БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮ: МАРС БӨДӨШЕВ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Мындан жарым жыл мурун өлкөдө акылга сыйбаган кылмыш иши катталган. 27-май күнү 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Ала качуунун арты кыздын өлүмү менен аяктаган. Бурулай башка жерде дагы эмес, райондук ички иштер бөлүмүнүн ичинде бычакталып, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапкан. 11-декабрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бул иш боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, сот Бурулайды Марс Бөдөшев өлтүргөн деп таап, ал 20 жылга эркинен ажыратылды.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ...

2018-жылдын 27-майында медициналык окуу жайдын 20 жаштагы студенти Бурулай Турдали кызын Марс Бөдөшев аттуу жаран Бишкектен Таласка ала качкан. Бирок алар Сосновка айылындагы посттон өткөндөн кийин кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген. Жайыл РИИБинин имаратынын ичинде Бурулай Турдали кызы да, Марс Бөдөшев да бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ооруканадан Бурулай жан берсе, Бөдөшев анын өлүмүнө шектелип кармалып, айыккан соң ооруканадан абакка которулган.

Бул окуяда милиция кызматкерлери шалаакылык кылгандыгы үчүн коомчулуктун сынына кабылып, 23 милиция кызматкери ар кандай жаза алган.

Марс Бөдөшев соттук отурумдагы көрсөтмөсүндө Бурулай менен кыз-жигит катары 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөндүгүн айтты. Буга далил катары анын жакындары экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн да жарыялашкан эле. Бирок бул маалыматты Бурулайдын жакындары четке кагып, кыздын август айында башка жигитке турмушка чыгууга камданып жүргөндүгүн айтышууда. Бөдөшев Бурулайга жана өзүнө бычак сайганы эсинде жок экендигин айтууда. Эксперт-криминалист Эрмек Саманчиев кылмыш орун алган жерден бычакты көргөнүн, бирок окуяны көрүп нес болгондугунан андан бармак издерин албай калганын айткан. Башкача айтканда, эксперт окуя болгон жерге барып туруп, негизги милдетин аткарбай койгондугун өзү тастыктап жатат. Аталган жагдайга сот тарабынан көңүл бурулган жок. Дагы бир жагдай, окуя болгон күнү Жайыл
РИИБиндеги камералар эмнегедир иштебей калган.

Сот залында мамлекеттик айыптоочу соттолуучуну кыз ала качуу жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыптуу деп таап, жалпы 23 жылга эркинен ажыратууну, ал эми ала качууга көмөктөшкөн Акмат Сейитовду 7 жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бөдөшевдин жактоочусу болсо бул иш боюнча толук иликтөө жүрбөй жатканын айтып, кылмыштын курамы толук аныктала электигине байланыштуу айыпталуучуну актап берүүсүн суранды.

Жыйынтыгында Свердлов райондук соту тарабынан Марс Бөдөшев кылмышты жасаган деп табылып 20 жылга, ал эми кыз ала качууга көмөктөшкөндүгү үчүн Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары жабырлануучу тараптын доо арызынын негизинде Марс Бөдөшев Бурулайдын жакындарына материалдык чыгым катары 300 миң сом, моралдык чыгым катары 500 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

“БИЗ АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮРӨШӨБҮЗ. УУЛУМ КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕС”

Гүлийпа Бөдөшеванын уулу абакта жатса, сентябрь айында ал жолдошунан айрылып, кара жамынган. Көзүнөн аккан тамчы жашын улам сүрткөн эне уулунун акталышы үчүн дагы да чуркай берерин айтат:

– Сот уулумду 20 жылга эркинен ажыратты. Акыйкат, чындык кайда? Соттук отурумду баарыңар көрдүңөр. Айыптоочу тарап уулумдун күнөөсүн далилдөөчү бир далил келтирдиби? Жок. Кана бычактагы бармактын издери? Бычактын өзү кана? Бири 12 сантиметрлик бычак дейт, экинчиси 29 сантиметрлик дейт. Бири сары бычак десе, экинчиси ак бычак деп көрсөтүштү. Бычакты милиция кызматкерлеринин бири баштыкка ороп столго койгом десе, башкасы дагы башкача айтып көрсөтмө берип жатышат.

Дагы белгилечү жагдай, уулум эс-учун жоготуп жатканда 28-май күнү бир тергөөчү барып көрсөтмө алып жатат. Кана ал тергөөчү? Эсине келе албай жаткан адамдан кантип көрсөтмө алды? Уулум ооруканада жатканда 7-8 күндөн кийин суранып жатып кирсем, балам мени тааныбай койгон эле. Анда ал кантип көрсөтмө берген? Адам өзүнө 4 жолу бычак сая алабы? Аны да териштиришкен жок. Жактоочубуз айткан жагдайларга сот көңүл бурган жок. Баламды ак жеринен соттошту. Кантип чындыкка жетип, акыйкатты кайдан издейм, кимден жардам сурайм, билбейм (ыйлап).

“УУЛУМ БУРУЛАЙДЫ 27-МАЙ КҮНҮ АЛА КАЧКАН. БИРОК 4-МАЙДА КЫЗ ӨЗ КӨҢҮЛҮ МЕНЕН ЧЫККАН”

– Окуянын чоо-жайын уулумдун өз оозунан угайын десем ага такыр жолуктурбай жатышат. Баламды сот залынан гана көрүп жатам. Анда да балам көрүнчү жерге бирөө туруп алса, жиним келип аларды кубалап, ошол жактан болсо да баламды көрүп алууга ашыгам. Уулум күнөөлүү эмес. Күнөөлүү болсо жазасын алсын. Бирок күнөөсүн далилдеп беришсин, ишенейин. Мындан тышкары сот жабырлануучу тарапка жалпы 800 миң сом төлөп берүүбүздү милдеттендирди. Марс өзү камакта жатса, мен аны кантип төлөйм? Өзүм 4 миң сом гана пенсия алам.

Ооба, уулум 27-майда ал кызды ала качыптыр. Бирок 4-майда ала качкан эмес. Анда кыз өзү көңүлдөнүп уулум менен чогуу Таласка кеткен. Балам кызды өлтүргөн эмес. Ичим сыйрылып жатат. Эмне себептен иш мындай нукта жүрүп жатат, түшүнбөйм. Уулумдун акталышы үчүн чуркайбыз, күрөшөбүз. Эми жактоочулар менен кеңешип, кийинки инстанцияга арыз жазабыз.

 

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Сот залына кирип жатканда ал “сот туура чечим чыгарса, эч жакка кайрылбайм. Туура эмес чечим чыгарса, мындан ары да күрөшөм” деп билдирген.

АЛА КАЧУУ – КЫЛМЫШ!

Буга чейин канчалаган кыздар ала качуунун курмандыгы болуп келишкен. Алардын көпчүлүгү коомдун басмырлоосунан улам арыз жазуудан да тартынышкан. Арыз жазган күндө деле күнөөлүүлөр жаза алган учурлар жокко эсе. Ала качуу кылмыш экендигин жана ал мыйзам аркылуу жазаланарын коомго түшүндүрүү үчүн Бурулайдын өлүмү керек беле?

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
NURSAPAR
2018-12-18 15:20:38
Күнөө кимде экенин билбейм. Бирок тиги шалаакы менттерди камаш керек болчу экспертине жок дегенде 5 жыл бериш керек деп ойлойм. Ушуга окшогон колунан эч нерсе келбеген эшектердин айынан жаш кыздын өмүрү үзүлдү. Жакындарына сабыр
+19
meni_kut
2018-12-18 18:23:30
Кымызды ичкенге бер ,кызды сураганга бер...Турдаали ава Таласты алыс деп бергиси келбеген го,оздору Жалалабаттан болчу...Алла озу сактасын мындай окуядан
+10
MEERIM3
2018-12-18 19:45:38
Экспертке эмне болгон нес болду деп, жатып эле албаптыр, андай эксперттер уялсаңар. Эртеби кечпи баарибир баары жазасын алат. Жигитте күнөө жок экендиги көрүнүп эле турбайбы? Ушундайларга ыйман берсин...
+8
aimai
2018-12-18 22:47:26
Balasi kandai bolbosun ene da .enesine boorum oorup ketti
+3
Mystery
2018-12-18 23:45:36
Шордуу энеде не айып!!! Оюу боюнча, милициялар экоону бычактап, анан буларга шылтаватабы. Чындыкты бир Аллах билет. Бирок, ачууга алдырып, кызды да озун да олтурмок да, анан озу олбой калып... эркекче, олтурсон олтурдум депле айт да
+2
al79mi
2018-12-19 10:46:22
Адам озуно 4 жолу бычак сая албаса керек. Айтор бир мандем бар. Эки жашты оюна эле койгондо мынчалыка барбайт эле. Кудай тубун тузосун.
+5
almir
2018-12-20 19:32:29
al79mi,туура адам озуно торт жолу бычак сая албайт мени бир сайганда эле кулагам жоон ичегини тешиптир эки жеринен марстыкы торт жеринен деп окугам бир кудай билбесе мен билбейм
+5
Avrora2017
2018-12-19 14:26:59
Жазасын отоп чыгат, олтурдубу отурсун 20 жыл, энелерге го эмне эч качан баласын олтурду деп айтпайт, кашанын баарын кылган Марс тунку каракчыдай болуп кызды эмне ала качат, эмне бычак саят, эми турат былтыйып мойнуна албай , баарын милициянын мойнуна артып кутулам дегенго, намысы уяты жок бала экен бир окунуп жок дегенде Бурулайдын апасынан кечирим сурап койбойбу кекирейбей, омур бою камап салса туура болмок, канча энени боздотту, канча атаны сыздатты, канча бир тууганды ыйлатты, досу
-3
Avrora2017
2018-12-19 16:45:37
Avrora2017,досун кошо ала кетти кошоктоп, анын семьясыда куурады, озун эле ойлогон эгоист , даже ата энесинин авторитети жок бул балага, ата энеси тарбия берген эмесда
-7
Kgda
2018-12-21 04:46:44
Avrora2017, эн туура создорду жазыпсын.
-1
barakcha
2018-12-21 19:09:15
Avrora2017,турдаалыга ынсап берсин!
-1
Avrora2017
2018-12-21 23:10:21
barakcha,Турдали акеге асылганын асылган, карызын бар немедей, чап кенедей жабыштын го байкуш кишиге
0
zinagull1996
2018-12-19 16:23:58
Кимисине ишеништи билбейм го. Бирок. Ушунчалык жаман болуп ичим ачышып жатат.
+4
Avrora2017
2018-12-19 16:54:31
Эми сиз ыйынызды док кылбаныз балан тируу, Бурулайдын апасыда ыйлап сыздап журсо керек куну туну Бурулайды кайрый албайт алар, силер аягына чейин чыгабыз дейбергиле куноону мойнунарга албай Бурулайдын атасы да доконца барат, кудайым ошол кишиге Турдали акеге куч кубат денсоолук берсин
-2
barakcha
2018-12-21 19:10:02
Avrora2017,куч кубаттан мурда ичине ыйман тиле!
-4
Avrora2017
2018-12-24 15:26:39
barakcha,ыйманды озуно тилеп ал, ар ким озу учун жооп берет
0
Kgda
2018-12-20 17:31:28
Ушул жерде Турдалы аваны куноолуу деп жазгандар силерда ушул аванын абалын сезгиле. Ошондо тушуносунор, мончоктой кызынан айрылуу кандай болор экенин. Милицияга анан экспертерге какая разница по большому счету экоонун проблемасын бурмалап. Не милиция экоону мурда издеп журду беле колго тушсо олтуробуз деп, же эксперттер соттор бурмаласа пайда коробу аларга баары бирдей.
+4
Avrora2017
2018-12-21 04:08:42
Марсты ментер кечирбейт, бут милициянын бетине коо жапканы учун, кылган куноосун бутундой милицияга оодаргысы келген учун, жомок айтып, зонадан бир жазасын алар, кыз олтургондорду ал жерден оздорун кыз кылат, Сооронбай Жеенбековго кайрылгыла дейсинер, анын башка иши жоктой, кайрылган кундо да эмне демек эле киши олтурдубу камагыла дейта, может милицияларды дагы жазага тартат шаалакылыктары учун эсли президентке чейин жетишсе, то что эконуу бир кабинетке калтырып ушундай болгону учун
-4
Avrora2017
2018-12-21 04:29:08
Avrora2017,же эмне силердин оюнар боюнча бодошевди башынан сылап сот залынан актап чыгарып ийиш керекпи милициялар куноолу деп, тан калам комментерге тим эюэле прям актап жибергиле деп кыйкырып аткандарга, кантип киши олтургуч акталат, камалсын отурсун 20жыл, тартсын азапты, Бурулайдын уй булоосуно кылган азапты озу да тартсын, бир жакшынакай жаш кыздын жанын кыйып, чири эми турмодо
-1
Nargiz-8784
2018-12-21 12:52:04
Марстын куноосуу жок го дейм бул жерде милициялардын тиешеси бар го болбосо камераны жок кылышпайт эле
+2
Jelezo
2018-12-21 13:06:06
Тергоо так болбоптур бычак жок болсо колунун изи жок камера ошол куну иштебей калса анан кантип сот ишенип жатат ички тую сезими кучтуу сотбу.Криминалист кунуго коргону олум болсо керек кантип анан эс учун жоготуп койду же практикант бекен? мен баланы актап же каралоодон алысмын. Кызыл китепке кирчуу кыргыз сотторунда кана кумонум бар. Кайра тергоого жонотуш керек болчуда.
+1
Avrora2017
2018-12-21 22:46:09
Жашасын биздин соттор, эн туура чечим чыгарышты бодошевге, негизи ушундай киши олтургучтор кыз зордогон, кичик балдарды аесуз сабагандарга 20 жылдан ашык бериш керек, киши олтургучторго эч кандай пощада болбосун
-3
nurhan2702
2018-12-24 21:58:31
Avrora2017,мен да мурда комментарийди сендей жазчумун ,"Марс куноолуу"-деп.Бирок бул макаланы окугандан сон пикирим озгорду.Анткени каерде кылмыш болсо ошондогу куралды сары майдай сактап,сотто негизги курал катары колдонот.Элди келесоо ойлоп "бычак жоголду ,колунун изин албады"-десе ким ишенмек эле. Демек кызды милициялар олтургон. Акыйкат сот болушун эл жапа тырмак талап кылыш керек.А нтпесе бала жок жерден камалып атат
+1
barakcha
2018-12-24 23:01:54
Avrora2017,Кызынардын арты кайрылуу болсун.Коп баспа,коп жигиттин башын чимирбе,озунду эр ойлосон бироону шер ойло деп тарбия берсенер болмок экен...Озу эле кетпей канча адамды шорлотуп кетти.
-2
admin_portal
2018-12-25 14:47:47
barakcha, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган.
Avrora2017, barakcha, коомдук адепти сактагыла. Жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан