Кезектеги маегибиз лириканы сүйгөндөр, романтиканы жактыргандар үчүн десек болот. ”Сүйүү – болбогон бир жомок” дегендер деле көз кырын салып окуп койсо пайдалуу деп ойлойм. “Таттуу түгөйлөр” рубрикабыздын бул жолку коногу ырчы Максат Садырбеков жана анын сүйүктүүсү бийчи Айсулуу Молдалиева болмокчу.
– Максат, Айсулуу, эң алгач таанышкан кезиңерди эстесеңер, бир көрүп сүйүү болду беле?
Максат: – Менин эсимде, сенинчи?
Айсулуу: – Биз таанышканда мен 15 жашта, Максат 17 жашта эле. Мен хореографиялык училищеде окучумун. Максат болсо Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окучу. Биздин окуган мекемелерибиз бир короонун ичинде болчу. Мектептен чыгып, кетип баратсам байкап калган окшойт (күлүп), анан социалдык тармактардан жазып калды.
М.: – Мен кайсы жерден көрүп калганымды өзүм айтып берсем болобу (күлүп)? Жогоруда айткандай, биз бир короодо окудук, танаписте чыгып карасак балериналар жүгүрүп, секирип аябай кызыктырышчу. Айсулуунун татынакай экенин байкап калдым. Анан социалдык тармактан таап алып “Кандайсың?” деп жаздым, бул жооп берген жок. Экинчи күнү “жакшы” деп жазыптыр. Телефон номерин сурасам берген жок, жарым жылдан кийин араң берген. Сүйлөшүп жүрдүк, бирок бир жарым жылдай жолуккан жокпуз. Жолугалы десем эле баш тарта берчү.
А.: – Биринчи жигитим Максат болду. Эмнегедир эркек балдар менен жолуккандан коркчумун, чакырышса кача берчүмүн. Ошентип жүргөндө Максат телефон чалып “сенин үйүң жакта жүрөм. Сыртка чыксаң...” деп маселени кабыргасынан коюп туруп алды. Биринчи жолугушууда бири-бирибизден уялып, сүрдөп жүдөгөнбүз. Бир карап туруп сүйүп калуу болот дейт го, бизде андай болгон жок. Улам бир жакшы сапатын таап алып, жактырып жүрүп отурдук.
– Канча жылдан бери чогуусуңар, бул учурда канча жолу таарынышып, элдештиңер?
М.: – Тогуз жылдан бери кыз-жигитпиз. Баарыңар билгендей, мен “Non stop” дуэтинде ырдап калдым. Продюсерибиз менен түзгөн келишимде жеке жашообуз тууралуу айтпашыбыз керек болчу. “Сүйлөшкөн кызым бар” деп бир эфирде айтып салгам. Эфирден чыккандан кийин продюсерибиз “Эми сүйүктүүң бар экен, ортоңордо сезим бар экен. Бирок чыгармачылыкта сезимдер экинчи орунда болушу керек” деп айтты. Мен Айсулууга баарын түшүндүрүп айтып берсем, кабыл алды. Бирок мамилебизди жакындарыбыз, досторубуз билчү. Таарынычтар болбойт деген мүмкүн эмес да, үч-төрт ай такыр сүйлөшпөй калган учурларыбыз болгон. “Сүйүктүүңдү чындап сүйсөң коё бер, эгер ал сеники болсо келет” деген сөз бар го. Мындай учурларда иштер менен алек болуп, энергиямды башка нерсеге коротконго аракет кылчумун. Кээ бир кыздар бар го, жигити менен таарынышып кетсе, дароо башканы таба койгон. Айсулуу андай кылган жок.
А.: – Биз бул учурда сүйүүбүздү текшердик деп ойлойм. Идеалдуу адам болбогондой эле мамиле деле идеалдуу болбойт да. Азыр кандай абал болбосун бирге чыгып кеткенге аракет кылабыз.
– Элдешүүгө ким кадам жасайт адатта?
М.: – Таарынышып кеткенде достор аркылуу кокусунан жолугуп калдык. Сүйлөшүп жатып, биз дагы деле бири-бирибизди сүйөрүбүздү билдик. Кадам экөөбүздөн тең болду го.
– Бош убакытты кандай өткөргөндү жакшы көрөсүңөр?
А.: – Бардык эле түгөйлөрдөй киного барганды жакшы көрөбүз, достор менен убакыт өткөрөбүз. Көбүнчө чогуу тамактанганды жакшы көрөбүз. Кээде тамактануу үчүн деле жолугуп калабыз.
– Мамилеңерде силер үчүн өтө маанилүү эмне?
М.: – Ишеним жана түшүнүшүү. Түшүнүшүү – мамиледе өтө керек нерсе. А ишеним – сүйүүнүн жүрөгү. Мисалы, Айсулууну курбулары менен көп жерге жиберем. Ар бир адамдын өзүнүн дүйнөсү болушу керек да. “Жок, меники эле, меники” деп мыкчый берсең тез эле мамиле сууп кетет. Эмне эле мени алдап жаткандай карап жатасың (сүйгөнүнө кайрылып)? Туура эмес айтып жатамбы?
А.: – Туура.
– Лидер ким?
М.: – Өз чөйрөбүздө экөөбүз тең лидербиз. Чечимдерди бирдей эле кабыл алабыз. Айсулуу өз ою бар, өзүнүкүн бербеген кыз, азыр силердин алдыңарда созулуп отурат, бирок (күлүп)...
А.: – Үй-бүлөдө деле, сүйүү мамилесинде деле эркек лидер болгону жакшы. Мага Максаттын жанында лидер болбогон жагат.
– Бири-бириңер үчүн ыйладыңар беле?
А.: – Тогуз жыл ичинде эмоциялардын көп тепкичин басып өттүк. Албетте, экөөбүз тең бири-бирибиз үчүн ыйлаган учурубуз болгон. Бирок эмнеге, качан деген нерсе купуя сакталышы керек деп ойлойм.
– Кызганыч жашооңордун канча пайызын түзөт?
М.: – Мен кызганчаакмын. Көз караш деген эң башкы нерсе го. Айсулуу бирөө менен тиктешип калганын көргөндө башым “дүң” дей түшөт. Бирок бул жөн гана көз караш экенин билем деңизчи. Кээде мен деле кыздар менен тиктешип калам, ээ (күлүп)? Анда Айсулуу жаман көзү менен карап калат.
А.: – Мен деле кызганчаакмын. Башкы этаптарда кызганыч көп болгон экен. Азыр кызганышып урушпайбыз. Менин оюмча, ар кимдин өзүнүн жалгыз кала турган, эс ала турган жери болушу керек.
Мен Опера-балет театрында иштеп жүргөндө бийлеп жатып бутумду сындырып алгам. Андан кийин кайсы кесипти аркаласам деп ойлонуп жатып, өзүмдү визажист катары сынап көрдүм. Окуп баштаганда эле бул иш меники экенин түшүндүм. Азыр визажист болуп иштейм. Көйнөктөрдү тиктирип сатам, ижарага берем. Андан тышкары, клиптерге тартылып, актриса катары да өзүмдү сынап көрдүм. Кызганып эле жатып кала тургандай убакыт да, шылтоо да жок.
М.: – Айсулуунун ушу сапатын аябай баалайм. Бир нерседен бир нерсе кылып эле чуркап иштеп жүрө берет.
– Силерди капа кылган сын?
А.: – “Non stop” дуэти тарап кеткенде мени күнөөлөп көп жазышты. Түшүнбөй эле дуэт тарап кеткенине мени күнөөлөй беришти. Азыр бизге терс пикир жазгандар деле жок, тескерисинче, көбү жакшы тилектерин жазышат.
– Айсулуу, Максаттын эң эсиңде калган белеги?
А.: – Башында сюрприз жасачу. Азыр үй-бүлөдөй эле болуп калдык окшойт, майрамдарда белек берерде эмне керек экенин сурап алабыз. Мурун Максат мага өз колу менен кутуча жасап берген. Кагаздан жасалган, кутуча ачылганда ичинен жүрөкчөлөр чыгат. Ар биринде мага арналган жакшы сөздөр бар. Сактап койгом, колума кармаганда жылмайып алам.
– Максат, Айсулуунун таң калтырган жоругу?
М.: – Мен анда кафеде иштеп жүргөм. Бир күнү Айсулууга чалып “Сен таксиге түшүп келе бер, мен акчасын төлөп тосуп алам” дедим. Күз айлары болчу, шатыратып жамгыр жаап жаткан. Эмнегедир кечигип жатты. Бир маалда телефон чалды, чыксам Айсулуу жөө келе жатыптыр. Шөмтүрөп суу... Таң калдым. Башка кыздарга “такси менен кел, мен төлөп коём” десе, такси менен эле келет да. Бул болсо жолдун узундугуна да, жамгырдын жаап жатканына да кайыл болуп мага келгенине ыраазы болдум. Кеп менин акчамды аяп жатканында деле эмес, айтор, мага аябай ушул жоругу таасир калтырган. Ар бир жолуккан сайын эле улам бир жоругун байкап, мүнөзүнүн жаңы жактарын ачып ого бетер ашык боло бердим.
– Той качан деп сурагандар көп болсо керек, ээ?
М.: – Жакында десем да кызыктай угулат болуш керек (күлүп). Негизи былтыр эле үйлөнмөкпүз. Айсулуунун апасы Америкада, жалгыз кызы болгондуктан бул өзгөчө күндө жанында болсо деп күтүп жатабыз. Үйлөнүүгө даярбыз.
– Анда тойдо көрүшөлү...
ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Максат – бийкеч, табияты жер.
Айсулуу – суу куяр, табияты аба.
Суу куяр аял менен бийкеч эркек дароо тил табышып кетпейт. Бийкеч эркек суу куяр аялга кызыксыз көрүнсө, суу куяр аял бийкечке түшүнүксүз сезилет. Бирок убакыт өтүп алар бири-бириндеги эң башкы сапатты таба алышат. Суу куяр аял бийкечтин сүйлөнө берген сапатынын аркасында өзүн коргогусу келип жатканын туят. Бийкеч болсо жеңил көрүнгөн суу куярдын аркасындагы сезимтал мүнөзү бар экенин байкайт. Бул эки жылдыз белгисин алып жүргөн адамдардын никеси туруктуу, бактылуу болот.
Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg