«Түндүктүк келин» тасмасы аркылуу таанылган актриса Рахат Аксултанова эми чыныгы жашоосунда келиндин образын жаратууда. Көлдүн кулунуна турмушка чыгып, 2-ноябрда заманбап тоюн Бишкекте беришти. Актриса менен сүйүүсү, келиндик жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
– Рахат, саламатсыңбы? Куш бооңор бек болсун! Кыздар «үйлөнүү тоюм мындай болсо» деп кыялданат эмеспи, кыялдар орундалдыбы?
– Саламатчылык, рахмат. Төркүнүмдүн, кайын журтумдун, жакшы санаалаштарымдын, кесиптештеримдин курчоосунда жакшы той берип алдык. Туура айтасыз, ар бир кыз ак көйнөк кийип, ак боз атчан ханзаадасы менен ээрчишип кеткиси келет эмеспи. Мен дагы кичине кезимден ошону кыялданчумун. Кыялдар орундалды, баары жакшы. Мени кичинекей кыз дебей, чыгармачылык аркылуу таанышып, жакын мамиледе болуп калган, кыргызымдын аттуу-баштуулары да келишти. Аларды тойдо көргөн сайын толкунданып, ичим жылып, сыймыктанып отурдум.
– Жыл башында берген маегиңде «жигитим жок» деп айттың эле. Сүйүү кокустан келдиби же көп жылдык таанышың сүйүү катын жаздыбы?
– Жигитим учурда жок деп айтсам керек. Негизи нике кайып деген нерсе туура экен. Жыргал менен көп жылдан бери жакын тааныш элем. Ал мени актриса катары да, кыргыздын жөнөкөй кызы катары да жакшы билчү. Сүйүү кокустан келди десем болбой калат. Достугубуз бара-бара чоң сезимге айланып, сиз айткандай, сүйүү каттары жазыла баштады.
– «Түндүктүк келин» тасмасындагы жолдошуң тамашакөй го, жаңы келин болуп барганыңда Жыргал да үйдү айлантып чуркатып тамашага салган жокпу?
– Жыргал кинодогу жолдошумдан бир топ айырмаланып турат. Ага караганда сырдуу, токтоо, олуттуу. Ошондуктан мени тамашалоо оюна да келген жок. Негизи экөөбүз тең Көлдөн болгондуктан, биз билбеген салттар деле орун алган жок. Кадимкидей сөйкө салынды, көшөгө тартылды, калың, сеп берилди дегендей.
– Жолдошуңдун кайсы сапаттарын баалайсың?
– Жолдошумда эркекке тиешелүү сапаттардын баары бар. Эң башкысы, мага жасаган мамилеси, анан заманга ылайык талаптары, көз карашы, ойлорун баалайм.
– Жолдошуң, кайын журтуң тууралуу айта кетсең. Жолдошуңду Көлдөгү чоң пансионаттардын ээси деп уктук эле...
– Кайын журтум элдин алды катары саналган бүлөлөрдөн. Жеке бизнестери бар. Жолдошумдун өзүнүн жактырган иши бар. «Жакшы келин сөз ташыбайт» деп коюшат го, ошондуктан кайын журтум тууралуу ашыкча маалымат бербей эле коёюн. Эң башкысы, жакшы адамдар.
– «Көлгө көчүп жатабыз» дедиң, эми ошол жакта жашайсыңарбы?
– Жолдошум үйдүн кенжеси болгондуктан ата-энебиздин жанында бололу деп Бостериге көчүп бардык. Каалаган максаттарга, алдыга койгон пландарга жетүү үчүн жашаган жер маанилүү эмес. Мен үчүн азыр келиндик кызматымды өтөп, алардын ак батасын алуу биринчи орунда.
– Актриса катары элге таанылбадыңбы. Бул кесипти мындан ары деле аркалай бересиңби?
– Чынын айтсам, актрисалык кесипти мындан ары аркалайм же аркалабайм деп айтпайм. Мунун баарын жолдошум чечет. Үй-бүлөдө ар ким өз каалаганын биринчи орунга коё берсе, ортодогу ынтымак бузулат деген ойдомун. Үй-бүлө башчысы эркек да, ошон үчүн ал эмне деп чечсе ошондой болот. Балким, бир күнү киного тартылууга жакшы роль сунушталса жолдошум макул болоттур. Эгер "жок" десе, ал сөз мен үчүн трагедия эмес.
– Жашоодо чыныгы келиндин образын жаратуу кандай экен?
– «Түндүктүк келин» тасмасына тартылгандан кийин мен көп нерсени түшүндүм. Келин менен кайнененин ортосундагы мамиле терең философия экенин үйрөттү. Кинодо келиндин образы режиссёрдун көз карашы менен ачылат. Ал эми турмушта өзүң режиссёр болууга туура келет.
– Бир мүнөз адамдай көрүнөсүң, сенин да чектен чыккан учуруң болобу?
– Негизинен оор басырыктуумун. Бардык нерсени акыл калчап, жети өлчөп бир кесип, анан ишке ашырам. Бирок, албетте, таарына турган учурда таарынам, эркелей турган учурда эркелейм.
– Ата-энең тууралуу айтып берсең. Эмнегедир сени атасына окшош кыз болсо керек деп турам.
– Мен атама эмес, апама окшошмун. Мүнөзүм дагы, келбетим дагы апама окшош болгонуна сүйүнөм. Ата-энем ажырашып кетишкен. Ошондуктан апам өзү окутту, тарбия берди. Таене, таятам мугалимдер, алардын да тарбиясын көрүп калдым. Оор басырыктуу болгондугумдун себеби да кары кишилердин колунда чоңойгонумдан болсо керек. Мени ушул күнгө, ушул деңгээлге жеткирген апама, таята-таенеме ыраазымын. Таятам мага таята да, ата да, чоң ата да болду. Апам жөнүндө айта берсем сөз көп. Эч кимге кор кылбай, эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Мени өзү күйөөгө узатты, тойду да өзү берди.
– Кесибиң журналист эмеспи, бул тармакта качан эмгек жолуңду баштайсың?
– Журналистика – мен жактырган кесип. Ыраматылык таенем «келечекте диктор болсоң» деп кыялданчу. Анын сөзү да мага таасир берсе керек. Мектептен келе калып эле таята, таенемди маңдайыма отургузуп алып китептерди көркөм окуп берчүмүн. Алар ыраазы болуп, ошол талантымдын өсүшүнө, журналисттик кесипти тандашыма шык берип мактап калышчу. Кийин бой жеткенде журналист болгум келип, чындыкты таамай айтып, калп менен чындык кагылышкан жерде чындык үчүн чырылдап жиберчүмүн. Ошентип бул кесипти өз каалоом менен тандагам. Кийинчерээк эле кино жагына өтүп кеттим. Бирок алдыда кесибим менен иштесем керек деп ойлойм.
– Бала кезде, баёо кезде кандай элең? Турмуш, жашоо кийин сени кандай кылып өзгөрттү?
– Балалыгым көл жээгинде өттү. Балыкчы шаарында төрөлгөм. Жашыбызда көп нерсени элес албай, баламын деп жүрө берет экенбиз. Кийин жашоо-турмуш Балыкчынын шамалындай тигил жээктен бул жээкке алып барат экен. Мен кичинемден темирдей тартип менен өстүм. Ошол тартип кайсы жээкте болбоюн жемишин берди.
– Рахмат маегиңе, бактылуу бол.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg