АКШда банкта иштеген кыз: «БИЗ СЫРТКЫ КӨРҮНҮШТҮ КООЗДОЙБУЗ, АМЕРИКАЛЫКТАР АҢ-СЕЗИМИН БАЙЫТЫШАТ»

27 жаштагы мекендешим Толгонай Калмурат кызы АКШдагы алдыңкы 4 банктын биринде иштейт. Ал Кыргызстанда гуманитардык жаатта билим алган. Мекендешим аракет жана каалоо бардык максатка жеткирери тууралуу кеп кылды. Америкалык кыялдарды багып жүргөн окурмандарга күмүш сырга. Толгонай тажрыйбасы менен бөлүшөт.

“БИЗДЕ ДА ТАТЫКТУУ БИЛИМ БЕРИЛЕРИНЕ КӨЗҮМ ЖЕТТИ”

– Мен 1991-жылы Талас облусунда төрөлгөм. Талас шаарындагы “Сапат” лицейинде окудум. 10-класста Анкарада өткөн түрк тили боюнча эл аралык олимпиадада 102 өлкөдөн келген катышуучулардын арасынан биринчиликти алып, алтын медаль тагынганым алгачкы ийгилигим. Кийин Эл аралык Ала-Тоо университетинде англис тилинен синхрондуу котормочу адистигине ээ болдум. Студенттик кезде түрктөрдүн “Атам жана уулум” деген тасмасын кыргызчага которуп, аны Түркиядагы жана АКШдагы кыргыздарга көрсөткөм. Ошондо алгачкы ирет АКШга келип, бул жактан келечегимди түптөө үчүн жакшы шарттар бар экенин көрүп, окуумду ушул жактан улантууну кыялданып койгом. Азыр ошол максатыма карай баратам.

АКШга 2016-жылы өзүм эле келгем. Бул жакта жакын курбуларым бар болгондуктан көп кыйынчылыкка дуушар болгон жокмун. Жашай турган жеримди да таап беришти. Мен жашаган шаарда эч бир коомдук транспорт жүрбөйт. Өзүм жеңил унаалуу болгонго чейин кыздар мени жөө калтырышкан жок. Жумуш да оңой табылды. Алгачкы 1,5 жыл сувенир, белектерди саткан дүкөндө кассир, мейманканада ресепшионист болуп иштедим. Кийин алдыга жылуу үчүн жакшыраак жумуш издеп, “Уеллс Фарго” банкына кардарларды тейлөө адиси болуп жумушка орношуп калдым. Менин экономикалык билимим жок. Ага карабай эле ачык вакансияга күчүмдү сынайын деп тапшырып койгом. Компания ылайыктуу кадрларды тиешелүү билими жок болсо да жумушка алып, өздөрү окутуп иштетишет экен. Бул өлкөдө жогорку билимдүү болуу чоң жетишкендик болуп саналат. Кыргызстандагы билимиңиз менен эле жергиликтүүлөр менен тең тайлаша иштей алат экениңизди белгилегим келип жатат.

“УКУГУМ КОРГОЛГОН, АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ИШЕНИМ БАР ӨЛКӨДӨ ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ”

– Өз мекениме эч бир жерди салыштырбайм. Бирок чет жакка чыкканда андагы жетишкендиктерди көрүп, бизде мындан мыктысы болсо деп кыялданат экенсиң. АКШга келгенде алгач айлананын тазалыгы жана элдин жөнөкөйлүгү көзүмө урунган. Коом бардык улуттарды, диндерди, адамдын эркиндигин, чечимдерин, пикирин сыйлайт. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жакшы кам көрүлөт. Алар өздөрүн кем сезбеши үчүн мамлекет ар бир мекемеден аларга шарт түзүүнү мыйзам чегинде талап кылат. Айрым мисалдарга токтолсок: унаа токтотуучу жайдын алдыңкы орундары алардыкы, коляскадагылар үчүн атайын ылдый орнотулган банкоматтар бар, өзүнчө дааратканалар, мейманканада атайын жабдылган бөлмөлөр бар. Көзү азиз адамдарды мамлекет атайын үйрөтүлгөн иттер менен камсыздайт. Алар өзгөчө кызматтагы үй жаныбары деп аталып, атайын даярдыктардан өтүшөт, паспорттору бар.

Учурда биз гендердик тең укуктуулукка умтулуп жатпайбызбы. Бул теңдикти АКШда толук кандуу көрүүгө болот. Күнүмдүк жашоодон эле мисал: аял киши оор жүк көтөрүп баратса, эркек жардам бербейт, карап тура берет. Аялдар өздөрү да “мен теңмин, мен баарын өзүм жасай алам” деп теңдикке умтулушат. Ошол эле учурда үйдө идиш, кир жууп, тамак жасаган эркектерди көрүү көнүмүш.

Биз сырткы көрүнүшүбүздү заманбапташтыруу менен көп алектенет экенбиз. Бул жакта аң-сезимди өстүрүүгө аракет кылышат. Мисалы, бир аз ашык акчасы болсо дагы бир көйнөк сатып албай, кандайдыр бир курстарга жазылышат.

Эл “биз эң мыктыбыз” деп ишенип жашашат. Өзүн-өзү сыйлаганды башкалар да сыйлайт эмеспи.

Бул мамлекетте ар бир адис өз ишин сыйлап, мамлекетке салык төлөп пайда алып келип жатам деп сыймыктанып иштейт. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр чыгарган буюм-тайым, азык-түлүктөрдү сатып алып, экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканына кубанышат. Бул да патриоттуулуктун бир белгиси.

Кыргызстанда эң чоң көйгөй – коррупция экендиги жана ал “жогорудан” башталып жатканы талашсыз. Мен укуктарым корголгон, менин баштаган иштериме кам көрө билген жана адилеттүүлүккө ишеним бар өлкөдө жашагым келет.

“АТАЛАР ДА ДЕКРЕТТИК ӨРГҮҮГӨ ЧЫГЫШАТ”

– Мен иштеген компаниядагы шарттар тууралуу айтсам, банк кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын медициналык жактан камсыздандырат. Бир жылда 12 мамлекеттик майрам бар. Бул күндөрү иштебейбиз. Бирок иштеген күн катары акы төлөнөт. Кызматкерлерге бала бакчаларда, учак билеттерине, телефон кызматына, соода борборлорунда, ресторандар, отелдерде арзандатылган баалар каралган.

Татаал маселе менен жалгыз калбайбыз. Олуттуу маселе жаралса, кесиптештер чогула калып чечкенге жардам беришет. Каржы маселесинде көмөк көрсөтүү үчүн банкта ички фонд бар. Психологиялык жардамды 24 саат бою ала алабыз. Айымдарга 4 ай акылуу декреттик өргүү берилет. Кызыгы, мындай өргүүгө аталар да чыга алышат. Аталар балалуу болгондо 3 ай акылуу ата-эне болуу өргүүсүн алышат. Ишканалар кызматкерин акылуу эмгек өргүүсүнө чыгарууга мажбур эмес. Бирок ири ишканалар кызматкерлерине иштеген тажрыйбасына жараша 1 жылда 18-34 күн акылуу өргүү беришет. Бизде да ошондой.

“ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ТЕКШЕРҮҮ УКУКТАРЫ КЕҢЕЙТИЛДИ”

– Президент Дональд Трамп өлкөнүн миграциялык системине реформа киргизүүгө аракет кылууда. Миграция боюнча ал сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынса, келечекте АКШга келүү кыйын болот. Ал мыйзамда, “Грин кард” лотереясын алуунун эрежелерин татаалдаштыруу дагы каралган. Дональд Трамптын көз карашында, АКШга туугандары аркылуу же лотерея утуп алгандар эмес, тил билген, билими бар, татыктуу иштеп өзүн камсыз кыла ала турган адистер келиши керек. Мындай ыкма менен ал улуттук коопсуздук сакталат деп ишенет. Президенттин аракети өлкөгө мыйзамсыз киргендерге, өзгөчө Мексика чек арасы аркылуу мыйзамсыз келип жаткандарга каршы күрөшүүгө багытталган. Мындай мыйзам кабыл алына элек болсо да, полиция кызматкерлери мигранттардын өздүгүн катуурак текшерип баштагандыгы байкалат.

Америкалык тасмаларды көрүп жатканда бул жактагы жашоо жомоктогудай сезилиши мүмкүн. Бирок АКШга келүүнүн да бир кыйла каржылык, психологиялык жактан кыйынчылыктары бар. Ошондуктан алгач алдыңарга “мен АКШга эмне максат менен баргым келет?” деген суроону коюп, жооп таап, максатыңарды так белгилеп алгыла деп кеңеш бермекмин. Тилди өздөштүрүп келүү убакыт менен каражатты үнөмдөйт. Ар кандай жумушта иштеп калышыңыз мүмкүн экендигине психологиялык жактан даяр болуңуз. Ал эми бул жактагы кыргыздар Кыргызстандагыдай эле боорукер, пейили кенен. Бири-бирибизди колдоп, кыйын күндө кол узатканга аракет кылабыз. Ар бириңиздерге максаттарыңыздарга жетүүңүздөрдү каалайм. Бирок ошол максат өз өлкөбүзгө да пайда алып келгендей болушун каалайм. Менин да мекениме кайрылып пайдам тиер күнүм бар.

“Уеллс Фарго” – Пуэрто-Рико, Канада, АКШда каржылык жана камсыздандыруу кызматтарын сунган ири банк. Компания 1852-жылы Калифорнияда ишкерлер Генри Уэллс жана Уильям Фарго тарабынан түзүлгөн. Рыноктук капитализация боюнча дүйнөдөгү ири компаниялардын бири, 2015-жылы баасы 300 миллиард долларды түзгөн. Чоңдугу боюнча АКШдагы банктардын арасынан төртүнчү орунда, АКШнын эң кымбат компанияларынын тизмесинде жетинчи орунда.

"Сүрөт тартканды да жактырам".
"Бош убактымда ар кандай иш-чараларга барып турам. Бул сүрөттө Американын аба күчтөрүнүн көргөзмөсүн жана аба оюндарын көргөнгө баргам".
"Панама-Сити Бич деген шаарда туристтердин көңүлүн бурчу "Wonderworks" деген оюн-зоок борбору бар".

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Zaina
2019-01-15 09:41:08
Молодец! Кайсыл штат кайсыл шаар? Мен Массачусетсте жашайм, иштейм, мени фейсбукка кошуп койчу. Азыркы жумушун эмне деп аталат? Инвестиция фонд болумундо иштейсинби? Ошолор майрам куну да иштешет.
+5
Alia82
2019-01-15 15:11:32
Азамат, ишине ийгилик!!!
0
guli-1980
2019-01-15 16:25:10
эркектер декретке чыккан закон бизде деле бар
+5
Nuri-123
2019-01-15 16:44:33
КАнтип байланышсак болот экен
0
Skarlett-Skarlett
2019-01-15 18:41:05
Мен да кызымды Америкага жашатсам деп кыялданам.Озум корбосом да кызым корсун жакшы жашоону.Ийгилик сага синдим!
+4
bokonbaev
2019-01-16 14:55:10
Үй бүлөсү жөнүндө айтпаптыр го. Ал жакта жигитиби күйөөсүбу бар эле чогуу жүргөн сүрөттөрүнөн көрдүм эле. Жакшынакай кыз экен бирок...
0
AZIK01
2019-01-18 22:17:13
Туркчо "Атам жана уулум" деген жакшы которулган. Ишинизге ийгилик! Чет жакка чыксан ушундай эжелердин жардамы коп тиет. Ден соолукта болунуз!
+2
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан