Архив
844   845   846   847   848   849   850  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АДАМ ЭМНЕГЕ УЛГАЯТ?

№848 1-7-февраль, 2019-жыл


Картаюу жана өлүү – бул мыйзам ченемдүү, адам кутула албай турган көрүнүш. Бирок илим-техника өскөн сайын адам картаюунун алдын алып, узак жашоо жолун издеп-таап жатат. Эмесе, картаюу эмнелерден улам келип чыгарын, кантип алдын алууга болорун карап көрөлү.


КАРТАЮУ 38 ЖАШТАН БАШТАЛАТ
Окумуштуулар адамдын картайышынын себептери боюнча түрдүү пикирлерди айтып келишет. Алардын негизгилери төмөнкүлөр.

ОРГАНДАРДЫН ЖАҢЫРУУСУНУН ЧЕКТЕЛИШИ
Адамдын жашоосунда анын органдарынын кээ бири көп ирет, айрымдары бир да жолу жаңыланбайт.
Мээ эч качан жаңырбайт. Мээнин окуп-үйрөнүү, эс-тутум боюнча жооп берген бөлүгү – гиппокамп гана күн сайын жаңы нейрондор менен толукталат. Бирок алардын баары жашап кетпейт. Мээнин башка бөлүктөрү эч качан жаңыланбайт. 38 жашта мээ нерв клеткаларын иштеп чыгаруучу миелин затын бөлүп чыгарууну токтотот. Ошондон тарта кыймыл, ой жүгүртүү, кабыл алуу сыяктуу процесстер жайлайт. Окумуштуулар адамдын картаюусу дал ошол миелин заты иштелип чыкпай калган убактан башталат дешет.
Көз эч качан жаңырбайт. Бир гана көздүн кабыкчасынын (роговица) клеткалары 7-10 күн сайын жаңырат.
Өпкө альвеолдор 11-12 ай сайын, өпкөнүн бетиндеги клеткалар
14-21 күн сайын “жашарып” турат. Калгандары эч качан жаңырбайт.
Жүрөк эч качан жаңырбайт.
Боор 1 жылда жаңырат. Боордун клеткалары 300-500 күндө жаңыланып турат. Андыктан бир адамдын боорунун бир бөлүгүн алып башкага салганда боор 1 жылда калыбына келип калат.
Ашказан эч качан жаңырбайт. Болгону былжыр челинин бетиндеги клеткалар туз кычкылынын таасири астында жашоосу кыска болуп, ар бир 5 күндө жаңырып турат.
Бөйрөк, көк боор 300-500 күндө, ичеги 16 жылда, тери (эпидермис) 2 аптада, булчуң 15 жылда, кан 120-150 күндө, скелет 10 жылда жаңырат.
Демек, ар бир органдын жаңыруу лимити бар. Ал түгөнгөн соң орган жаңыруусун токтотот. Лимиттен тышкары органдардын картаюу процесси да бар. Бирок органдарга күч келтирүү менен аларды бат-бат жаңырууга жана органдарды убактысынан эрте картаюуга жеткизип, лимитти эрте түгөтүп коюуга болот. Мындайда адам өзү теңдүүлөрдөн эрте картаят. Лимитти эрте түгөтпөй туура колдонсо, ден соолукка кам көрүп, туура тамактанса анда адам кеч картаят.

Лимитти эрте түгөтүүгө, органдарды эрте картаюуга жеткирүүчү себептер: курамында даам жана жыт берүүчү заттары бар азыктар, тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ар түрдүү оорулар, организмде эркин радикалдардын көбөйүшү, күндүн ультра сыя көк нурлары, радиация. Ошондой эле адамдын социалдык абалы, стресстер, жаман экология, органдарда зыяндуу заттардын топтолушу. Адамдын органдары бүт бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, бир органда оору жаралса жана аны айыктырбаса, анда сезгенүү башка органдарга өтүп, аларда да дарт пайда болот.


ЭРКИН РАДИКАЛДАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ
Зат алмашуу процессинде эркин радикалдар (туруктуу эмес молекулалар) бөлүнүп чыгып турат. Андыктан тигил же бул органды убагында тазалап турбасак радикалдар көбөйүп, клеткалардын иштөөсүн бузат, түрдүү ооруларды, ракты жаратат. Радикалдар тоок грилди, картошка калдырканын, фаст-фуддарды, куурулган тамактарды көп жегенден жаралат.


КАРТАЮУНУН КАНТИП АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ?
Эрте же кеч картаюуга гендин да таасири чоң. Мисалы, ата-тегиңиз, чоң ата-чоң апаңыз, өз ата-энеңиз узак жашаган болсо, сизде да мүмкүнчүлүк бар.
Картаюунун алдын алуу үчүн клеткаларга азык болчу жашылча, жемиштерди жеп, ооруган жерди дароо айыктыруу, сергек жашоо образын кармануу, спорт менен алектенүү, 30 жашка чейин сөөктөрдө кальцийди жетишерлик өлчөмдө топтоо керек. Күндүн зыяндуу нурунан коргонуу, органдарды убак-убагы менен тазалап туруу, туура тамактануу, тери үчүн крем, лосьондорду колдонуу кажет. Стресстен чыгуу жолун билүү, мээ жакшы иштеп, эс-тутум мыкты болуу үчүн жаңы нерселерди үйрөнүү зарыл.


КАЙСЫ ОРГАН КАНЧА ЖАШТА КАРТАЯ БАШТАЙТ?

Мээ 24 жаштан
20 жаштан кийин мээнин клеткалары акырындык менен азая баштайт. Ойлоо, кабыл алуу, жаңы маалыматтарды өздөштүрүү, билген-укканды, абалды анализдөө, чечим чыгаруу жайлап бара берет.

Көз 40 жаштан
Көздүн булчуңдарынын начарлашынан жана көздү туура эмес пайдалануудан (мисалы, кечке компьютерде отуруу, дамамат узак жолдо унаа айдоо) көрүү начарлайт. Глаукома, катаракта сыяктуу оорулардын алдын алып офтальмологго барып текшерилип, өзгөрүүлөр болсо дарылануу зарыл.

Өпкө 35 жаштан
35тен кийин өпкөнүн көлөмү билинбей кичирейүүгө өтөт. Булчуңдары жана дем алууну көзөмөлдөө процесси начарлайт. Андыктан карыларда пневмония оорусу көп жолугат.

Жүрөк 40 жаштан
Жаш өткөн сайын кан тамырлардын серпилгичтиги жоголуп, канды жайдан айландырып калат. Туура эмес тамактануудан артерияларда холестерин түйдөкчөлөрү туруп калып, кан жай өтүп калат. Кан басым жогорулайт, ткандарды кан менен жабдуу бузулат.

Боор 70 жаштан
Жаш өткөн сайын анын өлчөмү жана салмагы акырындык менен кичирейип баштайт. Ууларды зыянсыздандыруу функциясы начарлайт.

Ашказан 55 жаштан
Булчуңдары жана ашказандын иштөөсү начарлайт. Ашказан ширеси менен туз кычкылы аз бөлүнүп чыгып калат. Бул тамактын сиңишин, ичегиде сиңирилишин кыйындатат. Демек, ичегилерде инфекция көбөйөт, ич катуу же ич өтүү күтүлүшү ыктымал.

Бөйрөк 35-50 жаштан
Бөйрөктө зыяндуу заттар канча бир өлчөмдө топтолуп калат да иштеши начарлайт. Ооруларга чалдыгуу коркунучу жогорулайт. 70 жашта 30 жаштагы куракка салыштырмалуу бөйрөк 2 эсе начар иштейт.

Жыныстык систем 35 жаштан
Эркектерде уруктуктун сапаты, эрекция начарлай баштайт. Урук чыктагыч бези болжол менен 50 жаштарда картая тургандыктан эркектер простатиттен, аденомадан жапа чегүүгө өтөт. Ден соолугуна карабаган айрымдар простатитке эрте эле кабылат.
Аялдарда 35 жаштан кийин жумуртка клеткаларынын саны, жыныстык гормондордун деңгээли төмөндөйт. Бойдон түшүп калуу коркунучу жогорулайт.

Табарсык 65 жаштан
Табарсыктын булчуңдары бошойт. Адам бат-бат даарат ушатып, ал тургай заарасын кармай албай калат. Андыктан табарсык бат-бат сезгенип, ооруйт. Аялдар өзгөчө көп азап тартат өрөттүн залалы).

Скелет 35 жаштан
Жаш өткөн сайын сөөктүн жаңылануу ылдамдыгы азаят, алсыз тартат. Сынуу, жарака кетүү коркунучу күчөйт. Сөөктүн бүтүү процесси жайлайт. Кыймылдаганда, иш кылганда бел, омуртка, кол-бут ооруйт.

Тери 20 жаштан
Тери билинбей жукарып, өңү өзгөрүлөт. Серпилгичтиги жоголо баштайт, бул теридеги коллаген менен эластиндин азайышы менен түшүндүрүлөт.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
05.02.2019. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+10
:-( Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо
Жайжайына койсочу.
Адам олбос болсочу... Аттин аай деп, "Омур" деген ыр эске тушуп кетти. Карылыкка Кудай жеткирсин,небере-чоборолорду эркелетип отурганга жетели,бирок карылыктан коркуп кетем, кундо ар кайсы жерин оорумай, алыс-жакынга бара албай, жаштык кездей тарсылдап чуркап журо албай,машинени зуулдата мине албай, шеринелерде каткырып,тамашалашып отурбай, карылыкка мойун сунуп ажалды кутуп отур
05.02.2019. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:26
Жынысы:
Белгисиз
+9
Журогум кысылып кетти го окуп атып
05.02.2019. 19:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-08-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 06:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош-жалаабадтын ортосу
-5
Жүрөк 40жаштан картая баштайт дептир анан неге эркектер 40жашта кайра жашарат делет го
05.02.2019. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
22-02-2019 01:05
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп атып картайганымды анык сездим
05.02.2019. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 14:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эң коркконум карылык
06.02.2019. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
20-02-2019 08:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карылыктан коркпо карылыка жетпей калуудан корк.
06.02.2019. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 06:56
Жынысы:
Белгисиз
+5
Вечный жашасаң кызыксыз,кийинкилерге да место бошотуп бериш керек, бул закон природы. Пока время барда максатына жетип алыш керек анан андан соң конкреттүү эс алуу керек карылыкта.
06.02.2019. 22:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
0
nazarnew,конкреттуу мисал кылсан. Кайсыл максатка
06.02.2019. 22:13 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-01-2019
Соӊку аракети:
22-02-2019 03:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин картайгым келбейт.Алла канча омур берсе,ошол омурумдун аягына чеин жаш бойдон отсом дейм.Бирок каласанда калабасанда карыйбызда.
07.02.2019. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
22-02-2019 00:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту сыгатко денсоолук денсоолук караш керек о то жаш откондо азабын тартпай койбойсун
10.02.2019. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
16-02-2019 11:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда жаш жигит элем балпайган,
Ак кебездей даңкайган.
Ар түркүн сулуу кыз-келин,
Ардагым, Током келди деп,
Алыстан карап шаңкайган.
Андагы жаштын бири жок,
Азыр абышка болдум картайган.

Токтогул атабыздын "Карылык" аттуу ушул термеси эске түштү. Карылыктан баарыбыз чоочулайбың, бирок жаш да өлгүбүз келбейт) Кудай таала бизге үлгүлүү карылыкты насип кылсын. Ар бир учурдун өзүнүн кыйынчылыгы, артыкчылыгы болот эмеспи...
11.02.2019. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-02-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 09:33
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп атып ойлонуп калат экенсин, ден соолукту караш керек эле деп.Билсек деле кенебей журо беребиз да, ден соолуктун кадыры ооруганда эле билинет озу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21873;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: