ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Жеңиштүү жылмайды Элина. Бул жолу жеңиш аныкы эле. Биринчи кадам аныкы болчу. Каранар, карманары жок бир жаш келин Сыялы Тумановдун өзүнө согуш ачты. Амандын акыркы учурдагы медициналык картасын Казакстандан алып келе турган болушту.



ххх

Сыялы үйүндө башын мыкчый отурду. Бул иш жайылып кете элегинде, өзүнүн аты казыла элегинде алдын алуусу керек. Башын мыкчып отурганда кызы келди.

– Ата...

– Сен! Сен бул абалга кептедиң мени. Мына, Амандын аялы...

– Амандын аялы дебе дегем мен сага!

– Акмак кыз!- атасынын оозунан сөзү түшүп отуруп калды. Бул кыз атасынын ардактуу аты эмес, эбак өлгөн күйөөсүн кызгануу менен алек. Деги бул кайдан чыкты, кимге окшоп калды?

– Анан да "сенин айыңдан" дей бергениңди токтотчу, ата. Экөөбүз тең билебиз, менин гана кызыкчылыгым үчүн Аманга жабышпаганыңды. Аман сен тууралуу баарын билчү, экөөңөр көп иштерди кылгансыңар. Сен өз кызыкчылыгың үчүн бул ишке бардың. Сага мен үчүн кылдым деген жеңил болсо, өз абийириңди ушинтип коргоп жатсаң, өз ишиң. Бирок мен кызың үчүн гана кылбаганыңды билем.

– Дагы эмнени билесиң сен?

– Аманды коркутуп өз максатың үчүн далай пайдаланганыңды...

– Чыгып кет!

Кыз эшикти шарт жаап чыгып кетти. Тегеренип кетти атасы.



ххх

– Мен Алматыга чалдым. Бауржан чет өлкөдө экен. Бирок Аман иштеген алтын кени ден соолугу тууралуу маалыматты расмий түрдө эң жакын адамына гана бере алат экен. Энеси же мыйзамдуу аялы, атасы же бир тууганы...- деди Жаныбек.

– Биздин колубузда бир гана энеси бар.

– Көнөр бекен?

– Билбейм, ортобуз жакшы деле эмес. Аман өз энеси тууралуу сүйлөчү эмес, ал каза болгондон кийин көрдүм. Бара алабы билбейм. Бауржан келсе тааныштары аркылуу алып берет беле?

– Күткөнгө убактыбыз жок да.

Элина ойлонуп калды. Демек, өзү барышы керек. Балдары. Акылына Зирек келди. Тааныштыгына аз убакыт болгону менен, анын кандай аял экенин билип калды. Балдарынын кабагы менен тең айланып, дилинен берилип жакшы көрөт. Ал Элинанын балдарына кандай сүйүү менен карап жатканын бир көрүү керек. Эзилип тиктейт тим эле. Балдарга жасап берген тамагы да бир керемет. Өтмүшүн гана сурай албайт. Көрүп турат, жүрөгүн эзген нерсеси бар. Сурагысы келбейт. Бир жолу чечинип жатканында жонундагы тырыктарды көрүп калды.

– Ким кылды муну?- деди жаны ачый.

– Бир учур...- деп баратып токтоп калды Зирек.

– Күйөөңүз?

Үн катпады ал. Куду өзү таяк жегендей ошол күнү кечке жаны ачып жүрдү. Бүгүн аны менен жакшылап сүйлөшүп, балдарын табыштап, Алматыга кете турган болду. Ал үчүн биринчи Амандын апасын көндүрүшү керек эле. Эки жылдан бери анын кабарын да билбейт болчу. Жашаган үйүнө барды. Ал жакты сатып, эбак көчүп кетишкен экен. Ошол күнү түнү менен калып болсо да ишин бүтүрө турган болуп калып калган эле. Көпкө отуруп ийиндери уюп калган экен, керилип чоюлуп алды. Балдарын сурамак үчүн телефон чалайын дегенде сырттан апыр-тапыр үндөр угула берди. Милиция кызматкерлери кирип келишти. Иште цехти иштеткен аялдын сиңдиси бар эле.

– Эмне болуп кетти?- деп ал кирип келди.

– Атайын билдирүү түштү. Бул жерде гашиш сакталып, түндөп сатылып жаткан экен.

– Эмне-е?

Элинанын көздөрү бакырайып кетти. Цехтин ичин тинтип киришти. Коркунучтуу тиктеген бири Элинанын сумкасын бетине такады.

– Бул сеникиби?

– М-мменики...

– Ичинде эмне бар?

Элина эмне дээрин билбей калды. Түштөнүү үчүн тамак сала келген желим идиштен башка эч нерсе деле жок эле. Тиги киши сумкасын шашпай аңтарып ичинен целлофанга катуу чырмалыша оролгон жашыл бир нерсени алып чыкты.

– Мына, бул сеникиби?

– Жок.

– Алгыла, кеттик, суракта жооп берет.

Элина кыйкырайын деди. Бирок үнү чыкпай калган экен.


ххх

Аргасыздык эмне? Ачка калуубу? Же айыкпас ооруга кабылуубу? Же эне менен баланын айрылуусубу? Же күнөөсүз жерден түрмөгө камалуубу? Мунун баары айласыздык болчу. Элинанын мээси токтоп калды. Зирек Элинага улам телефон чалып жатты эле, бир убакта өчүп калды. Жүрөгү болк этти. Цехте иштеп калган кызга чалды.

– Элинага чалсам өчүк болуп жатат, кызым, жаныңда болсо...

– Зирек эже, Элина...

– Эмне болду?

– Милиция алып кетти. Сумкасынан 1 килограмм гашиш табылды дешти. Мен эч нерсени билбейм.

Телефонду тез коё салды. Колдору калтыраган Зирек эмне кыларын билбей калды. Бир нерсени талашып, күлүп ойноп жаткан неберелерин карады. Жаныбекке чалды.

– Зирек эже, мен баарын уктум. Элинага бара жатам. Бир аздан кийин чалам.

Зирек эмне кыларын билбей калды. Казан-аякты каңгыратып бир нерселерди кыла берди. Күбүрөнүп ичинен ыйлап жатты. Этегинен тарткан Алияны көргөндө гана өзүнө келди.

– Курсагым ачты, тамак быштыбы?

– Аа, азыр. Мына, азыр берем...

Карбаластап балдардын курсагын тойгузуп, уктатып коюп деле тар бөлмөнүн ичинде аркы-терки басып жатты. Оюна бир нерсе келе калгандай Алимге чалды.

– Алло?

– Алим, таң атары менен борборго келесиңби?

– Эмне болду?

– Элинаны гашиш менен кармалды деп...

Ыйлап жиберди.


ххх

Он мүнөткө көзү илинип кеткен экен, Элинанын түшүнө Аман кирди. Маңдайынан сылап жаткан экен, өлбөгөндөй, куду тирүүдөй, жыты да өзгөрбөгөндөй.

– Кыйналдыңбы, мен барам. Жакында барам, жаным.

– Аман, кетпе...

Күбүрөп жатып ойгонуп кетти. Таң шооласы араң жарык болуп келе жаткан экен. Балдарын бакчага жеткирүү керек. Анан өзү жумушка баруусу керек. Бир канча убактан кийин гана башынан эмне окуя өткөнүн эстей койду. Жүрөгү тилинип чыкты. Эмчеги алмак-салмак зыркырап кетти.



ххх

Сыялынын түшүнө да Аман кирди. Кара терге чыланып жатып ойгонуп кетти. Туруп баратып аялынын сүрөтү көзүнө чалынды. “Мен мындай эмес элем. Мен качан жаш бала менен аялзатына залал келтиргидей алсыз элем? Бирок башка чарам барбы? Токто дедим мен ал кызга. Токтогон жок. Амандын өлүмү боюнча арыз жазды. Эки баласы Амандын балдары экенин далилдейм деп эки жыл алышты. Мындан башка чарам жок эле”. Сүрөт болсо актанганын кабыл албагандай мелтирейт. Таң атпай кимдир бирөө телефон чалды. “Баары жайында” деди. Ушунчалык көп былык иштерди кылса да, ушул жолкудай өкүнүч сезбеген эле. “Жашоо ушу” деп койду өзүнө-өзү. Балдарына ичи жылыбады. Үчөө тең чеке жылыта тургандай болбой калды. Эптеп кекиртегине жылуу суу өткөнүнө кубанган, азга алымсынып жай турмушу менен жашаган улуусуна, ай сайын акча сураган кичүү баласына, тирүү өлүк болгон кызына жаны кейиди. Өзөгүн өрттөгөн эң негизги арманы ушу экенине азыр мээси жетти.



(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Shokoladka94
2018-11-13 10:31:06
Амандын келем дегени кызык го
+1
aizirek...
2018-11-13 10:55:51
Значит живой
+1
glaz_almaz
2018-11-13 11:02:12
Олбосо керек да.
+1
gulka_875558
2018-11-13 11:17:50
Че та аман тируу окшойт. Жүрөгү токтоду деп калп эле тумановдордон кутулуш учкр кылган болуш керек. Если элина турмого түшө турган болсо.ошондо накта келетгоо.
+2
nurhan2702
2018-11-13 11:19:27
Аман олбой бир жактан келип калса экен
+1
Shaa-82
2018-11-13 11:58:23
Аман тируу эле болсокен.
0
originalkgz96
2018-11-13 22:50:47
Элина байкушту кыйноого салаткенго
0
Dina.janym
2018-11-14 11:32:36
Аман тируу эле болсунчуу, уй булоосу учун баарынан да Элина учун...
Элина чыда, чыдап кой..кыйын кундорун отуп кетет..алдыда соонун кундор кутуп турат сени...!!!
0
_PeriWa_
2018-11-15 00:43:25
Акыры индия болуп бутот окшойт?!)))Аман тируу экен демек.Кинонун аягын бутуруп коёюн)))Аман сот болуп жатканда кирип келет да Тумановтордон очуп алат то есть кызы каза болот)))Анан Аман санаасы тынчып уй-булосу менен жашап калат.Аялы апасы экенин билет)))
+1
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан