ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ

(Башы өткөн сандарда)

ххх

Бий аянтчада жүрдүң. Премьераңды майлап жүрүптүрсүңөр, көрсө. Мен ушу Кыргызстанда спектакль көрүлбөй эле калды деп ойлоп жүргөм. Жок. Көрсө, сен катышкан ар бир спектакль аншлаг менен өтүп жатыптыр.

Сага арбалган мен жалгыз эмес экенмин. Миңдеген көрүүчүң, күйөрмандарың бар экен... Жылмайганда чыга калчу жүзүңдөгү уячалар! Жайнаган көздөрүң... Далай эле адамды арбаган тура. Жаштык, сулуулук анан алдагы сенин кичинекей башыңдагы куулук, адамды алдап-соолап, калп жылмайып жага билген сапатың аралашканда душманың да сүйчүдөй экен сени. Сүйкүмдүүлүгүң эле, куулугуң эле ийгилигиңдин сыры болсо эмне?! Сен ийгиликке жетчү башка жолдорду да таапсың... Болбосо сенден таланттуулар деле жүрбөйбү. Сени актриса катары теңине албаган атаандаштарың толтура го. Себеби ийгилигиңдин сырын баары билишет. Сырың кумарыңда, сырың сулуулугуңда.

Өмүрүнүн кечин батырып бараткан картаң режиссёр кантсин анан? Сенин кумарыңа азгырылыптыр. Башкы ролдор сеники гана... Жетекчиң көрүптүр да, акылдан тайыптыр. Ыгы келген жерде да, ыгы келбеген жерде да “Жозефина” деп жар сала беришиптир. Анан кантишсин?! Сеникиндей жапайы кумарды алар эч кимден көрүшпөгөн чыгар. Сени колдон чыгарышкысы келген жок, алардын жашоосун кооздоп салдың, алар болсо дүйнөнү алдыңа төшөп бергенге даяр эле. А бирок алардын колунда дүйнө эмес, төбөсүнөн тамчы тамган эски театр гана бар болчу. Алар театрды кумары күч Жозефинанын алдына ташташыптыр “алгын баарын! Кумарыңды бер! Жашарт бизди” дешкен экен. А мен муну кийин билбедимби. Билдим да, ишенбей койдум. Ишенгим келчү эмес. Ооручумун. Кызганчумун... Бирок чындык ушул тура.



ххх

Ошол билбеген кезде сени тиктеп отурдум. Маңдайкы столдо эле отурасың, бийлеп бүттүң. Бир караганда кызга окшошуп кеткен жаш жигит айланчыктап жаныңдан чыкпайт. Сага ашык болгон байкуштардын бирөөсү экен. Ал мага атаандаш боло алмак эмес. Сени ишенимдүү тиктеп отурдум. VIP-зонадамын. Кимдин ким экенин көрсөткөн орундар бул. Сени дал ушул байлардын орунунан карап жатканымды байкап калдың, типтике карадың. Антип жырткыч өз аңын карайт. Көрсө, мен сени торго түшүрөм деп турганда, тескерисинче, сен мага тор жайып баштаптырсың. Кылгыра тиктедиң, кыйынсына тиктедиң...

– Официант,- үнүмдү угары менен жете келген ак көйнөкчөн студент жигитке шыбырадым. “Жакшы шампаныңдан тиги актрисанын столуна алып барчы”.

Шарап барды столуңа. “Рахмат” дегендей баш ийкедиң. Жаныңдагы жигиттин итатайы тутулду. Мен тарапты жиндене карап алды. Жапжашыл бойдок. Сага ашык бойдок болчу. Койкойгон моюнуңдан жыттамак болду ал. Ошол элес дале эсимде... Бул меники деген ишарат болчу. Аста барып моюнуңдан өпмөй болгондо башыңды тартып кетип жаныңа жуутпай койдуң. Мага жеңиш бердиң. Зоболомду көтөрүп салдың тиги жашыл бойдоктун алдында.

Мындай карай калсам Айгерим кулагынан буу чыкчудай кызарып жинденип отурган экен.

– Искусство адамдарын сыйлап койдум, таарынба, Айка!

– Мен сизге тоскоол болуп жаткандаймын...

Жооп ордуна күлүп койдум. Кетчи деген эле ишарат болчу. Айткандай эле мен дааратканага барып келгенче кийимин алып чыгып кетиптир. Артымдан барат, таарынычымды жазат деп ойлосо керек. Күзгүгө бир сыйра каранып, сен тууралуу кыялдана өңү-башымды түзөп жатканымды кайдан билсин ал?!

ххх

Тиктешип отуруп акыры ак бийге түшчү жай музыка чыкканда сени карай жөнөдүм. Баягы жашыл бойдогуң мен барганча колуңдан тарткылап жатыптыр... Көрүпсүң келатканымды. Күтүпсүң! Тигинин колун аста силкип, мага кол сундуң.

– Сиз актриса турбайсызбы, ээ?- белиңден кучактап алып эле сурадым.

– М? Сен эмне тааныбайсыңбы дегендей чочуп карадың.

– Кечиресиз, мен чет жерде жүрөм. Кыргыз жылдыздарын көп тааный бербейм... Мага досторум айтышты.

– Ооба, актрисамын,- сыймык менен айттың. Ыза да бар болчу үнүңдө.

– Атыңыз ким?

– Атымды досторуңуздан сураган жоксузбу?

– Эмне эле? Башкача ысым, ээ? Эсмеральда деген сыяктуу беле?

– Жозефина.

– Оо, сонун ысым. Айтор, француздардын ысымы экен деп койдум эле...

– А сиздикичи?

– Мурат. Тиги жигит сиздин жигитпи же?

– Коллега.

– Колуңуздан кармап коё бербей жатканынан жигити го деп...

– Жок, жөн гана коллега. Бүгүн спектаклибиздин премьерасы болчу. Чогуу отурабыз жөн гана.

– Жозефина, башка бир тынч жерге барып отурсак кандай дейсиз? Мен билген жакшы италия рестораны бар эле Бишкекте...

– Себеп?

– Билесизби, мен өзү искусство адамдарын аябай сыйлайм. Өзүм бир аз маданиятсызыраак, корсмун. Жумуш ошентип коёт экен. Андыктан маданияттуу адамдар менен сүйлөшүп жүрөк жумшартып дегендей... Караңызчы сөзгө да жокмун.

– А сиз эмне жумуш кыласыз?

– Мындай бизнес эле. Соода-сатык, курулуш дегендей. Башка жакка баралыбы, кандай дейсиз?

– Жок. Мен аларды таштап кете албайм. Башка күнү.

– Анда телефонуңузду...

– Кечиресиз,- жай музыка токтоору менен кучагымдан суурулуп кеттиң. “Эй, сен азыр эле мени кылгыра тиктеп, тиги жигитиңдин шаабайын суутуп жатпадың беле?! Кучагымда туйлаганга даяр элең го... Көздөрүң ошентип эле жатпайбы?! Эмнеге макул эмессиң?” деп ички үнүм кыйкырып жиберди. Түшүнбөй эле калдым.



ххх

Анан оюнду сен баштадың. Баягы кызга окшош жигитиңдин кучагына кулап, кыналышып эле калдың. Көздөрүңдө от. Улам бир карап коёсуң. А мен келесоо кишидей эле сени тиктеп отурам. Эй, 18деги кыздын кылыгы ушундай болобу? Кудай ай, сен жашабай жатып эркектин алсыздыгын билип алыпсың го. "Акчаңа чиренбе. Бул жерде мен ханышамын. Кимди тандайм өзүм билем. Кааласам мына бул ырбыйган таалайсызды тандап алам, кааласам башкасын... А сен кыйын болбо! Тандоо менде" дегендей эле кытмыр жылмайып жаттың. Эркекти атаандаштырып эле койсо. Каныбызда ушул жапайы сезим курч. Кимдин-ким экенин далилдегибиз келе берет. Сен мени жапайы кылып салбадыңбы. Уктап жаткан инстинктти ойготтуң.

Дуулдап баарыңар сыртка чыкканда шашып мен да сыртка жөнөдүм. Калп эле билмексен, байкамаксан боло капкара жол тандабасымды “чыйп” эттире ачтым. Жарк дей түшкөн жол тандабаска көңүлүң кетти. Бир дедим ичимден. Ал кезде андай эч кимде жок болчу. Клубдун алдында үймөлөктөшүп турганыңарда, берирээкте туруп эле пульт менен унаамды от алдырдым. Фаралары көзгө жагымдуу жарык берип, өз алдынча дүр-р эте от алганда силерге окшогон студенттерге укмуш эле көрүндү. “Вау” деди силер менен жүргөн бир кыз. Эки дедим ичимден. Байкамаксан боло досторум менен сүйлөшүмүш болуп тамеки түтөтүп турам. Көз кыйыгыңды сала тиктеп жатканыңды сезип эле турам. Сыр алдырбайсың, чиркин!

Достор менен коштоштум да, машинама отуруп күр-р эткире кетмекчи болуп жаткандай түр көргөздүм. Чочуп карадың. “Кеттиңби?” дегендей эле. Анан силер турган жердин тушуна токтой калып: “Жозефина, жүрүңүз сизди жеткирип коёюн” дедим. Шыңга боюңа апакай пальтоң сонун жарашып, сулуулугуң артып турган. Ачууң келгендей тиктедиң. Анан үн-сөзсүз гана басып келип арткы эшикти ачып түшүп келдиң. Үч дедим.

– Эй, Жози, сен эмне жинди болдуңбу?- жанагы ырбыйган актёр жигит кыйкырды.

Анын сөзүн уккан киши жок. БМВ алып учуп жөнөдү.



ххх

Мураттын торунан кутулган кыз болгон эмес. Өзүмдү шер ойлоп баратам. Кезектеги тутулчу балык болчусуң мага. Көзүң жакшы буюмду көргөндө чачырай түшөт тура.

– Ресторангабы, Жози? Ошондо Жози дедим.

– Жок, үйгө.

– Койчу эми.

– Үйгө айдаңыз. Болбосо токтотуңуз, түшүп калам.

Жиндеп кеттим. Тормозду капшыра тептим эле, алдыңкы орундукка жабышып калдың. Камдап келе жаткан экенсиң, “рахмат” деп жүз сом таштап түшүп кеттиң. Э-эх, Жози, мынча шүмшүксүң! Мынча амалкөйсүң! 18 жашыңда ушинтип кадам санаган сени көрдүм. Намысыма тийдиң. Эч ким эмессиң дедиң. А мен чычалап кеттим.

– Эй,- жаныңда машинаны катар айдап баратып сүйлөдүм.

– Эмне?

– Ха, эмне дечи? Отурчу сүйлөшөлү,- кайра отургузган жатам. Кете албай койдум. Сен кызык көрүндүң. Үн-сөзсүз гана баш чайкап, артта келе жаткан унааны тостуң. Түштүң да кетип калдың. “Ха, сендей кыздарды мен чекесинен тандап алам” өзүмдү-өзүм ушинтип алдадым. А бирок дилимде намыстандым, сага ким экенимди далилдегим келди. Сенин жайган торуңа өзүм түшүп, улам чырмалып оролуп бара жаттым.



ххх

Анан сен тууралуу сураштыра баштадым. Атактуу экенсиң. Гезит беттеринде сүрөтүң чыгып, жылдыз саналып калыпсың. Баракелде! Жапжаш туруп ийгиликке жеткен тура деп суктандым. Сени ушул актрисалык жолго жетелеп келген өзүңдүн чоң апаң экен. Ооба, баягы сен кийин бет карашпай калган чоң апаң.

А мага сенин атактуу экендигиң ого бетер дем берип салды. Далайдын шилекейин агызган сулууну торума түшүрөм деп өрөпкүп алдым. Мына сага деп театрга бардым да, алдыңкы орундуктан карамакчы болдум сени.



ххх

Спектакль бүткөнчө сага суктанып бүтө албай койдум. Эликтикиндей түптүз буттарың бир капталы тилинген кызыл көйнөгүңдөн улам булайып чыга каларын аңдып отурдум. Көз карашыңчы, ийилген белиңчи... Көркөм болчусуң. Денеңдин ар бир кыймылы мени арбап жатты. Тамагым кургап калган, дем жетпей кеткен...



ххх

Мен сени “понт” менен алгам. Азыр байкадым ушуну. Vertu деген телефонду анда ким көтөрчү эле? Спектакль бүткөн соң сахна артына бардым да, гримёркаңа кирип баратканыңда “Жози, карма муну! Мен сага өзүм чалам” деп карматтым. Унчукпай телефонду алдың да, бир жооп кылбай кирип кеттиң. Эгер ошондо ушунча азап тартарымды билсем, ошол Vertu менен жанчып өлтүрмөкмүн сени! Жылан!..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Jakjakynas
2018-12-04 10:38:43
ХХХХ турмушка чыга элегинде концертинде кымбат телефон бербеди беле куйоосу. Анан да азыр бет карашпай калган чон апасы ХХХХ эмеспи?
+12
barakcha
2018-12-04 20:07:53
Jakjakynas,дал озу
+1
milana23
2018-12-08 00:50:16
Jakjakynas,ай ким ал? Аты жонун личкага жазып койгулачы, сураныч!
0
Albinoc.piratium
2018-12-04 11:21:08
Жаа суроттосо эле ХХХХ элестетип коюп эле отурам.
+1
admin_portal
2018-12-04 11:52:51
Albinoc.piratium, novayariga, tular, Aytur, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Asanovna1805
2018-12-04 12:09:59
Мына эмесе!!! Кызык окшойт)))
0
vikidiki
2018-12-04 12:10:15
Аааа телефон де!
+3
dobrajelatel
2018-12-04 12:36:11
Аябай эле курч жазыптыр автор. Азаматсын!
+2
Aibyikem
2018-12-04 12:40:11
Телефон берген жери дал келди, бир!
+5
aniraz.zari
2018-12-04 12:48:29
Бул чындыгында эле ХХХХ болуш керек,Сахнага алып келген чон апасы ХХХХ окшойт азыр жуз корушпой жургондугу чын да. Чын эле 18 жаштарында популярдуу болуп жатпады беле.Ырчы десе баары билмек да ХХХХ деп ошол учун актриса деп озгортконго
+6
saipi
2018-12-04 13:10:50
Эсиңердеби Айдай деген чыгарманы, ошол дагы ХХХХ жашоосуна окшош эле. Муну дагы ошого окшоштуруп жазышкан го
+1
ludimira
2018-12-04 14:14:53
Анжелика эле го
+11
azusha2017
2018-12-04 14:35:32
озу деле соо журбоптурго, аял кишинида ушунчалык жамандап жазабы, кундолуктун жазган адам ким болсонда кыскача соз менен айтканда ХХХХ экенсин
-4
dobrajelatel
2018-12-05 03:33:32
Бул Жозинин айынан канча адам эскертуу алып банга тушпосо болду. Бизди да кууратасын Жози сериал аяктагынча.
+8
Kaken08
2018-12-05 04:58:23
Айтып жатпаймынбы бул ХХХХ. Просто актриса кылып ондоп коюшкан окшойт. Кийин бет карашпай калган чон апан дейт. Аны да озгортуп коюшкан. Ал ким экенин билдинерда?
+1
flower92
2018-12-06 11:13:58
Админ, бул чыныгы болгон окуябы же жон гана чыгармабы окурмандардын санын кобойтуш учун?
0
stervella415
2018-12-07 06:05:07
ХХХХ,бет карашпай калган чон апасы ХХХХ...киносу деле бар го концертинде телефон берген...эл билбесин деп актриса деп атат...ырчынын жашоосу бул...актриса деп коюп точно эле ХХХХ жашоосу жазылыптырго... киносу деле барго
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан