МОЮНГА, БЕЛГЕ ЖЕЛ ТУРУП КАЛУУНУН КОРКУНУЧУ ЭМНЕДЕ?

Бирөө-жарым “моюнума жел туруп калыптыр” же “моюнум кооз болуп калыптыр” десе, экинчиси “сулуу кыздын артынан жүгүнүп кой”деп коёт. Бул ырым. Ал эми медицинада моюнга, белге жел туруу кандай оору аталат жана кантип айыктырууга болот? Бул жаатта бизге невролог, медицина илимдеринин кандидаты Аман Шерипбаев маалымат бермекчи.

МИОЗИТ – БУЛЧУҢДУН СЕЗГЕНҮҮСҮ

Миозит – бул байыркы грек сөзү, бизче булчуңдун сезгенүүсү деп аталат. Сезгенген жер оорутуп, ошол жердин ткандары калыңдап, теринин кызарып калганы билинет. Оорутуу тынч жатканда, түндө да токтобойт. Убакыт өткөн сайын күчөйт, өзгөчө кыймылдаганда (булчуңдар жыйрылганда), кармалаганда. Миозитке моюн, бел көп, ал эми далы, көкүрөк клеткалары (кабырга) азыраак учурайт. Кээ бирлер миозитти невралгия оорусу менен алмаштырып жүрүшөт. Невралгия–нервдердин сезгенүүсү. Мында деле көбүнчө моюндун, белдин, кабыргалардын нервдери сезгенет.

КЕЛИП ЧЫГУУСУНА “КҮНӨӨЛҮҮЛӨР”

  • Суукка катуу урунуу.
  • Шамалдап калуу (мисалы, шамалдын огунда отуруп калуу, айтсак, 2 эшиктин ортосунда, терезени же эшикти ачып түбүндө уктап калуу. Шамалдап калууга кондиционер да жеткизет).
  • Булчуңдардын чыңалып калуусу (бир орунда кечке кыймылсыз же туура эмес, ыңгайсыз позада отуруудан да жаралат. Бул көбүнчө компьютер маңдайында кечке отура турган кеңсе кызматкерлеринде кездешет. Стресске көп кездешкен, ошондой эле кара күч менен алектенген адамдын да булчуңдары чыңалуу менен жүрүп миозитке алып келе турганын айта кетели).
  • Инфекциялык миозит (булчуңдарга грипп, ангина, кызыл жүгүрүк жана башка инфекциялык оорулардын оору козгогучтары өтүп кеткенден).
  • Сууда сүзүүдө булчуңдардын катуу түйүлүп калуусу.
  • Булчуңдагы жаракат.
  • Булчуңдардагы мите (трихинеллёз, эхинококкоз).
  • Организмдин уулануусу (баңгизаттар, алкоголдук ичимдиктер).

МОЮН МИОЗИТИ

Көбүнчө моюндун оң же сол жагы оорутат. Адам башын бура албай, дегеле ары-бери кыймылдата албай калат. Оорутуу кежигеге (желке) жана кулактан ийинге чейин, ал тургай далыга чейин өтүшү ыктымал. Колдун ийинден учуна чейин уютуп, чымыратып оорутканы чанда кездешет. Моюн булчуңдары колдун булчуңдары менен байланышта болгондуктан колду көтөргөндө да оорутат. Аялдар башына жоолук салына албай калат. Оорутуу жатканда уктаганда да токтобойт, суукка чыкканда күчөйт. Эртең менен башты жаздыктан көтөрүү, моюнду түз кармоо кыйынга турат. Ооруган жерди кармалап көргөндө булчуңдун чыңалып катуу болуп калганы байкалат. Бул ооруну айрымдар тоотпой жылуу шарф, жоолук менен ороп, ысытуучу дары майларды сүйкөп коюп жүрө берет. Жеңил түрүнө бул жардам бериши ыктымал. Оор түрүнө жардам бербейт.

Далы миозитинде оорутуу кол менен ийинге чейин өтөт. Кол жакшы көтөрүлбөй, бир нерселерди көтөргөндө дагы оорутат.

БЕЛ МИОЗИТИ

Көбүнчө чымыратып уютуп оорутат. Оорутуу уктаганда да басылбайт. Кыймылдаганда күчөйт. Айтып койчу нерсе, бөйрөк оорусунун белгилери да белдин миозитинин белгилерине окшошуп кетет. Моюн, ийин, белдеги оорутуу омуртка аралык дисктердин жылышып кеткенинен, омуртка аралык грыжадан да болушу ыктымал.

Андыктан аныгын врач аныктайт.

КӨКҮРӨК КЛЕТКАЛАРЫНЫН МИОЗИТИ

Эгер өйдөкү булчуңдар сезгенсе анда колду ары-бери кыймылдатканда оорутуу жаралат. Катуураак сезгенсе дем алганда да оорутат. Эгер ички тереңдеги булчуңдар сезгенсе, анда дем алууда маселе жаралат. Анткени ал булчуңдар дем алганда жана дем чыгарганда кабыргаларды көтөрүп жана түшүрүп турат. Ошондуктан дем алган жана кыймылдаган сайын адам оорутууну сезет. Оор түрүндө ооруканага жатып дарылануу абзел.

Кол ийинден чыгып кетсе, кол менен кошо көкүрөк клеткаларынын булчуңдары сезгенет. Гимнаст, скрипач, фехтовальщиктер миозиттин айтылган түрү менен көп жабыркайт.

МИОЗИТТИН БАШКА ТҮРЛӨРҮ

Миозиттин төмөнкүдөй түрлөрү да кездешет: полимиозит (көп булчуңдардын сезгенүүсү), инфекциялык жана жаракат миозити, тарамыш жана байламталардын миозити (оссифицирующий миозит – бул операция менен гана айыгат), мите миозити.

Жаракат миозитинде адам мурун бир булчуңунан жаракат алган болсо, кийин ал жердеги жаранын орду калыңдап, ошол жерде оорутуу жаралуусу мүмкүн (булчуңдун сезгенүүсүнөн). Эгер булчуңдарга бактериалдык же вирустук инфекция, мисалы, ОРВИ, грипп, кургак учук жана башка жугуштуу оорулардын оору козгогучтары кан аркылуу кирип кетип сезгендирсе (инфекциялык миозит) адамдын дене табы көтөрүлөт, булчуң ооруйт. Кокус инфекция көкүрөк клеткаларындагы булчуңга өтсө оорутуу далыга, моюнга өтүп, адам кыймылдай албай калат.

АЙЫКТЫРУУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?

Диагноз коюу үчүн рентген, компьютердик же магниттик-резонанстык томография, кол менен текшерип көрүү керектелет. Айрым учурларда кан, заара анализи талап кылынат. Миозиттин бардык түрүндө оорутууга жана сезгенүүгө каршы дары майлар (мисалы, диклофенак, кетопрофен), таблеткалар берилет. Врач физиотерапия, ылай менен дарылануу, ийне терапиясын, тамчылатма дары сунуштайт. Дене табы көтөрүлсө ысытманы түшүрүүчү каражат сунушталат. Булчуңдардын тартылышына (спазм) каршы курамында жыландын же аарынын уусу бар каражатты (випросал, випратокс сыяктуу) колдонуу керектелет. Дарылык физкультура менен массаж абдан жакшы жардам берет. Бул булчуңдарды сезгенүүдөн кийин калыпка келтирип, чыңдалтат. Инфекциялык миозитте антибиотиктер жардамга келет. Полимиозитте гормоналдык, мите миозитинде мителерге каршы дарылар (вермокс, вормин жана башка) кошулуп жазылат.

ДАРЫЛАБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?

Миозитти дароо дарылабай өнөкөт түргө өткөрүп жиберсе, ал улам кармай берип адамга көп азапты, жаңы ооруларды алып келет. Ооруткан жакты кыймылдатпаганга аракет кылуудан булчуңдар акырындап алсыз тартып, кичирейип, булчуң ткандарынын азыктануусу бузулуп, акырында ткандар өлө баштайт. Башкача айтканда, булчуң иштен чыгып калат. Сезгенүү башка булчуңдарга да өтөт. Моюн жана бел миозити дарыланбаса остеохондрозго, бел миозити омуртка аралык грыжага, артрозго чейин жеткирет. Дарыланбай жүрүп бир жагына кыйшайып калгандар да келет.

Моюн миозитинде сезгенүү тамактын, кызыл өңгөчтүн булчуңдарына өтүп, тамак жутуу кыйындайт, жөтөл жаралат. Эгер дем алуу жолунун булчуңун да сезгендирсе демигүү пайда болот. Андыктан оору белгилери билинер замат врачка барыңыз жана дарыланыңыз. Ооруга чалдыкпоо үчүн суукта жылуу кийиниңиз, шамалдын огуна отурбаңыз жана башка.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nuri-123
2019-01-15 16:28:31
Эки уч кундо озу эле айыгып калат го
+1
meni_kut
2019-01-16 19:13:46
Nuri-123,ооба менде да озу эле айыгып калды ,желкем уюп ооруган эле.
+1
Бакыт
2023-09-30 07:22:00
Саламатсызбы,менин симптомдорум биринчиге окшош болуп Сол далыма жел туруп тан атканча ооруп кыймылдай албай кыйналып чыктым,мазь суйкоп массаж кылдыруум керекби же созсуз врачка кайрылуум керекби?
0
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан