НУРЛАН НАСИП & АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА: «ЭКӨӨБҮЗДҮН КЫЯЛДАРЫБЫЗ ДА ОКШОШ»

2018-жыл Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова үчүн жакшы жыл болду. Көп жылдардан бери кыз-жигит болуп келишкен таттуу түгөйлөр жыл башында баш кошуп, жергебизди түрө кыдырып концерт коюшуп, жумурай журттан бата алышты. Ал той “жылдын тою” болду десек да жарашат. Андан тышкары чыгармачылыктарын да унутта калтырбай жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырышты. Эмесе, жан шериктердин жагымдуу маегине көз чаптырыңыз.

– Кандайсыңар, Нурлан, Асел? Өтүп жаткан жыл эмнеси менен эсиңерде калды?

Нурлан: – Өтүп кеткен жыл жашообуздагы эң өзгөчөлүү жыл болду. Биз бир үй-бүлө болдук. Үй-бүлөлүк жашоону бир нукка салып кетүү өзүнчө эле окуу экен. Чыгармачылык дагы уланып жатты. Чыгармачылыкка, үй-бүлөгө кайсы учурда убакыт бөлүү керек экенин билип калдык. Келерки жылга жакшы пландарды койдук.

Асел: – Сонун жыл болду. Ишеним менен айта алам, менин оюмча, кийин 90го чыксак деле жашообуздун ушул убактысын өтө башкача сезимдер менен эстесек керек.

– Нурлан, үйдү салып, “отунду алып” коюп эле көп өтпөй үйлөндүң. Үй бүтсө эле үйлөнөм деп жүрдүң беле?

Н.: – Алгачкы жолу көп кабаттуу батирден үй алганда “Супер-Инфо” гезитинин кабарчылары келип, кубанычым менен тең бөлүшүп кеткенсиздер. 2 бөлмөлүү чакан үй эле. Эмнегедир ошол үйүмдү жакшы көрөм. Ал үйгө айылдан келген бир туугандарым баарыбыз батып жатып алчубуз. Ушундай берекелүү үй. Ошол үйүбүз ургаачы болгон окшойт, ошонун арты менен чоң үйлүү болдум. Буга чейин “үйдүн эрке баласы болгондон кийин ата-энем айылда калып калса кандай болот?” деп ойлоно берчүмүн. Ошентип жаңы үйүмө аларды алып келип, анан убакыт-сааты келген экен, Асел экөөбүз баш кошуп, ата-энем келининин колунан чай ичип жаткан убагы. Кыялдарым ишке ашып, азыр Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатабыз.

– Кыз-жигит кезде бири-бириңердин билбеген сапаттарыңарды азыр биле баштадыңарбы?

Н.: – Үй-бүлө күтүү эркек кишинин моюнундагы чоң жоопкерчилик. Чоң кеме болсо, аны башкарып айдап кетүү бизден. Ал эми үстүдө команда берип турган адам аял киши болуш керек деп ойлойм (күлүп). Аял киши эркек кишиге туура багыт берип турса чоң кемени башкарып, эркек түз жол менен кетет. Биз 10 жыл жашаган жокпуз да, азырынча жакшы көз ирмемдерди өткөрүп жатабыз. Аселде деле башка айымдардыкындай мүнөз бар, менде деле башка эркектердикиндей жаман-жакшы сапаттар бар. Аселя келгенден кийин эле дароо “маскасын” чечип башкача болуп өзгөрүп кеткен жок (күлүп).

А.: – Негизи “маскамды” мурда эле чечкем (күлүп).

Н.: – 7 жыл мурда эле дейсиңби? (Аселди карап күлүп).

А.: – Ачыкмын, бир нерсени жашырууну билбейм. 7 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн аралыкта эле бардык сапаттарымды Нурлан билип бүткөн. Нурландын деле мүнөзү ошондой. Экөөбүздүн көп жерибиз, жадакалса кыялдарыбыз да окшош. Кудай деле адамдарды жөн жерден табыштырбаса керек деп калам.

– Нурлан кандай күйөө бала, Асел кандай келин болуп жатат?

А.: – Сонун. Негизи биз көбүнчө шаарда жашагандыктан апам деле, мен деле ырым-жырым, салттарга көп деле маани бербейбиз. Нурланды өтө кыйнабайбыз. Нурлан өзү баарын билип, апамдын көңүлүн жакшы алат. Апам да мага караганда баласын көбүрөөк жакшы көрөт.

Н.: – Асел укмуш келин болуп жатат (күлүп). Мен айылда, Асел шаарда чоңойгон. Ошондуктан ойлорубуз кээде келишпей калышы мүмкүн. Анткени айылдын өзүнүн салттары болот. “Кой, андай баспа, кайнененин көзүнчө антпеш керек, кошуналар көрсө эмне дейт”  дегенчи. Негизи шаарда чоңойгондордун жүрүм-туруму европалашып кетет го. Ошолорду айтып калам. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, акырындап үйрөнүп келатабыз.

– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?

А.: – Мен көбүнчө “Нурик, жаным” деп айтам. Кээде апамдардын көзүнчө да байкабай айтып алып, кайра уялып калам (күлүп).

Н.: – Аял менен күйөөнүн ортосунда эркелетүү сөзсүз түрдө болушу керек. Өзүнчө жүргөндө башкача, элдин көзүнчө башкача эркелетүү кажет. Аял деле бизге берилген белек да, ошол үчүн аял кишини болушунча эркелетип, жакшы караш керек. Өзүм негизи “страшно” эркелетем (күлүп). Бирок айтпай эле коёюн.

А.: – Тартынып жатат. Негизи Нурлан эркелетип, түрдүү белектерди берип кубантуу жагынан аябай жакшы. Үйдө ушул эле сүйлөйт. Бир нерсени сүйлөп, күлдүрүп, тийишип кеткен деле ушул.

Н.: – Мен уйкудан калган маалда жалжаңдай баштайм. Бир жактан учак менен учуп келгенде уктай албай уйкум бузулуп калат. Экөөбүз чай ичип сүйлөшүп олтура беребиз. Бир нерселерди айта берем, айта берем. Аягында өзүм чарчап калам. Ошол жакшы да. Аял киши сенин жакын адамың, досуң, кээде апа, кээде карындаш болот, кеңешин айтат. Бири-бирибиз менен кеңешип иш кылабыз.

– Асел, келин болгондон кийин чыгармачылыгың аксап калган жокпу?

А.: – Башында бир аз кыйынчылыктар болду. Бирок өзүң деле келин болгондон кийин мурункудай болбой, бир жакка чыккандан тартынып калат экенсиң. Нурлан өзү ырчы болгондуктан атам, апамдар бул нерсеге көнүп калышкан.

– Баш кошконуңарда Бишкекке, Ошко, Жалал-Абадга уюштурган концертиңер, Аселдин 275 миң сомдук үлпөт көйнөгү талкууга түштү. Колдоп суктангандар, жактырбагандар да болду дегендей...

А.: – Өкүл ата, өкүл апабыз да (ред.: Урмат Усенов менен Неля) баш кошкондо концерт коюшуп, элден бата алышкан. Ошондо мен да турмушка чыкканда ушундай болсо деп кыялданып койгом. Кыялдарым ишке ашып, оюмдагыдай көйнөк кийдим. Ал көйнөк дале үйдө турат. Ижарага бериңиз деп сурагандар көп, бирок азырынча ижарага берүү оюмда жок, үлпөт көйнөгүмдү аябай жакшы көрөм.

Н.: – Элге тегиз жагуу кыйын да. Концерт койсоң да, койбосоң да жактырбагандар чыгат. Чынын айтсам, концерттен бир тыйын да акча тапкан жокпуз. Ортодо билет алып саткандар эле пайда көрүштү окшойт. Түшкөн каражат чыгашаларды эле жапты, биз эң негизгиси элдин батасын алдык. Башка да шаарларга уюштуралы дегенбиз, бирок чындап эле физикалык жактан чарчап, уюштурууга мүмкүн болбой калды.

– Өкүл ата, өкүл апаңар менен жакшы катышасыңарбы?

Н.: – Өкүл ата, өкүл апабыз аябай оор басырыктуу, жакшы кишилер. Чыгармачылык менен ары-бери чуркап жүрүп башыбызга агрессиянын баары толуп калат да. Анан өкүл ата, өкүл апабыз менен сүйлөшүп отурганда алар бизге кеп-кеңештерин айтышса жан дүйнөбүз кадимкидей тазарып, жашообуз башка нукка бурулгандай боло түшөт. Бир нерсе болсо ар дайым биринчи куттукташып, ийгиликтерибизге кубанып турушат. Кээде улуу башын кичүү кылып чалышса өзүбүз деле уялып кетебиз. Кудай кааласа, миң жылдык мамилебиз болсун деп тилейбиз.

– Буюрса, келе жаткан жылга жакшы жаңылыгыңар бар экен, тагыраагы, ымыркай күтүп жаткан экенсиңер...

Н.: – Кудайга шүгүр, жакшы жаңылыгыбыз бар, жок дебейбиз. Интернет күчөп турган убак да, күндө бул тууралуу сурап жазышат. Бир аз сабыр кылып чыдап турсаңыздар убагында көрөсүздөр. Башкаларга кандай жаңылык билбейм, бирок мен үчүн аябай жагымдуу жаңылык болот.

А.: – Бул тема тууралуу көп айта бергим келбейт. Үй-бүлөдө сырлар болот, аны элге жарыя кылууну туура эмес көрөм.

– Маегиңерге ыраазычылык. Жаңы жыл жакшы жылдардан болсун!

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип, Асел Кадырбекова: "Жаңы жылга жакшы жаңылыгыбыз бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Lisalisa
2019-01-02 15:49:02
Бактылуу болгула, аябай окшошсунар. Аман эсен коз жарып ал.
+2
radostmoya
2019-01-02 16:13:50
Туура эмес көрөм деп алып, төрөлгөндө бетине гулдөн коюп, 99сүрөт киргизесиң инстаграмга. Балким, аны м.н реклама кылып, акча да табасың. Билине турган нерсени обу жоктонуп, жашырып эмне кыласың?
-7
Nevestkaa
2019-01-02 20:08:51
Бактылуу болгула,кыргыздын санын санын көбөйтө бергиле.Сүйүүңөр түбөлүкө өчпөсүн!!!
0
Kera1514
2019-01-02 20:59:18
Аман эсен көз жарып ал Аселя
0
Skarlett-Skarlett
2019-01-03 01:13:20
Жагымдуу жубайлар,бактылуу болгула!Коёнектерим десе)))
0
Helina
2019-01-03 02:12:48
Бактылуу болунуздар. Аябай жакшы кором экоо соонун тугойлор
0
Aida110894
2019-01-03 04:20:25
Бактылуу болунуздар,аман эсен коз жарып алыныз.
0
Baktikan
2019-01-03 10:30:09
Suuk kabar okugandan koro ushundai kubanichtuu nerselerdi okugan jakshi go,ushular menen.jashoo kiziktuu da ,
0
ema70
2019-01-03 11:55:15
Өкүл ата апасы Урмат менен Нелябы? Ошолордон үлгү алып ынтымактуу үй бүлөлөрдөн болгула.Эсен аман көз жарып ал Аселя.
+1
Ayka1994
2019-01-03 13:40:08
Жакшы жаңылыгыңар түбөлүк силерди бакытка бөлөсүн. Түбөлүккө бактылуу болгула
+1
Nurza95
2019-01-03 17:47:57
Кармашкан колдорунар узулбосун, суктанып эле карай турган уй булоо
0
AKKORD__2019
2019-01-03 23:49:07
Эмнегедир Аселди жактыра бербейм жасалмалуулугу учун.Балким жанынан жакшы адам.Бирок кыргыздын санын кобойтуп, Манастай уулдуу же Курманжандай кыздуу болгула.
0
azimova90
2019-01-04 02:26:41
Бактынар туболуктуу болсун.Есен аман коз жарып ал.Биз уй булообуз менен силерди сыйла
йбыз болгону Кыргызстанда емесбизда.
+1
Nur777
2019-01-04 12:56:52
Асельди кичинекеей ордоктун балапанына,Нурланды коёнекке окшоштура берем))
Бактылуу болгула!
+4
allaberdi
2019-01-07 14:50:19
Жеке жашоо көмүскөдө болгону көбүрөөк жакшы, ушуну эске алгыла. Бактылуулук каалайм.
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан