Кенже Дүйшеева, ырчы: «БАРДЫК КЫЯЛДАРЫМА КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН ЖЕТКЕН АДАММЫН»

“Ойлонуп көрөйүнчү”, “жообун эртең берейинчи...” деген жооптор бул ырчыга тиешелүү эмес, болсо болду, болбосо жок деген жооп угасың. Үй-бүлөсү тууралуу сүйлөсө көздөрү жайнап, чыгармачылыкка келгенде олуттуу тартып, оюн так билдирген, сөз баркын билген Кенже Дүйшеева болду маектешим.

СИЗ АКЫРКЫ ЖОЛУ...

... уккан ыр?

– Мааниси терең “Жан досум” деген чыгарма.

... көргөн кино?

– “Ак кеме” тасмасын көрдүм.

... окуган китеп?

– Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” кайталап окудум. Стартта Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы турат.

... уккан таасирдүү сөз?

 – Болбойт деген нерсе болот.

... уккан жагымсыз сөз?

– “Катуу ооруп, анан чачын алдырып салыптыр” деген сөз. Бир чети күлкүлүү, бир чети таң калычтуу, бир чети жагымсыз болду.

... саякаттаган өлкө?

– Таиланд.



– Кенже эже, Жаңы жылыңыз менен! Жыл жаңырып, өткөн жылга жыйынтык чыгардыңызбы? 2018-жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

– Чоң рахмат! Албетте, ар бир адам артка бир кылчайып, өткөн өмүрүнө саресеп салат. Былтыркы жылы эсимде калган маанилүү окуялардын бири – кызым мектеп босогосун аттады. Бул биздин үй-бүлө үчүн жоопкерчиликтүү, жүрөк кубанткан, өзгөчө окуялардын бири болду. Дагы бир эсте каларлык учур – көбүрөөк курулуш иштерине аралаштым. Аралаштым дегенде кандай, жолдошум экөөбүз үй салып баштаганбыз, куруучуларга тамак жасап ашпозчу болуп үйдө көп убакыт кармалдым. Негизгиси жыл жакшылыктары менен гана эсте калды

– Кызыңыз Томирис Бишкектеги англис тилине басым жасаган мектептердин биринде окуйт деп жаттыңыз эле, окуулары кандай?

– Томирис негизи кичинекейинен эле кыргыз, казак, орус тилинде сүйлөп чоңойду. Бүгүнкү замандын талабына ылайык мектепке берүүгө туура келди. Окуусун өтө жакшы деп айтпайм, бирок жаш кезде баарын бат кабыл алат эмеспи, аракет кылып окуп жатат. Байкашымча, чыгармачылыкка жакын болот окшойт. Кайсы жаңы ырлар чыгып жатканы менен кабардар болуп, угуп калат. Былтыр кайда жүрбөсүн Мирбек Атабековдун “Мурас” ырын укту. Өзү да айтып калат “апа, мага эң жаккан ырчы Атабеков” деп.

– Жаңы жылдык берүүлөрдөн сиздин ырдаганыңызды байкаган жокмун. Тартылууга чакыруу болбодубу же Алматыда болуп келе албай калдыңызбы?

– Туура баамдаптырсыз. Мен негизи кайталанууну жактырбайм. Жаңы жылда жаңы, өзгөчө чыгармалар жаңырышы керек. Бир ыр, бир форма менен бардык телеканалдан чыгуу мен үчүн эмес. Бир канча берүүгө тартылсам, ошончо ыр, ырга жараша форма жана башка жасалгалар менен чыгышым керек. Бул менин көрүүчүлөрдү сыйлоо талабым. Бир гана көгүлтүр отко катышам деп ойлогом, бирок убактысына жетишип келе албай калдым. Быйыл гана жаңы жылдык берүүлөргө катышкан жокмун. Жаңы жылга сапаттуу ырлар, ага жараша өзгөчө клиптерди тартам деп камданып турган чагым, буюрса, баары бышып-жетилип турат. Өзүмө койгон талаптарды “Жебенин” жигиттерине да акырындан сиңирип келе жатам.

– “Жебе” демекчи, жигиттер өз-өзүнчө ырдап чыгышканы “топ тарады” деген кептин тарашына алып келди окшойт?

– Топтун жигиттери менен 5 жылдык келишимде иш баштаганбыз. Келишим бүтсө да бири-бирибизди кыя албай жүрүп, 7 жыл өтүп кетти. Жеке ырчы катары чыкканга багыт бердим, жыйынтыгы жаман болгон жок, жакшы ырлар жазылды, клиптер тартылды. Анын үстүнө балдарды бир жерде мыкчып кармап отургум келбейт, өзүмчүл болбош керек, ар бири жеке ырчы катары өсүп, түйшүктү өз жон териси менен сезсин дедим. Азыр эки эсе сыйга ээ болуп отурам, бул да болсо балдардын менин эмгегимди түшүнүп, баалай билгенинен деп ойлойм. Балдарга айттым, “баары бир силерге көз салып, кеп-кеңешимди айтып жаныңарда болом” деп. Буюрса, февраль айында “Жебенин” жаңы курамын эски курам менен биргеликте тандайбыз.

– “Чындык – менин досум” деп айтып келесиз. Чынчылдыгыңыздан көбүрөөк пайда табасызбы же жапа чегесизби?

– Эмнегедир көбүрөөк жапа чегет экенсиң. Жакшы жагы, чындык сени дайыма жандап жүрсө уйкуң тынч болот. Көрүп-билип турган нерсемди бурмалай албайм. Кээде байкап калам, дос-тууган болобу, мага бир нерсени айтарда абайлап калышат. Башында оор тийсе да, кийин түшүнүп рахмат айтышат.

– Инстаграм баракчаңызга кимдир бирөөгө “Сен менин окулуп бүткөн китебимсиң. Мени каралаганыңды токтот...” деген таризде билдирүү калтырдыңыз. Дагы деле тынчыңызды алгандар болуп жатабы?

– Мен ушундай мүнөздөгү адаммын, артка кылчая бергенди жактырбайм. Алдыда андан да кызыктуу окуялар, күчтүү китептер күтүп турат. Өзүн өтө бийиктемин деп ойлоп, ошол ордунан түшө албай убара болгондор бар. Бирок бийиктик деле убактылуу нерсе экенин түшүнүү керек. Бизнестеби, чыгармачылыктабы бардык нерсе келип-кетет, бирок адамдык сапат, тарбия, кечиримдүүлүк деген нерсени адам өзүнө сиңирип, колдонушу керек. Муну мен жакшы түшүнөм, анткени сени курчап турган чөйрө сенин ар бир жасаган нерсеңе көнүп калат экен. Топтогу жигиттерди “жеке иштегиле” дегеним да аларга сабак болсун деген кадам болду. Бүгүн болбосо эртең сөзсүз түрдө өзгөрүү келет, ошондо бардыгына даяр болуп, кыйынчылыктын баарын керт башы менен сезе билишсин.

Мен үчүн окулуп бүткөн китепке айланса да, мени каралоонун үстүндө жүргөн адамдар бар. Бүгүнкү күндө алар мен үчүн көнүмүш эле болуп калды. Артка кылчайгым келбейт. Анткени мени алдыда андан да түйшүктүү жаңы муун, жаш таланттар менен иштешүү күтүп турат.

– “Оңой жеткен кыял – кыял эмес” деген ойго кошуласызбы? Кыялдарыңыздын баары эле орундалып келе жатабы?

– Кыялдын 50 пайызы орундалса, көбүнө жеттим деп кубаныш керек. Кээ бирлер оңой жетет, кээ бирлер оор. Бала кездеги кыялдарымдын айрымдары орундалды десем болот. Жаш өйдөлөгөн сайын кыялдардын мааниси да өзгөрүп, жетик, маңыздуу, токтоо нерселер орун алат экен. Кыялга акырындап, мээнетиңди төгүп жетсең баалуу болот го дейм. Мен бардык кыялдарыма кыйынчылык менен жеткен адаммын. Бул күндөр мага оңойго келген жок.

– Коомдук маселеге кайрылсак, акыркы убакта жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйгөнү байкалат. Канткенде токтотууга болот деп ойлойсуз?

– Жүрөгүмдөгү көйгөйлүү маселени козгоп турасыз. Акыркы күндөрү интернет булактарына көп баш баккым келбей калды. Жаш наристелердин зомбулукка кабылганын билсем ушунчалык жаным ачып, айласыздыктан ыйлап алам. Ошол окуяны кечке акылымдан чыгара албай, көпкө чейин жүрөгүмдө кармап ызаланып калган учурлар болот. Өтө өкүнүчтүү жагдай, жеткен акмакчылык. Тезинен чара көрүш керек. Балким, мен тарабынан одоно айтылып жаткандыр, бирок жаш балага ырайымсыз мамиле кылган адамга өлүм жазасын киргизиш керек. Башка кызыкчылыктарга маани берип, жаш балдарды унутта калтыргандайбыз. Аруу наристелер зордукка кабылганы дүйнөнү караңгылык каптап, жамандык көбөйгөндөй сезилет. Ошол кордук көрүп чоңойгон балдардан кийин “мага деле ушундай мамиле болгон, демек, мен да жасайм” деп кылмышты уланткан муун чыксачы? Ушул темада чыгармачыл чөйрө деле козголуп, зомбулукту токтотуунун кандай жолдорун тапсак болот деген маселени көтөрсөкпү деп ойлонуп жүрөм.

– Маегибиздин аягында күйөрмандарыңызга жаңы жылдык каалоо айта кетсеңиз.

– Журтубуз аман болуп, мамлекетибизде тынчтык болсун. Желегибиз дайыма көктө желбиреп турсун. Жаңы жылыңыздар менен!

– Жаңы жыл сизге да ийгиликтерди алып келсин!

Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кенже Дүйшеева: "Кыялдарыма кыйынчылык менен жеттим"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Aikan1966
2019-01-15 10:48:51
Баарына озум жетиштим дебей,сени Кенже кылып атынды чыгарган Гулшаир эжени унутпа,канчалаган талантуулар журбойбу,сени тапталаган,унунду чыгарган эже,анан озун да кыйын экенсин бугунку денгелге жетишип олтурасын,сен да Гулшаир эжедей жаш муундарды чыгарып элге жеткир,Айпери сен менен чогуу чонойгон синдин болду эми ал уй-булоосун бузбу жарашканда,окулуп буткон китептер кайра ачылып кетпесин ,экоонор эс акылынар менен уй-булоонор менен бактылуу бергиле,аллах берген байлык бакытты тутуп кал.
-12
PrinsessaNuri
2019-01-15 12:54:13
Бир дагы Гулшайыр эжесин эстебептир го. Ал болбосо балким мынчалык даражага жетмек эмес. Бирок кучтуу аял
0
mahabat.
2019-01-15 15:35:12
Башкаларда жок бактым бар деп жар салбады беле.бир кыз тороп алып.Элдер 3-4 кыз эркек тороп атышат.Тээээ илгери ушул маеги жаккан эмес
-23
Nanei
2019-01-15 19:46:00
mahabat.,кырктан ашканда кором силерди удаа удаа тороп жибереринерди
+13
Nevestkaa
2019-01-15 20:17:07
mahabat.,баланы кудай берет Кенже өзү жасабайт.Бул деле төрөгүсү келет болуш керек.
+10
Nanei
2019-01-15 15:49:48
Кенжеге бакыт каалайм.ХХХХХ отожаман кылып кетирген Кенжени,анан аны эмнеге эстесин. Кенженин козу отуп кеткен ата энесине чейин козгоп жаман маек беришкен суперге. ХХХХ. дагы коп соз айтат элем админ очуруп салат. Ошондо Кенже акылдуулук кылып бир соз жооп каяша кылган жок.
+20
Nanei
2019-01-15 15:51:54
гульшайыр эженер кыйын экен азыркы кыз буракты эмне чцгарбайт??? ал гана эмес Сайкал деле очуп баратат ко.Кенже кыз бурактан кандай кетти ,кыз бурактын аты ошо замат очту
+27
Skarlett-Skarlett
2019-01-15 18:28:51
Кенже эже шарт суйлогон аял.Мээнетин баалабады окшойт,чын эле Кыз-Бурактын мотору болгон экен да.Оо,бул эже барда дунгуроп популярдуу эле го.Бар болунуз,турмуштан да кечигип,эмгиче неберелуу болмок.Бар болунуз эже!
+23
begim1002
2019-01-15 21:39:00
Мен аябай талантын сыйлайм. Ишинизге ийгилик бар болунуз.
+9
Anarik87
2019-01-15 23:07:52
Кызбурак келди дегенде аябай суйуунчук ,ал убакта Кенже Д,Айжамал,Гулнара булар кыз бурака экинчи омур берген ырчылар болчу.Азыркы кызбкрактан кыздарын бирин да тааныбайбыз бирин корсон кайра эле экинчиси келет
+12
AikUrm
2019-01-16 12:03:38
Озу да созу да кучтуу.Сыйлаганга татыктуу ырчы
+5
zinagull1996
2019-01-16 12:31:30
Кучту эже Кенже. Ийгилик каадайм. Уй булолук бакыт
+4
karona12
2019-01-16 22:49:06
Садыбакасовага пазор ушунча жыл иштетип алып куйого тийерде бир сом бербей кууп чыкканы ошол учун дагы группанын иши журушпойт.
+7
aitowa11
2019-01-17 11:48:17
karona12, Ошондой кылган бекен? Негизи козун мн корбогондон кийин айтыш кыйын.
+1
karona12
2019-01-17 12:58:12
aitowa11,ушул супер инфодо айтышка чыгышкан ар бир санында)). Ошондо Кенже Кенже айткан колумдагы телефонуман бери алып койду деп.
+4
gulmira96
2019-01-18 19:36:33
Негизи бетке айткан адамдар элге жакпайт го, элдин бетине жакшы суйлоп аркасынан жамандап турса жарашат, кучтуу айым катары жагат бирок аябай боорукер экен, наристелердин зомбулукка кабылып жатканы менин да журогумду оорутат.
+3
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан