Архив
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Айзуура Иманалиева: “АПАМДЫ САГЫНГАНДА КҮЙӨӨМ, СИҢДИМ ҮЧӨӨБҮЗ КУЧАКТАШЫП ЫЙЛАГАН КҮНДӨРҮБҮЗ БОЛДУ”№845 11-17-январь, 2019-жыл
– Апам бир жарым жашында атасы каза болгон экен. Ал эми иниси төрт айлык болуп таенемдин ичинде калыптыр. Таенем жалгыз бой болуп, апамды таята, таенеси багып чоңойтуптур. Таенеси тартипке бекем, айткан сөзүнөн кайтпаган адам болгон экен. Апам кемпирдин тарбиясын алып чоңойгон, бул нерсе аны турмушка бышырып, чыйрак, сергек, күчтүү кылган болсо керек. 8-класста борборго келип, таенем жетелеп барып Ашыраалы Айталиевдин тобуна кошкон экен. Кийин музыкалык окуу жайында окуп жүргөн учурунда атам экөө бирин-бири жактырып калышат. Апам кээде гана айтып калбаса көп деле экөөнүн сүйүү баянын айтчу эмес. Билишимче, атам 16 жашында, Кийин атам менен апам ажырашып кетишти. Мен ал кезде 12 жашта элем. Ата-энемдин ажырашуусун оор кабыл алып, үйдөн качып деген сыяктуу жорук кылган жокмун. Апам бул чечимди туура кабыл алышыбыз үчүн бизди жакшы даярдады. Көп сүйлөштү биз менен. Үй-бүлөдө уруш-талаш болуп тил табыша албаса, тынч эле бөлүнүп кеткени жакшы эмеспи. Апам үйдө эркек башкаруусу керек деп тарбияланган. “Эркек кандай болсо да аял киши көтөрүш керек деп ойлоп көп нерсеге чыдап 14 жыл жашаптырмын” деп айтып калчу. Атам барда деле үйдө электр розеткаларын апам оңдоп койчу. “Жасап кой” деп айтчу эмес, менимче, атамдын талантына, акындыгына түшүнүү менен мамиле кылчу. Атам гастролдо көп жүрчү. “Атаңар китеп окуп жатат, иштеп жатат, калемсабын албагыла, ал отурган бөлмөгө кирбегиле” деп турчу. Бул да болсо апамдын акылмандыгы деп ойлойм. Азыр эле оюн-зоок, балдар ойной турган жерлер чыктыбы же ал кезде аталардын баары эле балдарына көп көңүл бурчу эмес беле билбейм. Эсимде, сиңдим Сезим экөөбүз отуруп алып атама “Ата, бизди сейил бакка алып барып келчи” дегендей мазмунда каттарды жазчубуз. Апам болсо бизге “атаңар элдин кишиси” деп айтар эле. Атамдын жан дүйнөсүн түшүнүп, анын дүйнөсүн бизге жеткиргенге аракет кылчу. Апамдын эң туура чечими болгон деп ойлойм, натыйжада биз атамды жакшы көрүп чоңойдук. – Апамдын мүнөзү ачык эле, бетке айтып кээде эркек кыла албаган, духу жетпеген нерселерди кылып койчу. Эркектин да ишин кылганды билчү, аялдыкын андан бетер сонун билчү. Эсимде, биз Туңгуч кичи районунда жашачубуз. Азыр үйлөр түшүп калды, мурун болсо жалаң беде, бака жалбырактар өсүп турар эле. Апам бизди “баскыла, мына ушул жалбырактарды тересиңер” деп тердирип, жууп-тазалап манты, оромо, самсы жасап берчү. Чоңоюп өзүмчө турмуш куруп калгандан кийин мен апамдын ойлоп тапкычтыгына баа бердим. Аял киши үйдө эч нерсе жок деп отура бербей, бир нерселерди ойлоп таап үй-бүлөсүн багуу менен алек болгону сонун нерсе эмеспи. Негизи апам тамакты жакшы жасачу. Эң мыкты жасаганы палоо эле. Мирзат (ред.: Муканов, Айзууранын жолдошу) экөөбүз баш кошкондо ал мага “апам палоо жасаптырбы, барып келбейлиби?” дей берчү. Анткени апам мейиз кошуп, чачыратып укмуш даамдуу кылып жасачу. Кайсы тамакты жасабасын креативдүү кылып бир нерселерди жаңылатып жасай берчү. Азыр кээде мага жумуртка эле кууруп берсе кана деп сагынып кетем (жашып). Кой союлуп калган учурда чыныгы кыргыздын тамактары олобо, быжы сыяктуу тамактарды жасап берер эле. Мен апам жасай алгандардын он бөлүгүнүн бир эле бөлүгүн билет болушум керек. – Кыздары биз эмес, күйөө баласы Мирзат деле апамды жоготуубузду оор кабыл алды. Кээде үчөөбүз кучакташып алып ыйлай берген күндөрүбүз болчу. Кайра бири-бирибизди сооротуп “болду, болду” деп калабыз. Ыйлагандан табылбайт экен. Ушул нерсе бизге жеткенден кийин кайрат кылганды үйрөндүк. Сезим экөөбүз бири-бирибизге “Сен ыйлаба, мен да ыйлабайм. Биз бири-бирибизге жөлөк-таяк болушубуз керек. Экөөбүз тең соолуп, чүнчүй бергенде элдер тебелеп кетпейби. Апам бизди күчтүү көргүсү келет” деп макулдаштык. Сезимдин көңүлүн Мирзат экөөбүз тең карап турабыз. Албетте, апамдын ордун эч ким баса албайт, бирок мага оор жоопкерчилик түштү. Өзүм жаш экениме карабай, 20 жаштагы кыздын, сиңдимдин жоопкерчилигин алууга туура келди. Кээде сиңдим экөөбүздө деле пикир келишпестик болуп кетет. “Сезим, андай кылба” дейм. Кээде апамдын сүрөтүнө барам, акыл сурап, сүрөттүн жанында турсам мага бир күч келгендей болот. Өзүмө келе түшүп “эртең эмне кылышым керек?” деп ойлоно баштайм. Апам “эркек балам жок болсо да эркек балага тете эки кызым бар” деп көп айтчу. Күчтүүлүк сиңдим экөөбүздө тең бар деп ойлойм. Апамдын өзүнүн мүнөздөрүн экөөбүзгө бөлүп бергендей. Мен ачык-айрым, эл менен тез аралашып кетем. Сезим бетке айтат, алдында ким турса да бетине эле “сен туура эмес кылдың” деп салат. Ошондой эле атамдын мүнөзү да бар. Сезим чыгармачылыкка жакын, бирок ошол нерсени көрсөткүсү келбейт. Атама окшоп өз бөлмөсүндө камалып алып эле бир нерселерди окуп, жазып жүрө берет. Күнүнө эки-үч эле жолу көрүнөт. – Апамдын каза болгонун тигиден-мындан көрүп көп жазышты. “Сармерденде” иштеп калганы, Гүлзат Батырканова сыяктуу эки жыл иштеп каза болгону, менимче, дал келүү эле. Мен ушинтип ойлогум келет. Бирок көз тийди дегенге кошулам. Каза болгондон бир аз мурун эле ден соолугун жакшылап текшерткен болчу. Баары эле жайында чыккан. Апам 5 жылдай мурун дал ошентип ооруган. Ушундай эле колу-буту, жүзү муздап, мен дарыгерлерге алып баргам. Бирок дарыгерлер эч нерсе таппай, молдо дем салгандан улам эле жакшы болуп кеткен. Бул жолу деле ушундай болду деп ойлодум. Каргашалуу түнү Сезим экөө чогуу жаткан, саат үчтө апам “жаман болуп жатам” деп ойготуптур. Мирзатка чалып “молдо алып келе калчы” дедим. Дем салдырдык. Сезим дары-дармекке жүгүрүп, мен балам ыйлап, жанында Мирзат болуп калды. “Бир нерсе айтам деп эле айта албай койду” дейт. Менимче, бизди аяп, бир нерсе дегиси келген окшойт. Анан катуу кыйналып чыкты. Апамдын акыркы сөзү “Мен болбой калдым окшойт, силер күчтүүсүңөр, кайраттуусуңар” дегени болду. Кыйналып жатып, комага түшүп калды да, көп өтпөй үзүлүп кетти. Апам аз жашады, бирок саз жашады. Ошого соороном. Артында жакшы сөзү, таланты, элеси калды. Мен өмүр бою апам айткандай күчтүү болом жана күчтүү аялдын кызы экениме сыймыктанам. "Апам азыр деле эшиктен кирип келчүдөй күтө берем".
Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
экен,ошондо да жагын койбой шумдуктуу создор менен сындап чыгышчу.Аз убакыттын ичинде сыйлап,баалап калышка ото аракет кылдым бирок улгурбодум.алдыда не бир сонун пландарыбыз бар эле баары бир кундо талкаланды.