Гүлзат Мамытбек: “40 ТАЛАБЫМА ЖООП БЕРГЕН ЖИГИТТИ ТАПТЫМ”

Өткөн жумада өзүн "кыргыздын деми" атаган Гүлзат Мамытбек мечитке баргандагы видеосун жарыялаган. Анда ал жакында турмушка чыгарын, абдан толкунданып жатканын жана мечитке дуба кылганы келгенин айткан. "Голливуд жылдызы Том Крузга турмушка чыгам" деген ырчы айымдын бул жаңылыгы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Көрсө, Гүлзат Том Круз болбосо да, Голливудду багындырууну максат кылган Хуан аттуу мырзаны тааптыр.

– Мен октябрь айынын аягында досторумдун чакыруусу менен Эквадорго клип тартканы баргам. Алар англисче көп билишпейт. Досумдун Америкадан келген иниси бизге котормочу болуп берди. Кызыгы, ал мени дароо эле жактырып калды. Мен "Хуан, сенин максатың кандай?" десем "Голливуд, Оскар" дейт. "Менин да кыялым ошондой" деп бири-бирибизге жакын боло түштүк. Анан өзүмдүн жигиттерге болгон 40 талабымды карасам, баарына төп келди. "Экөөбүздүн максаттарыбыз бир экен, эми чогуу жетели" деп менден сурабай эле чечип койду. Ошентип бат эле ортобузда сүйүү жаралып кетти. Хуандын кесиби режиссёр, Эквадордо төрөлгөн, учурда Америкада жашайт. Менден бир жаш кичүү. Мурун үйлөнгөн эмес, балдары жок. Ага айттым: "Айланайын берекем, бизде нике жок үй-бүлө курганга болбойт. Мен балдарымды өзүм чоңойтуп, тарбия беришим керек, Кыргызстанды көтөрүшүм керек, мекенимден көчүп кете албайм",- деп. Сүйгөнүм да менин шартыма көнүп Кыргыз жерине аттанып жатат. Буюрса, келгенде баш кошуп, максаттарыбызды чогуу ишке ашырабыз дейт,- Гүлзат Мамытбек.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Surotchu-kyz
2018-12-18 13:49:40
Өз чечими! Каттуу айтканга акыбыз жок. Келип уйунордон нанынарды үзүп жеп кетип жатпагандан кийин, ишиңер канча? Өз жолу менен бакытын алып жатат жашоосунун!
Мен колдоочуларынан эмесмин мунун, бирок каршы чыгууга да акым жок! Бактылуу болушсун!
+5
Nanei
2018-12-18 14:00:47
Кырк талабын караганча кырк тарабын карасан боло,аялсынго сен
+3
Tiken
2018-12-18 14:18:31
40 талабына жооп бербесе куйоон анан эле чет олколук жооп берип калат бекен, странно... Создоруно иш-аракети дал келбейт го. Жон гана «эркиндик» издеп журосун го чиркин! И это не последний куйоо деп ойлойм сага. 40 талап 40 куйоого айланып кетпесе болду да эжекеси... А так дем бергенин жагат, позитив бар сенде.
+3
Journalistgirl
2018-12-18 14:31:04
Аман эле бол айлаанайын берекем.
+2
admin_portal
2018-12-18 15:21:55
Tyty1990, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
admin_portal
2018-12-18 15:22:14
aibi8984, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Nanei
2018-12-18 15:34:45
Кандай максатын бар десе" Голливуд, Оскар" дептир да Хуанасы ,ошентип койсо эле суйуп куйуп калыптырбы??? Окуп боорум эзилди,Эми айла жок экенда,бала чакасына ыйман берсин
0
Boha1
2018-12-18 16:54:06
Самара Каримова неге чыккан жок бул санында. Йутубдан күмүш баскычка ээ болду деген жаңылык менен чыгат болуш керек деп ойлоп аткам. Самаш калбачу эле го
+2
barakcha
2018-12-18 21:20:22
Boha1,чыгат шашпай тур.)
+3
Nanei
2018-12-18 22:11:11
Boha1,сагындынбы??
0
Mystery
2018-12-18 23:56:09
Boha1, настроение котордунуз
0
Mystery
2018-12-18 23:58:20
Эже эми бактылуу болунуз, бирок алдыгыныз чота аферисттей корунуп атат
+1
al79mi
2018-12-19 10:23:25
Убакыт корсотор. Чет олколукторго уйлонуп ажырашкан кеп эмес.
0
al79mi
2018-12-19 10:24:17
Озу кичине ХХХХ Г.Мамытбек
0
admin_portal
2018-12-19 14:26:21
al79mi, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Same
2018-12-19 18:33:27
Эч эле жакпайт да ушул катын. Озум деле билбейм неге экенин. Раздражает.
+1
orxidey
2018-12-19 19:46:19
Бактылуу болсун мейличи чыкса чыксын мумкун жашап кетеер бирок......
0
Avrora2017
2018-12-19 23:08:05
Самара Анжелика Гулзат Мамытбек Нурзат кыргызстандын алдынкы айымдары, мега звездалар
0
Erjigit15.kg
2018-12-21 16:35:03
Эми Хуан дебейле Кыргызстанга келсе Кубан деп ал
+1
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан