Гүлжигит Калыков, ырчы: “ЖУБАЙЫМ ЭНЕ БОЛГОНУ МЕНИ ЭРКЕЛЕТПЕЙ КАЛДЫ”

– Кандайсың, Гүлжигит? Уулуң 12-октябрда бир жашка чыкпадыбы, тушоосун кесип, элден бата алдыңарбы?

– Жакшы, өзүңүздөр жакшысыздарбы? Ооба, уулубуз Умар бирге чыкты. Ушул күнгө чейин “тушоо той берсекпи, бербесекпи, берсек кандай беребиз?” деп ойлонуп келдик. Уулубуз менен конокко барганда көз тийип ооруп кала берет. Ошондон улам “той берсек көз тийип оорубасын, бизге балабыздын ден соолугу маанилүү” деп чоң той берген жокпуз. Буюрса, тойлор алдыда. Чоң атасын, чоң энесин, таята, таенесин, бир туугандарды чакырып, чакан дасторкон үстүндө отуздай жакыныбыз менен туулган күнүн белгиледик. Чоң атасы убада берди, жакында жакындарыбызды чогултуп, чуркатып небересинин тушоосун кесет.

Балабыздын күндөн-күнгө жоруктары чыгып, бизди сүйүндүрүп, өзгөчө толкунданып жүргөн чагыбыз. Бүгүн силерге интервью берейин деп үйдөн чыгып кеткенимде келинчегим телефон чалып, “балаң сени издеп ыйлап жатат” деди. Жубайым алдап-соолап, жаңы оюнчуктарын көргөзүп алаксытса да болбой эшиктин алдына келип ыйлай бериптир. Бүгүнтөн баштап ээрчигенди үйрөнүп алды. Бул мен үчүн жакшы жаңылыктардын бири, азыр кубанып турам.

– “Көз тиет деп чоң той берген жокпуз” деп жатпайсыңбы, ырым-жырым кармайт экенсиң да?

– Ооба, ырым-жырым кармайм. Конокко барганда аяш аталары, аяш энелери жакшы көрүп өпкүлөп, мактап коюшат. Үйгө келгенде уктай албай, чыргоолонуп, жүрөктү түшүрүп ыйлап калат. Ошондон улам көз тиет дегенге ишенем. Бир жери ооруп жатат дейин десең андай деле эмес. Анткени ар бир айда дарыгерге алып барат эмеспизби.

– Кыз балдар бирге чыга электе эле басса, эркек балдар кеч басышат дейт, уулуң бастыбы?

– Бирге чыгардын алдында басты. Азыр 10-20 кадамдай басып келип отуруп калат. Тилекке каршы, уулумдун алгачкы кадамдарын көрбөй калдым. Биринчи кадамдарын көрсөм деп эңсеп жүрчүмүн, бирок баары шартка байланыштуу экен. Иш сапарым менен, тактап айтканда, "ABU-2018" ырлардын телевизиондук фестивалына катышып Түркмөнстандын Ашхабад шаарында болуп калдым. Келинчегим телефон чалып, “уулуң басты” деп видеосун жиберди. Өзүмдү аябай жаман сездим. Көрсөм жакшы болмок деп өзүмө-өзүм таарынып да алдым. Бирок жумуш деген жумуш. Ушул жумуштун аркасы менен үй-бүлөнү багып, элге чыгармачылыгымды тартуулап жаткандан кийин, чоң фестивалга мамлекетибиздин атынан барып жаткандан кийин өкүнбөйүн деп өзүмдү соороттум.

– "Евразия жылдызы" сынагында Түркмөнстанга бардың эле, ошондогу кесиптештериңе жолуктуңбу?

– Ал жактан тапкан досторум менен, албетте, жолуктум. "Евразия жылдызы" сынагына катышкан Сохбет Касымов менен 6 жылдан бери жакшы мамиледемин. Досум жакшы тосуп алды, улуттук тамак-ашын жайнатты. 2012-жылы Ашхабадга барганымда шаардын тазалыгына, кооздугуна, элинин меймандостугуна суктангам. Андан бери 6 жыл өтүптүр. Жаңы райондор түшүп, чоң спорт сарай курулуптур.

– Фестивалда кайсы кыргыз ыры жаңырды?

– 2012-жылы "Евразия жылдызы" фестивалында “Жамгыр төктү” ырын аткардым эле, көрөрмандардын эсине салайын деп ошол чыгарманы ырдадым. Ырдап бүткөндөн кийин көрүүчүлөр келип, “бул чыгарманы укканбыз, керемет чыгарма экен” деген жакшы пикирлерин айтып жатышты. Фестивалдын талаптары жандуу үн менен ырдоо эле. Бирок эмнегедир дээрлик баары фонограмма менен ырдашты. Бул нерсе мени таң калтырды. 1-октябрда репетиция кылдык, эртеси фестиваль болду.

– Жакшы. Жаңы ырлар жазылып жатабы?

– Жаңы ырларды жаздырып жатабыз. Алардын бири “Ай-ай” деп аталат. Бул чыгарманын обону Амир Аскаровго, сөзү Ташкент кызы Гүлгө таандык. Учурда ырдын клибинин сценарийин ойлонуштуруп жатабыз. Андан сырткары чыгыш стилиндеги чыгарма жаздык.

– Чыгармачылыктан сырткары да иштер менен алектенесиңби?

– Буга чейин бизнес менен алектенгенге аракет кылгам. Бирок бир нерсе менен гана толук кандуу алектенген жакшы экен. Эки жакка чачырай берсең ишиң жүрүшчүдөй эмес. Анын үстүнө жакшы билген, жакшы көргөн ишиңди так аткарсаң ошол нерсе менен үй-бүлөңдү багып, ийгиликке жетишсең керек деп ойлойм. Мен жумушумду жакшы көрөм, сүйөм. Канат Култаев агамдын мектебинде ырдоо сабагынан да жаштарга сабак берем. Анан машыгуу залдарына барып турам.

– Спорт менен көптөн бери машыгасың, катуу жаракат алган учуруң болгонбу?

– Жаракат алган учурлар болот. Жаракатты көбүнчө сноуборд тебүүдөн алдым. Талаада кар менен басылып калган таштар, дөңдөр болот. Бир жолу дөңдөн бийиктикке секирип, музга түшүп тайгаланып, оң далым менен түшкөм. Сынган эмес, бирок ошондон бери далым ооруйт. Азыр залга барганда оор штанга, гантель көтөргөндө сыздап кетет.

– Спорт залга ашып кетсе 1-2 жыл барып анан таштап койгондор көп. Сенин эркиң күчтүү экен, мен билгенден көп жылдан бери такай барасың...

– Менде деле таштап койгон учурлар болот. "Евразия жылдызы" сынагына барганда таштап койгом, анткени ал жактан шарт болгон жок. Келип жарым жылдай машыгып кайра таштап койдум, денени деле эс алдырып туруш керек. Уулум төрөлгөндө да машыкпай калгам, азыр кайра барып баштадым. Чынында спорт залга баргандан тажабайм. Өзүм деле курсагымды чыгарып алуудан корком. Жашым отузга жакындап калды, классташтарым, айрым досторум курсактарын чыгарып алышкан, ал мен үчүн терс көрүнүш.

– “Уул бала атасын, кыз бала энесин тартат” дешет. Сен үй-бүлөдө кимге окшошсуң?

– Атамдан сурасам ушул жашка келгени ал кишинин курсагы такыр чыкпаптыр. Бир жолу үй-бүлөлүк архивди карап отуруп, атамдын дипломдорун таап алдым. Көрсө, ал дагы күрөшкө катышчу экен. Спорт чеберине талапкер экенин билип таң калдым. Атам алтымыштан ашканына карабай түз, тыкан, таза жүрөт. Мен дагы атамды тарткым келет. Атама окшошмун.

– Айпери экөөңдүн түтүн булатканыңарга эки жыл болуп калды. Анын сен билбеген кыялдары, мүнөзү чыктыбы?

– Таптакыр өзгөргөн жок же өзгөрдү десем да жаңылышам. Анткени ал да эне болду, биринчи уулу. Кээде түнү менен уктабай, көздөрү шишип калат. Аны көрүп жардам бергенге аракет кылып, ал уктап жатканда уулумдун жалаягын алмаштырып коюп жаттым. Маанайы жок болгондо катуу сүйлөп алган учурлары деле болду. Бирок ал нерсеге түшүнүү менен мамиле кылдым. Азыр баары жакшы, үйгө киргенде жадырап-жайнап тосуп алат.

– Орто жолдон силерди таарынышып кетишиптир дегендер да болду...

– Болгон нерсе да, болбогон нерсе да айтылат экен. Үйлөнө электе “Айперинин атасы Гүлжигитке машина алып бериптир” деп да айтышкан. Сөзсүз түрдө, майда-чүйдө уруш-талаштар боло берет экен. Бирок ажырашалы деген сөздөр боло элек. Андай болбой эле койсун.

– Бири-бириңди мурунку эле сөздөр менен эркелетесиңерби? Же уулдуу болгондон кийин жаңы сөздөр кошулдубу?

– Ачыгын айтсам, Айпери эне болгондон кийин күйөөсүн эркелетпей деле калган. Мен дагы уулумду көп эркелетем. Кээде жубайым “мени эркелетпейсиң” деп таарынып калат. “Экөөбүз чоң киши болбодукпу” деп тамашалайм.

– Маегиңе рахмат, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык бийиктик каалайм.

"Уулубуз мага да, энесине да окшош. Экөөбүздү тең таарынткан жок".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлжигит Калыков: "Жубайым эне болгондон бери мени эркелетпей калды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
kakukani
2018-10-30 09:17:04
Бактылуу болунуздар!
+5
Aikan1966
2018-10-30 10:33:55
батылуу болгула,улгулуу уй-булоо десек болот.
+2
Paprikafm
2018-10-30 10:35:24
Ажырашпай эле, бактылуу болгула, уккум жок ушул ажырашуу деген сөздү, Максат мн Сайкал га жүрөгүм ооруп буто элек
+9
Missing-u
2018-10-30 16:04:04
Ажырашып кеткендей турду озу баштады,аялы баласы менен тушкон суротторун очуруп. Спорт залга барып дененди катуу кылганын башка,аялдын конулун алып эркектей катуу болгонун башка. Урушуп кетсенер Эле кыздарга окшоп суротторунорду очуруп жарашсанар кайра киргизип кызтекеленбей. Суперге интервью бергенден кийин кайра суротун киргизди. Дайырдагы ушундай,баласын суротун бир киргизет кайра очурот калп эле тилдин учунда эркек болумуш этесинер.
+8
momun74
2018-10-30 16:05:05
Бактылуу болгула ажырашпагыла эмне кылаарга иш жокпу? Умарды инилуу карындаштуу кылгыла тим эле кыйраткансып уйлогонунор 2жыл эми болуптур али ыссыгынар таркай элек
+1
Aijamal_95
2018-10-30 16:48:33
Bilbeim maga jaga berbeit
0
pomposh
2018-10-31 10:50:30
кичинекей балдардын баары сулуу болот.Ошон үчүн коп жакшы коргондо ыйлап ооруп калышат
+3
admin_media
2018-11-02 10:53:52
love.me.again, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Билдирүү өчүрүлдү.
0
Birimdik5555
2018-11-05 02:43:20
Бактылуу болгула,аябай баласаак окшойт ошонусу жакшы атанын
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан