Ырчы менен борбордогу соода борборлорунун биринде өтүп жаткан кайрымдуулук концертинен жолугуштук. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы маанай тартуулоо менен ар биринин көңүлүн калтырбай сүрөткө да түшүп жатты. Ырчы менен чыгармачылыгы, балдары, жашоо-турмушу тууралуу маектешип кайттык.
– Саламатсыңбы, Жанета? Байкашымча, кайрымдуулук концерттеринен калбайсың, катышпай калган учуруң болобу?
– Башынан эле «сооп иш кылайын» деп кайрымдуулук концерттеринен калбайм. Ырдап, көрөрмандардын көңүлүн көтөргөндөн сырткары кийим-кече, азык-түлүк жагынан да жардам кылам. Кудай бизге ден соолук берди, алты саныбыз аман, акыл-эсибиз жайында, ошондуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүгө милдеттүүмүн деп ойлойм. Буга чейин жетим-жесирлерге, абакта, психикалык жактан жабыркагандардын жатак үйүндө концерт бердик. Алардын тагдырын угуп, абалын көргөндө жашоого болгон көз карашым таптакыр өзгөрдү. Андай учурда алар 2-3 күн оюмдан кетпей, жан дүйнөм кадимкидей ооруйт. Бизде болуп жаткан анча-мынча турмуштук маселелер алардын тагдырынын жанында эч нерсе болбой каларын түшүндүм.
Биз көрүп жаткан жарыкты көрө албай калгандар канча? Психикалык жактан жабыркагандардын жатагында профессорлор, илимпоздор, жакшынакай жашап келе жатып эле, турмуштун соккусун көтөрө албай, заматта эс-тутумун жоготкондор бар экен. Айрымдары балдарын жоготушса, кээ бирлери ажырашып кеткенден улам ооруп калгандарды көрдүм. Көрсө, андай жерге мен-мендеген адам деле түшүп калышы мүмкүн экен. Аларды көрүп өзүмө сабак алдым, көп нерсеге көңүл бурбаганга аракет кылдым.
– Өтүп бара жаткан жыл эмнеси менен эсте калды?
– Бул жыл чыгармачылыгымда жаман жыл болгон жок. Кудай берет деген чын экен, күтүлбөгөн жерден грамота, мактоо баракчаларына ээ болдум. Маданият тармагында жүргөнүмө 20 жылдан ашыптыр. Ошол эмгегим да эске алынды окшойт.
– «Колдорубуз көк боёк, тергенибиз бүлдүркөн» деген саптары бар ырды алгач сен ырдап чыксаң керек эле?
– Ооба, ал ырды мен 9 жашымда ырдап чыктым. Сөзү Жолон Мамытовдуку, обону бир тууган таякем Атайбек Бөдөшовдуку. Таякем, Каныкей жеңем бир жолу биз жакка гастролдоп келип калышты. Мен ал кезде мектепте өткөн иш-чаралардын баарын алпарган, активдүү окуучу элем. Ата-энем «таякең менен таажеңең көрсүн» дешип мени ырдатышты. Экөө тең «жакшы ырдайт экен, бизге бергиле, биз менен гастролго чыгып келсин» деп алып кетишти. Ошентип таякем мага «Ай, бүлдүркөн, бүлдүркөн» деген ырды берип, ырдап калгам. Эсиңде болсо «Байкем, эжем жана биз» деген телекөрсөтүү бар эле. Ошол көрсөтүү менин аткаруумдагы «Бүлдүркөн» менен башталып, «Бүлдүркөн» ыры менен жабылчу.
Алгачкы гастролдон эле мени Гүлшайыр Садыбакасова, Айбек Карымов байкаган экен. Өздөрүнүн тобуна чакырып, ата-энемден уруксат сурашты. Алар «мектепти окуп бүтсүн, кайсы кесипти тандайт анан өзү чечет» деп коюшкан. Мектепти аяктаган соң борборго келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүнө тапшырдым. Акырындап чыгармачылыкка аралаштым.
– Акыркы учурда жаңы ыр жаздырганыңды байкай элекпиз. Денис Бобков менен жашап жүргөнүңдө жаңы ырларың байма-бай чыгып турчу эле?
– Ажырашуу кимге болбосун катуу тиет. Ошондон улам чыгармачылыгым бир аз солгундап калды окшойт. Стрессте жүргөнүмдө мени элим колдоп кетти. Телефон чалышып, интернеттен жазышып «Биз сизди сыйлайбыз. Кыргыздын таланттуу кызысыз, ырдаңыз, жаңы ырларды жаздырыңыз» деп мага дем-күч беришти. Мени ошондой учурда көтөрүп кеткен элимди чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм.
Азыр, Кудай буюрса, баары жакшы, чыгармачылыгым мурунку калыбына келип калды. Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып эле жатам. Бирок эмнегедир өлкөдөгү башкы телеканалдан менин ырларымды беришпейт. Күйөрмандарым, журналисттер «эмнеге Жанета чыкпай калды, көп эле концерттер болуп жатат, анын биринде да жок» деп интернетке жазып жатышат. Эмне себептен чыгарбай жатышканын билбейм.
– Балдарыңа атасы каралашып турабы?
– Иштеп турсам балдарымды бутуна тургузуп кетермин. Балдар аныкы, жардам берем десе ким каршы болот? Балам атасын көп сагынат, өзү телефон чалып сүйлөшүп турат. Эркек балага баары бир атанын көңүл буруусу керек окшойт.
– Бой жетип калган балдарды жалгыз тарбиялаш оор болсо керек. Сен көргөндү алар башкача көрүшөт, сен байкаганды алар байкагылары келбейт дегендей...
– Чоңоюп калган балдарды урушкандан өзүң эле тартынып калат экенсиң. Арина 10-класста, Максим 9-класста окуйт. Экөө тең урушканга жеткирбейт. Кудай берген балдарым бар. Мени дайыма колдоп, баарын түшүнүп, аяп турушат. Экөөлөп жеңилимди жерден, оорумду колдон алышат.
– Мурунку жолдошуңду «заманбап той берип үйлөндү» деп жатышат. Уул-кызы тойго барыштыбы?
– Денистин өзүнүн жашоосу, менин өзүнчө жашоом бар. Ага бакыт каалайм. Уул-кызын тойго чакырган жок, алар жадакалса атасынын үйлөнгөнүн билишпейт.
– Кирип келе жаткан жылдын босогосун кандай максат, кандай пландар менен аттаганы турасың?
– Жыл жаңырганга чейин концерт берейин деген планым бар эле, бирок жетишпей калдым. Буюрса, борбордо жеке концертимди берейин деген ниетим бар. Ырдап чыккысы келгендер «сиз мектеп ачсаңыз окуйт элем» деп көп кайрылышат. Ошондон улам ырчы болом дегендерди окутуучу музыкалык мектеп ачсамбы деген ойдо жүрөм. Качан ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт.
– Жаңы жылды кайдан тососуң?
– 31-декабрда жылдагыдай эле «Ала-Тоо» аянтында ырдайм. Анан саат 12ни балдарым менен үйдө тосом.
– Рахмат маегиңе, ойлогон ой-максаттарыңа жет. Келе жаткан Жаңы жылың менен!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg