МУРАДИЛ ДАНИЯРОВ: “БИРӨӨЛӨРДҮН СӨЗҮНӨ КИРИП КАТА КЕТИРДИМ”

“Малика” аттуу ыры менен таанылган жаш ырчы Мурадил Данияров продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу менен иштешип баштаганына 8 ай гана болду. Көрсө, ийгилик жылмайгандан тартып ырчы мырза менен продюсеринин ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, акыры продюсер Мурадил менен иштешүүнү токтотуу чечимине келиптир.

Лутфилла Бусурманкул уулу, продюсер:

– Мурадил акыркы кезде "жылдыз оорусу" менен катуу ооруду. Мага башында “сен туура эмес баланы тандап алдың” деп айткандар болгон. Бирок мындай кептерге маани берген эмесмин. Элге таанылганга чейин ал тойлорго арзан эле чыгып жүрчү экен. Мени менен иштешкенден кийин ставкасы 2-3 эсе көтөрүлдү. Ушинтип көтөрүлүп алып менден жашырынып тойлорго барып жүрүптүр. Анын сахна костюму бул жакта турсун, күнүмдүк кийим-кечесине чейин мен алып берип, толтура каражат коротуп атын чыгарсам, акча таап баштаганда минтип бөлүшкүсү келбей калса туурабы? Ага кошумча, өзүбүздүн эле чөйрөдөн, кимдер экенин билбейм, “продюсериң сени коркутуп алыптыр, сен мындай болбошуң керек” деп бузушуптур. Алардын тилине кирип алып мага "койгон концертиңизди милдет кыласызбы?" деп да жүрдү. Ошондо эле “болбойт экенсиң сен” деп койгом.

Мен, мисалы, “Маликам” деген концертинин жарнамасына эле жалпы 500 миң сомго жакын акча короттум. Бул деле эмгек да. Мурадил болсо аны “сиздин жумушуңуз да, мен сизди мажбурлаган эмесмин, өз жүрөгүңүз менен жасадыңыз” деп койду. Биздин келишим 3 жылга түзүлгөн. Юридикалык жактан иш чечише турган болсом, ал көпкө түшүп калат. Мен жөн эле иштешкенибизди токтотуп жатам. Мурадил болсо кайра кечирим сурап жүрөт. Мындай көрүнүш 3-жолу кайталанып жатат, андыктан артка жол жок.

Мурадил Данияров:

– Пенде экенбиз да, “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, жаштык кылып бирөөнүн сөзүнө кирип туура эмес кылып койдум. Катачылыктарым үчүн “шефтен” кечирим сурасам деле болбой жатат, таарынып жүрөт. Мурун чыгармачылыкта жүргөн адам болсом оош-кыйыштарын билмекмин. Бул чөйрөгө жаңы аралашкандыктан ар кимдин сөзүнө кирип калдым. Биздин шартта бирөөнүн кайгысынан пайда издегендер көп болуп кетти.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Nurgul95
2019-01-22 11:21:55
Мурадил Аккордеон менен тойлорго чыгат элего бирде тойго келип! ХХХХХ. Ырдай албай, анан минтип жылдыз кылып койсо озгоргону туура эмес. Ичкен ашына тукургонун бул кудайга да жакпайт.Мурадил озу ырчыбы?
+7
vikidiki
2019-01-22 12:32:09
Мегатойдогу ырчы бала да ээ?
+2
Nargiza1987k
2019-01-22 14:27:04
Силердин ишинер эмне деймда бири олуп бири калбайбы
+5
karona12
2019-01-22 15:02:35
Лутфилла озу жыргатып ырдай албайт анан бироону ырдатат элем деп. Экоо тен жыргатпайт))).
+13
mela
2019-01-24 01:47:55
karona12,ырдай албаганы менен,мыкты менеджер экен.Коп фрчылардын концертин ийгиликтуу откоруптур...
0
Daina89
2019-01-22 15:08:02
ОЗУ Лютфила Начар бардыгын ырчы кылам деп.сынчы кылып алат. Мисалы Марсиянаны да аябай белгилуу ырча кылам деп аны да жок кылды.
+12
admin_portal
2019-01-22 16:51:50
Klara-Abdirazakova, Nurgul95, Erbol32, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-22 17:53:19
Продюсерди угуш керек болчу.Жылдыз оорусу мн ооруй калган го дейм.
0
Asel33
2019-01-22 19:00:21
Жакшы бала деп жүрдүм эле. Жеңил ойлуу турбайбы, мындайлар лампочкадай жарк этип өчүп калат. Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев жүрбөйбу ары эмес же бери эмес болуп. Алар да бир кезде жылдыз оорусу менен ооруган. Бирок Султандын ырларын до сих пор жакшы көрөм
+1
_PeriWa_
2019-01-23 02:46:23
Asel33,эмнеге ушундай карангы болосунар?!Ал ырчылар азыр деле жылдыз. Алардын ырлары олбос!Очпос!
0
svetochka
2019-01-22 23:19:56
Мурадил өзү жакшы бала. Айылда түндө достору мн аккордеон тартып ырдап эле жүрүшчү. Кичине мезгилинде да короосунда отуруп алып кечке ырдай берчү. Бул ырчы болот дечүбүз. Азыр адамдарга ишенип болбой калган,сен өзүңө гана ишен. Ийгилик братишка.
+6
Klara-Abdirazakova
2019-01-23 00:02:32
Ой коп эле коргом тойлорго жашынып чыкканын.ХХХХХ
0
Erbol32
2019-01-23 00:17:31
Klara-Abdirazakova,Ооба эже Туура айтасыз Начар болгону учун 8 айда чыгып Келген акчаны болушкусу келбей жата да кантип билбей калат деп жасады болду экен?
+2
Klara-Abdirazakova
2019-01-23 00:11:30
Анан да вакалдан сабак алып унун койуп чыкса жакшы болмок. Бул жерде ото акылдуулук менен жооп берип Продюсерини элге жамна корсоткусу келгени корунуп турат. Кечирбей жатат мени деп калп эле байкуш болгону бул актеор экенин корсотуу. Коп жолу алдасан ошндой кылат да.
+2
lazygirl
2019-01-24 02:02:30
Klara-Abdirazakova,Тооба, силерге эмне жок эми. Же ошол Лютфилланын адамдары окшойсунар, кайра кайра тарабын алганынарга караганда.
0
Erbol32
2019-01-23 00:20:57
Продюсери эрте билип калып токтоткону жакшы болуптурда. Болбосо ХХХХ журо бермек экен.
+2
al79mi
2019-01-23 10:07:45
Опять двадцать пять деп койчу беле орустар. Баягы эле мен минтип анан тигил тигинтип деген эле создор. Ич ара эле эркекче чечип алышса болбойбу майдаланбай.
+5
Benazir08
2019-01-23 11:55:50
Продюсерди угуш керек бул бала бирок аябай 3-4-класстын окуучусундай экенин байкадым эле ХХХХ кантсе да жакшы ырдап журо бер. Лутфилла да только продюсер боло баштаптыр да ээ ийгилик. Чон алайдын кулуну бай бала бул
+3
Fresh_hit
2019-01-24 13:22:05
Продюсерди угуш керек да.Акча үчүн азгырылыпсың.Башка ырчылар сени көрө албаган го. Лутфилла азаматсың! Сен күчтүү продюсер,менеджер экенсиң.
+1
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан