Архив
844   845  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2018-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗ ШОУ-БИЗНЕСИ ЭМНЕ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ? Анжелика ажырашты, Нурлан бактысын Аселден тапты

№844 4-10-январь, 2019-жыл


2018-жыл шоу, маданият өкүлдөрү үчүн кайгылуу да, кубанычтуу да жыл болду. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» наамы адилетсиз берилди деп нааразы болгондор чыкты эле. Быйыл «ушулар алса болмок» деп аты аталгандардын айрымдары Токтобек Асаналиев, Шахрезада Аскарова, Салима Балтаева, Азиз Мурадиллаев, Марат Жанталиев, Айбек Карымов, Тургуналы Нурматов, Абдылда Иманкулов, Таалайкан Абазовалар наамга жетишти. Ошондой эле Ит жылы жылдыздар үчүн ийгиликтүү болду. Алсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков масштабдуу, элди жандуу музыкага сугарган жеке концертин өткөрсө, чыгармачылыкка жаңы аттанган Ишен Назаров "Апакем" деген ыры менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап, "Супердин тандоосунан" эки наамды багындырды. Төмөндө өткөн жылы эсте калган урунттуу окуяларга саресеп салдык.

УРАГАН ҮМҮТТӨР...

2018-жыл Ит жылы босогодон аттаары менен шоу чөйрөсүндө уу-дуу болуп жатып калды. Кыргыз эстрада ырчысы, үлгүлүү айым Анжеликанын үй-бүлөсүнө жарака кетти. Инстаграмда Антифанат деген баракча пайда болуп, Анжеликаны Марат аттуу мырза менен Балиде Жаңы жыл тосконун, ырчы айым бир үй-бүлөнү бузганын жазып чыккан. Бул чуунун аягы басылганча Анжелика ажырашуу тууралуу арызын жазганын айтып, талкууга май тамызды. 2-апрелде ырчы айым жолдошу Урмат Бекболиев менен расмий түрдө ажырашканын жар салды.

Андан көп узабай бир жыл мурун күркүрөтө той берип, Алия аттуу айымга үйлөнүп, кыздуу болгон шоумен Бакыт Байсариев агынан жарылып, жубайы менен ажырашканын айтты. «Жубайым алмаз, иштеп чыкса бриллиант болот» деген Бакыт мырза кыска аралыкта ал оюнан кайтып, «менин ордумда кайсы эркек болбосун ошону кылмак» деп турмуштан адашканын моюнуна алды.

«Ээнсиреген үй» тасмасында кыз-жигиттин ролун жаратып, андан ары жашоодо түгөйлөргө айланган Атай Өмүрбеков менен Марал Койчукараеваны да ажырашыптыр деген күбүр-шыбырлар чыккан. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, кийинчерээк Атай Өмүрбеков уулу атасыз өсүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине ачыктады.

«Гаишниктер», «Уурунун махабаты», «Шаардык келин Шарапат» тасмаларында роль жараткан актриса, ырчы Алиша Диа 8 жыл сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгып, тилекке каршы, түгөйлөр 11 күн жашаган соң эки ажырым жолго кетишти. Себебин актриса тил табыша албай калдык деп түшүндүрдү.

Жыл аягында 9 жыл бирге түтүн булаткан, эл бири-бирине төп келишкен мыкты түгөйлөр катары кабыл алган «Азия MIX» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил менен ажырашканы да күтүлбөгөн кабар болду. Бул тууралуу алгач Камила Абдил Инстаграм баракчасына жазып, бир жыл мурун мындай чечимге келгенин бөлүштү.

ТОЙЛОР ТОЙГО УЛАНДЫ

2018-жылдагы жакшылыктарды Айпери Кубик кызы ачып берип, Баткен жергесине келин болгонун ачыктады. Андан кийинки кезек жылдын тоюна келди. 2018-жыл учурдун популярдуу ырчылары, «миллионерлер» Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын баш кошуусу менен эсте калды. Илгери байдын кызын 40 күндөп узатчу эле, заманбап жашоодо ага жетпесе да, март айында Нурлан Аселдин туулган күнүндө колун сураса, андан кийин кыз узатуу, үлпөт той болуп майга чейин созулуп, элдин оозунан түшпөй калышты. Албетте, колуктунун 275 миң сомдук үлпөт көйнөгү да талкууга чоң салымын кошту. Андан соң ырчы Кундуз Канатбек кызы, актриса Рахат Аксултанова турмушка чыгып, ырчылар Арсен, Курал Чокоев, Арман, Баястан, шоумен Нурсултан Курсанали уулу, «Жебе» тобунун ырчысы Минур Алтынбеков, футболчу Азамат Байматовдор сүйүктүүлөрүнө баш кошконуна күбө болдук. Бул жылдын дагы бир кубанычтуу кабары Айжамал Кабылованын араздашып жүргөн жолдошу менен кайра табышканы болду.

КЫРГЫЗ КИНОСУНУН ТАШЫ ӨЙДӨ КУЛАДЫ
Быйыл кыргыз тасмалары чоң ийгиликтерди багындырды. Эң оболу Темир Бирназаров режиссёрдук кылган «Түнкү кырсык» тасмасына токтололу. Аталган тасма Эстониянын Таллин шаарында өткөн «А» классындагы эң беделдүү «Караңгы түндөр» эл аралык кинофестивалынан баш байгени багындырып, кыргыз киносунун тарыхында калды. Бул тасма башкы каармандын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыковго да 4 жолу эл аралык сыйлык алып берди.

Режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин дебюттук «Мунабия» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн эл аралык «Киношок» фестивалында баш байгени багындырды.

ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУЛАР

Бул жыл, тилекке каршы, маданият чөйрөсү чоң жоготууларга учурады. 59 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри Султан Жумагулов, кайталангыс талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Ашырбек Чокубаев, Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, телеалпаруучу Салтанат Саматова көп жылдар бою рак илдети менен алышып, акыры акка моюн сунушту. Ошондой эле көптөн бери жүрөк оорусу менен алпурушуп келген Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов жүрөк оорусунан каза тапса, заманыбыздын залкар комузчусу, «Эрке сары» сыяктуу далай күүлөрдү жараткан композитор Руслан Жумабаев мезгилсиз дүйнө салды.

ХАЙПТЫН АТАСЫН ТААНЫТКАНДАР
«Атың чыкпаса жер өрттө» деген макал менен атын тааныткандар бул жылы көбөйдү. Быйылкы «жер өрттөгүчтөр» Гүлзат Мамытбек, Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов жана Зере Асылбек болушту. Алгач Гүлзат Мамытбек «тур, турагой, кыргызым» деп элдин баарын ойготуп атын чыгарды. Андан кийин «баарын чыпалагым менен көтөрүп салам» деген Чыпалак баатыр хайп жаратты. Шоу бир дым боло түшкөндө Зере аттуу ырчы айымдын «Кыз» деген ыры жана ага тарткан клиби талкууга түштү. Кыздарга «бирөөнүн ою менен болбой, өзүң каалагандай жаша» деген кеңешин айткан Зеренин белгилүү болуу планы ишке ашканы менен, «башыңды кесип кетем» деп коркуткандар да чыкты.

МУРАСКЕРЛЕР КӨБӨЙДҮ
Ырчылар Абир Касенов, Байыш Момунов, Турдакун Ниязалиев, Жеңиш Айтиев, Назира Токонова, Гүлзада Рыскулова, Илима Дүйшөналиева, Айгерим Расул кызы, шоумен Манас Алыкулов, тамашоучу Калыбек Турдубаев мураскерлүү болушту. Ал эми Мирбек Атабеков, Бактыгүл Бадыева, Аксай Мукамбетов, Каныкей, Жоодарбешим, Ильяз Абдыразаков, Айнура Салахидинова кыздуу болушту.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
08.01.2019. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
12-05-2014
Соӊку аракети:
21-01-2019 10:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо Жозефинаны чыгаргылачы сураныч!
08.01.2019. 13:05 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-01-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
0
amore92, саламатсызбы! Сизге купуя аркылуу жооп берилди.
09.01.2019. 04:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
27-11-2016
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:16
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,сериалдарды кантип окуйбуз? Чет олкодобуз,гезит ала албайбыз
08.01.2019. 12:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
11-04-2013
Соӊку аракети:
08-01-2019 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал Кабылова куйоосу менен элдешти беле?
08.01.2019. 15:41 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-01-2019
Соӊку аракети:
08-01-2019 20:03
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба
09.01.2019. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-08-2018
Соӊку аракети:
17-01-2019 00:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Анкара
0
Сураныч сериалдар жөнүндө маалымат берип койгулачы супер инфо рахмат
09.01.2019. 12:06 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-01-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayzada_asanakunova, саламатсызбы! Купуя аркылуу жооп берилди.
09.01.2019. 08:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
742
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүмдүн үч түсүн Кыргызстандагылар гезиттен окусаңар айтып койгулачы.Элинушка түрмөдөн чыгат экенби?
09.01.2019. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
27-09-2017
Соӊку аракети:
21-01-2019 01:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо Урмат Бекболиевден интервю алыныздарчы сураныч.
09.01.2019. 12:07 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-01-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyldyz16, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
09.01.2019. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
27-11-2014
Соӊку аракети:
18-01-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериалдар чыкбаса кызыксыз экен (((((((((((((
09.01.2019. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
27-11-2014
Соӊку аракети:
18-01-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да купуяга жазынызчы админ эмне учун чыкбасын
12.01.2019. 00:21 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-12-2018
Соӊку аракети:
21-01-2019 12:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким чыгып калды? Балким башка жакка чыгарышты? Же мен көрбөй калдым?деп баа-ары жоктон сериалдарды издеп жүрөм ((((
11.01.2019. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
30-06-2017
Соӊку аракети:
17-01-2019 11:57
Жынысы:
Белгисиз
0
2Сериалды тен чыгаргыла эми
11.01.2019. 23:25 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-01-2019
Соӊку аракети:
11-01-2019 23:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызыктуу жылдардан болуптур 2018 жыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21724;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: