ЧАТКАЛДА ЖАҢЖАЛ. ЧЫНДЫК ЭЛДЕБИ ЖЕ ИНВЕСТОРДОБУ?

2-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын 14 тургуну облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалды. Ушул эле күнү аларды бошотууну талап кылып айылдын 400дөй тургуну митингге чыкты. Чырга айылда иш жүргүзгөн "Эти Бакыр" ишканасы менен жергиликтүү элдин ортосундагы тиреш себеп болгон.

ОКУЯ БИР АЙ МУРУН БОЛГОН

Чырдын келип чыгышына түрткү болгон окуя бир ай мурун орун алган. Ал күнү Терек-Сай айылынын бир тургуну жылкысын айдап өтөйүн деп “Эти Бакыр" деген аталыштагы кен казуучу түрк фирмасынын короосуна кирип кетет. Аталган фирманы “Шумкар” атайын отрядынын кызматкерлери кайтарышат.

Посттогу кызматкер ишкананын аймагына кирип кеткен айылдын тургунун тиешелүү аймактан кууп чыгат. Бир аз өтпөй ал айылдаштары менен келип эки тарап ортосунда уруш чыккан. Жаңжалдан улам кен иштетүүчү аймакты кайтарууга алган атайын даярдыктагы отряддын 3 кызматкери жаракат алып, окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери менен иш козголуп, 2-декабрь күнү кылмышка шектүү катары 14 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

“БИЗДИН БАЛДАРДЫ БОШОТУШСУН!”

Бул окуядан улам Терек-Сай айылынын тургундары айылдаштарын бошотуу талабы менен 3-декабрда митингге чыгышты. “Балдарды кармап кеткенден тарта биз алардын бошотулушун талап кылып митингге чыктык. Нааразычылык акциясына чыккандардын саны 300дөй, кайтарган спецназдардын саны 400гө жакын”,- дейт Терек-Сай айылынын тургуну Айдайкан.

“Түрктөрдүн фирмасы жергиликтүү элди тебелеп жатат. Мурунтан бери эле кайтарган спецназдары бар эле. Анан айылдык бир балабыз жылкысын айдап өтөйүн десе, кайтаргандар будкасына алып кирип уруптур. Аким келип “тынчтыкты сактайлы, маселени чечебиз” деп кеткен. Биз акимдин сөзүнө ишенгенбиз. Анан эле эч кимге эскертпей, дем алыш күнү 15 баланы Ала-Букага алып барып, андан ары Жалал-Абадга алып кетип камап коюшуптур. Биздин балдарды бошотушсун, чырды биринчи спецназдын балдары өздөрү баштады. 2 күндөн бери митингге чыгып жатабыз”,- дейт ушул эле айылдын жашоочусу Саман айым.

“Компания Терек-Сайга келгенине 3 жылдай болуп калды. Мындай чыр 3-жолу болуп жатат. “Терек-Сайдын элин биринчи кезекте жумуш менен камсыз кылабыз” дешкен. Бирок жергиликтүүлөрдөн аз эле жумушчу алышты. Кайтарууга спецназдын жоокерин алып келип алышкан. Учурда 5 машина менен спецназ келди, айылда эч кимди эч жакка бастырбай калышты”,- деп нааразычылыгын кошумчалайт Саман айым.

15 АДАМ КАМАКТА КАЛТЫРЫЛДЫ

Тергөө иштеринде “Эти Бакыр" фирмасынын видеокөзөмөлүнө тартылып калган видео каралган. Кайтарууга алынган жердеги видео интернет тармагына тарады. Андагы мушташты көргөн адам 90-жылдардагы мезгилди же боевик кино көргөндөй эле болот. Видеодон эки унаа менен келип, андан түшкөн бир канча адам постто тургандарды ур-тепкиге алганын көрүүгө болот. Өздөрүнө ишенген, мушташууга даярдыгы мыкты жигиттер экени байкалат. Булар чын эле жергиликтүү тургундарбы? Же “караларбы”? Балким, чырдын өзөгү башкадыр? Айтор, видеону көргөндө ушундай суроолор жаралбай койбойт.

4-декабрь күнү бул иш боюнча Жалал-Абад шаардык соту кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, бардыгы болуп 15 адамды камакта калтырды. Алардын алтоосу 2 айга убактылуу кармоочу жайга, тогузу СИЗОго киргизилген. Учурда аймакта абал туруктуу экендигин жана эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын Ички иштер министрлиги билдирди.

ТҮРК КОМПАНИЯСЫНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Буга чейин Чаткалда мыйзамсыз кен казуу фактылары аныкталып келген. 2015-жылы өз алдынча сурьма казып, газга 3 адам ууланып каза болгон. “Эти Бакыр” компаниясы ишке киргенден тарта мыйзамсыз кен казгандардын саны бир кыйла азайган. Түрк компаниясы өзү эмне болгон ишкана? Фирманын чоо-жайын иликтеп көрсөк, түрк фирмасы 2015-жылы Кыргыз өлкөсүнө келген. "2015-жылдын ноябрь айында "Терек", "Тереккан" жана "Перевальное" кендерин иштетүү боюнча сынак жарыяланып, анда "Эти Бакыр" жеңип чыккан. Лицензия үчүн ишкана бюджетке
20 миллион доллар төлөгөн. Фабрика бүгүнкү күндө курамында алтын жана күмүшү бар флотациялык аралашманы өндүрөт. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 100 тонна кен иштетет. "Эти Бакыр" жоопкерчилиги чектелген коом, анда 25 пайыз “Кыргызалтындын” акциясы бар”,
- деп билдирет “Кыргызалтын” ААКсы.

Ачык маалыматтарга таянсак, “Эти Бакыр” компаниясынын жетекчиси Тезжан Махир аттуу жаран. Ишкана 2015-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө жалпы 251 миллион 223 миң сом салык төлөгөн. Анын ичинде быйылкы жылкы салыктын өлчөмү 106 миллион 651 миң сомду түзгөн. Компания жыл сайын жергиликтүү айылды колдоо иретинде 15 миллион сом жумшашы керектигин моюнуна алган. Ишканада 300дөн ашык жумушчу иштейт деген маалымат болгону менен, жергиликтүү калктын айтымында, учурда жумушчулардын саны 200гө чейин кыскарган.

КАЧАН САБАК АЛЫНАТ?

Экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров SUPER.KG порталына берген маегинде кендерди казуучу компанияны тандоону сөзсүз түрдө жергиликтүү калк менен кошо өткөрүү керектигин айтат. “Жергиликтүү калктын кызыкчылыгы – экологияны сактоо жана жумуш орундарын түзүү. Кен казган аймактардагы айылдык кеңештерге крим чөйрөдөгү адамдар дагы кирет. Алар күч колдонуу аркылуу жергиликтүү бийликке келип, кен казуучу компанияларды тоногонго аракет кылат. Мындайлар бир гана мамлекетте эмес, жергиликтүү бийликте да көйгөйлөрдү жаратат. Ошондуктан маселелер эки тараптуу чечилиши керек",- дейт Аттокуров.

Саясатчы Адахан Мадумаров бийликке кайрылуу жасап, элге күч колдонууну токтотууга, от менен ойнобоого чакырды.

Мындай жаңжал өлкөбүздө кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү тургундар ортосунда биринчи жолу чыгып жаткан жок. Мындай окуялар жалпы мамлекеттин инвестициялык абалына кедергисин түзмө-түз тийгизет. Инвестициянын өзүн тартып келүү кыйла жеңил жумуш эмес, бирок иш алып барууда жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери керектиги да зарыл. “Кумтөр” тууралуу көп маалыматтардан улам кыргыз эли кен казуучу чет элдик компанияларга көп ишене бербейт. Андыктан кайсы компания келет, кантип иштейт деген суроолор жергиликтүү эл үчүн ачык-айкын болушу шарт.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Flowhive
2018-12-11 11:18:12
Албетте элде да чындык
0
mederkg
2018-12-12 20:34:17
Биздин итке минерлер кеиртегине чейин жеп алган болсо элди дагы уруп ойнобойт алып берип койот биздин ак үйдөгүдөр өздөрүнүн гана арыктарын чабат
0
AKCAHAT
2018-12-15 02:50:57
.
+1
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан