Ырчы Байыш Момунов 5-ноябрда кыздуу болду. Ырчы жубайы экөө буга чейин 1 уул, 3 кызды тарбиялап келишкен. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда: “Кубанычымда чек жок, сүйүнүп отурам. Кызым 3 килограмм 300 грамм салмакта, борбордогу төрөтканалардын биринде жарыкка келди. Кызымдын да, жубайымдын да ден соолугу жакшы. 7-ноябрда бала-чакам менен чогуу барып, төрөтканадан үйгө чыгарып келдим. “Алты баласы бар экен го, эмне Кларадан (ред.: Алибекова) төрөлгөн баласы Байэлди кошпойбу?” деп айрымдар айтып жатышат. Байэл баламды кошом, албетте, азыр ал дагы сүйүнүп жатат. Байэлди ини-карындаштары менен катташтырып эле жатам. Ошондо менин 2 уул, 4 кызым бар",- дейт.