ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 12-НОЯБРДАН 18-НОЯБРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Башка жактык адамдар, текшерүү органдары, кайын журт менен алака кылууда абайлаңыз, түшүнбөстүктөр чыгышы мүмкүн. Жашыруун нерселер ачыкка чыгат. Жеке иштериңиз ийгиликтүү бүтсүн десеңиз бир сырдуу жана активдүү болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эл менен иштешүүдө таарынычтар келип чыгат. Акчага бекем болуңуз. Болбосо чыгымга туш келип, акча муктаждыгы жаралат. Уурулардан сак болуңуз. Зарыл учурда колдоону жетекчилик, жакын досуңуз көрсөтөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Адамдар менен алака бузулат. Кызматта иштеген адамдардын сизге мамилеси бирде жакшы, бирде салкын болуп өзгөрүп турат. Жубайыңыз же жолдошуңуз да өз өнөрүн көрсөтүшү мүмкүн. Тааныштар колдоо көрсөтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушта түшүнүксүз нерселер орун алат. Текшерүү жүрүшү мүмкүн же аргасыз иштөөгө туш келесиз. Көйгөйлөр жаралат. Акчанын келиши күтүлүүдө. Акча көп болушун кааласаңыз сиз урматтаган адамдар менен көп байланышыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Эс алуу, романтика, балдар жаатында айрым көйгөйлөр жаралат. Айтышуулар, таарынуулар болот. Чыгым тартасыз. Жардам керек болсо жан шеригиңизге кайрылыңыз. Акча тиет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке, чарба иштерди бүтүрүүдө тоскоолдуктар чыгат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестиктер жаралат. Андыктан токтоо болуңуз. Айрымдар менен мамилеңиз бузулса капаланбаңыз. Башкалар менен тил табышуу жакшы болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сактык керек. Кооптуу мезгил. Жумушта иш кагаздарга так болуңуз. Сиз менен кошуна же тууган, же жакын досуңуздун ортосунда айтышуу, таарыныч келип чыгат. Туура эмес маалымат угасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүү, эс алуу, балдарга байланыштуу маселе жаралат. Керектүүлөргө акча жумшайсыз. Үй чарба иштериңиз жакшы бүтөт. Азгырмалуу сезимдер жаралат. Өзүңүздү көзөмөлгө алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үй тиричилик маселелерин чечүүдө көйгөйлөр пайда болот. Жакындарыңыздын маселеси да ойго салат. Негизги жумуштарды бүтүрүү үчүн бир туугандардын жардамына таяныңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жабык типтеги мекемелердин бирине барууга туура келет. Жол жүрүүдө сактык керек. Жашыруун душмандар активдешет, жагымсыз кабар угасыз. Кошуна, бир туугандар менен чырлашып калбоого аракет кылыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Өнөктөштөр, айрым ишкана кызматкерлери менен иш алып барууда пикир келишпестик келип чыгат. Акчага байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Үмүттөр акталбайт. Акча табуу боюнча активдүүлүк күчөп, тынымсыз ойлоносуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетекчиликтен, кызматта иштеген адамдардан бул аптада оолак боло туруңуз. Болбосо көйгөйдү күтө бериңиз. Максатыңыздын орундалышы кечеңдейт. Ишенимдүү аракеттерди жасаңыз. Натыйжасы кубантат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан