Бактыбек Мамытов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «НААМДАН МУРУН ЭЛДИН КОЛДООСУНА, ЖАКШЫ СӨЗҮНӨ СЕМИРИП ТУРГАН КЕЗИМ»

Кичине кезибизде ишемби, жекшемби күндөрү ата-энем кечкисин кино көрүп жаткан бизди чуу түшүрүп «Арноо концерт» көрөбүз» деп каналды которуп салышчу. Кийин алардан канал талашпай, биз да концерт көрүп мотурайып отурганды адатка айланттык. Канча муунду экран алдына байлап, кыргыз телесинин жүзүнө айланган Бактыбек Мамытовго жаңы жылда Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды. Агай менен кубаныч-кайгысы аралашкан жашоосу тууралуу маектештик.

– Арыбаңыз, Бактыбек агай! Буюрса, быйыл 69 жашыңызды белгилейт экенсиз. Бул жылдар аралыгында жашооңуз кандай жетишкендиктер, кубанычтар менен коштолду?

– Өмүрдө балалык кез эң аруу, эң бактылуу учур болот экен. Эч нерседен капарсыз, оюн деп гана жүрөсүң. Бирок тилекке каршы, ал кезде бактылуу экенибизди биле бербейт турбайбызбы. Менин балалыгым Чүйдүн Алмалуу айылында колхозчулардын үй-бүлөсүндө өттү. Мени төрөөрдө апам 3 күн толготкон экен. Өзү арык, кичинекей жаны кандай кыйналганын элестетпейсизби. 7 бир туугандын улуусу болдум. Айыл-ападагылардын балдары чогулуп алып жеткен жердин чаңын ызгытып жүрүп эле чоңоюп кеттик. Биздин учурда жогорку окуу жайына тапшырууда талап күч эле, улам тапшырып өтпөй кала бердим. 4-жыл дегенде акыры ийгилик жылмайды. Филология факультетинде окусам эле дароо акын же жазуучу болуп чыга тургандай сезиле берчү. Окууга өткөн алгачкы эле жылы радиого барып үн жаздырып калып, ошол күндөн дикторлугум башталды. Башында күнүмдүк кошумча акча каражатын тапчу булак болсо, бара-бара бул кесипке байланып, баар таап, ушул кезге чейин микрофон алдында отурам. Бул кесиптин арты менен үйлүү болдум, үй-бүлө курдум, алтындай уул-кыздардын атасы аталдым.

– Кубаныч менен өкүнүч эриш-аркак жүрөт дейт...

– Жоготууларга келсек, адам баласынын жашоосундагы эң чоң жоготуу бул жакындарынан айрылуу экен. Чоң апамдан, туптуура азыркы менин жашымда атамдан, 50 жашында апамдан айрылдым. Эки карындашым да о дүйнөгө кете беришти. Бири төрөттөн каза болсо, экинчиси ооруп каза болду. Баарынан 19 жаштагы кызымдын каза болгону бүт дүйнөмдү эңшерип кетти. Менин жашоомдо өкүнүчтүн да орду чоң.

– 2018-жылдын акыркы сизге берген белеги «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы болду окшойт. «Бул наамды эрте эле алышым керек болчу» деген ойго жетеленген жоксузбу?

– Жок, андай ой болгон жок. 25 жыл мурун Эмгек сиңирген артист наамын алгам. Андан кийин да бир топ наамдарга, ордендерге, мактоо баракчаларына ээ болдум. Акырындап алып отуруп Эл артистине да кезек жетти окшойт. Кыргызда той-топур көп болот эмеспи, тойдо отурсам алып баруучу болобу же той ээсиби мени эл артисти деп чакырар эле. Башында уялып «мен ал наамды ала элекмин» деп талашып жүрдүм. Кийин «оозуңарда бардыр» деп тим койгом. Бул сыйлыктын эрте-кечи жок. Канчалаган залкар инсандарыбызга наам берилбей калды, канчасы көзү тирүүсүндө наам ала албай өтүп кетишти. Ага караганда, Кудайга шүгүр, наамды колго алып кубанып отурам. 31-декабрда кесиптештерим чалып куттукташты. Андан кийин республиканын бардык бурчунан чалып, номеримди издеп тапканын айтып куттуктап жатышты. Бул наамды мага караганда эл көбүрөөк күткөн экен. Телефонумдун жаагы тынган жок. Бир адам чалып, «кошуналарым менен чогулуп кой союп сиздин наамыңызды майладык. 4 жилик алып койдум, мен кел деген күнү келесиз!» дейт. Наамдан мурун элдин колдоосуна, жакшы сөзүнө семирип турган кезим.

– Ар бир кесиптин көшөгө артындагы эл билбеген түйшүгү, жүгү болот эмеспи. «Кайдан да диктор болдум эле?» деп тандаган кесибиңизге нааразы болгон учур болгонбу?

– Чынын айтсам, жаш кезде 1-2 жолу басып кетем деген учур болгон. Анткени үйүм жок эле, негизи эле үй алыш оор болчу. Шаарда каттоодо турбасаң, айыл жергесинен келсең, үй алчулардын тизмесине кошула алчу эмессиң. Үй-бүлөлүү болуп, бала-бакыра баскандан кийин батирлеп жүрүш оор эле. Анын үстүнө башка жактан жумуш сунуштап калышып, жумуштан кетем деп арыз жазгам. Кудай жалгап ошондо үй берип калышты. Мен да орун-очок алган жеримден кетким келбей калып калдым. Кетпегениме өкүнбөйм, анткени эл адамы болдум. Ушул кезге чейин менин жерлигим боюнча талашып-тартышышат. Оштуктар «сиз Оштон болосуз» десе, нарындыктар «жок, ал Нарындан» дешет. Көлдүктөр такыр эле «ой, сиз Көлдөнсүз да» деп мени менен талашып алышат. Туугандарым да «ал чүйлүк» деп кызыл чеке болуп кетишкенде айтам, «Мен кыргызстандыкмын. Баары менен жума сайын ар бир үйдө ар бир сыналгыдан жолугушуп турабыз» деп.

– Азыр көпчүлүк алпаруучулар тойлордо тамадалык кылышат. Сиз да тойлордо алып баруучулук кылгансызбы?

– Жаш кезде 1-2 жолу тааныштардын көңүлүн кыя албай той алып барган учур болгон. Ал кезде тамадалык мынча өнүгө элек болчу. Өзүм дагы алып баруучулукка кызыккан жокмун. Негизи эле карьералык тепкич деп жулунбаган адаммын. Диктор болуп жаңыдан иштеп баштаганда таң эрте эл менен саламдашып, түнү келерки күндүн программасы менен тааныштырып, анан коштошуп алып эфирди жыйынтыктайт элек. Ошентип түнү-күнү дебей студияда жүрө берчүбүз. Бул да болсо кесибибизди сүйгөндүктөн эле.

– Бизге 12 жыл мурун берген маегиңизде «бир гана аткарылбай калган тилегим – акын болбой калганым» деген экенсиз. Андан кийин 5 жыл өтүп, новеллалар, ырлар камтылган «Очоктогу от» китебиңиз жарык көрдү. Демек, тилегиңиз аткарылды?

– Жок, өзүмдү дагы деле акындардын катарына кошпойм. Акын болуш үчүн бүт дилиңди ыр жазууга арнап, ошонун аркасынан түшүшүң керек болот. Ооба, жаш кезимден бирин-экин ырларды чиймелей коймой жайым бар болчу. Азыр деле эргүү келгенде жазам, эргүү келсе жаныңды койбойт, күн-түн дебей сөзсүз кагазга чиймелегиң келет. «Очоктогу от» китебим 60 жылдыгыма арналып чыгарылган. 2 ырыма обон чыгарылып аткарылып жүрөт. Акындыкты чогуу алып кете албай калганым жалкоолугум болуп калды окшойт. Бул мен үчүн дагы бир өкүнүч.

– Жубайыңыз Жамиля эже менен 45 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатасыздар. Студиядагы Бактыбек агай үйгө барганда кандай күйөө, кандай ата?

– Өмүрлүк жар деген жашоодогу болгон түйшүгүңдү, кыйынчылыгыңды, кубанычыңды чогуу көтөрүп жүрөр жан экен. Жамиля мончоктой болгон 5 баламдын энеси, мени үй тиричилигинин түйшүгүнө салган жок, баарын өзүнүн моюнуна артып алган. Зарыл учурда эле айтпаса, көп тынчымды албайт. Ал турсун бир учур мен ооруп, ошол адамдын бапестеп кароосу менен аман калдым десем болот. Анан кантип жубайымды мактабайын? Экөөбүздүн неберелерибиз чоңоюп, 2 чөбүрөлүү кылышты. Балдарга абдан жумшакмын, такыр катуу айта албайм. Неберелеримди моюнума мингизип алгам. Карылыктагы чоң кубанычтардын бири, карылыкка ыраазы болгон учур неберелерге байланыштуу болот экен.

– Балдарыңыздын арасынан атасындай сөз кадырын билген, чыгармачылыкка жакыны барбы?

– Каза болуп калган Нур кызым менин жолумду жолдойт эле деп калам. Эки тилде шар сүйлөп, эки тилде тең оюн так, маңыздуу жазчу. Тың кыз эле. Кыйын кыз эле... Ушул кызымдан бир нерсе чыкмак... Аттиң, өмүрү кыска экен.

– Коомчулуктун талкуусунда турган темага кайрылсак. Жол эрежелерин бузган айдоочуларга, коомдук жайларда тартип бузгандарга айып пулдун өлчөмү өстү. Өзүңүз канча жыл айдоочу болгонсуз? Жаңы эрежелерге көз карашыңыз?

– Өмүр бою машинанын рулуна отурган жокмун, азыркы кезге чейин техника дегенге кызыкпайм. Ал эми айып пулдардын көтөрүлгөнү чоң маселе болуп жатпайбы. Тартип бузгандарды жазалоо кажет, алар да жоопкерчилик алышы керек, туура. Анткени азыр баланча адам өлдү, минтип өлдү деген жаңылыктар шурудай тизилип, эл адам өлүмүн тамак ичкен сыяктуу көнүмүш адатта кабыл алган заманга жеттик. Союз учурунда автокырсыктан каза болду деген чанда эле, анда машина да аз болчу. Андай суук кабарды төбө чачыбыз тик туруп укчубуз. Экинчи тарабы, айып пул алган айлыкка жараша салынышы зарыл. Эгер айлыгы 100 миң сом болуп, тартип бузса «туптуура, 5500 сом төлөсүн» дейт элем. Азыр 10-15 миң сом айлык же 5 миң сом пенсия менен жашагандар үй-бүлөсүн багабы же бир түкүрүк үчүн айып пул төлөйбү? Кылмыштын баарын айып пул эле токтотуп коёт дегенге ишенбейм. Бул маселени дагы карап, жакшылап жыйынтык чыгарыш керек. Негизгиси ар бир адам өзү менен өзү иштеп, тартип бузбаса, мындай маселе да жаралбайт, коом да таза болот эле.

– Маегиңизге рахмат! Ден соолукта болуңуз.

«Өмүрлүк жар жашоодогу болгон түйшүгүңдү, кыйынчылыгыңды, кубанычыңды чогуу көтөрүп жүрөр жан экен».

Асыл Орозбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бактыбек Мамытов: “19 жаштагы кызымдан айрылганым бүт дүйнөмдү эңшерип кетти“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
jemile
2019-01-22 10:38:00
Мен эс тарттым, чоңойдум, балалуу болдум,а, сиз Гүлшан эже экөөңүздөр дагы деле мен эс тартып тааныган бойдонсуздар, жапжашсыздар))))))
Бар болуңуз, сыйлык кут болсун!
+32
karona12
2019-01-22 11:36:15
Наам кут болсун агай татыктуусуз аман болунуз.
+14
Sayragul
2019-01-22 15:12:35
Эл артисти наамы менен куттуктайбыз. Канча эмгектин арты менен келген чыныгы "эл артисти" наамы кут болсун. Уй-було, жакындары менен кооп узак омурдо жашашын тилейбиз.
+12
meerimka86
2019-01-22 17:49:10
Сиз мамлекеттеги эн чон даражадагы сыйлыкка татыктуусуз! Омурунуз узун болсун.
+8
Mavlyuda
2019-01-22 17:51:47
Мен аябай сыйлаган инсан. Көп жашаңыз агай
+7
DNurgiza
2019-01-22 21:12:19
НАам кут болсун, 70 жашка чыкты десе эч ким ишене бербейт...... Кызы неге көз жумду эле?
+7
Nevestkaa
2019-01-22 21:36:49
Ушул кишини өтө өтө жакшы көрөм атамдай эле жакшы көрөм.Ар бир кыргыз кызына Бактыбек Мамытовтой күйөө туш келсин.
+7
lusia
2019-01-23 00:51:08
Аябай жонокой адам экен. Окуп аябай эргуу алдым. Китебинизди созсуз алып окуйм. Бар болунуз
+4
Chaki2795
2019-01-23 03:50:32
Агай коп жашаныз
+4
elmira.
2019-01-23 14:40:36
Жакшы инсан...бар болунунуз!
+2
Nurtilek06
2019-01-23 16:48:20
Жетимиш жашка барып калса да жаш корунот экен биз.Бактыбек агай м н сыймыктанабыз
+1
Ice-creme
2019-01-24 01:23:32
Гулшан Молодоева жубайы го деп эле журо берген экем кичинемде. КТРКнын эле кызыктуу передачасы арноо концерт болчу. Улуу -кичуу, жаш кары дебей отуруп кызыгуу мн коргон. Узак жашап эл алкышына арзып журо бериниз.
+2
gulnara2014
2019-01-24 17:07:41
Кызы эмне болуп каза болду эле. Билгендер жазып койгулачы
0
gulnara2014
2019-01-24 17:08:18
?
0
nurhan2702
2019-01-28 12:54:35
Бар болунуз !Арноо концерт силер бар учун шандуу эле!
0
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан