Асынып каза болгон жигиттин апасы: «УУЛУМДУ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ САБАП, ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРИШТИ»

22-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылында 18 жаштагы Эрмек Касымовдун талга асылган жансыз денеси табылган. Эрмек Касымов буга чейин айылдагы коңшусунун 3 коюн уурдаган деп шектелип жаткан. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө милиция кызматкерлерин күнөөлөөдө. Милиция кызматы айыптоолорду четке кагууда.

«УУЛУМ ТОРПОК ИЗДЕГЕНГЕ КЕТИП, ӨЛҮГҮ КЕЛДИ»

«Баладан айрылган тозок экен» деп оор улутунат эне. 48 жаштагы Индира Жумакунова дагы деле баласынын каза болгонуна ишене албай жүрөт. Ал ошол каргашалуу күндөн бери кан басымы көтөрүлүп, өзүнө келе албай жатканын айтат:

- Ушул жылдын 13-октябрынан 14-октябрына караган түнү кашарда коңшу турган үй-бүлө 3 кой жоготуптур. Сарайларыбыз жакын болгондуктан алар койлору жоголгонун менин уулумдан көрүшүптүр. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, жоголгон койлордун ээси Жыпаркүл 19-октябрь күнү арыз жазган. Бирок милиция кызматкерлери 15-октябрь күнү эле уулумду дагы 2 жигит менен кошо кармап кетишкен эле. РИИБге барганда 2 досун өзүнчө, уулумду өзүнчө кабинетке киргизип алып суракка алышкан экен. Эрмекти ошол күнү эле сабашыптыр. Мунун баарын каза болгондон кийин дос балдарынан угуп жатабыз. Бизге эч нерсе айткан эмес.

Милиция кызматкерлери 15-октябрда эле кармап кеткенин танып жатышат. Видеобайкоолору 1 айдан бери иштебейт экен, РИИБге киришкени да катталбаптыр. Ал күнү жолдошум алардын артынан милицияга барып, ошол жакта күтүп отуруп, уулум экөө түнкү саат бирлерде келишкен. Ошондо эле баламдын өңү башкача болуп, эңкейип белин кармап калганын байкагам. «Урдубу?» деп сурасам, «урган жок» деп жооп берди.

19-октябрь күнү болсо баламдын досунун атасы каза болуп, ошол жакка жардам бергенге кеткен. Кеч киргенде уулумду жолдон эле милиция кызматкерлери унаага салып кетишкенин билдик. Бул ирет да башына баштык кийгизип, суу толтурулган баклажка менен урушуп, чачынан жулушуптур. 20сы күнү жолдошум милиция кызматкерлерине 3 кап картошка алып барып берген, алар сурашкан экен. Миң сом алып кеткен эле, анын 400 сомун түштөнүүгө, 200 сомду дагы бирөө бензинге деп алыптыр. Уулум акыркы жолу РИИБге каза болгон күнү барган. Ошондо үйгө келе жатып атасына «бүгүн мени көбүрөөк кыйнашты, эки жолу өлүп тирилдим» деп айтыптыр. Ушул 3-4 күн аралыгында балам арыктап, өңүнөн азып кетти. Тамакка табити жок, эч нерсе жебей жүргөн. Эксперттер денесин текшергенде тамандары, томуктары, тизелеринде көк алалар көрүнгөн. Жан жерине тепкен окшойт, шишип кетиптир. Башында 3 жеринде гематома бар экен.

22-октябрда РИИБден кезектеги сурактан келип, жоголгон торпокту издегенге кеткен. Милиция кызматкерлеринин бири биздин айылда жашайт. Анын үйү балам өтө турган жакта болчу. Анда да ошол 3 милиция кызматкери кармап алып катуу коркутушкан окшойт.

Ошол күнү кечинде жолдошум талаа жактан өтүп баратып, элдин үйүлүп турганын көрүп, жакын барса, балам чөп таңылган жипте талга асылып туруптур.

«УУЛУМ МАЛ УУРДАП АКЧА ТАБУУГА МУКТАЖ ЭМЕС»

- Мен ал күнү абысынымдыкында жардам берип жүргөм. Бир маалда абысыным жумушту токтото калып эле, алдап-соолап мени үйгө алып барды. Бат эле кошуналарым чогулуп калды. «Уулуң кырсыктап калыптыр. Ооруканага алып кетишти, балким, жакшы болуп калар» дешти. Баары келип бетимден өөп, «кайрат кыл» дегендей кылышты. Мен бакырып-өкүрүп ыйлап, өзүмдү жоготуп жаттым. Врач келип кан басымымды ченеп, дары берди. Ал учурда жолдошум туугандарым менен уулумду соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишкен экен. Эртеси күнү саат 3төрдө сөөктү алып келишти.

Уулумду жоготконума азыр да ишене албай отурам. Баланы жоготкон азап экен (ыйлап). Балам өлбөйт болчу, аны өлүмгө жеткиришти. Бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, ак көңүл, боорукер баламдан айрылдым. Каралдым, "аскерге барып кызмат өтөп, ошол жакта калып чек арачы болуп иштейм" деген кыялы бар эле.

Уулум уурулукка барган эмес. Анын акчага муктаждыгы жок. Элдин малын карап биздин үй-бүлөнү багып жаткан да ушул уулум болчу.

Ооба, 15-октябрь күнү сүйлөшкөн кызына телефон алып берген экен. Бул үчүн мал уурдамак эмес. Ал айына 45 миң сомдой акча тапчу. Үйдө 50 миң сомдон ашык акчасы бар болчу. Бирок уулум өлгөндөн кийин ал акчаны тапкан жокпуз. Аны да милиция кызматкерлерине бергенби деп ойлоп калдык. Эрмектин өлүмүнө милицияны гана күнөөлөйбүз. Кылмышты моюнуна алдырабыз деп сабашкан.

Уурулукту моюнуна алган деп милиция ар кандай маалыматтарды таратып жатат. Анда эмнеге камашкан жок? Уулум жазган деп түшүнүк катты да таратышты. Ал уулумдун колу эмес. Аны да экспертизага бердик. Милиция кызматкерлеринин бири баламдын сүйлөшкөн кызынан «бул уурдалган акчага сатылып алынган телефон» деп балам алып берген телефонун алып коюптур. Ал телефонду бирөөсү колдонуп жүргөнүн жолдошум көрүптүр. Уулум 22-октябрда каза болду. Ал эми мал уурулук боюнча кылмыш ишин 24-октябрда козгоп жатышат. Ата-энелер бизге окшоп балам деп зыркырап ыйлабасын. Баламдын өлүмүнө күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жаза алышын суранып президентке кайрылабыз.

«МЕЙЛИ, УУРДАЛГАН МАЛЫМДЫ БЕРБЕСИН. ТЫНЧТЫК БОЛСУНЧУ»

Бөрү-Баш айылынын 59 жаштагы тургуну Жыпаркүл айым малын жоготуп милицияга арыз жазган. Жыпаркүл айым эмне дейт?

- 13-октябрдын түнүндө белгисиз уурулар мал жаткан сарайдын кыштарын бузуп, 3 семиз токтумду уурдап, кайра кыштарды ордуна коюп кетишиптир. Ары-бери өткөн малга кошулуп кеттиби, табылып калар деп күттүк. Табылбаганынан милицияга арыз жаздык. Арыз жазган бойдон милиция кызматкерлерин көргөн жокмун. Кийин телефон чалып, Эрмекти кармагандарын, малды төлөп берем деп айтканын айтышты.

Ооба, балам Каракол ШИИБинде врач болуп иштейт. Бирок анын бул ишке такыр тиешеси жок. Биз арызды Ак-Суу РИИБине жаздык. Эми малыбызды да сурабайбыз. Элде тынчтык эле болсунчу.

«ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ»

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул окуя тууралуу мындай маалымат таратты:

- 22-октябрда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бир жигит талга асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу аталган дарекке барып, 18 жаштагы жигитти асылган абалда тапкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Каза тапкан Эрмек Касымов 13-октябрь түнү кошунасынын жоголгон малын уурдады деп шектелип жаткан. Өз көрсөтмөсүндө ал малды уурдаганын, аны мал базарга алып барып 12 миң сомго сатканын, ал акчага сүйлөшкөн кызына уюлдук телефон алып бергенин айтып көрсөтмө берген. Бул боюнча 24-октябрь күнү Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда Эрмек Касымовдун атасынын арызы менен Ак-Суу райондук прокуратурасы жана ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы тарабынан текшерүүлөр жүрүп жатат.
 
 
«Мени кечирип койчу. Силердин алдыңарда күнөөлүү болсом да, Кудай алдында тазамын. Телефонду ак эмгек менен тапкан акчага алгам. Мени жөн жерден күнөөлүү кылып жатышат. Мени сенин үй-бүлөңө да уят кылышты». Эрмектин мал уурулукка күнөөлүү эместигине далил деп сүйлөшкөн кызы менен жазышкан билдирүүлөр жарыяланды. Учурда сүйлөшкөн кызынын да абалы начар экенин Эрмектин жакындары билдиришти. Ортодо жаш баланын жаны кыйылганы өкүнүчтүү. Иш боюнча иликтөө, тергөө кандай жүрүп, эмне жыйынтык чыгарынан кабар беребиз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
aisezim2017
2018-11-13 11:39:54
3 койду деп бир жаш чырактай баланын башын жеп олтурасынар, бир адам олгондон кийин ,,сурабаймын тынчтык болсун,, дегенин кеч болду, ата энесин чыркыраттынар, кой деп отура бергиле, милицияларга соз жок, айбандар
+28
Shokoladka94
2018-11-13 16:18:53
Милиция кызматкерлери суудан кургак чыгат да дагы, жегенинер тешип чыксын, ушул жигиттин элеси өмүр бою ХХХ ХХХХ
+14
xnurgul_gul
2018-11-13 17:11:48
Эми мындан кийин милиция кызматкери киши колдуу болуп олуптур десе эч танкалбайм рас кылыптыр дейм эми
+10
ady-88
2018-11-13 18:47:45
Милиция озу адамды
0
only_progress
2018-11-13 20:58:46
Милициялар Кудай озу берсин жазанарды...
Ошол ишти тергеп артынан тушконго караганда силерге бироону тутуп алып уруп мойнуна алдырган оной да!
А асынып алган бала ак экенин далилдей албай айласы кетип акыры колунарга олуп берип тынды...
Жайы жаннаттан болсун. Ата-энесине Аллахым сабыр берсин!
Эч кимибиздин башыбызга мындайды салбасын...
+10
elyadayan
2018-11-14 14:46:31
only_progress,сизге кошулам.биз карапайым эл эле куйуп эле кала беребиз .биз ишенген милициялар ушуну кылышса.
+2
Aiymkunumjyldyzym
2018-11-13 23:04:10
Jatkan jeri jailuu bolsun,kunoolu delgen adamdardyn jazasyn Allahym baary bir beret,Alar dele dele oluwot,olboi duinogo turkuk bolchudai juruwot.Jaman oiloru urup moinuna aldyryp koiobuz,bechara kaiakka aryzanmak ele dedi da.Ozdoru uurdap,balaga kunoonu aldyrabyz dep plandawkan degen janylyk chyksa tan kalbaim
+2
Sultanim
2018-11-13 23:18:14
биздин милициялар тескерисинче ХХХХ ХХХХ!
+3
dobrajelatel
2018-11-14 02:44:31
Эрмектин ата-энеси сураныч кучтуу адвокат жалдагыла канча кетсе кетесин акча бул иштин акырына жеткиле. Керек болсо Эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылгыла.
+6
aibek1995
2018-11-14 04:25:02
Оз пикиримди айта кетейин. Бул жерде ото чон табышмак жатат. Мындай карасан милиция кызматкерлер тараптан так жана айкын фактылар камтылган эмес. Тушунук катта чынында эле баланы мажбурлап жаздыргандай эле болгон. Бул жерде бир адам уурдаган эмес. Бул жерде 2 же андан ашык болушкан. Бирок эмнеге Эрмек? Аны уурдаган деп ким аныктап милиция кызматкерине корсотмо берген? Телефонду сатып алыш ар бир кишинин колунан келет. Бул жерде башка себеп бар. Балкии милициялар оздору болуп журбосун. Кызык. . .
+6
elyadayan
2018-11-14 14:41:09
Жаткан жери жайлуу болсун.кандай болсо да мынчалык баланы кыйнабаш керек эле 3 мал учун.бул жашоодо болбосо да тиги дуйнодон оз жазаларын алышат деп ойлойм.
+2
glaz_almaz
2018-11-15 14:25:32
Милициялардын колунан келген иши ушул да, эптеп бир адамды таап, уруп-согуп мойнуна алдырыш. Арамзалар, чынчыл иштештен да зээригишет. Дипломду атасынын акчасына алышкан, даяр акчага конуп калышкан да. Мындай окуя биздин туугандарда да болгон. Милициялар уруп сабашып моюнуна алдырганга чейин барышкан. Кийин прокуратурага милициялардын устуно арыз жазып менттердин ХХХ тушургон.
+1
glaz_almaz
2018-11-15 14:40:03
Кылгылыкты кылып алышып, ата-эне, кары аксакалдарды, тааныш-билишин ортого салышып, койлорун жетелеп келишип кутулуп кетишкен.
Алланын алдындагы жазадан кутула албайсынар, менттер, ушуну бир билгиле!
+1
Nurmuhammed2016
2018-11-15 20:20:30
Милицияларга эч ишениш калбадыго.
0
munduz2016
2018-11-17 18:01:16
Иттер итчилигин кылат акмактар.
0
alisa0910
2018-11-18 00:27:17
Милицияга кун салбасын кудайым. Булар адам атын алып жургон 2буттуу айбандарда!Сыртынан карасан адамдын жузу ысык болот экен,ойлобойсун ушулар жаман жорук кылышын. Бул айбандар ушундай эле мал уурулукту, бей куноо тагамдын да мойнуна ушундай кыйноо,ур-токмок менен,анысы аз келгенсип,зордуктоо менен мойнуна алдырышкан ИТТЕР. Байкуш тагам намыстанып мал ууру атка кондум деп асынып олуп алган. Уурдаган адам кийин табылды.Бул эшектер коптогон адамдардын башын жештиго.Аллахым жазасын берсин
+1
arno2008
2018-11-18 08:59:16
alisa0910,кечиресиз байкабай минус басылып кетти мен сизге 100% кошулам.
0
arno2008
2018-11-18 08:59:49
alisa0910,кечиресиз байкабай минус басылып кетти мен сизге 100% кошулам.
0
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан