Курал Чокоев: «КЛИПТЕГИ КААРМАНЫМ ЖАШООДО ЖУБАЙЫМ БОЛДУ»

Мындан 3 жыл мурун Курал Омор Султановдун калемине таандык, обону Рыспай Абдыкадыровдун «Биз экөөбүз» аттуу ырына клип тарттырган. Ырдагы

«Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?

Маңдайыма бүткөн окшоп бакыттай.

Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,

Башкалардын миңи сага татыбай...»

деген ыр саптарын ошол кезде эле Курал Жанара аттуу сулууга арнап ырдаган. Бирок анда ал жөн гана чыгарма, клип болчу. Ал клипте сүйүшкөндөрдүн ролун жараткан Жанара менен Курал кийин бир үй-бүлө болуп, чыныгы жашоодо сүйүшүп кетерин ойлошпосо керек. Ырчы мырза 30-июнь күнү жубайы менен расмий түрдө никесин каттап, заманбап үлпөт той беришип, бир үй-бүлө аталышты.

БЛИЦ-МАЕК

– Курал, Жанара, куш бооңор бек болсун! Сүйүү баяныңар качан, кантип башталды эле?

– Рахмат. 3 жыл мурун Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө «Биз экөөбүз» деген ырга клип тартмай болдум. Клипке, албетте, татынакай кыз керек болчу. Бир күнү кафеде ырдап отурсам сулуу кыз кирип келди. Жанындагы жигиттер тааныштар экен. «Татынакай кыз экен, клипке тартсам болот эле» десем, достор Жанараны көндүрүп беришти. Жанара бир көргөндө эле жакканы менен алгач дос катары байланышып жүрдүк. Кийинчерээк сүйүп-күйүп артынан көп чуркадым. Ошентип клиптеги каарманым жашоодо жубайым болуп калды. Таанышкан кезде ал Омар, Арсенди укчу, Куралды укчу эмес (күлүп).

Көңүлүн алуу үчүн аябай аракет кылдым, көп кыйынчылыктарды жеңдим. Бирок Жанара азыр деле моюн бере элек. Дагы эле жүрөгү үчүн күрөшүп келе жатам. Жубайымдын жүрөгүн күч менен эмес, сүйүүм менен багындырам деп ишенем.

– Жанара, бул боюнча сен эмне дейсиң?

– Куралдын ырчы экенин билчүмүн, бирок ал нерсеге көңүл деле бурган эмесмин. Тамашакөй, шайыр жигит катары бааладым. Курал менен кайда жүрсөң да зерикпейсиң.

– Курал, жашооңордогу маанилүү иш-чараны өткөрүү үчүн канча даярдык көрдүңөр?

– Жанаранын кыз узатуусунан кийин бир айдай даярданып, тойду оригиналдуу кылганга аракет жасадык. Манас (ред. Алыкулов) айткан «Жар-жар» ырынын сөзү, обонун өзүм жазгам. 420дан ашык адамды чакырганбыз. Конокторго той жакса керек деп ишенем.

Коммен:

Тойдун алдында жаштар досторунун курчоосунда сейилдеп, ырдап-чоордоп алышты.

Үлпөт той бийчи, иллюзионисттердин шоусу менен ачылды.

Курал өзгөчөлүктү баалаган жигит. Ошондуктанбы эки жашты салтка айлангандай ырчы айым эмес, Манас Алыкулов «Жар-жар» айтып киргизди.

Миң жылдык болууга шерттешкен кудалар жана эки жаштын өкүл ата, апасы (Курал тарапта өкүл апасы, апасы, кайненеси, Жанара тарапта келиндин атасы, кайнатасы, өкүл атасы).

Тойго келген коноктордун баары столдо катылган 20 сомдуктарды алып, бири-бири менен чикилдешип, утканы акчаны алмак. Куралдын досу баарын утуп, 8000 сомду алганда «утулган оюнга тойбойт» болуп, залдан ырчы мырзанын дагы бир досу 100 доллар акча менен чыкты да, чикилдешкенден жеңип, бардык акчаны илип кетти.

«Менин тоюмда Курал мага ыр белек кылган эле. Бул ошол белегиңдин жообу болсун, досум» деген Кайрат Примбердиев Куралды калың журтка тааныткан Бек Борбиевдин «Билип жүр» аттуу ырын аткарды.

Жаштардын эң бактылуу көз ирмемдери... Ырчы мырзанын ар бир кыймылы, мамилеси жубайына болгон сүйүүсүн айтып турду.

«Кыргыздын мачосу үйлөндү, Курал, куттуктайм» деген Мирбек Атабеков өзүнүн ыр белегин тартуулады.

Эл тойдо жыргап бийлеп жатышса, Актан Рыскелдиев Эржан аттуу фотографтан Инстаграмга сүрөттү сулуулап чыгаруунун сырларын үйрөнүп жаткан шекилдүү.

Эми тойдун кезеги Азамат Байматовго келди окшойт. Футболчунун жүрөгүн багындырган бийкечти жакында гезит бетинен көрөсүздөр.

Темир Назаровго той абдан жагып, ышкырып коштоп жатты.

Коноктордун үн диапазонунун канчалык бийиктигин, жамбаш бийин ким катыра турганын текшерген кызыктуу оюн элди кыраан-каткыга бөлөдү.

Бүгүнкү замандын адамдары смартфон колдо турганда ар бир мүнөттү өткөрүп ийбей тарткысы келет.

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Курал Чокоевдин клиптеги каарманы жубайы болду. Үлпөт тойдон репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kubankg2010
2018-11-06 09:46:53
бактылуу болгула!
+5
kubankg2010
2018-11-06 09:47:34
бактылуу болгула
+5
BegimaiBegimai
2018-11-06 10:24:37
неге суроттор жок
-2
engel
2018-11-06 11:37:56
BegimaiBegimai, дагы канча сурот керек?...
+5
admin_media
2018-11-06 12:11:26
BegimaiBegimai, саламатсызбы! Катачылык оңдолду, кайрадан аракет жасап көрсөңүздөр болот.
+1
s.sweet
2018-11-08 14:03:45
BegimaiBegimai,менде да жоок суроттор
0
Бакыт Турсунбеков
2018-11-06 12:15:55
Илльюзионисттерди биринчи көргөндө ресторандын тойго даярдап жаткан адамдар экен депмин
0
Benazir08
2018-11-06 12:21:31
Жакшы бактылуу болушсун тегеле ажырашпагыла анан аялыны мумкун бсо шоууга аралаштырбай эле уйдо эле бак
+3
evidens
2018-11-06 12:26:23
Бактылуу болгула,коооп балалуу болуп жудоп какап интервью бергиле,баладан башынар чыкпай калсын:)
+6
love.me.again
2018-11-07 12:03:42
Аялын менее кайын энеси сазайынын берчудойго. Мен туруп бияктан коркуп отурам экоон коруп алып. Чалкылдап эми
-1
munira-tilen
2018-11-07 19:04:15
Кайраттын кебетеси кантет
0
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан