Жаңыл Берикбаева, Чүй облусунун тургуну: «ӨМҮР БОЮ БАШКАЛАРДЫН МАЛЫН БАГЫП, ЖУМУШУН ЖАСАП ЭЛЕ ЖАШАП КЕЛЕ ЖАТАБЫЗ»

Жаңыл айым менен жолукканыбыз да кызык. Ал мага “төрөткананын 3-бөлүмүндө жатам, жанында өлүккана бар экен” деп так дарегин айта албай койду. Болду-болбоду өлүкканага жакын жайгашкан 4-төрөтканада деп ойлоп бардым. Баргандан кийин төрөткананы 4-5 жолу айланып, болгон бөлүмдөрдөн издеп каарманымды таппай койдум. Акыры палатасында чогуу жаткан эже телефонду алып, 3-балдар ооруканасында экенин айтты. Көрсө, Жаңыл айымдын жаңы төрөлгөн ымыркайы ооруп, 3-балдар ооруканасына которулган экен. Берген суроолорума кыска-кыска жооп узаткан каарманымдын өмүр баянын угуп отуруп, ал чынында бардык тараптан (балдарына кийим-кече, азык-түлүк жана башка) жардамга муктаж экенине ынандым.

“АТАМДЫН КАНДАЙ АДАМ ЭКЕНИ ЭСИМДЕ ЖОК”

– Мен эс тартканы эле Чүй өрөөнүндө күн кечирип келебиз, андыктан чүйлүкмүн. Өзүм 1985-жылы жарык дүйнөгө келген экем, атам мен 3 жашка чыкканда каза болуп калыптыр. Атамдын кандай адам экени эсимде жок. Чоң ата, чоң энем же атамдын башка бир туугандары тууралуу да кабарым жок. Ошондой эле тай тарабыбыз менен да катташпайбыз, апам алар менен урушуп кеткен окшойт. Менин болгон туугандарым: апам жана эжем. Апам эжем экөөбүздү жалгыз багып чоңойтту. Азыр да менин кыздарымды карап жатат. Учурда баарыбыз Беловодск айылында турабыз. Эжем турмушка чыгып, 5 кыздуу болгон. Ал айылдын четиндеги сарайларда уй саап иштейт.

“ЖОЛДОШУМ 3-КЫЗЫБЫЗДЫ КӨРБӨЙ, КАЗА БОЛУП КАЛДЫ”

– Мектепте 9-класска чейин эле окугам, тагыраагы, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында жайгашкан жатак мектебинде окудум. 9-классты бүткөндөн кийин айылга апамдын жанына келип, жардамдашып жүрүп окуумду уланта алган жокмун.

Жолдошум Данияр менен да мал багып жүргөндө таанышкам. Ал дагы биздей болуп бирөөлөрдүн малын карачу. Экөөбүз баш кошкондо мен 20, жолдошум 24 жашта болчу. Анын да үйү жок эле, экөөбүз көчүп-конуп кимдин малын баксак ошонун үйүндө жашап жүрдүк. Кайнатам менен кайненем автокырсыкка кабылып каза болуп калышкан, ал эми кайнежемдер менен катташчу эмеспиз, алардын каякта жүргөнүн деле билбейт экем. Данияр экөөбүз 3 кыздуу болдук. Үчүнчүсү мына жакында эле жарыкка келди, бирок атасы кызын көрбөй калды. Жолдошумдун ичи шишип кеткенинен ооруканага алып келсек, врачтар боору шишип кеткенин айтып, “операция жасаш керек” дешти. Операцияга кирген, ошол бойдон ойгонбой калды. Жолдошум каза болгондо менин курсагымдагы балага 4 ай болчу.

“АПАМ БАК КАЙТАРГАН КҮЗӨТЧҮ БОЛУП ИШТЕЙТ”

– Ошентип Данияр каза болгондон кийин кыздарымды алып апама бардым. Улуу кызым 2-класста окуйт, ортончусу 5 жашта. Апам деле карып калды, 67 жашта. Азыр Беловодск айылындагы бирөөнүн алма багын кайтарып күзөтчү болуп иштейт. Бактын четинде 2 бөлмөлүү сарай бар, ошону беришкен жашаганга. Айлыктан сырткары отун-суу менен камсыз кылып турушат бактын ээлери.

Бул айылга келгичекти Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылында жашап жүргөнбүз. Негизи өмүр бою эле бирөөлөрдүн малын багып, эмне жумуш чыкса жасап күн кечирип келе жатабыз.

“АР КИМ КОЛУНАН КЕЛГЕН ЖАРДАМЫН БЕРИП ЖАТАТ”

– Төрөгөнгө ай-күнүм жетип калганда бутум шишип кетти, врачтар текшерип кан басымым жогору экенин айтып, “өзүң төрөй албайсың, операция жолу менен төрөтөбүз” дешти. Ошентип кесарево жолу менен төрөдүм. Кызымдын ичине кечке эле жел толо бергенинен текшерип, анан ичегилерин дарылаш керек деп төрөтканадан балдар ооруканасына которушту, азыр ушул жактабыз. Өзүм калыбыма келүүм үчүн деле бир топ убакыт керек окшойт. Эми мага каралашар эжем менен эле апам да.

Төрөтканада чогуу бир палатада жаткан эжелер абалымды түшүнүп, ар кимиси колунан келген жардамын берип жатышат. Кыздарыма, өзүмө чактап кийим-кече беришти. Элден эмне жардам керек дейсизби, эмне экенин деле ачык айта албайм, анткени эч нерсебиз жок да. Көңүлдөрүнөн чыккан жардамын беришсе болот.

 

Мына ушундай, окурман. Бүгүнкү каарманым жоош, эч кимге, эч нерсеге нааразычылыгы жок, мага бирөө муну жасап бериши керек деген ою да жок же мен муну жасасам кандай болот деген аракети да жок, колунан келген жумушун жасап күн кечирген кыргыздын карапайым кызы болду. "Заманың бөрү болсо, бөрү бол" деген накыл кеп өкүмчүлүк кылып турган маалда Жаңыл Берикбаеваны келечекте дагы көптөгөн сыноолор, кыздарын татыктуу тарбиялап-чоңойтуу деген чоң милдет күтүп турат. Ал эми дал ушул учурда ал кандай болбосун жардамга муктаж.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
meku89
2018-11-13 09:48:20
Телефон номерин жазып коюнуздарчы сураныч.
+12
Sawa90
2018-11-13 21:48:51
Кантип кабарлашсак болот номерин берсеңиздер жакшы болмок
+2
Sawa90
2018-11-13 21:49:25
Номерин жазып бергилечи
+3
Асылжан
2018-11-14 08:49:42
Жаңыл Берикбаеванын номери: 0708 033198
+3
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан