Адилет Азимов, ырчы: «АЗЫРЫНЧА КЫЗДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШПӨЙМ. ПРОДЮСЕРИМ МЕНЕН КЕЛИШИМ УШУНДАЙ»

Адатта ырчылар менен маек кандай өтөт... Суроо бересиң, күткөн жоопту аласың. Ал эми Адилет Азимов менен маегим өзгөчө болду. Суроо берсем, жооп иретинде ырдап да берип жатты. Кыргыз сахнасында акыркы күндөрү тааныла баштаган Адилет жашоодо аябай жөнөкөй жигит. "Болгону адилетсиздикти көрсөм чыдабай кетем" дейт ал.

– Адилет, кел, маекти бала чагыңдан баштайлы. Кандай окуучу болдуң? Кандай үй-бүлөдө төрөлдүң дегендей...

- Мен кесарево жолу менен 5 килограмм салмакта төрөлүпмүн. Ата-энем Кара-Балта шаарынын маданият үйүндө эмгектеништи. Балалыгым ошол жакта өттү. Уйгур, өзбек, татарлар окуган орус мектебин аяктадым. Мектепте өтө деле жакшы окуган эмесмин. "Косинус, синустун жашоодо кереги жок" деп мугалимдер менен көп тартыштым. "Акчаны эсептегенди билсем болду" десем эжекелерим урушуп эле жатып калышчу (күлүп). Бирок мектептер арасында музыкалык сынактар болордо мугалимдердин мамилеси өзгөрө түшчү. Себеби менин чорт мүнөзүмдү алар жакшы билишет эле. "Ырдабайм" десем ырдабай койчумун. Мугалимдер кыйын психолог эмеспи, сынак бүткөндөн кийин мурунку калыбына түшүп калышар эле. Айтор, эптеп суранып жатып мектепти "3" деген баага бүттүм.

– Жалгыз уул экенсиң. Эркеликтин планын толтурсаң керек?
- Мени апам азыркыга чейин эркелетет. Ошол эле кезде ата-энем жалгыз экениме карабай эрте тиричиликке бышырышты. Окуучу кезде бөлөм экөөбүз бышырылган жүгөрүнү чакага салып базар аралап сатчубуз. Жайында классташтарым эс алганда мен дарбызга өтчүмүн. Апамдар "күзгө өзүңө кийим камда" деп үйдүн алдына бир КамАЗ дарбызды түшүрүп коюшчу. Ошону сатып акча табат элем. Ал кезде балабыз да, оюмдун баары оюн болчу. Эптеп кечке чейин чыдап, анан оюнга чуркачумун. Жайы бою дарбыз сатып жүрүп ушунчалык тажап кетчүмүн. Ошондо апама "көрөсүңөр го, чоңойгондо ырдап силерди багам" дегем.

– Чыгармачылыкты тандаганың да бекеринен эместир?
- Ооба, апамдын кесиби актриса, атам болсо атактуу ырчылар менен убагында гастролго чыгып жүргөн киши. Андыктан башка кесипти тандамак деле эмесмин. 5-классымдан баштап атам менен тойлорго барып, музыкалык аппаратураларды коюп отурчумун. Кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык училищеде, андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окудум.

– Эркектер арасында «дедовщина» деген тема бар. Чыгармачыл чөйрөдө да ошондой нерсе болгонбу?
- 4-курста окуп жүргөндө той, концерттерге чыгып акча таап калгам. 1-курстун балдарын "жүргүлө, тамактанып келебиз" десем «бизде акча жок» деп жатышпайбы. "Коркпогула, мен алып берем" деп алардын курсактарын тойгузуп сыйлап койгом. Азыркы күнгө чейин алар мен тууралуу айтып ыраазы болуп келишет. Бизде да улуу курстар менен ошондой сый болсо дегем. Бирок андай болгон жок. Бизге чоңдук кылып уруш уюштурган балдар учурда белгилүү ырчылар. Азыр алар «туура эмес кылыптырбыз» деп күлүп калышат. Бизге кыр көрсөтүп жүрүшкөндө мен урушуп кетсем, алар жөн эле таяк жешмек. Муштумдун деле кереги жок, 2 жолу алакан менен чапсаң жыгылып калчу балдар эле. Чегинен чыккан белгилүү жылдыздардын бир-экөөсү таяк да жеген.

– Студенттик күндөр дагы кандай окуялар менен эсте калды?
- Жатаканадагы жашоо ачка калган күндөр менен кызык экен. Нан, майонез деген эң даамдуу тамак экенин ошондо билгем (күлүп). Мен окууга тапшырганда атам да шаардан жумуш таап Бишкекке келип алган. Бошогон күндөрү мени «Ош базарга» чакырчу. Жол киреге акча жок да, Күрөңкеевден базарга учкан боюнча чуркап барчумун. Атам курсагымды тойгузуп, колума 50 сомду карматат. Дердеңдеген боюнча кетем. Мындай күндөрү кыздарды көрсөк эле "10 сом берчи, 5 сом берчи" деп сурай берчүбүз. Кыздар бизди көргөндө качышчу.

– Алгачкы эсте калган сүйүүң да студент кезде болгон экен?..
- Ооба, акча жок кыйналып жүргөн кезде бир кызды жактыргам. Көңүлүн алуунун колумдан келген амалдарын кылдым. Сүйгөн учурда жанына барып айта албай калат экенсиң да. Сезимдеримди айта албай көпкө жүрдүм. Бир күнү чыгынып айтсам "мен мамиле курууга даяр эмесмин" деп койду. Мурун кыздар менен сүйлөшкөндө мындай терс жооп уккан эмесмин. Аябай шагым сынды. Кийин эл таанып, темир тулпарлуу болгондо ал кыздын мамилеси кадимкидей өзгөрбөдүбү. Ошондо ага поезд качан эле кетип калганын айттым. Андан бери чоң сүйүү боло элек. Азырынча кыздар менен сүйлөшпөйм. Продюсерим менен түзгөн келишим ушундай. Ошондуктан кыздардан алыс эле болуп турайынчы.
Ии, баса, байлыгына чиренген кыздар да болгон. Алар байлыгына таянып, менин эркектик намысыма тийген учурлар баштан өттү. Мен эч качан андай намыска тийген нерсени көтөрө албайм. Ата-энесинин байлыгына таянган балдарды да, кыздарды да жаман көрөм.

– Бул жагы түшүнүктүү, эми эл аралык фестивалдар, утуштарың тууралуу айтып берсең?
- Кичинекей кезимден тартып сынактарга катышып жүрчүмүн. Кыргыз жергесинде өткөрүлгөн «Ысык-Көлдө кадыр түн», «Мейкин Азия» фестивалдарына катышып, 2-3-орунду алдым. «Мейкин Азиядан» мени казактар көрүшүп, Шамшы Калдаяков атындагы эл аралык фестивалга чакырышты. Астанага фестивалга учарда биринчи жолу учакка отургам (күлүп). Учакка эптеп акча таптым да, жөнөп кеттим. Кантип келеримди ойлогум да келген жок. Болбой баратса кредит алып, поезд менен келем десем керек да. 40 кишинин арасынан баш байгени казак ырчысы Нурболат Абдуллин, биринчиликти мен алып 750 миң теңгеге ээ болдум (ошол кезде 5000 доллар). Күтүлбөгөн жерден ошондой көп акча утуп, кубанычымда чек жок,
1000 доллардай акчаны чачыптырмын. Келерим менен эски машинамдын ачкычын апама берип, үстүнө акча кошуп, Япониядан Хонда Инспайр алдырттым.
Андан кийин «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна катышып, финалга чейин жеттим. Баарынан нааразы кылганы – бизде өткөн «Turkvizyon» сынагына тандоо туру болду. «Non-Stop» дуэти катышат дегенинен мен деле катыштым. Тилекке каршы, өткөн жокпуз. Мен Кыргызстандын атынан барсам, татыктуу көрсөтмөкмүн деп ойлойм. Макс (ред. Максат Садырбеков) менин досум, аны жамандагым келбейт. Болгону, ал жерде адилетсиздик болуп калды. Андан кийин Уфа, Башкортостан, Хакасияга эл аралык фестивалдарга барып баш байгелерди алып келип жаттым.

– Эми шоу-бизнести «колго алайын» дедиңби? Акыркы кезде клиптерди тартып активдүү иштеп баштадың?
- Бизде эл аралык сынакка барганды деле баалашпайт экен. Мага чыгармачылык жактан эч ким сөз сүйлөй албайт. Баарын ордуна коё алам. Анткени менчелик эч кимиси Кыргызстанга эл аралык сынактардан жеңиш алып келген жок. Балким, популярдуулук жактан мага жетпейсиң деши мүмкүн. Ал жактан мен унчукпай жол бошотуп берем. Мурун деле ыр жаздырып, клип тарттырып келгем. Бирок анда жалгыз иштечүмүн. Өзүм да жалкоомун, ошол да ырчы катары кенен таанылбаганыма себеп болду окшойт. Эми болсо продюсер менен иштеп, активдүү боло баштадым.

– Байкасам, азыр чет өлкөлүк ырларды аткаруу мода болууда. Эмнеге көбүнчө которуп ырдап жатасыңар? Автордук ырларды жараткан жакшы эмеспи?
- Мен чыгармачылыгым ар тараптуу болушу үчүн аткарып жатам. Өзүбүз деле обон жаратсак болот. Бирок обонго сөз жазыш кыйын. Жазуучулар бошобой кезек күтүп калабыз. Чыгарма көңүлүңө жакпаса бүтпөй жүрө берет. Ал эми даяр ырларга көп убакыт кетпейт.

– Эми аягында сага карата оюмду айтып алайынчы. Сени сахна артында "менменсинген бала" деп укчумун...

- Ооба, мени ошентип ойлошот экен. Чынында андай эмесин. Болгону жакпаган нерсени бетке эле айтып салам. Ошон үчүн көп мушташкам. Жинденип кетсем продюсерим "өзүңдү колго ал" деп уруша берет. Ага да болбой айтып салып уф деп отуруп калам.

– Маегиңе рахмат. Дагы чоң ийгиликтерди жарата бер.

Адилеттин жеңиштеринин бири. Хакасиянын Абакан шаарында өткөн эл аралык "От ыры-2015" этникалык эстрада сынагында баш байгени багындырган.
Шамшы Калдаяков атындагы эл аралык фестивалда түшкөнбүз. Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов жашы жетпей фестивалга катышпай калган.
Ырчы мырзанын чыгармачылыкты тандоосуна себепкер болгон ата-энеси.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
sumaika
2019-01-15 09:58:57
Айланайын,Адилет.Мактанбачы))
+10
nurka_85
2019-01-15 11:47:03
Апасынын копиясы го.
Азаматсын, мактангыдай эле уну, таланты бар.
Баардык аткарган ырлары сонун.
Бир жолу площаддан коруп, "ай Адилет кел менин балдарым мн суротко тушуп койчу" десем шашылыш экен " азыр келем эже" кетип калган. Балдарым болсо кетпей копко турганбыз " азыр келип таппай калбасын " деп...
Ийгилик!!!
+4
flower92
2019-01-15 12:31:04
Аша чаап мактанып салыптыр го... Мындай бала деп ойлобоптурмун. Баарын ордуна коём дейт го. Озунду эр ойлосон озгону шер ойло!☝️
+13
dobrajelatel
2019-01-15 13:02:29
Адилет мырза канчалык жөнөкөй болсоң эл ошончолук сыйлайт. Айрыкча интервью учурунда. Көп адамдын сынына кабыласын.
+8
PrinsessaNuri
2019-01-15 13:24:40
Жонокой эле бала го , просто ачык суйлогон , адилеттууу бала Адилет)))
+3
ayko24
2019-01-15 15:04:12
Таластан болот окшойт, суйлосо оозунан чан чыгат го, жакшы бала жонокой деп ойлоочумун жанылышып
+4
arimle00
2019-01-15 15:10:31
Мага ушул бала нурчолпонду суйгондой эле сезиле берет)))
+3
MaRmeLaDka
2019-01-15 15:26:07
Норма эле суйлоптур болгонун болгондой тарс-тарс айтып. Силерге эмне баары укмуш, Анжеликадай болуп "биздин холодильниктин ичинде ачуусу да, татуусу да бар" деп ышкыртсынбы калпты)))Мен баалайм ушундай болгонун болгондой айткан адамдарды. Азамат Адилет, так держать!
+6
Skarlett-Skarlett
2019-01-15 20:09:08
Эркекче суйлоптур да.Эркектер канчалык мактанчаак болсо ошол созуно озу да ишенип ийгиликти коп жаратат.Осо бер иним.
+9
Nevestkaa
2019-01-15 20:47:47
Мужик экенсин,эркектер баары ушундай болсо го сөмтүрөп эзилбей тарс тарс сүйлөптүр бир дагы жасалма эмес.Бирок саааал гордый экен э но нечего.
+4
Eli.91
2019-01-16 09:52:58
Кара-Балталыктар бар болсун.Кара-балтадагы балдары болобу кыздары болобу тирилике бышып калган.Чын каникулда озуно кийим кыл деп ата-энелери сабашкага жиберет.Булар телефон алсада башка алсада ата-энеден акча сурабай оздорунун мээнети менен тапкан акчага каалаганын алышат.Арбуз эле эмес бул бала даалайына иштесе керек.Картошка жугору помидор фасоль кызылча коон сабиз ушуларга сабашкаларга чыгып журсо керек эле.школду буткучейин чыгат андан кийин окуу жайга тапшырып кетишет малатцы.
+5
Aselim
2019-01-16 21:13:51
Продюсери ким???
-1
HanTegin
2019-01-17 00:10:45
Апасы бир клибинде катышат го ээ
0
al79mi
2019-01-17 09:11:17
Ооой чырагым жерге туш, жерге! Мен эле мен дей берипсин опкон оозундан чыкканча! Сенден кыйын таланттар деле журушот коколобой эле!Эл жонокой адамга тартылат.
0
karona12
2019-01-17 13:07:28
Алакан менен эмнеге урбадын анан ошол кезде)))Канча жыл откон сон кыйратмакмын дебей)).
0
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан