Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БИР КАНАТЫМ – КЫЗЫМ, ЭКИНЧИСИ – ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ»

1990-жылдары тегерек шляпа кийип, кол чатыр менен тыпылдап бийлеп чыккан ырчыны эстедиңизби? Учурда ал жетекчи, элине кадыры сиңген ырчы жана эне. Бул бийиктиктерге жетүү оңой болдубу? Эмесе, бул тууралуу Асел Турдалиева өзү айтып бермекчи.

– Асел айым, сахнада жүргөнүңүзгө 25 жыл болуп, концерт бергени жатыптырсыз...

– Концерттин өзгөчөлүгү – мен 25 жыл бою ырдаган, хит болгон ырларымды жаңы жаздырып ырдап чыгам. Андан тышкары театралдаштырылган мини мюзикл сыяктуу даярдап жатабыз. Музыка жагын Мурзали Жээнбаев өзү жетектеп жатат. Билесиң да, бул жигит Көчмөндөр оюндарында уюштуруу иштеринде өзүн көрсөтө алды. Андан тышкары уюштуруу жагын Назгүл Насиева карап жатат. Режиссёру Назым Мендебаиров. 2 айдан бери даярдык көрүп жатам, буюрса, күйөрмандарым өздөрү күбө болуп кетишет.

– 25 жыл артка көз чаптырсаңыз. Кандай жагдай же кандай адам Асел деген жылдыздын жаралышына себеп болду?

– Кичинемден ырдап жүрдүм. Нарындын кичинекей жылдызы болчумун. Анан 8-классымдан Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына келдим. Анан Ташкент шаарындагы театралдык институтту бүтүрүп келип, театрда иштеп жүрдүм. Ошол жылдары “Мыскыл жана тамаша” популярдуу болуп кеткен. Театрдагылар ырдап чык дешти. Биринчи жолу “Жаз жамгырын” ырдап чыктым. Эсиңердеби, тахти-тахти-тах-тах (обон созуп)? Ошонун эртеси эле дүң деп чыгып кеттим. Кийин Бек Борбиев менен тааныштым, жакшы ырларды жазып берди. Ырдап чыгып кеткенден кийин театрга да баргым келбей калды. Бек Борбиев, Кубик Калыков болуп гастролго чыгып жатышкан экен, кошулуп кеттим. Аябай бактылуу болдум. Акырындап өзүмдүн стилимди ойлонуп баштадым. Тегерек шляпа, кол чатыр, каре чач жасалгасы, бардыгын жакшы ойлонуп чыктым. Ал кезде заман башка да, кийимди деле кыйналып тапчубуз. Азыр ырчылар стилист, тиги-бу деп калышты. Бир жылтырак кофтам бар болчу, алдыма шым кийип, кол чатырымды кармап алып чыгып кетчүмүн.

– Билишимче, чоң энеңиз баккан экен, өз ата-энеңизге келген процесс оор болгон жокпу?

– Алты айымдан баштап чоң энем баккан. 8-класста ата-энемдин колуна келдим. Кыйын болду. Мага эмес, чоң энеме кыйын болду. Бир аз таарынышып кеткенбиз. Анткени ал менин активист болуп ырдап жүргөнүмдү жактырчу эмес. "Врач болосуң" дечү. Өзүмдү Нарында жылдыз сезип турган учурда чоң энем элдин көзүнчө урушуп койду. Өткөөл курак да эми. Ошого таарынып ата-энемдикине кетем деп кетип калгам. Чоң энеме аябай катуу эле сокку болду окшойт. Кийин кечирим сурап бардым, бирок өз ата-энемдикинде деле бир жылдай эле жашадым. Ырчы болом деп борборго кетип калдым.

– Окууну бүтүп келдиңиз, жылдыз болдуңуз, анан эле сүйүүгө жолугуп калдыңыз.

– Жолдошум Сабырбекке ырдап жүрүп жолугуп калдым. Тыпылдап уюштуруучулук жагына мен чуркачумун. Өзгөчө болсун, бийчилер менен чыгалы деп ойлодум. Спорт сарайында бир концертте кыздар бийлеп жатышыптыр, сураштырсам жетекчиси Сабырбек экен. Ошентип таанышып, сүйүшүп баш кошконбуз. 5 жыл жашадык.

– Кичине кезимде гастролго келип, “Эх, байке” деп ырдаганыңызда байкелердин баары жанын бергенге даяр болуп сахнага чуркашканы эсимде. Мындай нерселер күйөөңүздү кызгандырса керек?

– Кызганыч деле себеп болду. Кийин ырларыма, кийген кийимиме кийлигишип баштады. Анда деле, менде деле күнөө жок, болгону экөөбүз тең лидер болчубуз. Анын ою боюнча мен бурчта отуруп, анын сөзүн угушум керек эле. Мен негизи “үй-бүлө баарынан улук” деп тарбияланган үй-бүлөдөнмүн. 1 жылдан кийин эле жаңылып калганымды билдим. Калган төрт жыл очогумду сактап калганга аракет кылдым. Бирок болбоду. Төрөп алайын, балабыз болсо баары жакшы болот дедим. Ортодо эки эркек балам боюмдан түшүп калды. Анан ден соолугумду жакшынакай кылып туруп кызымды төрөп алдым. Бала деле сактап кала албайт экен. Апамдан кеңеш сурасам “кызым, мен сени бир нерсе болуп каласыңбы деп корком. Мен сенин ордуңда болсом чыдабайт болчумун. Бирок жашоо сеники, өзүң чеч” деди. Ажырашуу мага, Сабырга, кызыма оор болду. Жарым жылдан кийин өзүмө келдим. Мүнөзүм атамды тарткан. Эрктүү аялмын десем болот. Жаңы дем менен чыгармачылыкка киришип кеттим. Гастролго кеткенде кызым апамдын колунда калчу. “Ушинтип гастролдоп жүрсөм кызыма кандай тарбия берем?” деп ойлоп, тобумду Бекке кошуп берип, гастролду таптакыр токтотуп салдым. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна ишке кирдим.

– Азыр мурунку күйөөңүз менен кандай мамиледесиз?

– Табиятынан ал жакшы адам. Азыр анын үй-бүлөсү бар. Бир тууганымдай эле мамиле жасайм.

– Чоң сүйүүнү башыңыздан өткөрдүңүз беле?

– Ооба. Көп учурда сүйүүлөрүм менен чыгармачылыгымдын ортосунда калып, экөөнүн бирин курмандыкка чалышым керек болуп калчу. Тиги же бул... Дайыма чыгармачылыгымдын пайдасына чечилчү. Эгерде андай курмандык кылбасам Асел азыр жок болмок. Сүйгөн адамым “окусаң окуй бер, бирок менин ашканамдан башка жерде ырдамак белең?” деген сөзүн укканда нес болдум. Өзүмдү бирөөнүн ашканасында казанды калдыратып коюп ырдап жатканымды элестеттим. “Жок, бул үчүн мен 8 жыл окуган жокмун” деп алыстай баштадым. Азыр сүйгүм келбейт, анткени сүйүү мага жолтоо кылат экен. Эркек үчүн ыйлап кан тамырымды кесип же башка бир жиндилик кылып көргөн эмесмин. Мен бул сезимден күчтүүмүн, эркектер мени сүйүшсүн, а мен дагы ойлоном деп коём (күлүп).

– Гүлнара Кахарова экөөңүздөр курбу экениңиздерди билебиз. Сырыңыздын баарын ага айтасызбы?

– Бул аялга мен суктанып бүтпөйм. Мен үчүн бардыгы бир тең, Гүлнара бир тең. Анткени биздин чөйрөбүздө сатпай, ичи тардык кылбай достук кылуу сейрек кездешет. Менин ийгилигиме ал чындап кубанат, мен аныкына. Туура эмес иш болуп калса менден өтүп кайгырат. Бул нерсе жылдар менен сыналат экен, бекемделет экен. Мен бардык нерсени кечирем, жакын адамым мени сатпаса, мага жалган айтпаса. Калганын түшүнөм. Гүлнара мени саткан жок.

– Кызыңызга эркиндик бересизби?

– Кызым Бегимай башкача кыз. Мен чарт жарылып эмоциям ар тарапка чачырап кетет. Ал болсо токтоо. Бир жолу “апа, мен сиздин кызыңызмын, туура, бирок эмнеге сиздики гана туура болушу керек? Макул, апа болгонуңуз үчүн сиз айткандай болсун, бирок бир жолу менин пикиримди да угуп көрүңүз да. Балким, мен бул нерсени таптакыр каалабай жаткандырмын. Анткени мен башка адаммын, каалоом башка” деди. Ушунчалык жеткире айткан экен, ошол боюнча мен анын эркиндигин чектебей калдым. Азыр бардык маселени акылдашып чечебиз.

– Бакыйган музыкалык окуу жайынын деканысыз, бир канча таланттуу инсандарды тарбиялап чыксаңыз керек...

– Менин турмушумда эки канатым бар, бир канатым – кызым, экинчиси – чыгармачылыгым.Мен буларсыз жашай албайм.Андан тышкары мен тарбиялап өстүргөн бир топ таланттуу улан-кыздар бар. Жийдеш Идирисова менин колумдан чыкты, Айгерим Расул кызы бизден окуду, Ильяз Андаш, Съездбек Искеналиев, Нэна, Неля, айтор, бир канча таланттуу жаштарды окутуп чыгардым. Аларга кеп-кеңешимди айттым. Азыр мен алар менен аябай сыймыктанам. Биринен бири өтүп "Асел эже" деп сыйлап турушат. Мен бул жашоодо инсан катары өтө бактылуумун. Анткени эмне кааласам ошол нерсеге жеттим.

– Анда концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз.

"Чоң энеме таарынып өз ата-энеме кетип калгам".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Dembele84
2018-11-13 10:37:42
90-жылдардын жылдыздары болушчу Асель,Динара,Айчурок,Алина,Гульнаралар
+8
Luna15
2018-11-13 11:20:18
Мен даАсель эжедей дос куткум келет,а р тараптан колдоп турган
+6
orxidey
2018-11-13 22:20:48
Досту бир жылда или бир кундо билбейсин жылдар аралыгында билинет.
+3
vikidiki
2018-11-14 23:53:04
Чындыгында кыйын аялзаты экен! Суктанып келем ар дайым!
+3
ksb
2018-11-15 22:15:36
Дагы деле тыпыйып жапжаш бойдон,50гө таяп же чыгып да калдыбы,ким айтат 50дө деп? Тыпылдап ден соолукта чуркап ойноп күлүп жүрө бериңиз,кызыңыздын сый урматын көрүңүз.
+2
Tiken
2018-11-16 14:48:14
Коз тийбесин жапжаш корунот. Анан сиздин досунуздай адал достор дагы бар бекен ээ... Мин адамдан андай чыныгы дос чыкса чыгат болбосо жок. Туулган кун деген ырынызды угуш учун кара тустуу "рекорд"tvни кечке андып отурат элем арноо концерттен кутуууп. Бар болунуз Асел айым...
+2
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан