РУСЛАН АБЫЛОВГО ТҮП РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ НААРАЗЫ

Ырчы Руслан Абыловдун Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сан-Таш айылында белгиленген концерти болбой калган. Концертке келген эл суукта ырчыны күтүп отуруп, келбей койгонуна нааразы болуп тарашканын окурман билдирди. Концерт эмне үчүн болбой калганын Руслан төмөндөгүчө түшүндүрүп берди: "Ооба, 5-ноябрга Сан-Таш айылына концерт уюшулган. Музыкалык аппаратурамды дос баламдын машинасына жүктөп койгом. Бишкектен чыгалы десек машина бузулуп, белгиленген убакытка жетишпей калдык. Бирок клубдун башчысына телефон чалып кечирим сурап, шартымды түшүндүрдүм. Буюрса, башка күнү барып, концерт коюп кетем”.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
shumkar929292
2018-11-13 14:06:48
Азыр эмне көп машина көпкө шылтоосу да окшошпой калыптыр
+5
Anzhela
2018-11-14 08:17:08
Эми койбой эле кой убаара болуп, эчким келбейт концертине .
0
Kroxa
2018-11-15 05:55:09
Кой айланайын экинчи Тупко киргизбейт го сени..
+1
Kroxa
2018-11-15 05:55:44
Телеохрарителдерди бышыктап эле барбасан..
+1
AsmanNuru
2018-12-02 19:42:00
Жаман көрбөгүлөго, бирок мен бул ырчыны тааныбайт экенмин... Айтоор шылтоосу окшобой калыптыр,акчасын төлөп берсе такси көпго, элди суукта күттүрбөй сөзүндө туруп барып келсе болмок экен...
0
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан