ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 4-ФЕВРАЛДАН 10-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)
Убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн дос, өнөктөштөр менен бирге өткөрөсүз. Сүйлөшүүлөр жакшы жүрөт. Каалап жүргөн нерсеңиз орундалат. Активдүүлүк күчөп башка шаардык адамдар менен алака кыласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көптөн бери көксөп келген максатыңыз болсо же жөн гана маселени чечиш керек болсо, анда түз эле жетекчилик, өкмөт адамдарын көздөй жөнөңүз. Алардын бул жумадагы сизге болгон көз карашы оң. Купуялуулук күчөп колго акча да тиет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дин, жогорку билим, алыскы сапар суроолору ойдогудай орундалат. Куда-сөөк, бийлик тараптагылар менен жакындан мамиле кыласыз. Достордун, жубайыңыздын да колдоосу болот. Сунуштар түшүшү мүмкүн. Четке какпаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз бул аптада бөтөн буюм, акча маселеси менен алпурушасыз. Колуңузга акча да тиет. Жетекчилик, кесиптештер менен жакшы мамиледе болосуз. Көңүлүңүз көтөрүлөт. Апта акырында токтоо болуңуз. Көрүнүктүү адамдарга катуу тийбеңиз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Бузулган мамилелер жөнгө салынып, адамдар менен алака жакшырат. Таанышуулар болуп, сунуштар түшөт. Көңүл ачуу, чыгармачылык, спорт темасы көңүл көтөрөт. Балдарыңыз, сүйгөнүңүз кубантат. Жубайыңызга болгон сезимдер күч алат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ден соолук, жумушка байланыштуу суроолор жакшы чечилет. Кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Үй чарбасы, кыймылсыз мүлк, жашоо шартка байланыштуу суроолор жакшы чечилет. Жакындарыңыз менен сый-урмат мамиледе болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эс алуу, бизнес тармагындагы иштер ийгиликтүү орундалат. Балдарыңыз же сүйгөнүңүз кубантат. Бейшемби, жума күндөрү лотерея билетин алып көрүңүз. Унаа, сапарга чыгуу, документ иштери сиз ойлогондой орундалат. Туугандар байланышка чыгат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Үйүңүзгө конок келет. Жакындарыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал тургай үйүңүзгө буюм же эмерек сатып аласыз. Ремонт, чарба иштери жакшы бүтөт. Дем алыш күндөрү ачууга алдырбаңыз. Капчыгыңыз кампаят, андыктан даяр болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичи сапарга чыгасыз. Жакшы кабар угасыз. Кошуна, бир туугандар сизди баалашат, сүйлөшүүлөр көп болот. Иш кагаздары сиз ойлогондой орундалат. Айрым иштериңиз алдыга жыла баштаганын байкайсыз. Андыктан чамдаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз бул аптада буюм, акча иштерин бүтүрүүгө бой таштайсыз. Келе турган акчанын өлчөмү сиздин активдүүлүгүңүздөн, өзүңүздү алып жүрүүңүздөн жана купуялуулугуңуздан көз каранды. Андыктан эске алыңыз. Дем алышта үйдө сактык керек.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сиз бул аптада лидерликти колго аласыз. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Курбу, өнөктөш, кесиптештер арасында кадыр-баркка ээ болосуз. Кайсы бир үмүтүңүз орундалат. Дем алыш күндөрү катуу айтышуудан же сапарга чыгуудан баш тартыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелерден кабар алып келүүгө туура келет. Кайсы бир көздөгөн максатыңыз болсо жетекчилик, кызматтагы адамдарга кайрылыңыз. Жыйынтыгы жаман болбойт.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 4-10-февралга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан