МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

– Балдар уктады. Мен басайын анда,- Азамат кире бериштеги кийим илгичтен күрмөсүн алды.

– Сен?..- Айсулуу тайсалдап кетти. “Сен кетесиңби? Кетпечи” дегиси келди. Бирок тамагы буулуп айта албай койду. Азамат эшикти ачып босогону аттаганда гана азыр бул адамды жанынан чыгаргысы келбей калганын сезди. Азыр кетирип жиберсе эле аны жоготуп алчудай.

– Азамат... Сен... Билем мени кечирүүгө мүмкүн эмес. Бирок... Сага жасаган бардык жамандыгым үчүн кечирип койчу! Мен...- сөзүн улай албай калды. Азамат болсо аны тиктеп катып калыптыр. Ортодо пайда боло калган жымжырттыкты жигит бузду. Ал кандайдыр бир үмүт менен:

– А сен мени менен Кыргызстанга кетесиңби?- деп сурап жиберди. Бул ой анын башында көптөн бери эле бышып жүргөн окшойт.

– Ыя?

– Жүр, кайра Кыргызстанга кетебиз.

– Бирок...

– Сен макул болсоң эле.

– Ооба, кетмекмин. Болгону сен кантесиң? Азамат, сен мага эч нерсе кылууга милдеттүү эмессиң. Мен жөн гана кечирим сурадым. Мен бардыгын кеч түшүнүп калдым. Кайра мени ээрчитип барсаң туугандарың эмне дейт? Эл эмне дейт? Айылыңда жашай албай каласың го. Жок, менин айымдан кайра азап тартышыңды каалабайм.

– Сен мени таптакыр жакшы көрө албайсыңбы, ээ?

– Мен сени сүйөм, Азамат. Мен эми чындап сени жакшы көрөм. Бирок баары кеч болуп калбадыбы?! Баарын талкалап салыптырмын да. Сенин көңүлүңдү калтырдым.

– Бирок бактылуу болот белең?

– Сенин кайра азап тартып калышыңды каалабайм. Ырыскан эже эмне дейт? Менин айымдан көп эле азап тарттың го, жетишет. Сени жакшы көрөм. Сен эми бактылуу болчу. Бактыңа жолтоо болуп каламбы деп корком. Сен эми бактыңды тап!

– Бакытты таап алууга болбойт. Аны кураш керек. Мен сен менен бакыт курай алам. Көзүм жетип турат...

Айсулуу Азамат сөзүн бүтүргөнчө эле анын моюнуна асылып калды. Бул ушунчалык тездик менен болду. Болгондо да жасалмалуулугу жок. Анын денесин азыр мээси эмес, жүрөк туштан келип жаткан жылуу толкун башкарды окшойт. Ал кантип Азаматты кучактап калганын билбей деле калды. Ушунчалык тааныш жыт, жылуулук... Ичинде болсо кубаныч, шүгүрчүлүк, бардык кыйынчылыкты жеңүүгө шыктандыра тургандай өрөпкүткөн ишеним шарпылдап аралашып бакыттын толкунун жаратып жатты. Ал эң биринчи жолу бакытты сезди.

ххх

– Кандайсыз, эже?- Азаматтын үнүн угам деп ойлобосо керек, телефондон Ырыскандын нес болуп калганы сезилди.

– Алло, эже?

– Сен эмне сүйлөп калдыңбы? Сен...- эжеси жашык болуп калыптыр. Андан ары эмне деп сүйлөгөнү деле билинбей калды, ыйлап да, кубанып да жатты окшойт.

– Жакшы, жакшы, баары жакшы. Ыйлабачы эми. Эже, мен жакында Кыргызстанга барганы жатам. Айсулуу, анан балдар менен барам.

Саамга унчукпай калды Ырыскан.

– Кантип болсун ушундай? Ушунча да жумшак болосуңбу? Адамдын жумшагын адам жейт дейт.

– Мен эми аларды таштай албайм.

– Азамат, андай болсо сен айылга келбей эле кой. Үйгө да келбе! Ушунча азаптардан кийин... Сага сөзүм деле жок. Байкуш апам...- ыйлап баштагандай. Телефонун коюп салды. Азамат кайра чалып көрдү, бирок эжеси телефонун албай койду.

ххх

“Апа, билем, мени сен гана түшүнмөксүң. Кантип аларды таштап кетем? Башкалар таштап кетишпедиби дешет. "Сен милдеттүү эмессиң да, алар өзүңдүн дагы балдарың эмес, Айсулуу сага азап көрсөттү, кантип кечиресиң?" дешет. Мен жакшы көрөм. Балдарды, Айсулууну... Ал менден кечирим сурады. Сурабаса деле кечирмекмин. Мен эми чыныгы Айсулууну көрдүм. Ооба, аны жакшы көрөм. Мурункудан дагы... Кантип кызымдан жүз буруп кетем, апа?! Мен анте албайм. Билем, мени жектешет. Көк мээ, катын кул дешет. Бирок, апа, биз эмне өмүрдү мен деп эле жашап өтүшүбүз керекпи? Анте турган болсок эмнеге башкаларды жакшы көрөм дейбиз? Баланы жакшы көрөм дейбиз, жубайыңды, ата-энеңди, досуңду, тууганыңды... Жакшы көрүү деген бул сен жакшы көргөн адамдарда баары жакшы болсун деген кеп да. Аларды чындап жакшы көрсөң аларды бактылуу кылуу үчүн аракет кыласың да. "Мен" дей бергендик бул жалгыздык эмеспи, апа! Мени түшүнөсүң деп ойлойм. Мен эч кимдин алдында актангым келбейт, бул менин тандоом болду. Чечимим туура болгонуна толук ишенем. Мен эми аларды бактылуу кылуу үчүн бүт аракетимди жумшайм”. Учак Бишкекке конгончо Азамат дилинде апасы менен сырдашып келди. “Апам түшүнмөк” деген ой ага дем берип жатты.

ххх

Булар Москвадан Бишкекке кайткандан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бүгүн Айназик менен Байэлдин чечекейи чеч. Майрамга барчудай жасанган экөө колдоруна көккө талпынган түстүү шарларды кармап, кучак роза көтөргөн атасы менен чогуу төрөткананын алдында турушат.

– Азыр чыгабы апам?- Байэл чыдабай сурады.

– Ии.

– Бактыбек экөө чыгышат. Атам бөбөгүбүздүн атын Бактыбек койдук деди го,- Айназик инисинин сөзүн оңдоду. Үчөө бири-бирин карап жылмайып алышты. Анан капыстан Азамат төрөткананын темир кашаасынын ары жагынан өзүнө тааныш караанды көрдү. Жүзү бир аз кызара түшүп, көзүнөн жаш тамды. “Эжем” деди ал үнүн акырын чыгарып. Бир кездеги апасынын жашыл гүлдөрү бар ак жоолугун салынып, колуна баштык көтөрүп алып кандайдыр бир кубанган түр менен Ырыскан келе жатыптыр. Таптакыр сүйлөшүүдөн баш тартып жүргөн эжесине ал 3 күн мурун СМС жазып уулдуу болгонун сүйүнчүлөгөн болчу.

– Чоң апа-а!- Айназик ары таң калган, ары кубанычтуу үн менен кыйкырып ал тарапка жүгүрдү. Ооба, ал үчүн чоң апасы эле болчу. Ошол жашыл гүлдөрү бар жоолукчан. Мындай жоолук чоң апасында эле бар эмес беле?! Басканы дагы опокшош. Жүзү дагы... Башка болушу мүмкүн эмес. Чуркап жөнөдү. Эч ким күтпөгөн экен. Баары селейип калышты. Кыз болсо Ырысканды карай “чоң апалап” баратты. Колунан түстүү шарлар жулунуп чыгып көктү карай удургуп жөнөштү.

– Чоң апа-а!- үнү кубанычтан дирилдеп чыккан кыз Ырысканга жетип, экөө кучакташып калганча Азамат нес болуп гана тура берди. Чоң энесинин элесин унутпаптыр... Анын кызын ага окшоштурганын кара?! Таң калып бүтө албай жатты. Качан гана аркадан “жүрүңүз, уулуңуз менен келинчегиңизди өзүңүз алып чыгыңыз” деген медайымдын үнүн укканда гана өзүнө келе түштү.

– Болгула, мен азыр аларды алып чыгам,- кучакташып алып өздөрүнчө бири-бирине эзилип божурашып калган Ырыскан менен Айназик тарапты карап колун жаңсады Азамат. Анан Байэлди жетелеп кубанычтуу түр менен Айсулуу менен жаңыдан жарыкка келген Бактыбекти алып чыгуу үчүн төрөтканага кирип кетти.

Дал ушул учурда Бишкектеги көп кабаттуу үйдө баягы Айназиктин күрөң мамалагы терезеде отурган. Бир караган адамга бул оюнчук абдан бактылуу көрүнмөк. Ананчы, эми аны колдон түшүрбөй ойной турган дагы бир балакай ал жашаган үйгө келе жатпайбы!

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Paprikafm
2018-11-27 11:09:57
Урааа бүттү
0
Medina87
2018-11-27 11:11:58
Чон апаааа,- деген жеринде ыйлап-ыйлаап алдым...
+6
Sabr12
2018-11-27 11:13:38
Азамат, азамат экенсин бакыттын балын татып жыргап жашачуу маал
+4
korul.alai001
2018-11-27 11:34:39
Аял Адам жазган окшойт эркек жазганга окшошпой жатат....
0
Dilbaranurdinova
2018-11-27 11:40:25
Ыйладыыыыыыыыыыыыыым
+6
saipi
2018-11-27 12:25:48
Тимур келсе кайра эле кетип калса керек Айсулуу
-3
Aytur
2018-11-27 12:34:31
Ыйлап алдымго Ырысканды чон апааа дегенде
+3
azusha2017
2018-11-27 14:06:55
Чон апалап жаткан жерин элестетип окуп алып, козумдо жаштар куйулдуго, бактылуу болушсун, соонун чыгарма экен
+2
MIRBOLOT
2018-11-27 14:19:15
Чын эле көздөн жаш тегеренип кетти...
+2
ulua
2018-11-27 15:58:46
Аааа Тимур сойрук
0
Baiana2017
2018-11-27 21:27:07
Ошондо Тимур жазасын албай калды го.Нуржан кабыл алды.бирок жакшылык менен буткону жакшы болду.тим эле роддомдон чыгып атканын элестетип аодым
+1
duba
2018-11-28 03:02:53
Эркек болуп туруп мен ыйлап жибердим,рахмат жаазуучуга,аягы бактылуу бутту,жашоодо да баардык адамдар бактылуу болсун!
+3
temirov76
2018-11-28 13:31:49
Мына кино да бүттү,чыккыла эми эшикти жабабыз.
+2
Asanovna1805
2018-11-29 00:40:30
temirov76,
0
Asanovna1805
2018-11-29 00:41:16
temirov76,))))
0
Asanovna1805
2018-11-29 00:43:36
Чон апааа деген жерине келгенде тамагым буулуп калды го... Эх сонун болду аягы. Автор сизге чон рахмат. Азаматтай адамдар коп болсун бул жашоодо.
+1
Talantbek80
2018-11-29 23:17:53
Ошентип бул да бутту жакшы бутту аягы Азаматтай жигиттер коп болсун арабызда
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан