(Башталышы өткөн сандарда)
Чачылган бөлмөнүн ортосунда Байэлди бооруна кыскан бойдон отура кетти. Жүрөгү лакылдайт. Каалабаса дагы башына Тимур менен Азаматтын элеси бирдей келе берди. Анын жашоосун астын-үстүн кылган эки эркек... Азаматтан Айназикти алып кетүүгө барган күн тартылды көз алдына. “Эмнеге? Эмнеге ушинттиң? Сага эмне жамандык кылдым эле?” деп караган жигиттин көз карашын унутуу мүмкүн эмес. Ошонун баары көздөрүнөн окулуп турган. Кызын улам бооруна кысып “бербейм, бербейм” деп көзүнө жаш алып жан алакетке түшкөнүчү... Ал Айназикке биротоло көнүп, ажырагыс болуп алган экен. Ата болуп алган экен. “Жогол, жолобо! Бербейм кызымды” деп ач-айкырык салган. Башка эркек кантмек? Коюнундагы аялы көзүнө чөп салганын билгенде, иштеп эле келе калам, тушоо тоюн өткөрө калмакчыбыз деп кетип, кайра бир учурда боюнда бар кезинде талаага таштап кеткен жигити менен кайра баласын талашууга келсе кантмек? "Мына, мына бул арам каныңды алып кет, силерден түңүлдүм, көзүмө көрүнбөй жогол!" деп алсыз чүрпөнү апасына ыргытат беле? Балким, тирүүлөй өрттөп жибермектир баарын... Азамат болсо “суранам, кызым менен коштошуп алайын” деп ыйлаган. Өз канынан жаралбаган эле чоочун наристе өзүнүн чыныгы атасын, чыныгы энесин “бул эмне болгон чоочун кишилер?” деп Азаматтын көкүрөгүнө башын жөлөп алып, уурданып чочуркап караган болчу.
Кана, жылдар өттү, Азамат ошол аталык сүйүүсүнөн тайып кеттиби? Жок, бардык азаптарга кайыл болуп эле жүрөт. Айназик үчүн бардык кечирилгис күнөөлөрдү кечирип, Айназик үчүн жашап, Айназик үчүн эле таңын атырып, кечин батырып жүрөт. Анан Тимур... Керексиз болуп калганын түшүнгөндө, ансыз деле өмүр өтө бере турганын түшүнгөндө ызаланган Тимур. Анын көздөрүндө Айсулууга же Байэлге карата сүйүү жок болчу. Жок, жок, кызганыч андан келип чыккан жок. Анын көздөрүндө өзүнө болгон сүйүү жанып турду. Ал керексиз болуп бара жатканын түшүнгөндө чычалап кетти. Кантип мен керексиз болуп калам? Менби? Ушундай жакшы адам болуп туруп, ушундай сулуу болуп туруп кантип керексиз болуп калам деп туйлагандыр анын ички үнү... Көрсө, ушунча жылдардан бери ал өзүн эле сүйүп, өзү үчүн эле жашап жүргөн тура. Ооба, ал өзүнө сүйүү издеп кетти. Өзүнө тынчтык издеп кетти. Болбосо акыр-аягына чейин аны жакшы көрүп жаткан аялынын сезими менен эсептештиби? Аялын го мейли, баласычы? Аны күнөөсүз көздөрү менен карап, эч нерсесине карабай эле жакшы көрүп, жол карап күтүп, Нуржанга кеткенде куса болуп ооруган баласынын сезимине карадыбы? Өзүн ал ушунча сезимдерден бийик койдубу? Баланын сүйүүсүнөн өзүн бийик койдубу? Баланын сүйүүсүн теңсинбей койдубу? Кудай ай, Айсулуу ошону эмнесине сүйүп жүргөн?
Толтура ойлордон кулагы чуулдап чыкты. Эшикти ачып кимдир бирөөнүн киргенин укканда чочуп кетти. Азамат менен Айназик экен.
– Апа?- кыздын үнүндө коркунуч бар болчу. Чачылган үйдү көрүп чочуду окшойт.
– Бул жактамын, кызым,- деди анан ордунан козголбой.
– Эмне болду?
– Эч нерсе, кызым, кам санаба. Курсагың ачкандыр чай коёлу. Атаңды чай ичип кет де.
ххх
Ал эч нерсе деп түшүндүргөн жок. Конок бөлмөдө Айназик, Байэл Азамат менен каткырып, чуу көтөрүп ойноп жатышат. Балдарынын, Азаматтын күлкүсүн угуп туруп ыйлап жиберди. Өзүн токтотоюн деп алаканы менен оозун жапса да болбоду. Ый сыртка жулунуп жатты. Аптыктырып, думуктуруп... Артка кайткыс жылдардагы катачылыктарды оңдоого мүмкүн эмес экендигин сезүү ушунчалык оор болчу. Өкүнүч көкүрөктү өйкөп жатты. Көрсө, бакыт деген ушул эле болмок тура. Конок бөлмөдөгү балдарын сүйгөн атанын наристелери менен ойноп, кошо каткырып жатканын угуу эле жетиштүү болмок тура. Бакыт деген ушул болмок экен да. Саресеп сала билгенде, жалтыракты эмес, баалууну тандай билгенде коңшу бөлмөдө ал бактыга толгон каткырыкты укмак экен. Күн сайын. Жаңылыптыр. Сүйүүнү бакпаптыр, сүйүүнү баалабаптыр. А бирок сүйүү издеп жүрбөдү беле? Кантип көргөн эмес? Кантип?
– Апа, ыйлап жатасыңбы?- терезе тарапка бурулуп алып ийинин сүлкүлдөтүп ыйлап жаткан апасын суроолуу карады кызы. Апасы үндөбөдү. Анан крандан суу агызып, аны аптыга жутуп алып соороно түшкөндөй болду.
– Атаңдарды чакыр, чай ичкиле.
Аз өтпөй баары ашканада отурушту. Өзүнчө отургучка отурган Байэл бир нерсени эстеп кеткендей, отургучтан шыпырылып түштү да, акырын барып Азаматтын тизесине жабышты. “Сен жаны отуйам” деди ал аны тиктеп. Азамат жылмайып аны алдына алды. Маңдайынан өөп койду баланы. Айсулуу аны тиктеп туруптур. "Кечире аласыңбы? Кечире алсаң кечирчи! Мен сага зармын. Ушунча жамандыктардан кийин, ушунча көңүл калуулардан кийин, өкүнүч, каталардан кийин мен сени билдим, түшүндүм... Эми сага зармын. Мени кечирчи! Кечирсең эле суугуңа тоңуп, ысыгыңа күйөт элем, оорусаң жаныңда болуп чекеңди сылайм. Сен жакшы көргөн адамдардын баарын сага кошулуп жакшы көрөм, сени менен бир бүтүн болом. Кечирчи! Кечир да, жумуштан чарчап кел, сүйүү толгон көздөрүм менен аяп карап, моюнуңа асылып ысык чайымды берем. Кечирсең эле күн сайын сенин кандай мыкты адам экениңди өзүңө айтып турат элем, сени сүйөрүмдү айтмакмын. Ооба, ушунча жыл сени барктабай, сени сүйбөй жүргөнүм үчүн күн сайын кечирим сурап, бала сүйө алган аталык сапатыңды сүйөрүмдү, жигитчилик кенендигиңди сүйөрүмдү саймедирейт элем. Сенин кучагыңа жылынмакмын. Кучагыңда туруп алып жүрөгүңдү, өзүм жаралап, өзүм кескилеген жүрөгүңдү дарылайт элем. Күн сайын жылуу алаканымды ошол мен ооруткан жүрөгүңдүн тушуна коюп уктамакмын. Жылытууга аракет кылмакмын. Кечирчи? Же үмүт берчи. Жөн гана суз карап койбочу? Үмүтсүз калтырбачы мени? Бир эле белги бер! Жүрөгүңдү жылытууга бар күчүмдү жумшайм".
Көздөр ушинтип жаткан. Азамат анын баарын окуй алган жок. Бирок мурда көрбөгөн кайсы бир учкунду көрдү. Көзүн ала качты...
(Уландысы кийинки санда)