10-31 17:57:59
Бычып салуу керек.. Манкурт экенгоо..
+3
Aitik
2018-11-01 04:26:27
Nake94, Баткен тарап бүт эле ХХХ
Арыз жазууну билбейт..
0
admin_media
2018-11-01 09:57:23
Aitik, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
0
Asel.24.07.93
2018-11-01 21:37:38
Aitik,туура айтасыз!
0
aizireshka
2018-11-01 23:45:43
Aitik, баткенге асылбай калчы
Баткен тарапта мындай окуялар болбойт ал жактын адамдары мындай эмес, кантип жазууну билбейт дейсин? Ар бир областын айылдарында бар онукпогон адамдары
Бул окуя баткен тарап эмес ош тарапта болуптурго причём тут баткен?
0
Aitik
2018-11-01 04:24:46
Бул окуя жалганбы же чынбы.. билбейм.. бирок Өзгөндон нары Ноокат Баткенге чейин мындай окуя көп болот.. балким азыр да болуп жатат..эл эмне дейт деген эски түшүнүк менен жашашат..
Мына менин эле көчөдөн 3.4 факт турат.
+1
PeriMuz
2018-11-01 11:35:58
Aitik,эл эмне дейт деп унчукпай ушул жүк менен жашай беришеби?
+1
Asel.24.07.93
2018-11-01 21:33:00
Ужасс!Аллахым жазсан берсин!Ал эми аялына ,балдарга Аллахым озу жардам берет! Акыркы убакта ушундай үрөйдү учурган окуялар көп катталды болду. АЛЛАХЫМ жаман нерселерден корусун элибизди!
0
Asel.24.07.93
2018-11-01 21:36:58
Уфф ушу Т9 тажатты туура эмес жазылып.
0
melashka
2018-11-02 03:09:56
Тоообооо мин мерте Астагфирулла кулагым укса да козум корбосун!
0
Pirimkul
2018-11-02 13:02:40
Бардыгына ден соолук
0
elkeev
2018-11-03 23:33:31
Super info, bul bir taraptuu maalymat bolup kalyptyr! Kana ekinchi taraptyn oiu???
0
naida81
2018-11-05 11:37:17
экспертизадан кыз зордукталганы аныкталган жок деп окудум эле, ушуну да тактап койсонуздар. же бейокмот уюмдары бул аялга коомчулуктун конулун бурдуруу максатында подсказка берип жатышабы, анда атасы жон эле куйуп кетет го, турмодо буларга баары бир белгилуу да эмне болоору, а эгер кудай алдында бул окуя чындык болсо эмне болсо ошол болсун, болгону кээ бир жерлери кайчы пикир жаратып ишенбей кетет экенсин, кандай да болсо чындык чыкса болду
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан