(Башы өткөн сандарда)
Ооба да, сен акыры мага жооп беришиң керек. Сен жыргап, мен ыйлап калган абал мага жаккан жок. Мен ушинтип чечтим. Сага жолугам. Акыркы чекит коюла элек бизде.
ххх
Таң атсынчы. Күн чыгары менен барам. Сен баскан жолдорду билем. Жолдон жолугуп сүйлөшөбүз. Бирок таң качан атат? Түн узун...
Мына ушул узун түндөр азап. Ушул узун түндөр өткөн күндүн баарын эске салат, жүрөк кыйнап. Мейли, бардыгын жаза берейинчи. Жазсам жеңилдечүдөй боло берем. Тулку боюмдагы арман тамга болуп, сөз болуп куюлуп ушул барактарда калып калсынчы. Ошол армандан арылармын, балким.
ххх
Картаң режиссёр менен болгон кылыгыңдан кийин ың-жыңсыз кеттиң. А мен кайра эле аз өтпөй сага чалып баштагам. Кызганыч менен сагыныч аралашканда жүрөктү эзип таштайт экен. Чектен өтүп ашык болуп калган экенмин, көрсө.
Акыры театрга кайра бардым. Репетиция болуп жатыптыр. Кароолчу киргизбегенинен чакыртып жибергем. Аз өтпөй сен көрүндүң. Төбөңө чачыңды байлап алып, жеңил футболка, кыска шортачан мени карай ишенимдүү келе жаттың. Сагыныпмын, сени көргөндө жүрөгүм бир булкунуп алды.
– Кандайсың?- баягы кылыгыңды унутуп өзүм биринчи учураштым. Бир эсе мен аны колум менен кармап алган жокмун да, балким, ошол тапта гримёркада картаң режиссёр менен башка айым болгондур. Ошентип өзүмдү жоошуткам. "Кой, ал Жозефина болбосо керек, жөн эле ачууга алдырдым" деп өзүмдү ишендиргем. Өзүмдү өзүм алдап койгом.
– Жакшы,- мелтирей жооп бердиң. Үнүңдө таарыныч бар.
– Жүр, чыгып сүйлөшөлү?
– Жок, ушул жерден айта бер. Эмнеге келдиң?
– Жүрчү эми, Жози.
– Айт ушул жерден.
– Жүрсөң эми. Эмне эле болуп жатасың?
– Эмне болуп жатасың дечи. Бир себебин айтпай туруп, ашата сөгүп салсаң эмне кылышым керек? Кучагымды жайып тосуп алышым керек беле?
– Мен ошонун баарын түшүндүрүп берем да.
– Бас,- тултуңдамыш болуп колдоруңду кайчылаштырып жанаша бастың. Сага жадакалса таарынган да жарашат, эй. Көзүмө кайра укмуш көрүндүң. Ичим элжиреп жакшы көрүп кеттим.
– Өткөндө келип чалсам телефонуңду албадың,- сыртка чыгып, сейил бакты карай басып баратып сүйлөдүм.
– Акыры тажаганда театрга келгем. Анан... Сенин гримёркаңдан?
– Эмне болду менин гримёркамдан?
– Бир эркек менен бир кыздын үндөрүн уктум. Сен экен деп ойлоп жинденген болчумун, ачык айтканда...
– Аа, жинди десе. Эй, мен гримёркамды башка жакка көчүрүп кеткем. Мурунку эски гримёрканы башка кыз алган. Жинди десе.
Мага сенден ушундай эле актануу жетпей жаткан. Өзүмдү кыйнап эле эч бир башка суроо бербей туруп кайра сага ишенип алдым. Азыр канча жылдар өткөндөн кийин мен дапдаана эле айта алам. Гримёркадан чыккан кыздын үнү сеники эле болчу. Сенин үнүңдү кантип тааныбай калайын? Керек болсо режиссёрдун сенин ысымыңды атаганын деле уккам. Бирок жаман түш сыңар эле унутуп салууну, жок, унутууну эмес, жөн гана сенин жаныңда калууну катуу каалагам. Ошондуктан сенин сөзүңө ишенип өзүмдү-өзүм алдагам.
Бири-бирибизди кечириштик. Кайра эркелештик. Өбүштүк. “Репетиция бүтө элек. Эртең жолугабыз” деп бетимден чоп эттире өөп кетип калдың.
ххх
Ошол сени менен кайра жарашкан күнү өзүмчө эле элеп-желеп болуп жүргөм. Кубанычым коюнума батпайт. Досторго жолугуп аркы-беркини сүйлөшүп отурганча кеч кирди. Үйүмө сен жашаган районду аралай өтүүнү туура көрдүм. Кийин биротоло жолуга кетейинчи деген чечимге келип, чалсам албайсың. Жүрөгүм жамандык сезгендей бат-бат согуп дем жетпей кетти. Экинчи жолку чалууда алдың.
– Жози, мен сага баратам.
– А эмнеге?
– Жөн эле сагынып кеттим.
– Мен чарчап келдим эле... Эртең жолуксакчы?
– Суранам, жаным. Сагындым...
– Мейли, канчадан кийин келесиң?
– Билбейм.
– Мейли, келгенде чаласың да...
Сен ойлогондон эрте келип алыпмын. Ушул күндү кайра-кайра эле эстей берем. Сен баягы Эрланың жиберген сүрөттөрдөгү жол тандабастан кумар жыттанып түшө калгансың. Кызганычтан кулагымдан буу чыгып кетейин деген. “Ким ал? Ким ал?” ушинтип кыйкыргам. А сен ыйлап алгансың. “Кереги жок, Мурат, кереги жок”.
– Эмне ыйлап жатасың? Сага бир нерсе дедиби?
– Жок, сен мен тууралуу эмне ойлоп калдың? Мен акылсыз...
– Ким ал?
– Ал Шумкар байке.
– Эмне?!
– Мурат, мени кечирчи. Мен мындай болот деп ойлогон эмесмин.
– Түшүнбөдүм?
– Мен ал киши минтет деп ойлогон эмесмин. Ал бир-эки жолу “талантыңды баалайм” деп белек берген болчу. А бүгүн болсо...
– Эмне бүгүн?
– Бүгүн сүйүп калганын айтты. Улуу эле киши, балдары бар. Эмнеге антет? Жигитим бар десем...
Ыйлап, кечирим сурап жатсаң эрип калбадымбы. Билесиңби, Жози, сенин чыныгы актрисалык талантың, тилекке каршы, сахнадан эмес, тескерисинче, жөнөкөй турмушта, болгондо да ыңгайсыз абалдан чыгуу керек болгон учурда ушунчалык дапдаана байкалат десең. Жок, сахнадагы аткаруучулук чеберчилигиң анча деле эмес, а чыныгы жашоодо көз жазгырган талантыңа суктангандан башка арга таппайсың.
Сени бекем боорума кыстым. Баарын аңдап-билип эле турам. Бирок ошол жерден чечим кабыл алгам. Мен буга үйлөнөм, бул меники гана болот. Бардыгына көз жумуп туруп үйлөнөм! Жашоомдогу эң туура эмес, мени азапка салчу чечимим ушул болгон. А бирок ал кезде мен минтип ойлонгон эмесмин. Тескерисинче, далай адам ашык болгон кызды мен менчиктеп алам, жубай кылып алам деп өзүмдүн акылыма өзүм сыймыктанган болчумун. Кем акыл...
Көрсө, кызыктын баары ошондо башталып жатыптыр да...
ххх
Урматтуу окурман, айтылуу актриса айым Жозефинанын күйөөсүнүн күндөлүгүнүн жарыяланып баштаганына аз эле убакыт болду. Ар кандай пикирлер айтылып жатат. Мына ошондой пикирлер Жозефина айымга катуу тийгенби, айтор, ал редакцияга келип мени менен бир аз “маданияттуу” түрдө сүйлөшүп кетти. Андыктан ушул жерден сиздерди күндөлүктүн жүрүшүнөн бир аз алыстоого аргасыз кылганы турам. Бул кадам үчүн бардыгыңыздардан кечирим сурайм. Күндөлүк сөзсүз уланат. Ооба, уланат. Болгону окурмандын көңүлүн буруп, Жозефина айымга жооп берүүгө аргасыз болдум.
Адегенде Жозефина айымдын редакцияга келип кеткени боюнча... Чынында актриса айымды бир күнү келип калат деген божомол бар болчу. Болгондо да толтура таарынычы менен келет деп ойлоп жаткам. Ойлогондой эле болду.
– Сиздер эмнеге мен тууралуу жазып жатасыздар?- Жозефина айым кире элек жатып ушундай суроо берди. Бирок жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербеди. Бир сыйра кыйкырып, ызы-чуу салып, “сени менен башкача сүйлөшөм” жана башка бир катар сөгүнгөн сөздөрдү айтып, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Сөзгө келген жок...
Андыктан кайрадан эле жазуу түрүндө Жозефина айымга кайрылууну эп көрдүм.
– Урматтуу Жозефина, биринчиден биз сиз тууралуу жазганыбыз жок. Биздин редакцияга сиздин күйөөңүздүн күндөлүгү келип түштү.
Ооба, ал күндөлүктө Мурат мырза экөөңүздөрдүн ортоңордо болгон жана башка толтура элге белгисиз учурлар бар экен. Редакция ал күндөлүктү окурманга кызыктуу болот деп тапты жана жарыялап жатат. Келип түшкөн каттарга, ошол эле күндөлүктүн мазмунуна автор өзү жоопкер. А күндөлүктүн автору болсо, сиздин мурунку күйөөңүз экенин эскерте кетейин. Биз эмес. Демек, бардык суроолорду күйөөңүзгө бергениңиз туура болот.
Баса, ал күндөлүк мындан ары да жарыялана бермекчи. Сизге муну өткөндө келип кыйкырып жатканыңызда айткам. Бирок укпай койдуңуз. Дагы бир жолу айтам, күндөлүк мындан ары да жарыяланат.
P.S. Урматтуу окурман, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Келерки сандардан тарта күндөлүктү жарыялоону улантарыбызды эскертебиз...
Урматтуу окурман, авторлордун талабы менен жарыяланып жаткан сериалдар мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, 2019-жылдын 2-январынан тарта SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз.