ОШТО 2 ЖАШТАГЫ БАЛА САБАЛЫП КАЗА БОЛДУ. Кылмышка шектелген аялдын күйөөсү: «Аялымдын баланы сабаганына эч кимибиз ишенбей жатабыз»

Өткөн жумада Ош шаарында 2 жаштагы наристе сабалып каза болду. Баланын өлүмүнө анын жеңеси шектелип кармалып, камакка алынган.

«БАЛАНЫН ДЕНЕСИНДЕ КӨГӨРГӨН ЖАРААТТАРЫ БОЛГОН»

Бул окуя тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматкери Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү айтып берди:

2019-жылдын 10-январь күнү, болжол менен саат 15:00 чамасында Ош облустук балдар ооруканасына 2016-жылдын 2-сентябрында туулган бала жеткирилген. Алып келген аталаш агасы дарыгерлерге аны карышып (судороги) жатат деп билдирген. Караган дарыгерлер баланын ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калгандыгын аныкташкан. Дарыгерлер баланын өлүмү тууралуу Ош шаардык ИИБине маалымат беришкен. Ооруканага барган ыкчам-тергөө тобу баланын денесине кароо жүргүзүп, анын өлүмүнө сырттан таасир болушу мүмкүн экендигин байкашкан. Соттук медициналык эксперттин катышуусунда наристенин денесине кароо жүргүзүлүп, анын бети-башында, колу-буттарында көгөргөн жарааттары, сол билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган. Ошондуктан бул боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Наристенин өлүмү боюнча Ош ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан киши өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары каза болгон наристенин 1988-жылы туулган К.Б. аттуу жеңеси (атасынын бир тууган агасынын аялы) кармалып, Жалал-Абад шаарындагы СИЗОго киргизилди.

Каза болгон наристенин ата-энеси ажырашып кетип, экөөнүн ортосундагы 2 бала атасынын колунда калган. Атасы Орусияга барып иштеп жүргөн. Ал өткөн жылдын 30-декабрында балдарын Ош шаарында жашап жаткан агасы менен жеңесинин колуна багып туруу үчүн таштап кеткен экен. Кылмышка шектүү тергөө учурунда берген көрсөтмөсүндө наристени шымына сийип койгону үчүн анча-мынча чымчып, буту-колуна уруп жүргөндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы тарбиялоо максатында кээде кол көтөрүп жүргөндүгүн айтты. Учурда бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат.

«ИНИМ МЕНЕН КЕЛИНИМ АЖЫРАШЫП, БАЛДАРЫ БИЗДИН КОЛУБУЗДА БОЛЧУ»

Биз кылмышка шектелип кармалган келиндин жолдошу Тыныбек Самидиновго байланышканыбызда, ал аялынын күнөөсүз экендигине ишенерин айтат:

Өзүбүз Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунанбыз. 9 бир тууганбыз, 8 эркек, анан кичүү карындашыбыз бар. Атам каза болгондон кийин, бир туугандарыма атадай эле болуп калгам. Иним менен келинимдин ортосунда 4 жана 2 жаштагы 2 уулу бар болчу. Экөө Орусияда иштеп жүрүшчү, балдары өздөрү менен эле. Анан иним менен келиним таарыныша кетип, ажырашып кетишкен. Балдар инимде калыптыр.

Ал былтыр күз айларында келип, балдарын айылдагы апама таштап, кайра иштегени Орусияга кеткен. Ошондо мен иниме «балдар чоңойгуча апасы менен болгону жакшы. Апасына бер» десем, иним «багам деп айтпаса, мен ага кыйнап бермек белем?» деп койду. Апама «инимдин балдарын мен алып кетейин, бала бакчага берем» десем, апам «өзүңдүн 5 балаң болсо, кыйналып калбайсыңбы. Өзүм эле карайм» деп өзү алып калган эле.

«БАЛА КУСА БОЛУП ЖҮРЧҮ»

Апам «ооруп жатам, Бишкекке барып дарыланып келейин» дегенинен, инимдин балдарын 30-декабрда биздикине алып келгенбиз. Келгенде эле баланын куса болуп жүргөнү билинген. Өзү өтө жоош, момун бала болчу. Өзүмдүн 5 балам бар, алар да аны жакшы көрүп, эркелетип эле жүрүшчү. Бирок эмнегедир бала өзү көнө албай жүрдү. Колуна дептер, ручка карматып койсок деле, жазбай эле отура берчү. Куса болуп жатса керек деп койчубуз.

Шаардын жашоосун билесиз да, эртең менен чыгып кетем, кечинде келем. Балдарга көп деле көңүл бура албайм. Бир күнү жумуштан келсем, аялым Алинин көгөрүп калганын айтты. Көрсө, ал музга жыгылып, башы менен тийип, көгөрүп калыптыр. Музга жыгылгандан кийин келинчегим баланы ооруканага алып барыптыр. Дарыгерлер «ооруканага жатып дарылансын» десе, келинчегим «азыр шартым жок. Жакында атасы келет. Ошондо биротоло дарылаталы. Азырынча дары жазып бериңиз, ошону берип туралы» деп дары берип жаткан. Ага чейин бир ирет балдар менен ойноп жатып, сөрүдөн жыгылган экен. Ошолордон улам денесинде көгөргөн жерлери бар экен. Анан бала шымына сийип коё берген экен, аялым горшокко отурганга көндүрүү үчүн кичине чымчып койчу экен, бирок сабап өлтүргөнүнө мен ишенбейм. Ал балдарга катуу деле айта турган адам эмес.

«МЕНИ КОЁ БЕРИП, АЯЛЫМДЫ КАМАП КОЮШТУ»

Базарда соода кылып иштейм, ошол күнү уулум чуркап келип, «Али көгөрүп калды» деп айтты. Үйүбүз базарга жакын, жөө басканда 5 мүнөттүк жол. Үйгө чуркап келсем, аялым баланы көтөрүп сыртка чыгып калыптыр. Ошол замат такси менен поликлиникага алып бардык. Дарыгерлер көрүп жатканда бирөөсү «облустук балдар ооруканасына эле алып барбайсыңарбы» деп калды. Анда ошол жакка алып баралы деп бир медайымды кошо алып таксиге отурдук. Жол тыгын болчу, ооруканага жеткиче 1 саат өтүп кетти. Жолдо бара жатканда бала өзүнө келген жок. Кабыл алуу бөлүмүнө алып киргенден бир аздан кийин бир врач чыгып, «чарчап калыптыр, кеч алып келипсиңер» деди. Ошондо аялым ыйлап баштады эле, анын 6 айлык боюнда бар да, бир нерсе болбосун деп үйгө жөнөтүп жибердим.

Бир убакта милиция кызматкерлери келди, алар «эмне болду?» деп сурабайт экен, «эмнеге өлтүрдүңдеп сурайт экен. Анан аялым экөөбүздү милиция бөлүмүнө алып барып, суракка ала башташты. Ар кимиси келип «эмнеге өлтүрдүң? Кичине ургансың да» деп кетишет. Ошентип жатып, балким, аялымдын моюнуна коюп коюшту окшойт, түнкү саат экилерде мени коё берип, аялымды камап коюшту.

«БАЛАНЫ ЖЕРГЕ БЕРЕЛИ ДЕП КЕТСЕК, МЕНИН БАЛДАРЫМДЫ ИНТЕРНАТКА АЛПАРЫП КОЮШУПТУР»

Экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат экен, баланын башында кан уюп калган дешти. Аларга «экспертизаны таза чыгарып бергиле. Чын эле аялым өлтүрсө, анда жазасын алсын» дедим. Бирок аялым сабаганына эч кимибиз ишенбей жатабыз.

Келинчегим учурда Жалал-Абаддагы СИЗОдо жатат. Биз барсак жолуктурбай коюшту, кайнежем кирип жолугуп чыкты. Тамак да жебей ыйлап эле отурат деп айтты. 6 айлык боюнда бар, кантип жатат экен?..

Иним уулу каза болгон күнү эле келген. Инимди деле аялым экөөбүз чоңойтконбуз да, ошондуктан жеңеси кандай киши экенин билет. Бир да жолу уулунун өлүмүн жеңесинен көрүп, шек санаган жок. Тескерисинче, «силерди кыйнап койдум» деп кыжалат болуп жүрөт. Келинимдин туугандарына кабар бергенбиз, өзү болсо дагы деле келе элек.

Инимдин баласын коюп келели деп айылга кетсек, социалдык кызматкерлер үйгө келип балдарымды интернатка алып барып салышыптыр. Аны угуп түнү менен айылдан келдим. Бир топ эле ызы-чуу болдук. «Балдарды ким карайт?» деп текшерип жатып араң колума беришти. Учурда балдар айылда, апамдын жанында.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
Zimzimemir
2019-01-22 17:50:10
Озунун апасында камаш керек,ал балагоо ит эмес,тороп ар жерге таштагыдай.
+3
Nanei
2019-01-22 19:40:01
Zimzimemir,мен апасына куноо кое албайм. кээ бир жерде эркектер алимент толошпой коюш учун аялын кууп жиберип баласын тартып алып коюшат. мен бир жолу таластан кордум эле,жаш эле келинди баласын которуп кетип баратса,куйоосу сабап туруп алып кетип калган баласын. аял чырылдап чыркырап эле калып калды. олло жаман экен ,куйоосунун туугандары кошо журуптур,коптоп сабашып алып коюшту баласын.
+4
nurhan2702
2019-01-25 11:13:46
Zimzimemir,а балким эркек сорой балдарды бербей койгондур
+3
Edenova66
2019-01-22 18:09:24
Олсонор да баланар жанынырда болсун, Уй кылам машина кылам деп журбой,бала деп жургондон кийин
+3
mila6ka
2019-01-22 21:22:46
Озунун апасына кереги жок байкуш наристе кимге керек
0
DNurgiza
2019-01-22 21:28:48
Ручка кагаз берсек жаза албайт дегени эмнеси, баалдардын көпчүлүгү 2 жашта ручканы кармаганды билбейт да, жазмак тургай.
+4
Nur777
2019-01-23 01:31:56
DNurgiza,Оюнчуктун орлуна бечара балага кагаз,ручка ьеришчу экен ла...эх,журогум ооруп турат((((((
+1
Sagidko88
2019-01-23 09:50:36
Nur777,анын эмнеси бар? кичинекей балдар садикте яслиде 2жаштагаылар сурот тартатт аракет кылат жазганы.
0
arimle00
2019-01-23 04:09:40
Эээх адамдар. Тарткылык даа. Мен да сабаганына ишенбей турам. Жыгылса жыгылгандыр чындап эле. 10 кундун ичинде сабабаса кереек. Мисалы менин деле балам жыгылганын байкабай калам да. Кечке жанында туралбаса. Байкуштун озунун деле 5 баласы бар экен. Андай жолго барышына эч ишенбедим.
+4
Azura
2019-01-26 13:58:28
arimle00,жыгылган бала мынча көк ала болбойт.
0
arimle00
2019-01-23 04:11:31
Анан кагаз ручкага келсек,2 жаштагы бала жазып ойнойт. Менин балам 1 жарым жашта. Жаза жаза деп ручка кагаз издетет мени, таап берсем жазып ойнойт
0
arimle00
2019-01-23 04:13:26
Озубуздун бала деле сийип койсо чиш девейсинби деп кочукко чабабыз го. Бироонун баласын кичине чымчыса да чон трагедия болуп кетет экен даа. Кудай сактасыын
+2
Azura
2019-01-26 13:55:53
arimle00,кичине чымчыса? Бала өлүп калбайт кичине чымчыганга.
0
Azura
2019-01-26 14:28:42
arimle00,кичине чымчыса? Бала өлүп калбайт кичине чымчыганга.
0
munduz2016
2019-01-23 08:14:03
Балага сар-санаа да өз залакасын тийгизген.Өз ата-энеси берген мээримди эч ким бере албайт.Беш баланы төрөп чоңойткон эне наристени уруп өлтүрүп койуусуна ишенгим келбей турат...
+2
semo
2019-01-23 11:26:38
Ажырашпаганда мындай болбойт еле бироого зар бироого кор деген ушул да
+1
tynara81
2019-01-23 12:51:44
Туугандардын баласын алып калуудан мурда ойлонгула ! Бирөөнүн баласы аманат ! Ата-энеси алыста жүргөн бала өксүк болот . Өзүңдүн балаңды урушсаң да, анча-мынча чаап койсоң да билинбейт. Бирөөнүн баласына оор тиет. Бир жери жыгылгандан же бир жерге урунгандан көгөрүп калса да шек жаратат сырттагы адамга. Ооруп ооруканага түшүп калса да шек жаратат. Бала деген ыйлайт, өзүңдүн балаңа чыдайсың. Башка баланын ыйына нерви чыдагандар азыраак. Ошол жагдайларды ойлонуп, анан алып калсаңар.
+4
kyrgyzstan00
2019-01-23 19:57:10
Бул жерде колунда жок кишини эле табып калышты,чындап эле жыгылса жыгылгандыр,аны ким билет.Макул аялды камады беш баланы ким карайт?????Апасын таап камаш керек.
-2
Ice-creme
2019-01-24 00:47:06
Кукуктой тууп таштап кеткен апасын кошо таап камасын.
0
roklait
2019-01-24 02:12:51
Билип билбей эле жамандай берет экенсинерда. Балким чындап эле жыгылгандыр. Беш баланын апасы кантип эле сабайт. Корбой туруп бир нерсе айтыш кыйын.
0
Azura
2019-01-26 14:00:36
roklait,чын эле көрбөй бир нерсе айтуу оор. Бирок, денеси толук көк ала. Жыгылган бала мынча кантип көк ала болот?
0
Azura
2019-01-26 14:29:04
roklait,чын эле көрбөй бир нерсе айтуу оор. Бирок, денеси толук көк ала. Жыгылган бала мынча кантип көк ала болот?
0
zinagull1996
2019-01-26 02:39:08
Ии балага убал болуп тур. Неси болсо да. Аялын чыгарсын. Бирок жаш баланын апасы да. Курттап жон жургон эмесда. Бир бузукулук кылып журуп кесепети балага тийген. Анын устуно азыр биронун баласына биро боор ача албайт. Мен уйдо 2авысынбыз. Балдары баламды болуп турушат. Мен да аларды бари бир оз баламдай коро албайм. Оз баландай коруш учун билбейм.кандай кылыш керек.
0
Aruujanshaxi
2019-01-26 09:48:54
zinagull1996,Авысының экөөң ошо балдарга туура тарбия берсеңер бөлүнбөй калышат. Баланы баладай көрүш керек, айырмасы жок кимдин баласы жөн гана күнөө кылганга жетише элек периштелер да балдар.
+1
Ziregul
2019-01-28 02:39:30
Балага конул деле бурушпаган окшойтко ар жерде жыгылып , кагылып , кок ала болуп эле жургон болсо , анан куса болот да конул бурбасанар , эри да байкуш боло калыптыр , олтуроо сабап деле балага боору оорубай эле али тороло элек баласын менен аялын байкуш деп кыжырды келтирет ,
0
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан