Ильяз Абдыразаков, ырчы: «КЫЗЫМ КӨКҮРӨГҮМДҮ АЙМАЛАП СҮТ СУРАГАНЫН УНУТПАЙМ»

Бир кездеги кара тору балакай Ильяз Абдыразаков учурда 30 жашта. “Мен белим бешиктен чыга электе Мединаны бир көрүп жактырып, үйлөнгөм. Жубайым мурун кандай болсо ошол боюнча, өзгөргөн жок”,- дейт Ильяз. Ырчы мырза менен жашоосундагы өзгөрүүлөр, баалуулуктары тууралуу кеп курдук.

– Куш келипсиң, Ильяз. Үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгондон кийин баалуулуктар да өзгөрүп жатабы?

­– Ооба, бойдок кезде кызыкчылыктарыбыз такыр башкача эле да. Кандай уюлдук аппарат мода болуп жатат, кайсы клуб жаңы ачылды, кайсынысына бара элекпиз, кандай темир тулпар алсак, бильярд ойносок деген ой менен эле жашап келгенбиз. Түнү-күнү уктабай кафелерде ырдайт элек. Азыр ошол кезди эстеп, жинди болгон экенбиз деп коём. Эми болсо сиз айткандай, бала-чакалуу болуп, баалуулуктар өзгөрдү. Чет жактарга чыкканда да биринчи балдарыма эмне алсам деп турам.

– Чыгармачылыктагы эң ийгиликтүү учурум деп кайсы мезгилди айтасың?

­– Бала чакта кыялымда афиша чыгарып, билет сатып концерт коюп жүрчүмүн. Бирок ал ишке ашат деп ойлогон да эмесмин. Мен үчүн эң жемиштүү учурлар 2006-жылдан бери башталды. Кыялым орундалып, зал толо концерт бердим. Күйөрман күттүм, чет тилдерге которулган хит ырларды жараттым. Бирок ал кезде мен үчүн эң маанилүүсү элдин үмүтүн актоо, жаман жолго түшпөө эле.

– Бул нерсеге маркум мурунку продюсериңдин да салымы чоң болду окшойт?

­– Албетте, мен көп жыл Баяке Чааров деген продюсер менен иштешкенимди баары билсе керек. Ал кишинин менин чыгармачылыгыма салымы зор. "Түнкү саат 10-11ден кийин телефонду өчүрөсүң, кыздар менен сүйлөшпөйсүң" деген талаптарды койчу. Чыгармачылыктан чыгып баратсам, акырын тартып ордума алып келип коёт эле. "Ырдап берчи" деп чакыргандарга барсам, "көрүнгөн жерге бара бересиңби" деп урушуп койчу. Кезинде Баякенин сөздөрүн этибарга алчу эмесмин. Туура жол көрсөтүп жүргөнүн азыр түшүнүп жатпаймынбы.

– Сен бала кезиңден сахнада жүрөсүң. Мурунку ырчылардын түйшүгү менен азыркыны салыштырып болобу?

­– Барган сайын заман өнүгүп, жаңы технологиялар пайда болууда. Мурун биз ысык-суукка карабай жер кезип гастролдоп жүрчүбүз. Айылдарда элдин кол чабуусу менен сахнага чыгарда зал капкараңгы болуп свет өчүп калган күндөр көп болгон. Азыр ал нерсе деле артта калбадыбы. Аймактарга концерт коёрдо илгеркидей афиша, аппаратура деп баш оорутпайбыз. Көбүнчө бизди уюштуруучулар гонорар төлөп аймактарга чакырат. Илгеркидей концерттер суук Спорт ордосу же башка жактарда өтпөй, ресторандарга уюшулуп калды. Бул деле жакшы жетишкендик деп ойлойм. Эл да суукка тоңбой, жылуу-жумшак отуруп көрө алышат.

– Сен айткандай, заманбап жашоодо Инстаграм жылдыздардын жашоосу болуп калды. Сенде да көз карандылык барбы?

­– Мен мурун агентке кирген досторумду шылдыңдачумун. Негизи социалдык тармактарды олуттуу нерсе катары карабайм. Туура айтасыз, Инстаграм учурда абдан маанилүү каражат тапчу булакка айланууда. Бирок мен аны негизги жумуш деп эсептебейм. Эл катарында сүрөттөрүмдү жүктөп турам. Көз каранды эмесмин.

– Жазында кыздуу болдуң. Кызың менен биринчи жолугушуу кандай болгону эсиңдеби?

­– Медина Лиананы кесарево жолу менен төрөдү. Кызыбызды алып келип менин көкүрөгүмө жаткырышты. Эми андагы сезимдер унутулбайт го. Кызыбыз кичинекей назик колдору менен сүт сурагансып көкүрөгүмдү аймалап жаткандары, көздөрүн ачып-жумуп караганы өмүр бою көз алдымда тартылуу. Мен болсо азыр ыйлап калса эмне кылам деп өзүмчө эле коркуп алгам (күлүп). Эрке кызыбыз азыр 8 айлык болуп кылыктары чыгып калды.

– Жубайың Медина улуу балаңардын клавишада ойноп, ырдаган видеосун социалдык тармакка киргизген экен. Розан чын эле атасына окшоп музыканы тандап жатабы?

­– Балдарымдын музыкага жакындыгын көп байкайм. Лиана кызыбыз Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугарым билгенмин” аттуу ырын укса мемиреп уктап калат. Розан менин чыгармаларымды ырдап эле жүрөт. Өзгөчө “Сенин көзүң башкача” деген ырымды кечке ырдайт. Мындай “чымындарын” байкап клавиша белек кылгам. Медина дайыма балдардын жанында да, кызыктуу учурларды ушинтип видеого тартып алат. Розанды көрүп отуруп кээде балалык кезимди эстей берем. Негизи ал түрдүү кесиптин ээси болорун айтып чыкты, учурдагы кесиби ушул, ырчы болуу. Бул кыялдары дагы өзгөрөбү, аны көрөбүз да.

– Ата-энеге баланын оорусунан өткөн азап жок. Балдарыңарга катуу санаа тартып, көз жаш кылган кез болду беле?

­– Розан кичинекей чагында кечке кусуп калды. Инфекциялык ооруканага алып барсак дарыгерлер "3-4 күн дагы анализ тапшыртып байкашыбыз керек. Өтө коркунучтуу оору болуп калышы мүмкүн, менингит болсо башынан суу алышыбыз керек" деп жүрөктү түшүрүшкөн. Бишкектеги болгон ооруканаларга чуркадык. Медина байкуш кечке ыйлайт. Мен сыртыма көп нерсени чыгара албайм да. Баарын ичиме салып абдан санаа тартып баламдын келечеги үчүн ошондо катуу коркком.

– Эмоцияңды өмүр бою сактап жүрүш кыйын го. Медина да "ачылып сүйлөбөйсүң" деп айтабы?

­– Менден өтүп Медина да сөзгө жок. Экөөбүз бул жактан окшошпуз. Достор, шеринелештер менен отурганда эле ачылбасак. Табиятыбыз ушундай экен, эмне кылалы (күлүп)?

– Жубайың Медина менен баш кошконуңарга быйыл 8 жыл болуптур. Ошол аралыкта бири-бириңердин кандай сапаттарыңарды билдиңер?

­– Туура, биз 8 жыл мурун 19-декабрда баш кошконбуз. Мединаны өзгөрдү деп деле айта албайм. Анын туруктуулугун, үй иштерине тың, таза, тыкандыгын баалайм. Жөнү жок аны алам, муну алам дей бербейт. Мен тополоң кылсам да, "жөнчү" деп тамашалап өтүп кетет. Медина мага бир көргөндө эле жаккан. Мурун кыздар менен деле сүйлөшкөн эмесмин да. Белибиз бешиктен чыга электе эле Мединаны бир көрүп сүйүп үйлөнүп албадымбы. Андыктан анын бардык сапаттарын жактырам.

– Маекти учурдагы жаңылыктарың менен жыйынтыктайлы. Учурда эмне менен алексиң?

­– Ырга аранжировка жасап бер деген кесиптештер, казак туугандар көп. Убактымдын көпчүлүк бөлүгү аранжировка жасоо менен өтөт. Өзүмдүн чыгармачылыгым деле өз нугунда баратат, ыр жаздырып, клип тартып дегендей. Эмки жылы жеке концертимди берейин деген пландар бар. Ошондой эле жакында чоң долбоор болгону жатат. Буюрса, ишке ашканда кубанычтуу кабарым менен сөзсүз бөлүшөм.

Андан сырткары мурунку жер тамыбызды сатып, учурда башка жактан жер алып, эки кабаттуу үй салып жатканбыз. 2018-жыл мага жемиштүү эле болду десем жарашат.

– Маегиңе рахмат. Сенден жакшы жаңылык күтөбүз.

"Популярдуулугум артып турган кезде мен үчүн эң маанилүүсү элдин үмүтүн актоо, жаман жолго түшпөө эле".
"Чет жактарга чыкканда биринчи балдарыма эмне алсам деп турам".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Kg-kg-kg17
2018-12-25 09:48:07
Ооо !!!Ильяс братан кандайсын кайдасын.
Кыздарын коп , бербейсинби бироосун — деп Мажит ырдаса,
Шашпа иним деп бербей койгонсунго.Суйлошпогом деп коёт.Сыйлайбыз урматтайбыз ийгилик каалайбыз.Жакшы ырларды кутобуз!!!
+22
Aima94
2018-12-26 02:25:38
Kg-kg-kg17,ал ырды дагы деле угам. Эски ырлары маанилүү
+2
Ma9
2018-12-25 10:05:28
Бактылуу болунуздар сыйлайбыз сизди чон баланыз сизге эле окшош
+14
dobrajelatel
2018-12-25 13:23:41
Бактылуу бол!
+9
Skarlett-Skarlett
2018-12-25 13:36:47
Ильязга синдилерибиз коп ооруган да.Бир калыпта,жакшы жигит.
+11
balzaminka
2018-12-25 14:03:25
Ошол кезде популярдуу болуп тургандардан Ильяз менен Урмат Усеновду баалачу элем..жанылбаптырмын экоо тен жонокой
+19
Adi.Avazbekov
2018-12-25 23:23:10
Ушул братанды сыйлайм. Султан экоо жонокой бойдон бир калыпта журушот
+12
Dina.janym
2018-12-25 23:43:20
Кыргызстандын №1чи Супер Ырчы Мырзасы бул Ильяз Абдыразаков!!!❤️
Кандай сонун жонокой адам, бир калыпта журот!!!
Ырларыныз ар дайым, журогубуздун торунон орун алып келет, талантынызга чоон таазим!!!
Уй булоолук бакыт каалайм!!!!
+11
Lisalisa
2018-12-26 17:01:11
Омуру узуун болсун балдардын!Жонокой жигитит. Медина да ыймандуу келин корунот.
+4
bektemiroff994
2018-12-26 20:11:10
Ильяз мырза эмдиги концерт бергенинде репертуарындагы ырларындын баарын ырдап, Арманым деген ырындан азыркыга чейинки жазган чыгармаларынды тартууласан жакшы болмок.
+6
Kumarchik
2018-12-27 11:37:54
Азамат Ильяз ырларын сонун
+5
cholpon119966
2018-12-27 13:35:37
Бардык эле аталар балдарын ушундай жакшы корсо кана эле...
+5
AikUrm
2018-12-31 02:47:03
Баалайм бул ырчыны.Биздин кызыбыз 7-апрелде торолду..Кызыгы,биз да Лиана койгонбуз.Кыздуу болгонун окуган болчум,атын укпаган экенмин.
+3
Tamara.99
2019-01-01 09:28:21
Ильяздай кыйкырып ырдаган сахнада кеенен бийлеп ырдаган ырчы чыкпады ,Ильяз бир жаралган экен 80% ырчыларга ообон аранжировка иштеп берет бирок ал ырчылар Ильяздын атын аташпайт ,Ильяз Абдыразаков сиз менен өмүрүбүздүн аягына чейин биргебиз.
+4
nuriyaeljan
2019-01-01 15:34:54
Жаны Супер-Инфо чыкпайтатгооо не болду
+2
admin_portal
2019-01-01 21:01:55
nuriyaeljan, саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны эртең чыгат.
0
munduz2016
2019-01-23 09:02:52
Талантыңа беш кетем!!!
Бактылуу болуп жүрө бер үй-бүлөң менен!!!
0
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан