Борончу Кудайбергенов, куудул: «ҮЙҮБҮЗДҮ САЛУУДА ТҮЙШҮКТҮН КӨБҮН ЖУБАЙЫМ ТАРТТЫ»

Бул ирет сакадай бою сары алтын куудул Борончу Кудайбергеновдун үйүнө конокко бардык. Үйү менен жөн гана тааныштырып тим болбостон, “үйдү жеңеңер бүтүргөн, бирок жеңеңердин такыр табити начар. Аны мени тандаганынан эле билсеңер болот” деп тамашалап жатты.

1-кабат

Кире бериш

– Бул жерге киргенде эле эмеректер көзгө урунат. Бул эмеректерди “Борончу Show” долбооруна демөөрчү болгон эмерек салонунан алганбыз. Баасын айтпай эле коёюн, бирок кымбат. Ушул эле бөлмөнүн астында жер төлө жайгашкан.

Үйүбүзгө 4 ирет уурулар кирип, баалуу буюмдарыбызды алып кетишкендиктен, көрүнгөн дагы, көрүнбөгөн дагы жерлерге камера орнотуп койгонбуз.

конок бөлмө

– Абдышүкүр Нарматов ажыбыз менен достук мамиледебиз. Ошол киши үйгө конокко келгенде белек катары куран жазылган картина берген. Бул жерде шарап ичилбесин деген ойдо ушул жерге илип койгонбуз. Коноктордун саны көп болсо ушул жерден сыйлайбыз.

конок бөлмө

– Азыраак конок келгенде ушул бөлмөдө сыйлайбыз.

Ашкана

– Мен көп тамактардын түрлөрүн жасай алам. Ошондуктан ашкана иштерине аралашам. Өзгөчө ашты жакшы басам. Менин ашымды сагынганда Рахман байке (ред.: Рахман Разыков) “мен баратам” деп чалып калат.

2-кабат

холл

– Ал эми бул бөлмө заманбап стилде жасалган. Мунун баары жеңеңердин эмгеги.

Балдар бөлмөсү

– Бул болсо кичүү уулум Кудайбергендин бөлмөсү.

Балдар бөлмөсү

– Улуу балам Уландын бөлмөсү. Азырынча толук бүтө элек. Жакында эмеректерди алдырабыз.

уктоочу бөлмө

– Жеңеңер экөөбүздүн бөлмөбүз. Бул бөлмөгө атайын чоң терезе орнотконбуз. Кар жаап жатканда сырткы көрүнүш өзгөчө кооз болуп калат.

иш бөлмө

– Эң үстүнкү бөлмө менин жеке бөлмөм. Бул жерде менин чыгармачылыктагы сыйлыктарым турат. Силерди келет деп атайын тизип койдум. Сахнадан тапкан досторумдун сүрөттөрү да ушул жерде. Жакында эле эң жакын досум, өзбек куудулу Обид Асомов каза болуп калды. Көп пландарыбыз бар болчу, мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы өкүндүрөт.

Жуунуучу бөлмө

– Үйдө 2 кабатта тең жуунуучу бөлмө бар.

Чай маек

"Үй салуу оңой жумуш эмес экен"

– Борончу мырза, бул ак сарайды курууга канча убакыт короттуңуз?

– Үйүбүздү 4-5 жыл салдык. Чындыгында оңой жумуш эмес экен. "Бирөөнү каргасаң “үй салып кал” деп карга" деп айтып калышат го (күлүп). Бул жерде түйшүктүн көбүн жеңеңер тартты. Баштан-аяк үйдүн салынышын, усталардын кылган иштерин көзөмөлдөп турду. Шүгүр, үңкүр болсо дагы үйүбүз бар.

Өзүм курулуш иштерине аралашайын десем, убакыт тар болду. Биз гастролдо көп жүрөт эмеспизби. Ар бир гастролдон келген сайын үйдүн бир жери бүтүп калып, мен үчүн жаңылык болуп жатты. Биринчи үйүбүз Республикалык оорукана тарапта жайгашкан эле. Ал үйүбүз “абдан чоң” болчу. Бир тарабы 2, экинчи тарабы 4 метр болгон (күлүп). Конок келгенде кезек-кезеги менен киришчү.

Борончу мырзанын жубайы Ырыс айым үй тууралуу кепти улады:

– Бул 6 сотых жер тилкебизди 1993-жылы сатып алганбыз. Үйүбүздү жаңы салып жатканда жакын досторубуздун үйлөрүнөн ар нерселерди көрүп “ушундай кылыш керек экен” деп кыялданып жүрдүм. Бул жерге үй салалы десем Борончу байкеңер алгач каршы болду. Бирок байкеңердин гастролго кеткенинен пайдаланып фундаментин куйдуруп салдым. Келгенден кийин “эми муну кантип бүтүрөм?” деп бир сыйра урушту. Ошентип бир жакка кетип жатканда “бир нерсени баштап жибербе” деп кетчү болгон (күлүп). Ал кеткенде кайра курулуш иштерин баштап жиберип отуруп үйүбүздү бүтүрүп алдык.

Жаңыл Ниязбекова

Адилет Бектуров

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Куудул Борончу Кудайбергеновдун 3 кабаттуу үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Begimay.emir1
2019-01-08 14:49:58
Бизге дагы насип кылсын
+9
babi92
2019-01-08 15:27:30
Бизге да жуксун
+7
ikitaidesu
2019-01-08 18:41:57
Жан дүйнө бүгүн чыккан жокпу же мен таппай калдымбы?
0
Paprikafm
2019-01-08 19:06:32
ikitaidesu,чыкпайт эми омур бою чыкпайт, супер инфо гезит аркылуу сатат, биз сайттан бекер окуп жатат экенбиз
+11
Jasa
2019-01-11 03:46:22
Paprikafm,))))
0
Snejana
2019-01-09 01:19:37
Биз дагы ушундай уйлуу болсок экен.
+6
chika-chika88
2019-01-09 02:18:02
Сонун, кутту болсун!)))))
+3
Birimdik5555
2019-01-09 03:46:52
Жакшылыктар болсун
+2
ferrara2014
2019-01-09 19:19:02
Ак оргосу кут болсун! Кыргыздын соз баккан мыкты КУУДУЛУ!ИЙГИЛИК
+2
Musulmanka85g
2019-01-09 22:03:39
Аллахым бизге да уй берсин!
+1
Bazana
2019-01-10 00:14:34
Сериалды кантип окуйбуз эми ?
-1
nazgulya2406
2019-01-10 10:05:47
Bazana, акча коротуп гезит сатып алып окуйбуз да эми
+3
AikUrm
2019-01-10 01:21:40
Куттуу болсун!Чыныгы куудул,сыйлайм .Жонокой корунот...
+3
nazgulya2406
2019-01-10 10:04:23
Соонун уй экен. Береке толгон уй болсун. Бизге да насип кылсын
+2
fanatka19
2019-01-10 13:32:53
Кут болсун бизге да буйурсун ушундай уйлорду коруп биз да уйлуу бололу деп тилек кылам. мага ийгиликтуу адамдар шык дем берет буйурса баары болот бизде да.
+3
jikitai
2019-01-12 10:21:51
Ошондо баланыз тескерисинче Кудайберген Бороончиев болобу .?Кызык экен .
+1
Nur777
2019-01-13 10:29:22
Берки четте отурган бала баардыгы бата кылып жатышса телефон чукулап отурат го,чоон эле жигит уялса болмок,бир карап коюп жайган алаканын жыйып алды го мусулман эместей болуп..
+2
munduz2016
2019-01-23 08:21:55
Кут болсун Боке жашы конушуңуз.Бактылуу болуп жашай бергиле!!!
0
№ 844, 4-10-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан