ТООЛОР АРКЫЛУУ ЖАЛАЛ-АБАДДАН БИШКЕККЕ ЖӨӨ ЖҮРҮШ. КЫРГЫЗ ВЛОГЕР КӨРСӨТӨТ

«Артымда Жалал-Абад шаарына кире бериштеги тосмо турат, ушул жерден тарта Бишкекти көздөй сапарга чыкканы турам. Жол менен эмес, тоо аралап жөө барам» деп тажрыйбалуу саякатчы Нурбек Адышев өз жүрүшүн Ютуб каналында айтып баштайт. Анын бул жолку сапары 340 чакырымдай болуп, тоо аралаган жүрүшү ары татаал, ары кызыктуу болгонун көпчүлүк көрө алды.

Саякатчынын аты-жөнү Нурбек Адышев. Ал 5 айдан бери «Над горой» каналына өзүнүн саякатка чыккан видеолорун киргизип турат. Анда балык кармоо, кыргыз жеринин ажайып кооз жерлерин эч кандай унаасыз эле, жөө басып өтөт. Кара-Суу көлү, Кочкордон Ысык-Көлгө чейин, Чоң-Алай, Сары-Челектен Токтогул районуна чейин жөө чыккан сапарларын көрүүгө болот. Тажрыйбалуу саякатчыдан бир катар суроолорго жооп алганга мүмкүн болду.

– Салам алейкум, Нурбек мырза, жөө саякатка качантан бери чыгып жүрөсүз?

– Мен жети жылдан бери жөө жүрүштөргө чыгып келем. Бишкектен Жалал-Абадга чейин велосипед менен баргам. Балдарым менен Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылынан Суусамырга чейин жөө барганбыз. Өзүм Жалал-Абаддан болом. Орусияда кичи бизнесим бар.

– Жалал-Абаддан Бишкекти көздөй жөө чыгууга эмне түрткү болду?

– Жөө жүрүшкө чыкканымдын себеби жолдордун жабылып калышынан улам жана Ош-Бишкек маршрутун башка жол менен басып өтүү болду. Форель кармоо сезону 15-октябрда жабылган, андыктан видеого башка нерсе тартуу керек эле. Жөө жүрүшкө чыгуу менен көпчүлүк көрөрмандарды тартууга болот. Ошондой эле бул жолдон кызыктуу жерлерди көрүүгө да мүмкүн. Алсак, Кызыл-Үңкүрдөн Үч-Терекке (Токтогул району) чейинки аралык, Үч-Теректен Аралга (Жумгал) чейинки Нарын дарыясынын жээги.

– Жөө саякаттын багыты кандай эле? Аны өзүңүз түздүңүзбү?

– Жалал-Абаддан тоо этеги менен Чкалов айылына – Правда (Базар-Коргон району) – Кызыл-Үңкүр (Базар-Коргон) – Үч-Терек – Сары-Камыш (Токтогул) – Кызыл-Коргон – Өрнөк – Арал (Жумгал) – Кызыл-Ой – Кожомкул – Суусамыр (Жайыл). Шылдырак, Каргыш деген ашуулар, Токтогул суу сактагычынан Арал айылын Нарын дарыясынын жээги менен этектеп өтүү керек эле. Төө-Ашуунун этегине чейин жалпы маршрут ушундай болду. Башка ашууларды ашып өтүүгө менин жабдыктарым туура келбейт болчу. Температура абдан төмөн, бийиктик деңиз дэңгээлинен 4000 метрден ашык эле. Бишкек-Ош жолу менен баргым-келгим жок. Анткени кызыксыз. Анан жолдон ар ким ар кайсыны сурап, тоскоолдуктарды жаратмак. Мындайды жактыра бербейм.

– Бишкекке ошондо Жалал-Абаддан канча күндө жеттиңиз? Бул багытта жөө басып өткөн жалгыз сиз болушуңуз керек?

– Кар, жаан жаап калган 4-5 күндүк тыныгууну кошпогондо 11 күн. Карта, Google Планета жана топографиялык карталар менен эсептеп чыксам, жалпы 340 чакырымдай болду. Биринчи болгонум тууралуу ойлонгон жокмун. Менин багытым Бишкек-Ош трассасы менен эмес, ага параллель жүрдү.

– Саякатыңыздагы эң кооптуу же кызыктуу учур?

– Кызыктуусу – жолдо жолуккан чабандар мени Токтогул районундагы жапайы өскөн кара куурай үчүн келди деп ойлоп жатышты. Кээ бирлери үй куруу үчүн бактарды кыйып жатышкан. Мени экотехинспекциядан экен деп ойлоп корккондору болду. Үчүнчү күнү ичим ооруп баштады, бирок өтүп кетти.

– Тажрыйбаңыз менен бөлүшө кетсеңиз, мындай жүрүшкө чыгууда эмнелерди алыш керек?

– Жүрүшкө чыгууда эң башкы нерселер:

  • Мыкты бут кийим (тоого чыкканга ылайык, туристтик деп атап коюшат)
  • Бекем рюкзак
  • Түнөк кап
  • Бир кишилик чатыр
  • Килемче (каремат)
  • Газ очок
  • Портативдик газ

Азык-түлүктөр (гречка, күрүч, жаңгак, кургатылган жемиштер, сыр, кургатылган нан, кургак сүт, шоколад, шекер, чай, туз, кошумчалар) 3-4 килограммдай. Жолдон дагы анча-мынча нерселерди сатып алып да жаттым. Кийимдер көбүнчө синтетикалык, жеңил болушу шарт.

  • Муз чаккыч (альпинисттерге ылайык)
  • Бут кийимге кийилчү атайын илмелер
  • Видео аппаратура
  • Дрон
  • Аптечка
  • Жарык бергич, бычак, гигиена үчүн керектүү каражаттар.

Жүгүмдүн жалпы салмагы 20 килограммдай болду.

– Башкы суроону берейин. Буттарыңыз кандай?

– Үйгө келгенде 2 күндө өзүмө келдим. Буттарым чаалыгып калганы үчүн ооруп жатты. Муундар ооруган жок. Жүрүштө мунун баары билинбейт, анда жетиш керек деп эле ойлоп каласың. Үйдөн эс аласың да, анан ооруп баштайт.

– Ютубда сиздин влогдоруңуз кызыгууну жаратып жатат. Күттүңүз беле ушундайды?

– Менин буга чейинки видеолорумдун көрүүлөрү 70 миңден ашкан. Негизинен көрүүлөрдүн саны 30-40 миңдей болот. Бирок каналыма жазылгандардын саны өстү.

– Дагы кайсы жакка саякатка чыгууну көздөп жатасыз?

– Кыргыз өлкөсүн кышында көрсөткүм келет. Мисалы, Жети-Өгүз же Сары-Челек болушу мүмкүн. Жабдыктар суукка даярбы, мен азыртадан эле даярдыктарды көрүп баштадым.

– Сизге ийгилик!

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Beks0207
2018-12-04 12:18:45
каналы кандай аталат екен Нурбек Адышев десем чыкпай жатат
0
elhan123
2018-12-04 12:47:55
Beks0207,Над горой
+2
ma2as
2018-12-06 11:08:06
Ийгилик Нурбек . Видеолорунун баарын кором . Мен Москвада болгонум учун . Россиянын - Азыркы убак - белгисиз Россия деген желеси бар ю тубта .Россиянын унутулуп калган айылдары , олконун четиндеги элдер жонундо . Сенин видеолорунан да конунлумо туура келген нерселерди таптым .
+1
tagokg
2018-12-10 14:42:57
бул жакка эми чыгыптыр.
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан