(Башталышы өткөн санда)
Октябрдын муздак шамалы Москванын түнкү көчөлөрүндө жалбырак сапырып жатты. Бир караганда коркунучтуу сезилген чечкиндүүлүк менен Азамат бет алдын тик карап алып Москва дайрасынын ал өйүзү менен бул өйүзүн бириктирчү көпүрөнү көздөй кадам таштап баратат. “Бүттү!” деп жатты ал өзүнө-өзү. Ал мына бүгүн туңгуюкта калганын сезди. Ооба, анда ишеним түгөнүп бүттү окшойт. А балким, ал мурда эле түгөнгөндүр. Жөн эле үмүт жетелеп жүргөн чыгар. Азыр болсо үмүткө да ишеним өчкөндөй. Кадам сайын кадам. Көпүрөгө жакындап баратат. Жалгыз ушул жол калды. Көпүрөдөн муздак сууга секирет. Суу мупмуздак, ал өмүрүн сактап калам деп жанталашпайт. Чыдайт. Баарына чыдап ушуга чыдабай коймок беле? Анан баары бүтөт. Кала берсин башкалар ушул дүйнөдө, ишеничти тепсеп, үмүттү өлтүрүп алып, сүйүүнү кемчилик, бирөө үчүн жашап өтүүнү акылсыздык катары көргөн өзүмчүл дүйнөдө кала беришсин. Ал калбайт.
Жанагы ишенимдүү кадамы менен келип эле көпүрөнүн муздак темирин кармаганда тык токтоду. Айназик... Ал кантер экен? Жүрөгү түрсүлдөп катуу каккылап жибергендей болду. “Мына, ушул дүйнөдө калууга негизги себеп! Мына!” деп жибергендей болду жүрөгү. Кабарсыз кетсе ыйлайт чыгар. Канча күттү эле аны. Эми минтип жанына келип. Ооба, мен бармын, сени унуткан жокмун, эми жаныңда болом деп жатып эле кайра жок болуп кетсе...
– Хе,- кадимкидей эле үнүн сыртына чыгарып, өзүн-өзү шылдыңдап күлүп койду. Анан кадимкидей эле каткырып жиберди. Ал көптөн бери минтип күлө элек болчу. Өзүн-өзү шылдыңдап күлдү. Кур намыстыгына каткырды. Жашоо үчүн толтура себептер бар экенин байкады. Эгер кимдир бирөө жөн эле бир пайдасыз ойлору менен жашоосун оорлоткусу келсе оорлото берсин. Ал антпейт. Ал кызын кандай жакшы көрүп келген болсо, ошондой жакшы көрө берет. Анын кылыктарына кубанып, атакелеп айланчыктаганынан ырахаттана берет. А эгер Айсулуу... А эгер Айсулуу аны бүгүн эртең менен эле караган көздөрү менен өмүр бою карай турганы анык болсо эмнеге баш тартуу керек?! Айсулуу таптакыр аны минтип караган эмес. А ким билет, балким, ал эми сүйгөндүр. Чындап билгендир аны... Эл эмне дейт? Хе, элби? Элдин эмне өзүнүн көйгөйү аз бекен? Азамат дагы каткырды. Эл деп келген, дей берет. Бактылуу болууга башкалардын ою эмнеге тоскоол болушу керек? Ал бактылуу болобу? Сөзсүз. Көпүрөнү бойлой коюлган темир кармагычка чыкты да “И-иху-у” деп Москваны жаңырта үнүнүн болушунча кыйкырып жиберди.
ххх
Ал уктай элек. Гүл сатуучу дүкөндөн бажырайган хризантемалардан эки букет алды да, кызына жөнөдү. Бүгүн кызын мектепке өзү узатат.
Аны эч ким келет деп күтпөсө керек. Коңгуроону бир топко басып турду. Айсулуу эшикти ачты, таң калып калды.
– Сен?
– Ооба, мен. Бул болсо сага,- деди ал Айсулууну суроо-сопкутсуз эле жүзүнөн өөп.
– Кызым ойгондубу? Аны бүгүн мектепке өзүм алып барайынчы?
– Ата?- уйкусураган кызынын үнү чыкты аркы бөлмөдөн. Анан ал дагы көзүн ушалап чыга келди.
– Мына, бул болсо сага. Жаным десе.
– Оой-ий, сонун го! Рахмат!- кыз жароокерлене карап, атасын кучактап койду.
– Кийине кал, мектепке узатам сени.
– Ха-ха...- кыз каткырып күлүп жиберди. Кубанды окшойт.
– Ата, бизде бир жума каникул болот. Мен мектепке барбайм,- деди да, дагы каткырды. Анын күлкүсү ушундай жугуштуу болчу. Азамат да, Айсулуу да каткырды.
– Андай болсо бүгүн сейилдеп келели баарыбыз,- күлүп бүткөн соң Азамат сүйлөдү.
– Ура-а,- кыз колдорун өйдө көтөрдү.
ххх
Балдар аянтчасында Айназик менен Байэл башка балдарга кошулуп ойноп жатышкан.
– Суук го,- деди Айсулуу Азаматтын жанында отуруп ичиркене.
– Үшүдүңбү?
– Ии.
– Келе колуңду,- жигит Айсулуунун алаканын өз алаканына батырып, күрмөсүнүн чөнтөгүнө салды. Экөө тең балдарды карап отурушат. Чөнтөктө болсо манжалар кучакташып калышты. Денелерин жылуулук аралап баратты. Айсулуунун көздөрү күлмүңдөп жатты. Ууртуна толгон жылмаюуну да жашырууга мүмкүн эмес болчу.
– Бул колум да үшүдү,- Айсулуу экинчи колун да Азаматтын чөнтөгүнө салды. Азаматтын кара жумуштан туурулган катуу колун, эки алаканы менен курчап алды. Арыда ойноп жаткан Айназик бир кезде тык токтоду да, атасы менен апасы турган тарапты карады. Апасы атасына жакын отуруп, колдорун анын күрмөсүнүн чөнтөгүнө салып, бактылуу болуп алыптыр. Кыз аларды жылмайып карап алды. Анан көк асманды тиктеди да “рахмат” деп шыбырап, көктөгү кимдир бирөөгө көз кысып койду...
(Уландысы кийинки санда)