Чолпон Талипбек, ырчы: «ТОПТО ЫРДАГАНГА КАРАГАНДА ЖЕКЕ ЫРЧЫ БОЛУУ КӨБҮРӨӨК ЖАКТЫ»

Чолпон Талипбек жеке ырчы катары үстүбүздөгү жылы билек түрө иштеди. Ыр артынан ыр жаздырып, клип тарттырып жүрүп жеке жашоого убакыт таба албай жаткан апта каарманыбыз соңку жаңылыктары менен бөлүштү.

– Салам, Чолпон. Маекке чакырсак "чет өлкөдөмүн" деп жаттың эле, эс алып келдиңби же жумуштар менен бардың беле?

– Саламатсыздарбы? Ооба, сиңдилерим менен чогуу Дубайга барып эс алып келдим. Чынын айтсам, көп жылдан бери биринчи жолу чыныгы эс алууга чыктым. Буга чейин кай жакка барбайын бүт эле жумушум менен барчумун. Бул жылы бир айды эс алууга арнайлы деп чечкенбиз.

– Мурунку маегиңде көптөгөн пландарыңды айттың эле, ишке ашып жатабы?

– Кудай буюрса, баары ойдогудай. Иштеп жатам. Жакында эле “Серенада” деген ырымдын бет ачары болуп өттү. Андан тышкары ырчы, аранжировкачы Амир Аскаров менен “Жүрөгүм эзилет” деген дуэт жаздырып, ага клип тартып жаткан чагыбыз.

– Эрктүү, максатыңа жеткен кыз көрүнөсүң. Себеби көкүрөгүңө пластикалык операция жасатканыңды ачык айткан алгачкы кыргыз ырчысы болдуң окшойт.

– Операцияга абдан ойлонуп, жакындарым менен акылдашып, көптөгөн маалыматтар менен таанышкан соң бардым. Бул менин жеке ишим, жеке каалоом болду. Жакындарым бул кадамымды түшүнүү менен жакшы эле кабыл алышты.

– “Кудай берген келбетти жайына койбойсуңбу” деп кеңеш айткандар деле болсо керек?

– Антип айткандар да бар. Андан башка түрдүү ачуу сөздөрдү айтып сынга алып жатышат. Чындыгында Кыргызстанда мындай операция жасаткан кыздар көп, болгону баары жарыялай беришпейт. Мен да эл катары жасаттым. Азыр 21-кылым, ким кайсы жагын өзгөртүп, жакшырткысы келсе өзүнүн иши.

– Өткөндө машыгуу залынан түшкөн сүрөтүңдү интернет баракчаңа жүктөдүң. Ал сүрөт талкуу жаратты...

– Тилекке каршы, биздин коом абдан сынчыл. Тигил же бул кемчилигиңди дайыма айта беришип депрессияга кабылтып салышы мүмкүн. Эгерде кыздар дене боюнда кемчилик бар деп эсептесе андан арылуунун биринчи жолу – өзүңдүн үстүңдөн психологиялык жактан иштөө, экинчиси – пластикалык операция жасатуу. Мен экинчисин тандадым.

– Сенин жеке жашооңду талкуулагандарга “чындык жарашпайт экен силерге” деп нааразы болгонуңду да окуп калдым. Чындыкты айтканыңа азыр өкүнүп калдыңбы?

– Бир чети өкүндүм, бир чети туура эле кылдым деп эсептейм. Себеби биз эл алдында жүргөндөн кийин баары бир кайсы бир күнү ал маалымат ушак катары тарашы мүмкүн эле. Андан көрө өзүм жашырбай эле айтууну туура көрдүм. Мен бирөөгө жамандык кылган жокмун, бирөөнү алдап, талап-тоноп кеткен жокмун. Болгону дене мүчөмө бир аз өзгөртүү киргиздим.

– Өзүң тууралуу сын-пикирлерди жүрөгүң менен кабыл аласыңбы?

– Сын-пикирлерге азыр көнүп деле калдым. Мурункудай болуп сын-пикирлерге көп деле маани бербейм. Бирок жакындарымдын ою мен үчүн өтө маанилүү.

– Жүрөгүң дале бошпу же бирөө түнөк таптыбы?

– Азырынча жүрөгүм бош. Балким, келе жаткан жыл мага тунук сүйүү алып келет...

– Бир жылдары киного да тартылып жүрдүң. Телеалпаруучу да болуп иштедиң. Жүрөгүңө кайсынысы жакын? Ырчы, актриса же телеалпаруучу?

– Чын эле мага телеалпаруучу, актриса, ырчы болуу үчөө тең жагат. Артист болгон соң ушул тармактардын баарынан өзүңдү тапсаң болот. Бирок мен үчүн биринчи орунда ырчылык турат. Топто ырдаганга караганда жеке ырчы болуу көбүрөөк жакты.

– Жакында эле сиңдиң Мадина эл аралык киносыйлыкта мыкты актриса наамына ээ болду. Кубанып, сыймыктандыңбы? Сиңдилериңе чыгармачылык жактан кандай колдоо кыласың?

– Сиңдилерим менен өтө жакынмын. Албетте, алардын ийгиликтерин өзүмдүн ийгилигимдей эле кабыл алам. Мадина жогорудагы ролго бекигенден тарта эле бүт үй-бүлөбүз менен толкунданып жаттык. Анткени бул чоң эл аралык долбоор. Өзүбүз кесипкөй актёр болбогондуктан кеңеш да бере албайт экенбиз. Ал тасмага тартылып жаткан учурда бизге телефон чалып турду. Биз маанайын көтөрүп, ишенерибизди айтып, жөн гана колдоп жүрдүк. Бул деле жетиштүү деп ойлойм. Анткени кандай ойноп, кандай болуш керек экенин ал өзү жакшы билет. Мадина актёрдук чеберчилик боюнча билим алган. Манас университетинде окуган. 4 жылдан бери Кыргыз улуттук драма театрында иштеп жатат. Андыктан биз ишендик. Тасманы көргөндөн кийин кубандык, сыймыктандык.

Мыкты актриса наамын алганда биз баарыбыз үйдө болчубуз. Биз үчүн да күтүлбөгөн жаңылык болду. Анткени Мадина бул наамга талапкер экенин билген эмеспиз. Ошондуктан Өзбекстанга барган эмес, билсек, албетте, бармакпыз. Тасманын режиссёру “Мадина, мени кечирип кой, сенин сыйлыгыңды мен алып койдум” деп интернет аркылуу кат жазды. Мадина аны бизге айтканда эле үйдөгүлөр баарыбыз чак-челекейге түшүп кубанып, кыйкырып, ыйлап баштадык (күлүп).

– Келе жаткан 2019-жылы алдыга кандай максаттарды коюп жатасың?

– Быйыл көп иштедим, буюрса, эмки жылы жыйынтыгы болот деп ишенем. Албетте, чыгармачылыкка көп басым жасайм, андан тышкары жакшы жаңылыктарым болот. Пландар көп. Ошондой эле сиңдилерим менен чогуу бир иш ачалы деп жатабыз. Азыр ошол идеянын үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, 2019-жылы ийгиликтердин жылы болот деп ишенебиз.

– Ишиңе ийгилик, максаттарың ишке ашсын!

"Сиңдилерим Мадина менен Мединанын ийгиликтерине өзүмдүкүндөй кубанам".

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чолпон Талипбек: "Мага жеке ырчы болгон көбүрөөк жакты"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
NURSAPAR
2018-12-25 09:38:27
Жасасалма көкүрөккө жасалма сүйүү келет го . Же болочок балдарың кукси менен чоңойобу.. Зыяны жокпу? Билгендер болсо айтып койгулачы. ..
-14
Ananasky
2018-12-25 10:56:44
NURSAPAR,баланы эмизгени болот деп уккан элем, бир врачтан.
+7
Alin16
2018-12-25 10:00:57
Чолпон сени жана синдилеринди аябай сыйлайбыз, анткени аябай аракетчил кыздарсынар,анча мынча элдердин жаман создоруно конул бурбай иштей бергиле, ар ким оз денгеелине жараша суйлойт.Удачи Вам!!!!!!!!!
+22
Skarlett-Skarlett
2018-12-25 13:42:00
Эже-синдиден откон жакшы дос жок.Ынтымакта болгула.Ийгилик,бакыт!
+11
bond02
2018-12-25 15:06:09
Суйлосо эле Дубайдамын, Америкадамын дешет го.
+10
klarisa
2018-12-25 17:13:42
bond02, айтпаныз. Керемет жашоо эле ушуларда .
+1
admin_portal
2018-12-25 15:26:40
nazgul20, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
-1
nazarnew
2018-12-25 19:49:32
Ушул кыз менен таанышыш керек болчу, жигити болгону кантип номерин алсам экен. Эх сүйүү, сүйүү десе мээм кой десе да болбой жүрөк баш ийдирип алды.
+2
Mystery
2018-12-25 22:34:14
Мен коп эле кыз эжелерди билем тошун жасатышкан, чолпон айткандай алар ачык айтпайт да. Бактылуу болгула эже синдилер
+3
lazygirl
2018-12-26 10:20:43
Жүрөгүм эзилет деген ыры сонун да
+2
ckopnuol-l
2018-12-27 01:49:37
Ошондо кокурогун чонойттубу??????
0
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан