Экөөбүз кайрадан уруштук. Сенин өчүк телефонуңа 100 жолу чалып, 200 СМС жөнөтүп коюп өзүмө-өзүм көйгөй жаратып көз жашымды көл кылып отурам. Сен Бишкекке кеткен сайын ушундай. Сен телефонду өчүрөсүң, мен болсо анын себептерин издеп өзүмдү кыйнайм. Эмне кылып жүргөнүңдү билбейм, бирок башка шаарга кетсең эле көкүрөгүмдөгү кызганыч мени жеп коёт. Уктай албайм. Кээде түнү менен ыйлап чыгам. Сен бул ыйга татыктуу эмес экениңди билем. Экөөбүздүн жолубуз кошулган күндөн тартып туура эмес кадам жасаганымды билем. Сени кызганууга акым жок экенин да билем. Бул мамиле ушул жерден же дагы кийинки бурулуштан токтошу керек экенин түшүнөм. Бирок сени коё бере албайм, башкага ыраа көрө албайм, сенсиз жашоомду элестете албайм. Бек кучактап жалгыз мендик кылып алгым келет.
Бирөөгө баш ийе албаган өзүнчө эле күчтүү кыз сен каалагандын баарына макул болуп, “отур” десең отуруп, “тур” десең туруп калдым. Мага көңүл бурбай койгонуңа чыдай албайм. Кайсы күнү сени алыстатып алам, кимге тарттырып алам деп коркуу менен жашайм. Балким, жашоомдун чоң бөлүгүн ээлеп алганың үчүн анда кадимки адамдардыкындай мамилеге орун калбай калгандыр. Балким, чын эле курбум айткандай, сенден аркы жашоомду көрө албай, айланамдагы башка мырзаларды байкабай келаткандырмын. Ооба, мен алсызмын. Маселе сүйүүгө келгенде мен такыр алсыз экенимди моюнума алдым. Үйүңдөгү аялың, 5 балаңдын бар экенин билип туруп, сен эч качан мендик боло албасыңды билип туруп бул кадамга барганымдын өзү акмакчылык экенин билем.
Ар бир жолугушууга чыдамсыздык менен күтүп, канчалык кубаныч менен чыксам, кайра үйгө келгенде ошончолук көз жаш төгүп, ошончолук жүрөгүмдү кыйнайм. Мага ушул керек беле? Керек эмес экенин мен да билем. Мени азыр ар бириң күнөөлөйсүң. Дүйнөдө жалгыз мен жаңылгандай ар бириң акылмандык кыласыңар, бир тонна адеп сабагын өтөсүңөр. Бирок мага жашоомдо ушул жылуулук жетишпей жаткан болсочу? Мен дайыма мындай мамилени күтүп, эңсеп келсемчи? Мен сүйүүнү сезип, сүйгөнүмдүн кучагында алсыз, назик жан болуп оролуп жатканга муктаж болсомчу? Буга чейинки жигиттеримдин жийиркеничтүү мамилелеринен көңүлүм калган болсочу? А бирок менин сезимдерим менен ким эсептешмек эле? Менин жан дүйнөмдөгү чалкыган көл менен кимдин иши болмок эле?.. Бирок чалынып калган кезде сени менен ар биринин иши болот, сени өмүрү тааныбагандардын да. Жок дегенде жаныңдан өтүп баратып баштан ылдый сынай карап жүрөгүңө ийне сайгандан ырахат алышат.
Эч кимисинин көз карашын көзгө илбей туруп, бүт дүйнөгө “мен бактылуумун” деп кыйкыргым келсе да, оозумду басып, эки жакты алаңдап корко карап, ушул эле учурда “ушундан көрө мени алып тынбайт белең” деп боздоп ыйлагым келет. Бактылуулугумдун да, ыйымдын да себеби сенсиң. Мен тегерегимдеги бардык адамдардын арасынан жылуулукту жалгыз сенден таптым. Каалаганымдын айттырбай орундалышын эңсеп жүрүп сени таптым. Чыныгы эркектик мүнөзгө суусап жүрүп сени кезиктирдим. Жашоомо башкача өң коштуң. Менин муздап калган жүрөгүмө нур чачтың. А мен...
Азгырылдым. “Үй-бүлөлүүлөр менен сүйлөшүү – акмакчылык, эч качан андайга барбайм” деп жүргөн адам ошол өзүнүн эч качан деген сөзүнүн курмандыгы болду, сүйүүгө жеңилип берди. Убагында артымдан чуркаган жигиттер деле көп болгон. Жактырдым, айрымдарына жүрөгүмдү бердим. Бирок ар бири ишенип тапшырган сезимимди тепселеп, жанчып, ылайга ороп ойношту, жүрөгүмдөгү ишеничти, сүйүүнү какшыта сыгып туруп колума карматышкан. Алардын баары мага болгон жылуулугу эмес, атамдын байлыгына болгон кызыгуусунун артынан мени тандагандарын кеч түшүнүп, далай жаздыктарды суулагам. Анан минтип өзүмдүн идеалымды – сени жолуктурдум. Ушунча жолу чайпалып, кагылып-силкинсем да, сенин адамгерчилигиң, эркектигиң менен дагы бир жолу мырзаларга болгон ишеничиме мүмкүнчүлүк бере алдым. Албетте, экөөбүз тууралуу эч ким билбейт.
Ата-энем менен чогуу жашайм. Бирок кайсы ата-эне кызын мындай жолго барат деп ойлосун? Алар менин эки жакты карабай чалынбай, жыгылбай, түптүз жолдо жүрөт деп ишенишет. А менин эң чоң көйгөйүм – ошол ишенич. Сени менен жолугушуудан келгенден кийин алардын бетин кароо оор, кирерге жер таппай калам. Эки оттун ортосундамын. Эки оттун бирөөнөн күйө турган күнүм алыс эмес. Бирок артка жол жок. Антсе да кайра-кайра кайталайм. Мен сени сүйөм! Бишкектен кайра кайтканда телефонуңа жан кирет, сөзсүз чаласың. Балким, жолдо келе жатып да чалып эмне жеп жатканыңды, жол кандай экенин айтып бересиң.
Сен жеткенче мен бүгүнкү көз жашымдын баарын унутуп, жаныма келгениңде кайра эле бир көз карашыңа эрип, баарына макул болуп берем. Азыркы учурда мен башкача жашай албайм. Эч нерсени өзгөрткүм да келбейт. Жылдар өтүп, экөөбүз бири-бирибизге жат адам болуп калганда да бул күндөр үчүн өкүнбөйм. Ошондо көчөдөн көрүп калсаң, капкара, сулуу эмес жүзүңдөгү жагымдуу жылмаюуңду менден аяба!
Миргүл