Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул аптада айрым бир тоскоолдуктарга туш болосуз. Канткен ченде да токтоо болуңуз. Кесиптештер, өкмөт адамдары менен шаршембиге чейин аяр мамиледе болуңуз. Алыскы шаардык адамдар, көзөмөл органдарына байланыштуу көйгөй жаралышы мүмкүн.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Укук коргоо, текшерүү органдары менен алака кылууда кыраакы болуңуз. Көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кооптуу мезгил. Дос, өнөктөштөргө аяр мамиле жасаңыз. Таарынычтар болот. Акча тартыштыгы жаралат же чыгаша чыгат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Курбу, кесиптештерге баам салыңыз. Ийкемдүү болбосоңуз ортодо айтышуулар болот. Акча көйгөйү да жаралат. Жетекчилик, кызматтагы адамдар, өнөктөштөр менен алака кылууда узакка созулган түшүнбөстүк орун алат. Сабырдуу болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башка шаардык өнөктөш, көзөмөл органдары, куда-сөөк адамдар менен баарлашууга туура келет. Ортодо пикир келишпестиктер жаралат. Жогорку билим, ден соолук, жумуш жааты да маселе жаратат. Текшерүүлөр күчөйт, сак болуңуз. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сүйүү, өз балдарыңыз, эс алуу жаатына акча сарптайсыз. Акча сарптаганыңызга карабастан аталган тармактарда таарынычтар пайда болот. Сарамжалдуу болуп, капчык, буюмдарга сак болуңуз. Жумушта, бийликтегилер менен баарлашууда түшүнбөстүктөр болот.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үй чарба, жеке иштерди аткарууда айрым көйгөйлөргө туш болосуз. Жакындарыңыз менен чырдашуу күтүлүүдө. Адамдарга жана жубайыңызга аяр мамиле жасаңыз. Антпесеңиз өз ара тирешүүлөр узакка созулат. Каржы маселесин чечүүдө шашылбаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кошуна, бир тууган, документке байланыштуу иштер түйшөлтөт. Жакындарыңыз менен курч айтышууларга барбаңыз. Жумуш, ден соолукка салкын мамиле жасабаңыз. Текшерүүлөр жүрөт. Жакынкы күндөрдө сапарга чыксаңыз акырын жүрүңүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Романтика, көңүл ачуу, спорт жана өз балдарыңызга акча сарптайсыз. Акыркысына сарптасаңыз жасаган ишиңизге өкүнбөйсүз. Айрым көйгөйлөр жаралбашы үчүн курч айтышууларга жол бербеңиз. Жумуш, ден соолукка көңүл бөлүңүз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Алдыңызда кээ бир тоскоолдуктардын пайда боло баштаганын байкайсыз. Менменсинүүнү ооздуктабасаңыз бул көрүнүш кийинки аптада да уланат. Үй чарба иштерин уюштурууда көйгөй жаралса жакындарыңызга катуу тийбеңиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жашыруун душмандар активдешет. Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелерден кабар алып келүүгө туура келет. Жакындырыңызга таарынасыз. Жолдо акырын жүрүңүз. Жагымсыз кабар угасыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дос, өнөктөш, айрым ишканалар менен түшүнбөстүктөр жаралат. Мунун баарына негизги себепкер акча болушу толук ыктымал. Акча маселеси же чыгымдын чыгышы күтүлүүдө. Канткен ченде да жакынкы чөйрөдөгүлөр менен баарлашууда токтоо болуңуз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумшак мүнөзүңүзгө карабастан кайсы бир каршылыктар пайда болот. Бул жетекчилик, кызматтагы адамдар тарабынан болмокчу. Түзүлгөн кырдаалдан жакшы чыккыңыз келсе менменсинген адамдарга теңелбеңиз. Акчага бышык болбоңуз.