ЫРЧЫЛАР АВТОРДУК УКУКТАРДЫ ТЕБЕЛЕП ЖАТЫШАБЫ?

“Жоону сайса мен сайдым, аты калды Манаска” деген кеп азыркы ырчыларга тиешеси бардай. Анткени азыр бардык жерде аткаруучулардын гана аты аталып, көп учурда авторлор көз жаздымда калып кетүүдө.

Эрлан Жумагазиев, акын:

“АЙНУРА САЛАХИДИНОВА МЕНИН ЫРЫМДЫ УРУКСАТСЫЗ ЭЛЕ ӨЗГӨРТҮП АЛЫП ЫРДАП ЖҮРӨТ”

Редакциябызга Эрлан Жумагазиев аттуу акын баш багып, анын автордук укугу тебеленип жатканын, азыркы ырчылардын авторлорго болгон мамилесине нааразы экендигин айтты. Эмесе, өз оозунан угалы:

– Бир ирет интернеттен тааныш кызым “байке, сиздин ырыңызды Айнура Салахидинова таптакыр башкача кылып ырдап алыптыр го” деп калды. Кызыгып SUPER.KG порталына кирип Айнура Салахидинованын “Сүйдүрөм” деген ырын угуп көрдүм. Чындыгында эле менин “Ант” деген ырым экен. Болгону башындагы 2 сабын, аягындагы 2 сабын алыптыр да, калганын өзү билгендей чампалап, өзү каалагандай оңдоп, кайдан-жайдан кайырма таап алып, кошуп салыптыр. Сөздүн автору ким экени тууралуу маалымат жок, ал тургай обонун ким жазганы да белгисиз. Болгону ырчынын эле аты жазылып жүрөт. Бул текстти кимге оңдоткону, кимге түздөткөнү да белгисиз. Ырчынын өзү менен байланыша албай жатам. Бул жерде мен сотко берейин же болбосо чырдашайын деген максатым жок. Болгону “сөзүн баланча жазды эле” деп койсо бизге ошол эле жетет. Балким, кайра ырдайм десе өзүнө ылайыктап оңдоп-түздөп жазып бермекмин.

Негизи бул ырды 2-курсумда группалаш кызыма арнап жазгам. Тилекке каршы, тагдыр бизди кошкон жок. Ушул ырым аркылуу чыгармачыл чөйрөгө таанылгам. Азыр экөөбүз тең үй-бүлөлүү, бала-чакалуубуз. Бул ырымды Мирлан Самыйкожо, Алтынбек Исмаилов жана башка бир топ чыгармачыл адамдар “жакшы ыр экен” деп жаттап алышып:

“Сезимге салдың дүрбөлөң,

Сенчелик эч ким сүйбөгөм.

Каалагын, мейли, каалаба,

Карап тур сага үйлөнөм”,- деп кыскартып окуп жүрүшөт. Өзүм тууралуу айтсам, 3 китептин авторумун, буга чейин да ырларыма обон жазылып, ырчылар ырдап жүрүшкөн.

Ар бир чыгарма өзүңдүн балаң сыяктуу болуп калат. Күйүп жатканым ошол да. Татынакай эле балаңдын колу-бутун кескилеп мунжу, майып кылып койсо кандай абалда каласың? Бул деле ошол сыяктуу. Азыркы ырчыларга кайрыларым, авторлорду атай жүрүшсө. Акын сөзүн, обончу обонун жазбаса ал ыр кайдан жаралат эле?

Айнура Салахидинова, ырчы: “ЫРДЫ МАГА КУРБУ КЫЗЫМ “МЕНИКИ” ДЕП БЕРГЕН”

Бул маселе боюнча ырчы Айнура Салахидинованын өзүнө байланышып, мындай жооп алдык:

– Бул ырды мен бойдок кезимде, тагыраагы, 2008-жылы жаздыргам. Элнура Акимжанова аттуу “Арзуу ыры” деген ырымдын сөзүн жазган акын курбу кызым бар. Ал “Менин “Сүйдүрөм” деген ырым бар, ушул ырга обон жаздырып ырдабайсыңбы” деп сөзүн жазып берген. Ырдын сөзүнүн автору ким экенин билген эмесмин да, тиги курбум сунуштаганынан эле сөзү жагып калып ырдагам. Анан мен Замир Жээнбеков деген аранжировкачы, обончу байкеге алып барып обонун жаздыргам. Кайырмасы жок болгондуктан кайырмасынын сөзүн ошол обончу байке жазып берген. Ошол боюнча ал ырды ырдабай деле калгам, андан бери 10 жылдан деле ашып кетиптир. Клип да тарткан жокпуз. Азыркы убакта бул ыр мага такыр туура келбейт. Бул ырды жаш, бойдок кыздар ырдай турган ыр.

 

“Ант”

(Акын Эрлан Жумагазиевдин ыры)

Сезимге салдың дүрбөлөң,

Сенчелик эч ким сүйбөгөм.

Өмүрлөш жарым болбосоң,

Өзүңсүз кантип күн көрөм?

Азапка түшүп күндө мен,

Артыңдан калбай сүйрөлөм.

Антташып сага түбөлүк,

Айтчы мен качан үйлөнөм?

Ободо турат Күн деген,

Отуна жоктур күйбөгөн.

Жалынга далай кактадың,

Жалжалым, сен да Күн белең?

Акылга салып дүрбөлөң,

Азапты башка үйбө жөн.

Каалагын, мейли, каалаба,

Карап тур, сага үйлөнөм!

“Сүйдүрөм”

(Айнура Салахидинова ырдаган ырдын сөзү)

Сезимге салдың дүрбөлөң,

Сенчелик эч ким сүйбөгөм.

Каалагын, мейли, каалаба,

Карап тур, сени сүйдүрөм.

Кайырма:

Тамашага саламын,

Көңүлүңдү табамын,

Ырдап берип сүйүү дастанын.

Жүрөгүңдү эргитип,

Сезимиңди сергитип,

Сени мендик кылып аламын.

Акылга салдың дүрбөлөң,

Анчалык эч ким сүйбөгөм.

Алдагын, мейли, алдаба,

Ансайын сени сүйдүрөм.

Жүрөккө салдың дүрбөлөң,

Жүдөп бир эч ким сүйбөгөм.

Жактыргын, мейли, жактырба,

Жанымдан чыккыс сүйдүрөм.

 

Исирадин Аманбаев, композитор, аткаруучу: “КЫРГЫЗПАТЕНТ” УКУГУБУЗДУ КОРГОБОЙ ЖАТАТ”

Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин өткөн сандарында композитор Тарас Асанакуновдун кызы Жамиля Асанакунова да “жаш ырчылар атамдын ырларын уруксат сурабай ырдап чыгып алышты” деп нааразычылыгын айткан эле. Мындай учурларды санасак манжабыз жетпейт. Чындыгында эле аткаруучулар менен авторлордун ортосунда араздашуу болуп жатканын, мунун алдын алуу керектигин белгилүү композитор жана аткаруучу Исирадин Аманбаев да айтып өттү:

– Чыгармада эң биринчи жаратуучу көрсөтүлүшү керек. Башкача айтканда, сөзү жок музыкада композитор, эгерде обондуу ырлар болсо, анда сөзсүз түрдө акын менен композитор автор катары дайыма биринчи орунда турушу керек. Андан кийин аткаруучу, анан аранжировкачылар жана башкалар жазылышы кажет. Биринчи орунда сөзсүз түрдө жаратмандык болуш керек. Акыркы кезде, тилекке каршы, жаратмандык, чыгарманын авторлору абдан тебеленип, тепселип жатат. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде дагы каралбай калды. Тиешелүү кызматтагылар ким автор ага карабайт. Эң биринчи ким ырдап чыгып жатат, ошого карашат. Жанагы сый-сыпаанын, сыйлыктардын баары аткаруучуларга эле кетип жатканы ошондон. Мурун сөзсүз түрдө жаратмандык, андан кийин гана башкалары каралчу. Керек болсо мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда, концерттерде, мамлекеттик телеканалдарда да автордун аты аталбай калууда. Ошентип авторлордун укугу тебеленип жатат. “Кыргызпатент” авторлордун укугун коргоп бериш керек болчу, бирок алар коргобой жатышат. Мисалы, менин “Ай жарык” деген ырымды казактар которуп ырдап алышкан экен, “Кыргызпатентке” жана бир топ жерге кайрылдым, эч кандай майнап чыккан жок. Убагында жаш ырчылар менин чыгармаларымды да аткарышып, атымды атабай калган учурлар болгон. Роза Шакирова деген жакшы ырдаган ырчы кызыбыз бар, ал “Мен сизге күндөй ашыкмын” деген бир ырымды ырдаган экен. Былтырбы же мурдагы жылыбы, “Кыргызпатентте” так ушул маселе боюнча чогулуш болгондо муну айтып коюп, ырчыларга катуу тийген. Көрсө, ырчылар бул көрүнүшкө көнүп калышыптыр. Автору ким, кандай мээнет менен жазган, иштери жок. Эгерде бир ырды угуп калышса барып акчасын беришип аранжировка, үн жаздыртышат. Анан барып авторун эстешет. Эгер таппай калышса, ошол боюнча эфирлерге кетирип жиберишет.

Бул маселенин алдын алуу үчүн силерге окшогон гезиттер жазып, “Кыргызпатент” жыл сайын чогулуш кылып туруш керек. Маданият министрлигинин алдында комиссия түзүлүп, авторлор менен тыгыз иштешүү зарыл. Бир-эки автор уят-сыйытты жыйыштырып эле сотко беришсе, ырчылар экинчи андай жолго барбай калышат.

“АВТОРЛОРГО КЕҢЕШ БЕРЕБИЗ”

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– Эгерде бир адамдын, тагыраагы, бир акындын ырынын бир куплетин алып, калганын өзү улап же өзгөртүп алса, анда автордук укукту бузуу болуп саналат. Ошондой эле музыкада да обонду окшоштуруп жазса автордук укук бузууга жатат. Ал үчүн алгачкы автор менен кийинки автордун ортосунда келишим болуусу кажет. Тагыраагы, макулдашып, авторлош болсо же биринчи автордун уруксаты менен өзгөртсө болот. Бизге көптөгөн авторлор бул маселе боюнча кайрылышат. Биз аларга дайыма автордук укукту коргоо тууралуу кеңештерибизди берип турабыз. Автордук укукту коргоо ар бир жаратман адамдын өз иши. Алар эгер автордук укугу бузулса сотко кайрылса болот.

Азыркы тапта телеканалдарда же телеберүүлөрдө, клиптерде автордук укуктарды бузган учурлар өтө көп. “Биринчи сөзүн жазган акын менен обончунун аты жазылышы керек, андан соң гана аткаруучунун аты жазылышы керек” деп биз телеканалдарга айтып, эскертүү берип турабыз. Мисалы, азыр клиптерде клипмейкерлердин аты чоң тамгалар менен жазылып, чыгарманын авторлорунун ысымы кичинекей тамгалар менен жазылып жүрөт. Бул дагы туура эмес.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
orxidey
2019-01-15 23:12:17
Туура мурда обонун кимдики созу кимдики сосуз турдо биринчи айтылчуу азыр ура ура менен артистер кетип баратышат той той жана той .
+3
taalay25
2019-01-16 12:51:21
Аваз Акимов автормун деп ырдап жургон Айганыш деген ырды биз окуучу кезде Баткендин Кызыл Бел айылынын музыка мугалими Торо Жапаров 1999-жылы ырдап той ырына айланган болчу. Кийин кайдан жайдвн Аваз автор болуп Айганыш аталыштагы концерт берип жиберди. Абдришитов деген ырчы ырдап жургон Ай сары сары кыз деген ырды Жусуп деген Сулуктулук ырчы 1995-жылы ырдап чыккан. Ай сары кыз сары кыз шашып кайда барасыз?-деп озунун эки жашар жээн кызына арнап ырдаган экен. Азыр жээни чон кыз болуп студент. Айт
+2
karona12
2019-01-16 22:52:51
Маданияттын Мсын билбегендер бирин бири сыйлашпайт сыйласа авторго кайрылып тактап анан ырдашмак. Салахидиновада ун деле жок манкаланып ырдайт.
+6
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан