ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 10-ДЕКАБРДАН 16-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада иштериңиздин жакшы жүрүшүн каалайсызбы? Анда өкмөт адамдары, жетекчилик, таасирдүү адамдар менен жакшы мамиледе болууга аракет жасаңыз. Жыйынтыгы сизди кубантат. Купуя иштерди жасайсыз, колуңузга акча тиет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көзөмөл органдары, куда-сөөк, дин өкүлдөрү менен жакшы тил табышасыз. Жолугушуулар көп болот. Эски өнөктөштөр менен да кездешесиз. Келечектүү пландар талкууга алынат. Документ, иш кагаздарына байланыштуу маселелер жакшы чечилет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кесиптештер сизге түшүнүүчүлүк менен карайт. Андыктан ичтеги каалоо, максаттарды аптанын экинчи жарымында билдириңиз. Капчыгыңыз кампаят (карыздарыңызды кайтарышат же банктан насыя аласыз).

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Адамдар менен алака жакшырат. Эски тааныштарга жолугасыз же эски мамилелер жөнгө салынат. Мыйзамга байланыштуу көйгөй жакшы чечилет. Балдарыңыз кубантат. Жубайыңыз менен жакшы тил табышасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ден соолук, жумуш ойдогудай болот. Айылда жашагандар малдан киреше табышат. Чарба иштери жакшы жүрөт. Жакындарыңыз менен бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиресиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эски сүйүүңүзгө жолугасыз. Балдарыңыз ийгиликтери менен кубантат. Кошуна, курбу, бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жакшы кабар угасыз. Бирге иштешкендер менен мамиле жөнгө салынат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй тиричилик, чарба иштери ойдогудай орундалат. Ата-энеңиз же улгайган туугандарыңыз менен жолугуп, сыр чечишесиз. Акча аласыз. Ден соолукка кам көрүп, көнүгүүлөрдү жасаңыз. Кесиптештер менен камыр-жумур иштешесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Эски дос, кошуна же улгайган туугандарыңызга жолугуп, баарлашасыз. Жагымдуу кабар угасыз же кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Өзгөчө шармга ээ болосуз. Сизге көз кырын салгандар чыгат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Акчалуу болосуз. Ал карыз, банктан алынчу насыя акча же айлык акыңыз болушу мүмкүн. Купуя иш-аракеттерди жасайсыз. Натыйжасы жаман болбойт. Жеке иштериңиз жакшы бүтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ишиңиздин илгерилегенин байкайсыз. Кошуна, тууган, достордун колдоосуна жана сыйына татыйсыз. Кайсы бир тилегиңиз орундалат. Анын ишке ашышы үчүн бирөөлөр жардам берет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кызматтагы адамдар, жетекчилик менен жакшы тил табышасыз. Максатыңыздын бири орундалат. Колго акча тиет. Эски досуңуз конокко чакыруусу мүмкүн. Ата-энеңиз менен байланышууну унутпаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада эски дос, же кесиптеш, же өнөктөштөр аркылуу көңүлүңүз көтөрүлөт. Жакшы пландарды ортого салып талкуулайсыздар. Документ, иш кагаздары сиз ойлогондой бүтөт. Акчага үнөмдүү болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан