Быйыл Орусиянын эң жаш мыкты футболчусу деп бишкектик Илзат Ахметов табылды. Ал учурда Москванын ЦСКА командасынын оюнчусу. Илзат бул ийгилиги менен кыргыз футбол талааларынан карьерасын баштап, мадриддик “Реалды” да жеңсе болорун далилдеп берди.
Аты-жөнү – Ахметов Илзат Тоглокович
Туулган жылы – 1997-жыл, 31-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Улуту – Уйгур
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 67 килограмм
Ойногон клубдары – “Алга” (Бишкек), Академия (Тольятти), “Рубин” (Казань)
Учурда – ЦСКА (Москва) клубунун оюнчусу
Амплуасы – Жарым коргоочу
КЕРЖАКОВ, АКИНФЕЕВ МЕНЕН БИР КАТАРДА
17-декабрь күнү Орусияда жаш футболчулардын арасынан эң мыктысын аныкташты. “Алгачкы бешилтик” деген аты бар наамдагы биринчи орунду 202 упай менен ЦСКА клубунун оюнчусу Илзат Ахметов багындырды. 21 жаштагы футболчу быйылкы жылдын июль айында армиялык клубга кошулуп, 4 жылга келишим түзгөн.
“Сыйлык алганыма абдан кубанычтамын. Буга чейин машыктырып келген жана учурда машыктырып жаткан насаатчыларыма ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы ийгиликтерди багындыруу үчүн иштешибиз керек”,- деп кубанычы менен бөлүшөт Илзат.
Ахметов бул сыйлыгы менен Орусиянын мыкты футболчуларынын катарын толуктады. Буга чейин бул сыйлыкка Александр Кержаков, Игорь Акинфеев, Александр Головин сыяктуу футболчулар татыган. Бул катарда эми бишкектик бала да ордун тапты.
ЧЫГЫШ-5ТЕ БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Ахметовдун үй-бүлөсү азыр деле Бишкекте жашайт. Атасы Тоглок Ахметовдун айтымында, Илзаттын ойногон алгачкы тобу азыр деле үйүндө турат. Ал кичине кезинен эле Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы үйдүн жанындагы футбол талаасынан чыкчу эмес. Муну байкаган атасы баласын Бишкектин “Алга” футбол командасына алып барат. Илзаттын эң биринчи машыктыруучусу Владимир Александров: “Илзат бизге 1-класста келсе керек. Ошол кезде Бишкектеги Футбол борборунда жаңы талаа салынган. Ошондо эле топту эч кимге бербей алдаганды жакшы көрчү. “Алга” менен 2007-жылы Тольятти шаарына мелдешке катышканы барып калдык. Ошол мелдешти ута албасак да Илзат “Мыкты жарым коргоочу” наамына татыган. Ошондон кийин Тольяттидеги машыктыруучулар Илзатты өздөрүнө чакырып калышты”,- дейт.
“Машыгууларда Илзат шамдагайлыгы менен айырмаланып турчу. Бир жыл бою 9 жаштагы Илзатты ата-энеси менен чогуу ар кайсы мелдештерге чакырып жүрдүк. Орусиянын жарандыгын алгандан кийин гана биздин академияга алууга мүмкүн болгон”,- дейт Тольяттидеги Футбол академиясынын машыктыруучусу Сергей Никитин.
ТОЛЬЯТТИДЕН “РУБИНДИ” КӨЗДӨЙ
Ахметов кийин Казандын “Рубин” командасына кошулат. Бул командада 16 жашында “Рубиндин” негизги курамында талаага чыгып баштаган. Бирок аталган клубда машыктыруучулар алмашып, Илзат талаага көп деле чыга алган эмес. Ал “Рубиндин” курамында 4 жыл ичинде жалпы 27 жолу Премьер-Лиганын оюндарына катышкан.
Илзат талаанын ортосунда ойногон жарым коргоочу. Анын башкы милдети – коргонуудан чабуулга өтүүнү камсыздоо. “Оюндун жүрүшүндө анын башы 360 градуска айланат эле. Мындай футболчунун башы иштейт, демек, аны талаанын ортоңку бөлүгүндө ойнотуу керек”,- дейт кезинде “Рубинди” машыктырган Ринат Билялетдинов.
Илзаттын “Рубин” менен коштошуусу жаңжал менен коштолгон. Негизги курамга кошулбай жаткандыгы, айлык акы боюнча жана башка пикир келишпестиктерден улам 2018-жылдын июль айында Илзат башка командага кошулат. Ахметов Москванын ЦСКА футбол клубунун оюнчусуна айланат.
АХМЕТОВ МОДРИЧ МЕНЕН КРООСТУ ТИЗЕ БҮКТҮРГӨНДӨ...
Гончаренко машыктырган ЦСКА башынан эле жаш футболчуларга басым жасап келет. Быйылкы жылы Чемпиондор Лигасынын тайпалык оюндарында дал ушул жаш футболчулар чуу жаратышты. 10-октябрь күнү ЦСКА өз талаасында мадриддик “Реалды” кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул оюнда Ахметов негизги курам менен чыгып, Кроос, Каземиро жана Модричти көлөкөдө калтырды. Талаанын ортоңку бөлүгүн көзөмөлдөп, ЦСКАны жеңишке жеткиргенге салым кошту. Муну менен Илзат Бишкектин футбол талаасынан машыгып баштап, “Реалды” жеңүүгө чейин жетсе болорун көргөздү. Миңдеген кыргызстандык жеткинчек футболчулардын умтулуусун ого бетер күчөттү...
“Мага көп эле жолу эмне үчүн туулган жериңдин намысын коргоп ойнобойсуң деп жазышат. Бирок баарын көрүп түшүнгөндөр мени түшүнөт. Мен Кыргызстанды саткан жокмун, тескерисинче, туулган жеримди таанытууну каалайм”,- дейт Илзат.
Жакында эле Илзат Орусиянын башкы курамына чакыруу алды. Бирок алган жаракатынан улам оюндарга катыша алган жок. Учурда Илзаттын оюнун байкаган Европанын ири клубдары көбөйүп жаткан чагы. “Рома” жана лондондук “Арсенал” кезекке туруп калышты...
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg