Баласын жоготкон эне: «УУЛУМ КИШИ КОЛДУУ БОЛУП ӨЛДҮ. МИЛИЦИЯ ТОҢУП ӨЛДҮ ДЕП ИШТИ ЖАПКАНГА АРАКЕТ КЫЛДЫ»

ИШ ЭКИ ЖЫЛДАН КИЙИН СОТКО ӨТТҮ

2017-жылдын 24-январында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылынын Жердик жайлоосунда 24 жаштагы Мирбек Сокубашовдин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Токтогул РИИБине түшкөн. Маалыматтын негизинде Токтогул РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Сокубашовдун сөөгү райондук оорукананын өлүкканасына алынып барылып, денеге кароо жүргүзүлгөн. Соттук-медициналык экспертиза даярдалып, анда маркумдун денесинде сабалган тактар болгону бирок суукка тоңуп өлгөн деген жыйынтык чыккан. Иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси (адамдын өмүрүн коркунуч абалда калтыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Бирок маркумдун апасы Анара Бусурманова уулунун киши колдуу каза болгондугун тастыктаганга аракет кылып чуркап жүрөт. Эки жылдан кийин иш 97-берене (адам өлтүрүү) менен сотко өткөн.

Окуя болгон күнү маркумдун жанында 3 адам болгон. Алардын бирөө ишке шектүү катары өтүүдө.


«ӨЛГӨНДӨН КИЙИН КАРГА КӨМҮП КОЮШКАН»

Токтогул районунун тургуну Анара Бусурманова окуя тууралуу буларды айтат:

– Уулум мал кайтарып жайлоодо жашачу. Өлүмү тууралуу каза болгонунан 2 күндөн кийин уктум. Уулумдун сол кулагы кара-көк тартып, катуу буюм менен урулгандай. Оозунун ич жагы жарылып, тишинин издери эриндерине түшүп калган, эриндери кара-көк, тилин тиштеген абалда. Буту-башы көк ала, тырык болуп, катуу сабалганы көрүнүп турат. Колун жип менен байлагандагы издер бар. Чыканагына чейин тырмак менен тытылган издер көрүнөт. Шектүү бала Мирбектин буту бир жарым сутка атка байланып тургандыктан ат аны тепкилеп койгон деп жатат. Атка байланган болсо, баламды ары-бери сүйрөгөнү кардан билинмек да. Балам киши колдуу болуп өлгөн. Өлтүргөндөр өлгөндөн кийин гана эшикке алып барып таштап, кар менен көмүп коюшкан деп ойлойм. Ал эми эксперттер менен тергөөчүлөр аны тоңуп өлгөн деп жатышат. Тоңуп өлсө кайдан мынча жаракат алды? Анан да Мирбек бир колу аркасында, бир колу астында болуп чалкасынан жатыптыр. Тоңуп өлгөн киши бүрүшүп калбайт беле?

Алгачкы жолу соттук-медициналык экспертизага жиберилгенде эксперт Муктар Исаков уулумду тумчуккандан улам өлгөн деген жыйынтык чыгарды.

Мен уулумдун кийимдерин экспертизага жиберилүүсүн талап кылдым. Марттын башында комиссиялык экспертизага жиберилди. Аким Маликов аттуу жактоочум, тергөөчү Айбек Ажибаев «денесинде көк ала жок экен, жыйынтыгы таза чыкты. Балаңыз тоңуп өлүптүр» дешти.
4 жолу экспертиза даярдалып, баарында окшош жыйынтык чыкты. Жакында эле Аксыда соттук-медициналык эксперт пара алып жаткан жеринен кармалгандан кийин алардан көбүрөөк күмөн санап калдым.


«МАГА АКЧА СУНУШТАШКАН»

– Каргашалуу күнү уулумдун жанында болгон шектүү Н. уулу А. күбө катары өтүп жатышкан Алмаз Бугубаев, Амангелди уулу Азаматтын ата-энелери мага келип 1 миллион сом сунушташкан. Мен көнбөй койгондон кийин милиция менен сүйлөшүүгө өтүшкөн окшойт. Мен ар кайсы жакка арызданып жатып, милицияга улам бара бергенде ишти коркунуч абалда калтыруу беренесинен адам өлтүрүү беренесине алмаштырышты да, Н. уулу А. шектүү катары катталды. Ал эми берки экөө күбө катары өтүп жатышат. Шектүүнү 3 күн камап, кайра үй камагына бошотушту. Санкцияга мени киргизбей коюшту. Ал учурду видеого тартып алгам.

Балам алардын бир жашыруун иштерин билип калгандыгы үчүн өлтүрүштүбү деп ойлоп жатам. Булар үчөө биригип өлтүрүшкөн деп шекшип жатам. Шектүү катары өтүп жаткан баланын менин балама алы жетпейт болчу, жалгыз анча сабай алмак эмес.

Бир ирет таежемдикинде чай ичип отурсак, Сагын Сатаров деген жактоочу телефонуна вирус кирип кеткенин айтты. Жанымдагы бөлөм аны карап берем деп алган. Ошол жактоочунун телефонундагы аудиожазууларды өчүп кетпесин деп компьютерге көчүрүп калганбыз. Сагын Сатаровдун тергөөчү Чоюнбек Исаков менен сүйлөшүүсүндө «Эки жакты элдештирип, ишти жаап салалы» деп айткандары бар. Жактоочума да ишенбей калдым.

Аудиожазууда облустук прокуратурада иштеген Акжол деген прокурор менен жактоочумдун да сүйлөшүүсү бар. Анда жактоочу «Уланга кирдим. Ал өзү да бул ишке кызыкдар. Айыпталып жаткан тарапты жеңилдетип карап берген. Ошол боюнча сен менен сүйлөшөйүн дегем» десе, прокурор «Баарын Улан чечет» деп жатат. Улан Ибраим уулуна Токтогул районунун прокуратурасында иштеп турганда кайрылгам. Ал «Эже, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин жактоочу жалдабай эле коюңуз, сүрөттөрдө көрүнүп турат. Бул өлүмдү жаап койгон кишинин башы экөө эмес» деген. Ал азыр Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары кызматында.

11-февралда эки жылдан бери эми биринчи жолу сот процесси башталат. 3 бала тең камалсын. Биз ички иштер министрине, президентке, Коопсуздук кеңешинин төрагасына бул ишти көзөмөлдөөсүн өтүнүп кат жаздык.


«ТЕРГӨӨЧҮ ИШТИ ЖААП САЛУУГА АРАКЕТ КЫЛГАН»

Жактоочу Сагын Сатаров маркум катуу соккудан улам каза болгонун айтат:

– Ишти башында тергөөчү Айбек Ажибаев тергеп, «коркунуч абалда калтыруу» беренеси менен иш козгоп койгон. Жабырлануучу тарап күнөөлөп жаткан балдар менен сүйлөшкөнбүз. Алардын корккону, үйрөтүлгөнү билинип турат. Мурдагы тергөөчүлөр үйрөтүп коюшкан окшойт, өз сөзүн айта алышпайт. Тергөөчүлөр ишти жаап салууга аракет кылышкан. Маркумдун катуу соккудан өлгөнү сүрөттөрдөн көрүнүп турат. Тергөөчү Ажибаев Сокубашов менен ошол күнү чогуу болгондордон кан кайдан келген, бети эмнеден сыйрылган деген суроолорду сураган эмес. Делодо алардын «көрбөй, билбей калдык. Таштап койгонбуз, өлүп калыптыр» деген гана сөздөрү бар. Аудиожазууда Чоюн Исаков менен сүйлөшкөндө «ишти жаап коёлу» деген эмесмин. Мен Анара эже менен сүйлөшүп, «Зыяндарды төлөп беребиз деп калыптыр. Эмне кылалы?» десем, ал сүйлөшүп көрүүгө макул болгон. Анара эжеге «Бугубаев менен Амангелди уулу 600 миңдей акча бере албайбыз, 150 миңдей беребиз деп жатышат» дегем.

Сүйлөшүп жатканда техникалык себептерден улам байланыш үзүлдү. Андан кийин жактоочу телефонун албай койгондугуна байланыштуу суроолорубузга толук жооп ала алган жокпуз.


«БИЗ ЭКИ ТАРАПТЫ ЭЛДЕШТИРИП КОЁЛУ ДЕГЕНБИЗ»

Ишти сотко өткөргөн Токтогул РИИБинин тергөө кызматынын башчысы Чоюнбек Исаков эки тарапты тең ыраазы кылуудан башка жаман ою болбогонун айтат:

– 2017-жылдын 24-январында Токтогул районунун тургундары 1994-жылы туулган Мирбек Сокубашов, 1988-жылы туулган Алмаз Бугубаев, 1992-жылы туулган Азамат Амангелди уулу жана шектүү 1996-жылы туурган Н. уулу А. чогуу кыштоого бара жатышкан болот. Жолдон шектүүдөн башкасы арак ичишет. Үчөө катуу мас болуп калгандыктан кантип үйлөрүнө жеткенин билбей калышканын айтышууда. Шектүү Н. уулу А. Сокубашовду уруп-тепкилеп, атынын чылбырын бутуна байлап, ээн талаага суукта таштап кеткен. Анткени Сокубашов анын бир тууган эжеси менен жакын мамиледе экенин билип ачууланган. Берки экөө аттары менен астыга кетип калышат. Шектүү аларды үйлөрүнө жеткирет.

Эксперт Сокубашовдун денесинде жеңил жаракаттар болгонун, катуу, мокок буюм менен урулуп, тепкиленгендигин жазган. Бул ортодо мушташ болгон деген сөз. Бирок жыйынтыкта маркум жаракаттардан эмес, тоңуп каза болгон деп жазылган. Ошол себептүү факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси менен (коркунуч абалда калтыруу) кылмыш иши козголгон.

Мен ишти 2018-жылдын августунда өз өндүрүшүмө алгам. Ишти "адам өлтүрүү" беренеси менен ачалы десек, урулуп өлгөнү боюнча далил жок, "коркунуч абалда калтыруу" боюнча иш ачалы десек, жабырлануучу тарап көнбөй койгондуктан башыбыз айланып калган. Акырында мен тергеп, 97-берене менен сотко өткөрдүм. Анткени кийинки экспертизаларда маркумдун кийимдеринде шектүүнүн каны табылган жана денесинде жаракаттары болгон. Азыр Н. уулу А. шектүү катары, Азамат жана Алмаз деген жарандар күбө катары өтүп жатышат.

Жактоочу менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдө жок дегенде материалдык пайда өндүрүп берели деп ойлогом. Себеби буга чейин беркилер «500 миң сом беребиз» деп, Анара эже «миллион бересиңер» деген сөздөр болгон экен. Жактоочу өзү кызыкдар болуп келип, «Жок дегенде бирөөнү сотко кетирсеңер, экөөнөн өндүрүп бербейсиңерби» деген. Мен Сагын байке менен Азамат, Алмазды сүйлөштүргөм, алар «күнөөбүз жок, бир сом акча бере албайбыз» деп коюшкан. Бирок жабырлануучу тарапка жардам берип койсок, ал ыраазы болуп калса дегем. Анара эже көнүп тосмо арыз жазып берсе, эки тарап тең ыраазы болмок. Өз кызыкчылыгымды ойлогон жокмун. Пара алган эмесмин. Мындай учурда пара алганга уятым чыдабайт. Бугубаев Алмаз буга чейин бир жолу мал уурулук боюнча соттолгон.


Чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салып турмакчыбыз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Stervamyn
2019-02-12 10:41:15
Эхх эч бир эне ыйлабасынчы баласынан ыйрылып.
+4
monster_high_98
2019-02-12 11:53:38
Тузук эле жаны кыйналып олгон го,ушундай абалдан да акча жеп калуунун жолун издегендер ,кайтар дуйнооо ,бул нерселер учун да жооп берчу кун келеет,шашпагыла!
+10
ulua
2019-02-12 15:36:44
Кан кое бербейт го, жаза алышат барибир катышы барлар!
+1
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан