МАКСАТ САДЫРБЕКОВ КҮЙӨРМАНЫНА ЛЕКСУС GS300 УНААСЫН БЕЛЕК КЫЛДЫ

Ырчы Максат Садырбеков Инстаграм баракчасы аркылуу өзү жарым жылдан бери айдап жүргөн Лексус GS300 машинасын ойнотуп, 8-январь күнү жеңүүчүгө автоунаанын ачкычын тапшырды. Оюн эмне максатта уюштурулду деген кызыгуу менен ырчы мырзага байланыштык:

– Автоунаа ойнотуу тууралуу идея жайында келген, анан “Эмнеге ишке ашырганга болбосун?” деп аракет кыла баштадым. Гив-оюндун максаты – элге жагымдуу сюрприз, белек тапшыруу. Биздин оюнда жөн гана мага жана оюнду уюштурууга жардам берген адамдардын Инстаграм баракчасына катталып, өзүңдүн атыңды, утуп калсаң байланышуу үчүн номериңди калтыруу керек болду. Оюн учурунда бекер ойнотуп жатканыма ишенбегендер, “жарым акчасын берейин, эч кимге айтпайм мага сат” дегендер болду. Бирок мен антип элди алдоодон алысмын. Гив-оюн 1 ай аралыгында өтүп, катышууну каалагандардын саны 45 миңге жетти. 31-декабрь күнү рандом программасынын жардамы менен түз эфирде жеңүүчүнү таптык. Байге Кеминдин жөнөкөй тургуну, Рахат аттуу 2 балалуу айымга буюрду. Ачкычты колуна алганга чейин Рахат эже утканына ишенбей жатты окшойт. Эми өзүм иштеп, кайрадан машина алам. Азырынча такси кызматын колдонуп жатам,- дейт Максат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Nargiza1987k
2019-01-15 10:46:28
Акча албай ойноттум дегенге ишенбей жатам чотааа
+6
Nevestkaa
2019-01-15 11:18:40
Бул бала жакшы элеби ,неге жөндөн жөн эле ойнотуп берип коет.Ыстыранна ((((
+24
Lave-you
2019-01-15 12:31:15
Жакшы жанылык го
+1
PrinsessaNuri
2019-01-15 13:10:25
Чын элеби ? Ишениш кыйын го.
+5
fanatka19
2019-01-15 13:37:39
мунун лексусу жок эле го мерси бар болчу.
+3
vikidiki
2019-01-15 14:28:30
Подписчик чогутайын дептир го. 45мин колдонуучу катышты деп атпайбы. Бирок эр экен.
+5
Nurkyz1977
2019-01-15 15:25:30
Оз машинасын бироого белек кылып коюуп кайра озу жоо жургону эмнеси,кыргызча айтканда Телебай тентек окшойт.
+10
Busi06
2019-01-15 18:14:55
Калп бул кантип ушундай болсун Лексус эмес озу канча жылдан бери иштеп 1мерс алдым деп былтыр мактанып чыккан молочный цветте мерседес алган,Чолпон мн суйлошуп журуп башка кыз мн журуп кеткенден кийин такыр жакпай калды ушул бала Чолпон 2бу эки жака ажырагандан бери мунун аты деле чыкпай калды го Чолпондун колокосундо жургон экенда
+6
rayana2015
2019-01-15 19:51:21
катуу бассан таскак дейт,аста бассан аскак дейт.Эмне эле болуп баратабыз
+2
flower92
2019-01-16 02:33:26
rayana2015,аксак
-1
zinagull1996
2019-01-16 12:37:15
Вай азыркы заманда адамдарды ишендириш кыйын ээ. Тоа. Неси бар экен жаш сулуу жигит. Кучко толгон иштеп дагы алып алат
-4
bella.8712
2019-01-16 17:08:34
Адамдардын сындатып эле койсо.өзүбүздүн колубуздан келбейт,колунан келгендерди көралбайбыз
-3
DNurgiza
2019-01-17 20:09:47
MOlodets ....көпчүлүктүн колунан келе бербейт.
-2
Karaan
2019-01-18 14:00:27
Созундо турган эркек экенсин!
-2
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан