Чынар Капарова, диктор: «БУЛ ЖЫЙЫНДАН АЙРЫМ ДЕПУТАТТАРДЫН ЖЕТЕЛЕНМЕ, КОРКОКТУГУ ДАГЫ БИР ИРЕТ ДАЛИЛДЕНДИ»

Кыргыз журтчулугуна диктор катары таанылган Чынар Капарова өткөн жумада КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин жыйынында Чынар айым көп добуш алып утуп чыгып, бирок көрүнгөн шылтоолор менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо болду. Экинчи добуш берүүдө Чынар Капарова артта калып, Атыркүл Сарыбаева Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө бекитилди. “Мен өзүмдү утулдум деп эсептебейм” деген Чынар айым бул окуя тууралуу өз пикирин билдирди.


– Чынар айым, кепти өткөн жуманын темасына айланган окуядан баштайлы. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигиңизди коёрдо саясий оюндар болуп кетиши тууралуу ойлодуңуз беле?

– Журналистикада “Эгерде ит адамды тиштеп алса, жаңылык эмес. Эгер адам итти тиштесе, жаңылык” деп окутат эмеспи. Анын сыңарындай, Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө Жогорку Кеңештин колдоосу менен келсем, жаңылык болбой калмак. Анткени телевидениеде иштеген, аны жакындан билген адаммын. Тескерисинче, менин өтпөй калганым чоң жаңылык болду.

Алгач Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө 5 талапкерди кабыл аларда баарыбыздан тиешелүү документтерди алышкан. Шартка ылайык, талапкерлер 5 жыл массалык маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарда иштеши керек болчу. Мени ойлондурганы “баарыбызда 5 жылдык журналисттик тажрыйба барбы?” деген суроо болду.

Өзүңүздөр деле байкасаңыздар керек, саат 10до жыйындын алдынан мен журналисттерге “Мен өтпөйм. Бүгүнкү маселе алдын ала чечилген. Кайсы айымдын өтөрүн да билем” деп айткам. Анткени жыйынга келерде эле бул сөздөр массалык маалымат каражаттарына тарап кеткен. Күндүн биринчи жарымында 114 депутаттын 79унун колдоосуна ээ болуп, мен бекитилгениме баары күбө. Токтом чыгарылгандан кийин заматта Асылбек Жээнбеков пайда болуп, саясий оюндар жүргүзүлө баштады деп жазып чыгышты. Ошондо эле көпчүлүгү “бүттү, маселе чечилип калды” деп айтышты.

Жыйынтыкты алдын ала билсем да, өзүмдүн позициямды, чындыгымды айтып кетейин дедим. Жакында бир депутат жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып, “мыйзамды кабыл аларда суранып-өтүнүүлөр, коркутуп-үркүтүүлөр болот” деп айтты. Азыркы Жогорку Кеңешке Кыргыз өлкөсүнүн жараны катары менин ишенимим жок. Бул жыйындан айрым депутаттардын жетеленме, коркоктугу дагы бир ирет далилденди. Албетте, арасында пикири бар саналуу эл өкүлдөрү бар. Алар канчалык коркутуп-үркүтүүлөр болбосун, позициясынан тайбай өз тандоосун кылышканына ыраазымын.

– Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө сиз кандай максатта талапкерлигиңизди койдуңуз эле? Сизди ал жакка жолотпоого ким кызыкдар? Эмнеге сизден чочулап жатышат?

– КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков менен анын орун басары Жылдыз Жумабекова жана алардын Ак үйдөгү колдоочулары кызыкдар. Анткени мен КТРКда иштеп, ал жактын ысык-суугуна күйгөн адам катары өзүмдүн салымымды кошмокмун. Бул тандоо мени гана эмес, КТРКнын келечегин тандоо болгон. КТРК коомдук дегени менен, коомдук миссиясын аткарбай жатат. Буга экс-президент Атамбаевдин салымы зор. Ал Коомдук каналдын директорун да, Байкоочу кеңешти да өзү каалагандай иштетип, башкарып турду. Атамбаев өзүнүн Өмүрбек Текебаевге окшогон оппоненттерин бир беткей жамандатып жатты, өзүнүн керексиз адамдарынын ишине эле эмес, үй-бүлөсүнө чейин асылып жатты. Ушунун баарын Байкоочу кеңеш тескеп, жок дегенде сөгүш берүү, кызматтан алуу менен коомчулук алдында абийирин сактап калышы керек эле. Бирок Байкоочу кеңеш андайга бара алган жок. Буга чейинки Байкоочу кеңештин курамы Кыргыз өлкөсүнө белгилүү журналисттер, КТРКда иштеп кеткен тажрыйбалуу Абды Сатаров, Тамара Джаманбаева, Бүбүкан Досалиева жана башка белгилүү адамдар менен куралган. Кийин курамы кыскарганда жалаң жетекчилердин гана сөзүн уга тургандар калган.

Эгерде мени мүчө катары шайлап беришсе экономиканы көтөрүп, гүлдөтүп жиберем дегенден алысмын, бирок КТРКнын каржылык маселеси боюнча документтерди алып, кызматкерлердин тиешелүү адистиги бар же жоктугу боюнча чоң маселелерди ачам деген ой бар болчу. Мына ушул нерселерден Илим Карыпбеков жана Жылдыз Жумабекова коркту.

– Илим Карыпбековдун мөөнөтү аяктап, сынак жарыяланды. Ордуна татыктуу талапкер келет деп ишенсе болобу?

– Азыр массалык маалымат каражаттарында Илим Майрамбекович кайра директорлукка келүү ниетин билдирүүдө деп жазып жатышпайбы. Албетте, мыйзам боюнча анын экинчи мөөнөткө барууга укугу бар экен. Бирок адамдык абийири жол береби? Атамбаевдин убагында анын жеке кызыкчылыгындагы буйруктарын аткарып жүрүп элге шардана болгон. Анда бул жагы кандай болуп калат? Бүгүнкү бийлик деле "биздин айтканды айткан, дегенди деген жетекчи керек" деп кайра Илим мырзаны тандайбы, мына ушул чоң маселе. Азыр көпчүлүк ишкана, мамлекеттик мекемелерге башкы директорлукка сынак жарыяланып жатат. Бул оюн да. Башкы директорлукка макулдашылган, уруксатын алган адам өтөт. Аны Байкоочу кеңеш шайлайт. Ал эми Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн ким шайлады, кантип шайланды, коомчулукка көрүнүп турбайбы.

– Бир жолку бизге берген маегиңизде саясатка келсем деген тилегиңизди айткан экенсиз. Тилегиңиз дагы деле күчүндөбү?

– Дикторлорду көпчүлүк сүйлөп турган баш катары кабыл алышат. Ырас, даяр кагазды окуп берген, өзүнүн өңүн, кийимин көрсөткүсү келгендери да бар. Бул алардын тандоосу. Мен аларды сыйлайм. Бирок өзүм алардын катарына кошула албайм. КТРКда кабарчылык, редакторлук милдеттерди аткардым. Мен журналистмин. Журналистика боюнча үч дипломдун ээси, журналистика тармагындагы илимий иштин автору катары айтып коюшум керек. Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлигим көрсөтүлгөн учурдагы саясий оюндар, бут тосуулар менин саясий багыттагы жолумду ачып берди. Менин чындыгым, принцибим бар экенине ишеним, калың журттан колдоо таптым.

– Ошол окуядан кийин сиз тууралуу жаман кептер да айтылып баштады. Буга кандай жооп кайтарат элеңиз?

– Элден колдоого ээ болуп кеткенден кийин утулган тарап чыдай албай менин үй-бүлөмө, жеке жашоомо асыла баштады. Жаман окуяларды жазып коюу, адамдын абийирине шек келтирүү менен эч качан алар утушка ээ боло албайт. Көпчүлүк мен жөнүндө каралоону окуду. Менде да кайын журт бар, менин да мындан 12 жыл мурун каза болгон жолдошумдун достору бар. Эгерде менин жолдошум менен жашаган тагдырым, жолдошумдун катуу ооруга чалдыкканы суроо жаратса, кайын журтумдун кошуна-колоң, жолдошумдун дос, бир туугандарына кайрылышса болот, алардын эшиги ачык. Бул жерде актануунун кажети жок. Кудайга койдум!

– Сиз күчтүү айым экениңизди дагы бир ирет далилдедиңиз. Эгер жолдошуңуз жаныңызда болсо азыркыдай күчтүү болот белем деген ойлор келбейби?

– Мага "айым катары өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?" деп көп суроо беришет. Албетте, мен бактылуу айыммын. Мага Кудай Таала үй-бүлө күткөнгө, балалуу болгонго, аял катары үй кожойкеликти алып барууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берди. Арийне, тагдыр деген ар кандай экен. Жолдошум каза болуп калды. Бирок менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөр жолдошум менен жашаганым, балдарымды жарык дүйнөгө алып келген күндөрүм болду. Тилекке каршы, бизге оор ооруну берип сынап көрдү. Андай ооруну эч кимге каалабайт элем. КТРК аркылуу кимден буюртма болуп жатса, өздөрүнүн балдарын, үй-бүлөсүн, кайын журтун да ойлоп коюшсун. Мен Карыпбеков менен Жумабекованын же алардын Ак үй тараптагы колдоочуларынын жеке жашоосуна тийишкен жокмун. Мен иш жөнүндө гана сын-пикиримди айтып келем.

Эгерде кыргызда тың болсоң, бир аз өңдүү-түстүү болсоң, тилиңден чаң чыгып турса, албетте, көрө албастар көбөйөт экен. Эмне үчүн бизде, коомчулукта ийгиликтүү кыздарды көрө албайбыз? Сөзсүз аны басынтып, басмырлап, кимдир бирөөгө көңүлдөш кыла коюу адатыбыз бар. Кара пиар менен мени жок кыла алышкан жок, тескерисинче, коомчулукта мага болушкандар арбыды.

– Маегиңизге ыраазычылык!

"Жыйындан чыккандан кийин Атыркүл Сарыбаева менден кечирим сурады".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чынар Капарова: "Айрым депутаттардын жетеленме, коркоктугу дагы бир ирет далилденди"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
tavanova.sarah
2019-02-12 09:27:29
Коомдук канал эмес эле частный эле болуп баратат..
+5
Dembele84
2019-02-12 10:07:53
Депутаттар бир жетелеме,кун карама эле болуп буттунор,ушуну да саясий оюн кылып,буюртманы аткарып жатасынар.Ошол эле Атамбаевдин доорундагы жетеленме шайлоолор уланып жатат,устудон кандай приказ келсе ошону аткарып.
+7
Paprikafm
2019-02-12 10:12:57
Жоголсун Илим болбой ХХХХ болгур, Чынара Эже сиз күчтүүсүз жакшы көрөбүз, Илим аман эле болсун инстаграмдан башы чыкпайт, ХХХХ
+6
admin_portal
2019-02-12 10:59:50
Paprikafm, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
-3
jemile
2019-02-12 10:18:49
Азаматсыз, сизди сыйлайм!
+1
nurhan2702
2019-02-12 13:11:41
Аябай кучтуу,ар бир создуу орду менен суйлогон позитивдуу аял экенсиз.
+2
radostmoya
2019-02-12 16:38:16
Илимдин таэнеси айтмакчы Коомдук канал "былжырап" эле жатып калды. Чынара эже күчтүү айым экени көрүнүп турат. Ак ийилет бирок, сынбайт.
+2
orxidey
2019-02-12 23:12:43
Чынында грязга князь болбойле жургон онго дейм .
+1
ilgis1991
2019-02-12 23:51:59
Уят уят уят.... 2 жүздүү парламент.
0
Samarish1216
2019-02-13 07:33:16
Вечно ушул аял Карыпбековду жамандаганы жамандаган. Карыпбеков бир да жолу бул ж.дө жаман сөз айткан эмес. Бул болсо жашоосунда кандай женилүү болбосун, кандай туура эмес нерсе болбосун баарын эле Карыпбековдон көрүп келатат. Жакында ити өлүп калса деле ошондон көрөт го. Как будто сен иштеп жүргөндө Ктрк өнүгүп, жалан эле элдин сөзүн жеткирип, укмуш иштеп аткансып...
0
Altynbekova.01
2019-02-13 09:01:29
Samarish1216,тууура
0
nuraiym_kenzhebaeva
2019-02-16 01:09:46
Altynbekova.01, эмнеси туура? Карыпбеков унчукпаса эле туура болуп калабы? Менимче ал эжедей күчтүү кызматкерден коркуп турат. ошондуктан КТРКга жакын жолотпой жатат да. Сөздү эжеге эмес, тарапташтарына айтып, мындайча айтканда бардык ишти кадр артында бүтүрүп жаткандыр...
+1
aliya-leyla
2019-02-13 10:19:33
Samarish1216,++++++ мин жолу + сага
-1
nuraiym_kenzhebaeva
2019-02-16 00:59:13
Samarish1216,Карыпбеков кылган иши менен жаман кылып жатпайбы.
0
Aikan1966
2019-02-13 12:18:01
Чынара ак ийилет ,бирок сынбайт дегендей кыйын кыз экенин корунуп турат сага ийгилик,депутаттарды озубуз шайлаганбыз мына эми озун этият бол ,курошом деп уй-булооно зыян келтирип алба.
+1
Djumaev0mur
2019-02-13 12:43:06
Атамбаевтин кочу уланууда эл журт
+3
al79mi
2019-02-13 15:54:43
Парламент чыныгы жузун дагы бир жолу ачыктап берди. Капарованын маселесин кошпогондо деле жетелетме, бир-эки адамдын кызыкчылыгына иштеген, жеке пикири жок базарчы депутат соройлордон куралган парламеттен эл эч нерсени деле кутпой калган.
+3
nuraiym_kenzhebaeva
2019-02-16 01:03:56
Эже азаматсыз. Сиздей мыкты инсандын окуучусу экениме сыймыктанам. Ак ийилет, бирок сынбайт.
Ал эми сабатсыз сынчылар, деги силерге эмне жагат? Баарын ачык айтып, көзүңөрдү ачып жатса да кээ бириңерге жакпайт экен. Карыпбеков эмне кылып жыргатып жатат?
+1
Umkamiss1111
2019-02-17 03:16:29
Депутаттарга айла жок болуп калбадыбы. Эл давно эле үмүтүн үзүп койгон алардан. Жанар Акаев туура айтты жыйында саясий оюн кылбагыла деп. Чынара эже аягына чейин күрөшүнүз. Сиз күчтүүсүз
+1
Bektur2011
2019-02-18 11:31:21
ааламга кетчуу жол айылдан башталат дегендей Чынара айым биринчи озунун уй булосун жакшылап карап алсынчы корунгон эрекетин колтугуна секирбей
0
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан