КҮЙӨӨ БАЛАСЫ КАЙНЕНЕСИН БЫЧАКТАГАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ. КЫЛМЫШТЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Ош облусунун Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесин бычактаганга шектелип кармалды. Ал бул кадамга аялы менен ажыраштырганы үчүн барганын айтып көрсөтмө берүүдө.

“ЭШИКТИ АЧКАН КАЙНЕНЕСИНЕ БЫЧАК САЙГАН”

Бул кылмыш тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Ушул жылдын 3-январында Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган райондун Мады айылынын 44 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып Ош облустук ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кылмыш болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган.

Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр белгилүү болду: ошол күнү саат 11лер чамасында 1974-жылы туулган Д.Э. аттуу аялды күйөө баласы бычактап салган. Бычак жабырлануучунун бешенесине, колдоруна, санына сайылган. Бул кылмыш боюнча Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

5-январь күнү кылмышка шектүү катары жабырлануучунун күйөө баласы, 1997-жылы туулган И.Р. аттуу Кара-Суу районунун тургуну Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда колго түшүрүлдү. Ал такси менен Бишкек тарапка качып бараткан экен. Андан ары Орусиянын аймагына кирип из жашырмак болуптур.

“КАЙНАТАСЫ МЕНЕН КАЙНЕНЕСИНЕ КЕК САКТАП ЖҮРГӨНҮН АЙТУУДА”

– Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүнө караганда, ал үйлөнүп, 1 балалуу болгондон кийин аялы менен ажырашып кетиптир. Ошондон кийин ал Орусияга барып иштеп келиптир. Ал келинчеги экөөнүн ажырашканына кайнатасы менен кайненесин күнөөлөп жүрчү экен. Кайнатасы да урушуп койгон экен, ошого кек сактап жүрүптүр. 3-январь күнү өлтүрүүнү максат кылып кайненесинин үйүнө барат. Эшикти ачкан кайненесин өзү менен кошо ала барган аш бычагы менен бир нече ирет сайып качып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иши "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесине которулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектелип кармалган жарандын Москва шаарында кыргыз кыздардын акчасын уурдап кеткени тууралуу маалыматтар бар. Ага караганда, кылмышка шектүү "акчам, түнөй турган жерим жок" дегенинен улам кыргыз кыздар аны үйүнө алып барып курсагын тойгузуп, түнөтүшкөн экен. Кылмышка шектүү алардын 100 миң рублдей акчасын уурдап качып кетиптир деп айтылууда. Бул маалыматтар да текшерилип жатат.

“БЫЧАГЫ СӨӨККӨ ТАКАЛЫП ЧЫКПАЙ КАЛГАНДА КАЧЫП КЕТТИ”

Оорулуу учурда Ош облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, ал өтө оор абалда ооруканага түшкөн. Кан көп кеткен. Катуу сокку тийгенден улам баш мээси чайкалган. Анын колуна операция жасалып, башынын бычак сайылган жерлери тигилген. Учурда жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган, абалы азыр деле оор, бирок туруктуу.

"Дагы эмне болуп кетет экен деп азыр деле коркуп жүрөм" деген жабырлануучу Динара Эргешова ошол каргашалуу күндү төмөнкүчө эскерди:

– Ошол күнү коюу туман каптап турган. Үйдө 1 жаштагы неберем экөөбүз болчубуз. Саат 10-11лер чамасында үйдүн эшиги тыкылдап калды. Ачсам, күйөө балам башыма сокту да, бычак менен сайгылап кирди. Ошол убакта неберем коркконунан ыйлап жиберди. Ага да бир нерсе кылып жибербесин деп жан талашып каршылык көрсөтүп жаттым. Ич тарабымды көбүрөөк тосуп коргонгонумдан улам, бычак көбүнчө колу-буттарыма сайылды окшойт. Акыркы жолу сайган бычагы колумдун сөөгүнө такалып чыкпай калды окшойт, ошондо ал качып кетти. Биз жаңы конушта жашагандыктан, көп үйлөр салынып бүтө элек, кошуналар деле жок. Ошондуктан туугандарыма телефон чалып, аларды чакырдым.

Жолдошум 4 ай мурун өтүп кеткен. Кызым менен күйөө балам 1 жылдан бери таарынышып жүрүшкөн. 2-3 ай мурун күйөө балам үйгө келгенде ага “кызым экөөң чогуу жашай албайт окшойсуңар, бирок каалаган убакта келип балаңа жолугуп тура бер” деп жакшы эле түшүндүрүп айткам. Ошондо ал "макул" деп эле кеткен. Анан эле ушул окуя болуп кетти.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Jaziko80
2019-01-15 12:51:29
Тооба кылдым Кудай сактасын.
+3
BKanietovna
2019-01-15 22:09:07
Азыркы кайненелер кеебири оз милдетин билбейт уй булого кийлигишип турат миссалга менин кайненем аман эле болсун соз жок
+5
baku24
2019-01-16 20:37:02
эмне деген муун осуп келе жатат билбейсин. Жаканды кармай турган заман
+3
Altyn10076
2019-01-17 03:46:45
Менин кайнаэжелерим эжелерим аралаша берет .
+2
Jasa
2019-01-17 14:29:28
Тыынч эле ажырашып кете бербейби
-1
ADIL_AYDAROV
2019-01-17 18:14:40
Апалардын мээримдуулугун кара баласын кооруп ошондуктан ар бир уй булодо ыйман болуш керек
+1
Sprite
2019-01-19 14:32:14
Озбек туугандар окшойт,ото жаш экен бала да
0
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан