Манас Ниязов, улакчы: «ЭЛДИН СӨЗҮНӨН ЧОЧУЛАП, НАЗИРА МЕНЕН ШААРДАН ЖОЛУГУШУП ЖҮРДҮМ»

Көк бөрү боюнча улуттук курамда, ошондой эле Оштун "Достук" командасында ойноп, көптөгөн ийгиликтерге ээ болуп келе жаткан улакчы Манас Ниязов жыл жаңырар алдында ата-энесин келиндүү кылды. 25 жаштагы Манастын арзыганы Назира 19 жашта. Жаштардын заманбап тою 12-декабрда Ош шаарында болуп өттү.

– Куш боо бек болсун, Манас! Өлкөгө таанымал улакчы мырзанын арзыганы ким болду экен?

– Саламатсыздарбы? Рахмат. Келинчегимдин аты Назира, айылдашым. Өзүбүздүн эле Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылынан. Менден 6 жашка кичүү. Мектепти аяктагандан кийин Орусияга барып иштеп келген. Назираны мурун-кийин көрүп жүрчүмүн. Ушул жылы жакындан таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык.

– Сага ашык болгон кыздардын саны көп эле болсо керек. Ошолордун ичинен Назиранын эмнесине арбалдың?

– Анын жөнөкөйлүгүнө, эстүүлүгүнө арбалдым го. Жылдыздуу кыз, көз карашы, мага жасаган мамилеси жакты. Анын үстүнө Назираны ата-энем да жактырды. Ата-энемди, бир туугандарымды сыйлайт. Биринчи жолугушууда эле Назирага үйлөнөрүмдү түшүнгөм.

– Буга чейин ата-энең “үйлөнбөйсүңбү” деп айтып калчу беле?

– Ата-энемдин кичүү баласымын. Алар “качан үйлөнөсүң?” деп калышчу. Мына, ал суроодон да кутулдум. 11-декабрь күнү кыргыздын каада-салты менен кыз узатуу тою болду. 12-декабрда Ош шаарындагы тойканалардын биринде заманбап үйлөнүү тоюбуз өттү. Мыйзамдуу түрдө никеге туруп, нике күбөлүгүн колубузга алдык.

– Романтиксиңби? Жолугушуулар суунун боюнда, алма бактын жанында болсо керек?

– Мен ошол романтикага жокмун. Жолугушуулар болду, албетте, бирок сиз айткандай, суунун боюнда, алма бактын жанында эмес. Айылда бир жолугушуу болду дегиче бүт айыл билет да, уу-дуу сөз кетет. Элдин сөзүнөн, көзүнөн чочулап, шаар жакка чыгып жолугушуп жүрдүк.

– Улак тартыштарда байгесиз калбаганыңды билебиз. Ондогон бодо мал, темир тулпар утуп жүргөн улакчы канча калың берди?

– Ачыгын айтсам мактангандай болуп калам. Жакшы эле бердим, кайын журтум ыраазы болушту деп ойлойм.

– Жакшы. Сени кандай күйөө, кандай ата болот деп элестетели?

– Сөз жок, жакшы ата болом. Атам бизге кандай тарбия берсе, мен дагы балдарыма ошондой тарбия берем. Көп балалуу болгум келет. Келечекте кыргыздын намысын коргоп, желегин желбиреткен уул-кыздарды тарбиялайм деп өзүмө ишенем. Кандай күйөө болушум мүмкүн? Бул суроого кийин жооп берейин, ээ?

– Атаң да улакчы болгон, сен да өлкөнүн алдыңкы улакчыларынын бирисиң. Балдарыңды улакчы кыласыңбы?

– Көп балалуу болгум келет дебедимби. Албетте, баарыңар улакчы болгула деп айтпайм. Арасынан улак тартышка кызыккандары болсо колдоп, кеңешимди берем. Калгандары мыкты билим алса деп кыялданам.

– Сыртыңдан бир мүнөз, жиниңе тийгенди балжа-булжа кылчудай көрүнөсүң, жашоодо кандай адамсың?

– Жиним чукул эмес. Оңою менен козголбойм. Дайыма сабырдуу болууга аракет кылам. Бирок бир жиним келсе катуу элемин.

– 2018-жыл эмнеси менен эсиңде калды?

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Жыл соңунда минтип өмүрлүк жарымды таап отурам. 2018-жыл ушул 2 окуя менен эсимде калды.

– Баса, Манас деп атыңды ким койгон?

– Атам менен апам балдарына жалаң баатырлардын атын коюшуптур. Агаларымдыкы Жаныш, Байыш. Менин атымды “Манас атасындай баатыр болсун” деп апам койгон экен.

– Жаңы жылды улакчылардын үй-бүлөсү кандай тосот? Улак тартыш болбойбу?

– Жаңы жылды биздин үй-бүлө майрамдабайт деле. Майрамдабай калганыбызга 5-6 жыл болду. Жөн эле үйдө отуруп 2019-жылды тосуп алабыз.

– Бактылуу бол, кармашкан колуңар бекем болсун!

“МАНАСТЫ ЖАКШЫ КӨРГӨН КЫЗДАР КӨП БОЛЧУ”

Манастын келинчеги Назира менен да азыноолок маектештик.

– Назира, саламатсыңбы? Конгон тууруң бек болсун!

– Рахмат.

– Манастын айылдаш карындашы болгондон кийин улакчы, ага катары аны жакшы таанычу экенсиң да, сезимдер качан ойгонду?

– Ооба, Манасты ага катары да, улакчы катары да жакшы таанычумун. Башында ага-карындаш катары сүйлөшчүбүз, кийин сезимдер ойгонду.

– Колуңду сураганда кандай кабыл алдың?

– Чынында айылда Манасты жакшы көргөн кыздар көп болчу. Курбулар арасында сүйлөшүп калганда байкачумун. Кыз-жигит болуу сунушун айтканда аябай толкундандым. Манастын жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги жакты. Колумду сураганда ойлонуп көрөйүн дедим. “Ата-энемди кантип таштап кетем” деп кыя албай жаттым. Мен 3 бир тууганмын. Бир байкем, бир эжем бар. Экөө тең үйлөнүп-жайланып өзүнчө жашашат. Ата-энем менен мен чогуу жашагандыктан аларды таштап, башка үй-бүлөгө кетүү оор болду. Ата-энеме Манастын сунушун айтсам “турмушту алып кетериңе көзүң жетсе, биз макулбуз” дешти.

Сүйүн Кулматова,
Адилет Топчубаев,
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
sumay2015
2018-12-18 13:26:30
Жонокой журокко жагымдуу маек болуптур. Озумчо эле суйунуп окудум. Бактылуу болушсун!
+9
Djia_Deolofeo
2018-12-18 13:58:04
Бактылуу болгула, тилектеринер орундалсын. Манастын сабырдуу, токтоо экени сыртынан эле билинет.
+6
mela
2018-12-18 14:48:05
Улакчы Манас деп коп окучумун ,бирок суротун корбопмун.Улакчы Десе капкара,кулак ,манжалары сынган,курооз элестетчумун...Бир жолу ушинтип костюм Шым кийгизип,чыгарып койсонор болмок экен....Бойдоктор бурчу деп чыкчу Эле го....
+22
Nanei
2018-12-18 15:02:03
mela,аракет кылмак белениз сиз дагы тийгенге
+7
mela
2018-12-18 20:13:12
Nanei,албетте)))
+7
jai
2018-12-18 16:16:54
Мага коммент окуган кобуроок жагат. Жалан баарына +басып чыктым. Манасты бут эле кыргыз кыздары жакшы корот ко дейм)))
+9
Cherik.777
2018-12-18 16:56:31
Бактылуу бол иним
+7
Aitush9595
2018-12-18 17:05:41
Бактылуу болгула. Бири биринерге пара экенсинер :)
+6
Alixan-Nookat.2015
2018-12-18 20:10:00
Бактылуу болгула!
+8
didu
2018-12-19 07:04:58
Азамат кучтуу ХХХХ Эми болот экенда
+3
Siren.ms
2018-12-19 12:13:27
Окшош экен кудайым окшоштуруп кошотда озу
+5
zinagull1996
2018-12-19 16:19:49
Манасты мен келин болуп турсам да. Кызганып жаман болдум го. Бактылуу болгулаа. 2буйно тен арвп тен каарыгылаа.
+5
Benazir08
2018-12-19 17:42:39
Бактылуу болушсун. Бирок кыз аябай эле жаш экен 19жаш ващще да... Ииий кыздар озу 23-25те турмушка чыксак болчудай экен.
+6
Birimdik5555
2018-12-20 00:01:23
Бактылуу болгула туболуко
+3
adiletik
2018-12-20 08:17:14
Бактылуу бол Баатыр!
+3
Nur777
2018-12-20 21:36:02
Жубайлардын ону-башы окшош келсе бактылуу болот дешчу эле,экоо бири-бирине окшош экен)) Жылдыздуу,сулуу,бактылуу жубайлардан болуп журо беришсин!
+6
Beka1986
2018-12-20 21:43:28
Ишти кыл эми Манас
+3
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан