МЫШЫК

– Мышык бакпасамбы. Мышык сонун да...

Басып келатам. Бут алдымда кар. Кырт-кырт... Мышык, мышык... Кайдан тапса болот? Көчөдөгү эле мышыкты багып алса болобу? Ветеринарга алып барып бир сыйра каратам да. Соо болсо багып алам. Соо болбосочу? Дарылатам. Кечинде жумуштан чыгып келатып карабасамбы.

– Ойгондуң беле?- апам чалды.

– Ооба, жумушка баратам.

– Аа, дагы уктап калдыбы деп... Мейли анда.

– Апа?

– Ии?

– Айылда мышык жокпу?

– Ии?

– Мышык багып алайын деп жатам.

– Мышык? Күйөөгө тий! Кайдагы мышык?!

– Мышык баккан күйөө таап берсеңиз тием.

– Жинди кыз!

ххх

Кечинде өзүм жашаган үйдүн айланасын карап чыктым. Кээде ушул жакта мышыктар жүрүп калчу эле. А тигинде жүрөт. Ай-ий, бул бирок чоңоюп кеткен го. Өз алдынча ою бар, өйдө-ылдыйды көргөн, эркиндикти баалаган, жашоого бышып калган мышык го... “Таак, кожойке! Үйдө жегенге эмне бар? Давай, колбаса, чучук, эт... Бер! Мен шашып жатам. Понтторум бар эле” деп калдаңдап кирип барат го үйгө. Карабайсыңбы, жашсынтып карап жатпайбы, өйдөдөн ылдый. Болбойт.

Подъездге кирип баратсам, мышыктын үнү чыгат. О-ой, мына муну болсо Кудай өзү жиберди. Ойлор материалдашат деген ушул. Бүгүн кечке мышыкты ойлоп койдум эле. Эч нерсени көрө элек жапжаш мышык. Жылуулук издеп подъездге кирген го. Бас бери. Таптаза да экенсиң. Таргыл мышыкты колго алып кирип кеттим. Сүт бердим, нан бердим. Сабиз салат жебейт экен. Жуунттум, кыйкыртып-өкүртүп.

– Эртең ишемби. Ветеринарга барабыз. Бирөө үчүн жоопкерчилик алуу деген ушул. Болду эми сени мен багам. Эшиктин алдына туруп алып жалдырагандан эч нерсе чыкпайт. Сен эми бомж мышык эмессиң. Сенин кожойкең бар. Бас, укта.

ххх

Эртеси ветеринарга алып бармакчы болуп көтөрүп жөнөдүм. Экинчи кабатта бир жигит өйдө-ылдый карап эле бир нерсе издегендей болуп туруптур. Жанынан өтүп баратам.

– Эй, мышыкпы алдагы? Көрсөтчү!

– Сага эмне болду, апей? Турчу ары!

– Менин мышыгым экен, алып кел бери!

– Эмне? Меники бул.

– Меники экен дейм. Кечээ эшикти ачканда сыртка чыгып кеткенин байкабай калыпмын. Ушул жерден алып кеттиң беле?

– Барчы ары, мен муну көптөн бери багып жүрөм.

– Боря-я,- десе тиги таргыл да жанданып, үн чыгарып жатпайбы.

– Боря эмес бул. Камшат.

– Эмне-е?

– Камшат дейм.

– Боря бул. Эркек мышык. Кайдагы Камшат?- чын эле мышык ушунуку экен.

– Эк, ме! Эркек кантип мышык баксын?

– Мышык бакса эмне экен?

– Бирдеме деп жатамбы?- тултуңдап мышыкка да, жигитке да таарынып үстүңкү кабатка үйүмө чыгып кеттим. Жуунтканымды айт. Кечээки таштандыда жүргөн “бродяганы” эле алып келгенде болмок экен. Ушинтип ойлонуп жатсам, эшик тыкылдайт. Эшиктин көзөнөгүнөн карасам, мышыкты көтөрүп жанагы жигит турат. Бул адашып калган го, мышыкты кайра алып келген окшойт. Эшикти ачтым.

– Мышык багасыңбы?

– Эмне?

– Ошол. Сен кечкисин бак, мен күндүз багайын. Мен түнкүсүн жумушта болуп, бул байкуш жалгыз калып жатат. Кечкисин карап тур да... Мышыкты жакшы көрөт турбайсыңбы. Сен жумушка кеткенде мен карап турам. Экөөбүз багабыз...

Жооп бергендин ордуна жылмайып жатам. Ушу таптакыр сезимдерди жашырганды үйрөнө албай койдум.

ххх

Бир айдан бери ушу... Жумушка кетип баратып Бекболотко мышыкты таштайм. Ал болсо кечинде жумушуна кетип баратып мага таштайт.

– Боря, апаң урса мага айтасың, макулбу,- деп тамашалайт мышыкты берип жатып. Сонун жигит ушул. Мышык бакканын айтсаң. Боорукер! И-ий, чын эле... “Мышык баккан күйөө тапсаңыз тием” дедим беле апама? Ойлор материалдашат!

– Алло, апа!

– Ии?

"Мышык баккан жигитке жолугуп калсын" деп тилеген эмес белеңиз?

– Эмне жигит таптыңбы?

– Жок, азыр жигитим боло элек го. Бирок... Эмнеси болсо да ошол мышык баккан жигит менен бактылуу болсун деп тилеп коюңузчу, ээ?

– Жинди кыз! Мейли...

Салкынай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tam4y
2019-01-16 16:12:39
☺ соонун го
+9
aziali01
2019-01-17 11:38:53
А биз жаман коробуз экообуз тен
+7
cholpon119966
2019-01-19 10:15:22
Мышыкты оло жакшы коргон бир дос бала бар, кайсы жактан корбосун конул бурат созсуз, жакшы коруп суротко да тартып алат иий мага вообще жакпайт, ошол досума да мышык жакшы коргон кыз жолукса точно жылдызы келишсе керек)))
+6
Beka1986
2019-01-20 14:46:40
Уй жаныбарлардын баары жагат мага
+2
kuzumka
2019-01-21 14:04:13
Бизде да мышык бар аты Муся.кызымдын мышыгы.Папабыз жаман корчу эле .Откондо эшике чыгып кетип жок.Кызым сабактан келип таппай калды папасы экоо издеп журуп таап келишти.аябай кулдум мышыкты жаман коргон кишини коруп ал болсо сосед менен мышык талашып урушуп келиптир биздики деп жини келип алган биздин мышык деп.эшикке чыгарба деп коет анан мага..корсо кошуна кочодон которуп кетиптир..
+4
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан